Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Көйнөгүбүздү" алмаштырардан мурун көйгөйүбүздү чечип алсак…
Маалымат үчүн:
Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин жаңы тууну иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүлүп, башында жазуучу Казат Акматов турган.
1992-жылдын кышында депутаттар жаңы туунун эскиздерин караштыра башташкан. (1992-жылдын 1-мартына чейин жаңы туу бекитилиши керек болгон. Себеби 2-мартта Кыргызстан БУУга мүчө болмок).
Көк түстөгү туунун акыркы үлгүсү даяр болгондо легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбеков туунун авторлорунун катарында өзүнүн районунан адамдар жок болгондугуна нааразы болуп, түштүктүн айрым жерлеринде көк түс кайгынын белгиси экендигин белгилеп, азыркы кызыл түстөгү туунун кабыл алынышына кошкон салымы чоң болгон.

Алгачкы күндөрдөн бери эле "комиссиямания" оорусу менен ооруп аткан бешинчи чакырылыштагы парламентибиз "Кыларга иши жок, саларга кушу жок" эригип отурган күндөрүнүн биринде, мындан бир ай мурун өлкөбүздүн желеги менен гимнди алмаштырабыз деп чыгып, атайын комиссия түзүшкөн. Акылы ашып-ташыган эл өкүлдөрүбүздүн ою боюнча өлкөбүздө болуп аткан бардык балакеттер кандын өңүнө окшош кызыл желегибиздин кесепетинен улам болуп аткан экен. Кызыл түс элди агрессияга түртүп жаткан имиш. Мамлекетибизде андан башка маанилүү маселелер чечилбей үйүлүп жатканда, көчөдөгү бүбү-бакшылардын сөзүн сүйлөгөн Абдрахман Маматалиев сыяктуу депутаттардын тобу болочок туубузду сүрөтүн чиймелеп ийгенге да жетишти. Атпай журтка аты-жыты белгисиз Абдрахман Маматалиевге окшогондор мындай дымагы менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурдургусу келип атканы ачык эле байкалып калды. Бирок, маселе көтөрөрдөн мурун мамлекеттик символикаларды алмаштыруу менен артынан бардык документтерди, мөөр-штамптарды, ошондой эле миллионго жакын автоунааларыбыздын мамлекеттик номурларын жаңылоо үчүн казынабыз дагы канча миллионго какшырын кошо эсептеп коюшса болмок экен. Кыргызстандын көйнөгүн алмаштырмакчы болуп аткан эл өкүлдөрүбүз алгач, өлкөбүздүн көйгөйүн чечип алышса болбойт беле… Бирок элибиз булардан түңүлүп деле калды. Уйча сагыз чайнаган адаты, чоң муштумдук таланты менен көбүрөөк таанылган азыркылар алына карап иш кылып, символикаларыбызга азырынча асылбай кое турушса жөндүү болмок. Алардын мындай популисттик саясаты чынында көпчүлүккө анчейин жакпай турат. Муну интернет айдыңындагы мамлекеттик туубуз менен гимнди алмаштыруу маселесине арналган пикир алмашуулар, талкуулардан улам айтып отурабыз. Алсак, дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу "Twitter" баарлашуу сайтындагы кыргызстандык колдонуучулардын 85 пайызы маматалиевчилердин идеясына караманча каршы чыгышса, 11 пайызы макул болуп, 4 пайызы "мага баары бир" деген жообун берген.
Чынында бул байрагыбыз менен кыргыз калкы 20 жылдык эгемендик тарыхында кубанычтуу да, трагедиялуу да күндөрдү башынан өткөрдү. Ошондой тарыхый күндөрдүн бири болгон 2010-жылдын 7-апрелиндеги Ак үйдүн алдындагы "чоң казатта" Закиржандын кандуу башкаруусуна каршы чыккан кыргыздын кыраандары дал ушул желегибизге түздөнүп, туу көтөргөн алдыдагы жигиттерибиздин далайы окко учкан. Кыргыз мамлекетин бөлүп-жарууга аракет кылган сепараттисттердин былтыркы июнь окуясындагы капсалаңында да мекенчил эр-жигиттерибизге дал ушул кызыл туубуз дем-күч берип турган. Айтмакчы, 7-апрелге арналган эскерүү кечелеринин биринде былтыркы кандуу шейшемби тууралуу тартылган документалдуу кино тасмадан кийин сөз сүйлөгөн "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин "Ушул тасмада кыргыздын кыраан жигиттери бири окко учса, колундагы желекти жерге түшүрбөй, экинчиси көтөрүп кетип атты. Желекти берип атып, артка кайтпагыла, алдыга деп өлүп кетип атышты. Кыргыздын жаркын келечеги үчүн деп былтыркы кандуу революцияда да, андан мурункусунда да мекенчил жигиттерибиз ушул кызыл желегибиз менен алдыда жүрүшкөн. Бүгүн аны алмаштырабыз дегендер пайда болуп, желегибизди туш-туштан жээрип киришти"-деген жалындуу сөзү эмнегедир эсте калыптыр. Бүгүн болсо, Бакиевдин кандуу бийлигине кымындай да каршы сөзүн айта албагандар "бөйрөктөн шыйрак чыгарып", кандын түсү деп каяктагы жаш баланын сөзүн сүйлөп атышат. Чылкый кызыл түстөгү туусу бар Түркия, Кытай өңдүү мамлекеттер татынакай эле өнүгүп-өсүп атышат го…
Тиленбек АЗЫК





Айнагүл Тилекманова,
Ош облусунун Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондусунун директору:
"Бизге болгону 200 миң
сом бөлүнөт, бул каражат менен
тилди кантип өнүктүрөбүз?"
