Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Өмүрү жаштарга өрнөк
Анарбек Курамаевич Бакаев тирүү болгондо быйыл 61 жашка чыкмак. Ал 1996-жылдын 21-октябрында автокырсыкка кабылып, алган жаракатынын кесепетинен эсине келе албай жатып, 1997-жылдын декабрь айында көз жумган. Ал ошол кезде болгону 48 гана жашта болчу. "Тарыхтагы мыкты адамдар асмандагы жылдыз сыңары өзүнүн артына өчпөс из калтырып кетет" дегендей, анын элеси бүгүнкү күндө да өчпөй келе жатат. Адам өмүрүндө 48 жаш деген эмне? Турмуштук да, кесиптик да жактан толуп-бышып турган, алдына койгон максатын ишке ашыра турган мезгили эмеспи. Анарбек Курамаевич дал ушундай курагында, тактап айтканда, алдына койгон максаттарын активдүү түрдө ишке ашыра турган мезгилинде кырсыкка кабылып көз жумган. Ал кезде Анарбек Курамаевич өлкө тагдырына түздөн-түз таасир эте ала турган орган - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук комитетин башкарып турган.

Анарбек Курамаевич Кемин районунун Жаңы-Жол айлында туулган. Ильич атындагы орто мектепти аяктаган соң, Алматы шаарындагы Казак мамлекеттик университетинин саясый-экономикалык факультетин мыкты бааларга бүтүргөн, өз мекенине кайтып келген жана Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда сабак берген. Эки жылдан соң Кыргыз Илимдер Академиясынын укук жана философия институтунда аспирант болуп калган жана Лениндик стипендиант болуу менен философия илиминин кандидаты илимий даражасына ээ болгон. Коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн ВЛКСМ БКнын жана СССР билим берүү министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Бир нече жылдан соң Фрунзе шаардык партиялык комитеттин инструктору болуп дайындалган, андан соң бөлүм башчынын орун басары болуп эмгектенген. Көп өтпөй аны Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин аппаратына кызматка которушкан. Анын уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү, билимге болгон ынтаасы жетекчилик тарабынан жогору бааланган жана Москва шаарына, КПСС БКнын Борбордук Комитетинин аппаратына референт кылып алып кетишкен. Бир нече жыл иштеп, зор тажрыйба топтогон А. Бакаев кайра өз мекенине кайтып келген. 1991-жылы Президенттин указы менен элге билим берүү министри болуп дайындалган. Ошентип, А.Бакаевдын жетекчилиги менен Кыргызстандын билим берүү системасында реформалар башталган. Аз убакыттын ичинде алгачкы колледждер, лицейлер жана гимназиялар ачылган. Дал ошол 1991-жылдын 6-сентябрында өлкө президенти анын алдына жооптуу милдетти - жаш, эгемен мамлекеттин эң жооптуу кызматтарынын бири болгон Мамлекеттик коопсуздук комитетин башкарууну тапшырган. Өлкө президенти бул жерден жаңылган эмес. Анткени А.Бакаев билимин такай өркүндөткөн, илимий чөйрөдөн чыккан интеллект, таза жана патриот, мыкты уюштуруучулук сапатка ээ, жаш реформатор жетекчи болгон. Өлкө президенти А.Бакаевдын алдына мамлекеттик коопсуздук органдарын реформалоону, сөздүн так маанисиндеги мамлекеттик коопсуздук органын түзүп чыгууну, коопсуздук органдарын улуттук кадрлар менен толуктоону тапшырган. Бул кызматта ал, 1991-жылдын сентябрынан 1995-жылдын октябрь айына чейин иштеген. Ошол мезгилдеги жаңы саясий кырдаал андан көп эмгекти жана чечкиндүүлүктү талап кылган. Башка улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн тарыхый мекендерине кайтып кете баштаган, коопсуздук кызматы кадрлык тартыштыкка учураган. Ушундай шартта тез арада кызматты улуттук кадрлар менен толуктап, атайын кызматты сактап калууга жетишкен. Ыкчам өзгөрүп турган кырдаалда мамлекеттик коопсуздук системасынын приоритеттик багыттарын аныктоодо адашкан эмес. Жаңы кырдаалда эски көз караштардан, көндүм стереотиптерден баш тартып, анын чечкиндүү аракетинен улам Мамлекеттик коопсуздук органдары башка мамлекеттердин атайын органдары менен кызматташуунун жаңы этабына өткөн. Эски коопсуздук органдарына болгон ишенбөөчүлүк жоюлуп, Ош, Жалал-Абад областарында коопсуздук органдарынын шаардык, райондук бөлүмдөрү түзүлгөн. Анарбек Курамаевичтин жетекчилиги менен коопсуздук органдарынын оперативдик бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгү эл аралык тажрыйбага ылайыкташтырылган, жаңы саясый абалга негизделген ведомстволук нормативдик актылары иштелип чыккан. "Улуттук коопсуздук органдары тууралуу", "Оперативдик-издөө ишмердүүлүгү", "Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын статусу" тууралуу мыйзамдар иштелип чыккан жана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Россия, Казакстан жана башка КМШ өлкөлөрү менен кызматташуу тууралуу келишимдер түзүлгөн. Бүгүнкү күндө татыктуу түрдө, генерал-лейтенант А.Бакаевдын атын алып жүргөн улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин даярдоочу атайын жогорку окуу жай уюштурулуп, ишке киргизилген.
