Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Төлөгөн Касымбеков, КРнын Баатыры:
"Биз жаш жазуучуларга
жол көрсөтүп бере албай жатабыз…"
- Төлөгөн ата, карылыкка моюн сунууга мүмкүн эмес болсо керек. Ден соолугуңуз жакшыбы?
- Ден соолугум жакшы деп деле айтуу кыйын. Карыганда оорунун баары козголуп, ысык-суукту көтөрө албай, бечел болуп калат экенсиң. Бир күнү оору, бир күнү соо дегендей, Алымкан болуп жашап жатам. "Ооруп, чүчкүрсөңөр үйгө келбегиле, мага сасык тумоо жугузасыңар" - деп атып, тууган-уруктарымдын баарына жаман көрүнүп бүттүм.
- Быйыл буюрса, 80 жылдык мааракеңиз белгиленгени турат. Кандай деңгээлде өтсө деген ойдосуз?
- Казынабыз тартыш болуп, мамлекетибиз кыйналып турганда бул иш-чараны жөн деле койсок болмок. Элибиз минтип кыйналып турса 80 жаш мааракемди белгилеп, той өткөзгөнүм туура эмес болуп калат го деген ой менен президентибиз Роза Отунбаевага кат жолдогом. Ага болбой, президенттин кеңешчиси Султан Раев: "Эчкиникиндей жашыңыз калганда мааракеңизди белгилеп коёлу"- деген оюн билдирди. Буга карата вице-премьер-министр Ибрагим Жунусовго кайрылып, "Адам болгум келет" повестимди үч көшөгөлүү драмага айландырып, театрларга көрсөтүүсүн өтүндүм. Эгер бул повестим сахналаштырылып калса өспүрүм балдар үчүн тарбиялык мааниси жогорку драмалардын катарын толуктамак. Кыскасы, мааракеге даярданып, жазган чыгармаларымды кайра баштан карап, эл алдында отчёт берчү мезгилимди күтүп жашап жатам.
- Эң мыкты тарыхый роман деп эсептелген "Сынган кылыч" романыңыз тууралуу тасма тартылат экен деген сөздөр тарады эле…
- "Сынган кылыч" романымды 25 жашымда баштап, 35 жашымда жазып бүттүм. 10 жыл кагаздан көзүмдү албай отуруп, көзүм көрбөй калганда айнектен хрусталь көз салдыргам. Бүгүнкү күнгө чейин ошол хрусталь көз менен жашап жүрөм. Ошентип, кыйналып жазып бүткөндө ушул романым окумдуу романдардан болсо экен, кийин тасма болуп тартылса экен деп кыялдангам. Каражат болсо тартылып калаар деп, 1963-жылы тасманын сценарийин да жазып даярдап койгом. Кийин союз тарап, заман өзгөрүлгөндө жазган сценарийим унутулуп, кагазым китептеримдин арасында калган. Бакиевдин убагында архивимди казып атып, жазган сценарийимди таап алып, Мамлекеттик катчы болуп турган Адахан Мадумаровго алпарсам окуп чыгып, тасма тартабыз деп убада берген, бирок тартылган жок. "Сынган кылыч" тарыхый романым тууралуу кино тартабыз дегендер көп. Түрктөр: "Бизге бериңиз, биз тарталы" - дешти. Ромбиль Альберт деген америкалык режиссёр: "Тасманын сценарийин бериңиз, кино тартайын" - деп бүгүнкү күнгө чейин артыман ээрчип жүрөт. Баарына тең өзүбүздүн эле режиссёрлор тартат деп бербей жүрөм.
- Кыргыз адабиятына болгон көз карашыңыз кандай?
