Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Акын акын жөнүндө...

Кат ырды Какеңден сура,
Шарт ырды Шакеңден сура
Шакем менен 1975-жылы күзүндө тааныштык… Жаңы эле окууга өтүп, "колхоз работага" Тянь-Шандын Оттук, Конезавод айылдарына чөп чабыкка келгенбиз. Айылдык бригад Кары деген көз айнекчен кара киши жетектөөчү бизди. Кары агай кийин "Карагай" атыгып кетти. Куркуйган таластык Асрашкин Төрөгелдиев - орусча сөгүнсө кыргызча, кыргызча сөгүнсө орусча ыр жазаар эле, жарыктык. Кечкурун купайкечен, сары чийбаркут тупли кийген, тоголок мала, токтолуп эле калган "бала", нарындыкча айтканда, "абышка чалыш" чакан инсанды ээрчитип келди. Көрсө, кайран Шайлообек Дүйшеев деген ушу тура? Учурунда өтпөй калып, кийин "карадалы" болуп, 1-курска бизге талапкер катары өтүп келиптир. Ошентип, Шакем менен 5 жыл студенттик ысык-суукту чогуу тарттык. Өзгөчө экөөбүз ынак элек. Шакем 7-8 жашка улуу болгон соң, староста да шайлап алганбыз. Өзү айтып калар эле: "Өтпөй калганда ректор С.Табышалиевге кирип: "О" деген тамга тегерек, (О, байке, мага, окуудан башка не керек?) өзүм "квадрат" (чылкый) жетим болсом - деп - ыр менен арманым айтып, өтүп кеттим"-дечү.

4-курска барганда "төртүнчү" скарустка салып, иче баштадык. 10 шише винону Шакем экөөбүз дээрлик он саатка жеткирбей эле жыга чалчубуз. Баягы нарындык бас гитарист Бактыгулов Жусуп: Байке, кечээ өлө өкүлдөтүппүс - дегендей. "О" деген тамга тегерек, Сансызбай агай, бизге (общиттен бөлөк не керек?" - деп эптеп алганын алып алып, 2-3 ай өтпөй, бирибиз: тёт Тамара деген (пингвин чалыш) вахтёр кемпирдин төшүнө кузсак, бирибиз: отурган коменданттын үстүнө чимкире кулаптырбыз. Эртеси баш зыңылдап, деканатта шылкыйып отурсак, орус литфакта окуган кеминдик Чынарбек деген бала да кошулду. "Сеники кайсы статья?" десек, "мас болуп кечээ общит чаңдатып…" дегенде эле, мен орусча: "а-а, Чыке значит, мы стобой с одного "жанра" да?" - десем эле каткырды. Ошондо эле сөзгө кыйын болчумун.
Жигити элем Шакемдин, билек менен ички-тышкы душманчиктерден коргоп, коёр элем, "шүмшүңовайть" этип. Жансакчы дейбизби азыр? Өлө ичкенде беймаза эле. Көрүнгөнгө тийишкенде, көтөрүп барып, Искендер Жумабаев "профессордун" үстүнө ыргытып ийчүмүн. Ал кыска бойлуу, узун ойлуу акылбаш, Айтматовдун орусча каталарын тапчу… Тийишер жан жок, аягында мага секирчү. Сволуч, сен каякта жүрөсүң?" - деп, жанында жатсам баш жазып.
Оо, көп жылдан бери "Азаттык" чоңу, Прагадагы мыкты журналист Эсенбай Нурушев айтчу: "Шаке азамат, бул чын мас болот. Ошон үчүн анын мас сөзүн көтөрүш керек. Ар ким ар кандай мас болот да" - деп..
Акыры ал жактан "репрессияланып", "жаңы автобекет тарабындагы Ат-Башы-Огородний кесилишиндеги орус аялдын ижарасына кирдик. Ижарада Курманбек, Камил, Найдон (Жумабек), Шаке бешөөбүз бир жылдай жашадык. Өзгөчө, кышы өлө суук эле. Болгону бир бөлмө там. Же меши жок. Эки көздүү газ плита жана астында духопкасы (душегупкасы) гана күйчү, жаратылыш газына туташып. Немистердин туткундагы газокамерасындай эле экен, көрсө. Жыл маалы канча көз ачышкан уу газ жуттук, ким билсин? Же үстүндө жука темир жок, прямой газ - прямой - репортаж. Жаштыкты, айтор өмүрлөр чын эле "сокращение" болгондур? Таң. Аны өлгөндө бир билербиз!.. "Эки байкуш өлүп калбаса, экен?" деп Мады досубуз кыздар менен "өрлүковайт" этип да келген.