Анарбек Курамаевич Бакаев менен чогуу, үзөңгүлөш болуп иштөө бактысына туш болгон чекисттер бүгүнкү күндө да анын жетекчилиги астында иштеген жылдарын тамшануу менен эскеришет жана анын эртелеп көз жумганына өкүнүшөт. Анарбек Курамаевич мамлекеттик ишмер, жетекчи катары кандай иштерди аткарууга жана элдин, чекисттердин урматына кандайча жетише алган деген мыйзамдуу суроо туулат. Анын сырын чекисттер төмөнкүчө түшүндүрүшөт. Анарбек Курамаевич табиятынан таза адам болгон. Ал мамлекеттик ишмер катары эч качан өзүнүн жеке кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон эмес. Анын философиялык билим көрөңгөсү өтө жогору болгон. Бийик интеллекти мамлекеттик деңгээлдеги реформаларды ишке ашырууга шарт түзгөн, саясый процесстерди терең анализдөө жана прогноздоо жөндөмүнө ээ болгон. Сабырдуулугу коомдук жана мамлекеттик маселелерди чечүүдө чоң роль ойногон. Бийик адамгерчилиги, айкөлдүгү, табигый илимий чөйрөдөн чыккан адам катары анда аскердик-жетекчилик катары керкейүүчүлүк таптакыр болгон эмес. Ар бир иште, жөнөкөйлүгү, сыпаалыгы адамдар менен эркин баарлашууга жана жакындашууга мүмкүнчүлүк берген. Өз коллегаларына түшүнүү менен адамдык жакын, жылуу, сергек, сабырдуу мамиле жасаган, жаш чекисттер анын жөнөкөйлүгүн, боорукерлигин, акылмандыгын, агалык, жетекчилик мээримин жогору баалашкан. Атайын кызматка башка чөйрөдөн келсе да, таланттуу адам катары жан-дили менен киришкендиктен, бул кызматтын сырларын тез өздөштүргөн жана ири мамлекеттик жетекчи катары стратегиялык ой жүгүртүү деңгээлине жетише алган. Ар бир ишке терең караган, көптөгөн маселелердин арасынан эң башкысын, негизгисин, өзөгүн тез баамдап көрө билген. Тапшырманы так коюп, өз убагында сурап, талап кое билген. Анын адамдык, жетекчилик бийик сапаттарын жана баштаган, пландаган иштерин методикалык түрдө аягына жеткиргендиги, жеке адамдык, жетекчилик үлгү көрсөтө билгендиги кесиптештерин шыктандырып турган. Дал ушундай сапаттары менен башка мамлекеттердин атайын кызматтарынын жетекчилери арасында тез эле кадыр-баркка ээ болгон. Алар Кыргызстандын атайын кызматтарына сый-урмат менен мамиле жасашкан.