- Айнагүл эже, облуста Мамлекеттик тил мыйзамы кандай иштеп жатат?
- Ош облустук Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондусу эне тилибизге болгон ынтызарлыгыбызды өөрчүтүп, колубуздан келишинче мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. 2010-жылы аткарган иштерибизди администрациялык коллегияда карап чыктык. Облус боюнча бардыгы болуп, 109 мамлекеттик мекеме катталган. 109 мамлекеттик мекеменин ичинен 26 мекеме кыргыз тилинде иш алпарса, 70 мекеме орус жана кыргыз тилдеринде иш алпарган мамлекеттик мекемелерден болуп эсептелди. Ал эми мамлекеттик тилде иш алпарбаган, мамлекеттик тилге муктаж болгон мекемелерден болуп, 13 мекеме катталды. Азыр ошол 13 мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Бул боюнча губернатор тарабынан да атайын тапшырма берилген. 2011-жылдын экинчи жарымына чейин мамлекеттик кызматкерлердин бардыгына кыргыз тилин үйрөтүүгө тийишпиз.
- Катталган 13 мекеме кайсылар?
- Ар улуттун өкүлдөрү иштеген мамлекеттик мекемелер. Мисалы: түштүк аймактык байланыш бөлүмү, Ош бажысы, Турум-1 ишканасы Ош аэропорту ж.б. Бул мекемелердин кызматкерлерин мамлекеттик тилде иш алпаруусун талап кылып, окутуп жатабыз. 18 адамдан турган атайын тилчи-мугалимдер кыргыз тилинен сабак өтүп жатышат. Ошондой эле, облустун аймагында мамлекеттик тилге арналган ар кандай конференциялар, илимий иш-чаралар уюштурулуп жатат. Жакында эле Ош мамлекеттик университетинде КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Рыскелди Момбековдун катышуусунда адабиятчы Камбараалы Бобуловдун 75 жылдыгына арналган илимий иш-чарабызды өткөрдүк. Буюрса, май айынын аягында адабиятчынын кичи мекени Ноокат районунда дагы иш-чараларды өткөргөнү турабыз. Андан сырткары төрага Р. Момбеков мамлекеттик тилге басым жасап, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн облус губернатору Сооронбай Жээнбековду "Жылдын мыкты жетекчиси" төш белгиси менен сыйлады. "Жылдын мыкты мамлекеттик ишканасы" дипломун 4 мамлекеттик мекемеге ыйгарды. Ошондой эле, мамлекеттик тилге кошкон салымы үчүн мамлекеттик 3 кызматкерди "Жылдын мыкты кызматкери" деген ардак грамотасы менен сыйлады. Мындан сырткары төрага мындай иш-чараларды жеке эле Ош облусунда эмес, Кыргызстандын бардык аймактарында, керек болсо айыл жерлеринде да өткөрүп турууну баса белгиледи.
- Өзбек мектептеринде кыргыз тили окутулуп жатабы?
- Өзбек мектептеринде кадимкидей эле кыргыз тили сабагы өтүлөт. Ал жерде кыргыз мугалимдери эле эмес, өзбек мугалимдери дагы кыргыз тилин үйрөнүп алып кыргыз тилинен сабак өтүп жатышат. Кыргыздарга караганда кыргыз тилин так сүйлөп, кыргыз тилинде туура жаза билген өзбек окуучулары да жок эмес. Болуп өткөн июнь окуясы өзбектерге чоң сабак болду окшойт. Мурда: "Кыргыз тилинин бизге кереги жок, биз өзбек тилинде окушубуз керек, көрнөк-жарнактардын баары өзбек тилинде жазылууга тийиш"- деп бизге талап койгон өзбектер да бар болчу. Азыр андайлардын саны азайды. Тескерисинче, көпчүлүгү кыргыз тилин үйрөнүүгө аракеттенип, "кыргызбыз" деп калышты. Айрым аймактарда жашаган өзбек эли "кыргыз мектептерин ачып берсеңер" - деп дагы суранып жатышат. Мындайда ортого от жаккысы келген чагымчылар дагы болбой койбойт экен, аларды тескери жакка үндөгөндөр дагы жок эмес.
- Түштүктө жашаган элдин өзбек тилине басым жасап, өз эне тилибиздин баркын төмөндөтүп жатканына кандай карайсыз? Деги эле элди нукура кыргыз тилинде сүйлөтүүгө мүмкүнбү?
- Кыргызстанда ар бир аймактын калыптанып калган диалектиси бар. Ошол сыяктуу түштүк элинин дагы калыптанып калган диалектисин жоюуга эч кандай мүмкүн эмес. Бирок биз, мугалимдер, нукура кыргыз тилинде, адабий тилде таза сүйлөсөк, акырындык менен диалект сөздөрдөн арылсак керек деп ойлойм. Тил комиссиясы мугалимдерди адабий тилде сүйлөөсүн талап коюп жатабыз. Ата-энелер дагы балдарына адабий тилде сүйлөгөндү үйрөтүшсө жакшы болмок. Бирок көпчүлүк ата-энелер деле адабий тилде сүйлөгөндү билбей жатышат.
- Облустук администрациядан тил комиссиясына жылына канча каражат бөлүнөт?
- Жылына болгону 200 миңдин тегерегинде каражат бөлүнөт. Бул жарыбаган акча менен Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө мүмкүн эмес. Ашып кетсе, бул акча менен 5 жолу конференция өткөрөбүз. Ушул иш-чарага эле эптеп жетет. Эң жогорку айлык акыбыз 7 миң сом. Кыскасы, тилибиз - эне тилибизди сактап калуунун аракетинде эле иштеп жүрөбүз.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев
Бишкек-Ош-Бишкек