Бир күнү Бекиш деген кишини алып кирди. "Чоң акын эле, райондук гезитте иштечү" - деп. Бир-эки апта жашады. Шакем кыйнап тамак жедирчү. Жалаң эле "арак" өтүп калса керек алкымынан? Баягы курсташ Баратбай Аракеев эске түшөт "Асабада" жүргөндө. "Баке, курсак ачты" десең, өлө алперет, өзү да итирейип жакшы ичпейт. "Жегин, азыр меникин да түгөт. Жебечү болсоң, алдагы лагманды артыңа тыгам" - дегенде кайдагы табит? Эптеп, коркуп, табакты тасырайта жалайсың. Тарамыш боксёр колу менен так урса, демиң чыкпай калар эле.
Чоң киши чоң жаңылат. Шакемдин "каталарын" кээде оңдомуш эткениме кудуңдап калам. Фамилияң Дүйшеев эмес, Дүйшөев болот да, деп моюн берчү эмесмин. "Сен деген Дүйше эмес, Дүйшөнүн баласысың да"- деп. Шакем да апенди чалыш эле, "корректор деле каталарга деректир" деп жазбадым беле деп койчу.
Шакем жөнүндө уламыштар ого эле көп. Тагдыр - бул так ыр. Ичип, житип кеткендер канча? Шайлообек Дүйшеевдин жеке турмушуна чоң жардамы тийген айылдаш, курсташ иниси журналист Имамады Мамбетказиевдин эмгеги зор! Двойной гений Рамис Рыскулов: "мен сени жашап кыйнайм" - дегендей, мен да булардан (окшошуп калбайын деп) качып жашайм оолак-оолак. Сагынтып, сагынтып көрүнүп. Сагын эжени сагынткансып. Бул үлкөн касиет "Сен тажаткан акын болбой, сени тажаткан (сени издеген акын бол!)".
Жайкы каникул бүтүп, ар кимибиз өз жерибизден келип, көрүшпөй куса болчу элек. Бир маалда Шакем да келип калды арабызга.
- Кандай Шаке? - десең, апкаарып, "жакшы, жакшы" деп, анан "Качан келдиң, Ат-Башыдан?" - десең деле "жакшы, жакшы" деп ийип атпайбы сүрдөп. Анда мен:
- Шакем, деги кардың сообу, качан келдиң? - десе деле "жакшы, жакшы дейсиң" да?
- Ыя, жинди го, ошенттимби? - деп коёт. Бу да болсо чоң инсандын баладай эпилдеп-жепилдеген өтө жөнөкөйлүгү жана жупунулугу дээр элем. Болбосо, "Чычымдар, жоголгулачы нары" деп чөнүп койсо не кылат элек?
Илек-илек художник молдо Абдусам Абдурахмановду "Беш бейне" аттуу куудул китебинде: Евгений Онегинди жазып, эмгиче Пушкиндин чачы кара, "Евгений Онегинди котором деп э кокуй, Эрнис Турсуновдун чачы кана?" - дегендей, Э кокуй Шакемдин чачы кана? Шакемди чаччан бир көргөм. Андан бери "лысый" башчан көргөнүмө жол болсун?
Россиядан келип, "Асабадагы" акын-жазуучу журналист досторго кирсем, "урушчаак бөдөнөдөй" болуп, Шакемдин мага учурашып турган жери:
- Жаке, алыста жашаган кандай экен?
Анда мен дароо:
- Шаке, алыста жашаган алыста, тоюст, арыкта жашаганга барабар экен, - десем эле Шакем: "туура айтты, жакшы айттың, Жаке" - деп кучактай кетти.