Кыргызстан 90-жылдардын башында эгемендиктин алгачкы, түйшүктүү жылдарын башынан кечирген. Республиканын Улуттук коопсуздук органдары өзүнүн алгачкы өз алдынча ишмердүүлүгүн Анарбак Курамаевичтин жетекчилиги менен баштаган. Албетте, алгачкы болуу оор, бирок сыймыктуу деңизчи. Белгилүү бир саясый ишмердин "реформатор өзүнүн саясый искусствосу жагынан революционерден байкалаарлык жогору турушу керек" дегенин далилдөө кандай оор турат. Ал бир "жарк" этип жанып учуп кеткен жылдыздай элес калтырды. Бирок эртелеп көз жумганы өтө өкүнүчтүү болду…
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин илимий-изилдөө борбору.





  Капсалаңдуу кадр маселеси качан чечилет?

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Аида САЛЯНОВАГА
Урматтуу Аида Жеңишбековна!
Көпчүлүк калктын катарында мен да Кыргыз Республикасынын прокуратура системасынын башына Сиздей жаш, принципиалдуу, таза жана калыс адамдын келгенине аябай кубанып турам.Чындыгында, аталган система Сиздей жаңылануу жолуна багыттаган реформатор жетекчиге аябай муктаж болуп тургандыгы айтпаса да калктын басымдуу бөлүгүнө маалым болуп турган учуру.
Сиздин аз убакыт ичинде бир катар приоритеттүү маселелерди көтөрүп чыгып, мыйзамдуулукту туу тутуп, коррупцияга бөгөт коюу менен иш алып барууңуз калыстыкты жана айкындуулукту күтүп келген нечендеген адамдардын жүрөгүнө үмүт отун тутандырып, жылуулук себелеп өткөндүгү шексиз.
Жакын арада өзүңүз белгилеп өткөн бир катар олуттуу маселелердин арасында кадр маселеси да негизги орунду ээлери жана ага катуу көңүл бөлүнө тургандыгы прокуратура системасына баш-оту менен кызмат кылууга даяр жаштардын демине дем кошуп, калыс жол менен кадрлар тандалып алынаарына ишендирет.
Дегеле таза, калыс жол менен прокуратура системасына жумушка орношуу мүмкүнбү? Айтайын дегеним, мен өлкөбүздөгү юридикалык ЖОЖдордун биринин сот-прокурордук факультетин ийгиликтүү, артыкчылык диплому менен аяктагам. Ошондон бери Башкы прокуратуранын резервине 3 жолу турдум (Башкы прокуратуранын имараты өрттөнүп, андан улам резервдин да документтери өрттөнүп кеткенден кийин экинчи жолу резервге тургам, андан кийин үстүбүздөгү жылдын февраль айында кабыл алынган Тартипке ылайык үчүнчү жолу катталдым), бирок эч кандай резервдеги тизменин жылуусун байкаган жокмун. Ошол эле учурда ата-энеси жогорку кызматтарда иштеп, же болбосо материалдык жактан жетиштүү жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары, менин эле курсташтарым, таң калычтуу жери, убагында 3төн кем эмес жолу окуудан чыгып (отчисление), кайра калыбына келгендер азыркы учурда аталган системада "ийгиликтүү" иштеп жатышат. Алардын кандай жол менен жумушка орношкондору жаш балага деле түшүнүктүү болуп турбайбы. Бирок андан да коркунучтуусу, ошол акчанын күчү менен жумушка киргендер, эртең өз кызматын аткарып жатып адам тагдырын чечээрде кайра эле акча маселесине кайрылбасына ким кепилдик бере алат? Ал эми Кыргыз Республикасынын прокуратурасына ак, таза кызмат өтөсөм дегенде ак эткенден так этип, жан-дили менен мамлекеттин кызыкчылыгына салым кошсом деген ак пейилдүү бир топ жаштардын мүмкүнчүлүктөрү байланып, шагы сынып тургандыгы өкүндүрбөй койбойт.
Урматтуу Аида Жеңишбековна!
Сиздин туура жүргүзгөн жетекчилик саясатыңыз жогоруда айтылган көптөгөн бүдөмүк суроолордун чечилишине жана аталган системада тартип менен мыйзамдуулуктун үстөмдүк кылышына алып келет деген терең ишеничтемин.
Сизди урматтоом менен,
Т. Салиева