…Шакем 1950-жылы Нарын облусу, Ат-Башы районунда туулган. Чек ара күчтүү убагында Мады үчөөбүз студент кезде Камандуу, Босого жайлоолоруна дейре жеткенбиз. Бир апта конок болуп, андан бир аз эле нары жагы Ак-Сай, АРПА… Кытай чеги дечү. А эгер 60 жылдык мааракеси дурус өтүп, кел-кели келип, бак-дөөлөт башка конуп, материалдык колдоого маарыса, мен жогоруда эскерген Мады курсташтын жаман сары балдарына бир кол кабыш кылып коёрсуң, Шаке???
"Байдылда менен Рамисти сыйлаган бай болот" - дегем. Эр Шаке "Байдылда Сарногоев" атындагы сыйлыктын эгеси. 100 миң сом мурда деген (Союз убагында) Нобель сыйлыгынын калем акысы болор эле?
Таластык эр Болот Шер аман болсун! Бул чоң даңк. Андан да "катта" даңк "Эл акыны наамына татыш. Шакем ага да жетти. Жакында сүйүнүп (түштүкчө эже-кыз дегендей) ажо эжебиз Роза "Путинбаеванын" колунан "Манас" орденин тагынды. Шакеме сыйлыктын чеги жок. Ал эми албаганда өлгөндө алмак беле? Жер алдына кирип, түбөлүк "шахтёр, вахтёр" болуп.
…Чүйлүк тууган, жердештерим колдосо, ойгонсо, чээнден чыкса, мен да адабий телекечем уюштуруп, "китебим чыгарып, калемдеш-замандаштарыма чай берип, даам сыздырып, бата алсам деп сай-таштарды кезип жүргөндөгү кербезим. Жолум болуп, ишим жүрүп, итим үрүп калса, тирүүмдө бир кыргыз атпай журтуна көрүнүп койсом дейм, атаганат!
Жүрөгүм менин түштүктө!
Көбүнчө мен түштүктүк, мургабдык, жерге-талдык балдар менен жүрөр элем. Атайы ошолор менен жашаар элем бөлмөдө. Ушуларды терең түшүнөйүн деп. Ошондо кетмен-төбөлүк Топчубай, Дөөлөтаалы, түштүктүк Алмаз, Жаңыбай, Төлөнбай, Абдыназар, Койчуке, Камилжан аке, Каримжан үкө (өзбек) ж.б. курсташтар айтып калышаар эле: "Жаке, жалаң журфакты эле эмес, сен жалпы филфакты бүт өзүңдүн жаргондоруңа көндүрүп салдың. Сенин эле сөздөрүң менен сүйлөп калчу болдук. Ушунчалык таасирлүү экенсиң" - деп. Чынбы, төгүнбү "семирип" калаар элем. Мүмкүн, атамдын "кешигидир" деп койчумун. Атам да ат койгонго чебер эле, чечен эле. "Темир болуп булчуңу терезелер күбүлүп" деп, Шакем жазган мага.
…Шакем бир кез биздин курска талапкер болуп келсе, азыр деген биздин (мамлекеттик) тоодой болгон Токтогул сыйлыгына же андан да зор сыйлык болобу, ошого талапкерлигин көрсөтө берсе, албетте, атпай журттан "аткез" жок! Кыскасы, тунук талантка (төп) жашыл жарык! Баягы "гений чалыш" Бекбосун Байток: (илимпоз сулуу Гүлнар Бакиевага) "чоң кыз, сен мени менен таанышканың үчүн тарыхта каласың" дегендей, Шакемдин мезгилинде жашап, анын устарадай курч ыр сабында калгандар сөзсүз тарыхта калбай койбойт!.. Сейрек талант, калемдешим Дүйшеевдин 60 жылдык мааракесине жазган макаламды "Шайлообекке "шарап" ташып, картайгам" деген ырым менен аяктагым келет:
"Шаа мүйүздөй" чачым жондо
саксайган,
Шадылуу элем (каркастарым)
жото жилик каркайган.
Күнбү-түнбү: "есть товарищ
гений!" деп,
Күтүрөтө вино ташып, картайгам.

Шамбы-таңбы: "жарайт, кайран
акын!" деп
Шайлообекке шишелерди өткөрүп,
Шаке акеге "шире" ташып,
картайгам!

Жаныбек Өмүралиев,
("юморалиссмус"), Екатеринбург кыргыздарынын эл акыны, эл аралык Ельцин атындагы сыйлыктын лауреаты.