- Адабият окулбай калды. Себеби бүгүнкү калемгер, жазуучулар азыркы турмуштун оң-тескери окуясын, саясий психологиялык жүзүн тереңирээк изилдеп бергенге дарамети жетпей жатат. Көчө сөзү менен жазылган шапалактай майда чыгармалар жаандан кийинки козу карындай жайнап кетти. Жазуучулар Союзу такыр эле каралбай калды. Кыргыз адабиятынын мындан аркы келечеги кандай болот элестете албайм. Илгери Аалы Токомбаев өңдүү залкар жазуучулар бизге жол көрсөтүп, адабияттын арыгын бирге чапчубуз. Өкүнүчтүүсү биз жаш жазуучуларга жол көрсөтүп бере албай жатабыз. Азыр мамлекеттик желегибиздин өңүн өзгөртөбүз деп жатышат. Желектин өңү кызыл болууга тийиш, кызыл түс деген Манас атабыздан бери келаткан түс. Өзгөртсө Гимндин айрым сөздөрүн өзгөртүшсүн, желектин өңүн өзгөртүүсүнө каршымын.
- Сизди Бакиевдин ата-тегинен бери сүрүштүрүп жагынып жүрүп КРнын Баатыры наамына ээ болгон дешет. Бул туурасында эмне дээр элеңиз?
- Бакиевдин болгону ичкилик уруусунан экенин билем. Андан башка эч кандай анын ата-тегин сүрүштүрүп, айтып берген эмесмин. Бакиевге сыйлык берип койчу деп суранып да кирген эмесмин. Бир гана жолу "Жазуучулар союзун мамлекет тарабынан каржылана турган уюм кылып каражат маселесин чечип бербейсиңби" - деп аттуу-баштуу жазуучулар Бакиевге кайрылсак, бизди кабыл алып, "Макул, бул маселени чечип берем"- деген, чече алган жок. Анан байбичем жогору жакка бир канча ирет кайрылып атып, шаар ичинен бир бөлмөлүү үй беришкен. Сыйлыкты болсо, мага эл берди. Эл тараза, кимдин-ким экенин эл таразалап, баасын берет.





Элмира Касымбекова, баатырдын жубайы:
"Жашообузду көрө албагандар
ар кандай ушактарды чыгара беришет…"
- Элмира эже, буга чейин сиз жөнүндө көп эле сөздөр айтылды. Учурда жеке турмушуңуздар кандай?
- Кудайга шүгүр, жашоо-турмушубуз жаман эмес. Жолдошумду кор кылбай колуман келишинче кастарлап багып жатам. Мен аткара албай калган иштерди сен аткарышың керек деп, Мамлекеттик тил комиссиясына жумушка орноштуруп койгон. Азыр тил комиссиясында иштеп жатам. Күндө кечинде маңдайына отургузуп алып: "Тил комиссиясында кандай иштер аткарылып жатат? Бүгүн эмне иш аткардыңар?"- деп сурап турат. Бирге түтүн булатып жашаганыбызга быйыл 12 жыл болду. Агайыңдын аркасы менен эл тааныдым, жер көрдүм. Айтор, агайың менен бирге өткөргөн өмүрүмдү асылзаттык бактым катары баалайм. Жашообузду көрө албагандар ар кандай ушактарды чыгара беришет. Башында ушак сөздөргө терикчүмүн. 2002-жылы Аксы окуясы болгондо "Агым" гезити: "Төлөгөн Касымбеков Аксыга барып, элинин ахыбалын сурап койгонго жарабай, жаш токолунун койнунда жатат"- деп жазып чыкканда аябай териккем. Азыр андай ушактарга эч кандай деле терикпейм. ЖКнын депутаты болгон улуу баласы Райкан Төлөгөнов келип: "атамды жакшы багып жатасыз" - деп рахматын айтып, мага ыраазычылыгын билдирип турат.
- Агайдын мурунку жубайынан канча баласы бар?
- 5 уул, 1 кызы бар. Бардыгы тең үйлүү-жайлуу. Уул үйлөп, кыз узатып, куда-сөөк күтүп, неберелүү болушту. Биз алардын, же алар биздин жардамга муктаж эмес. Атасы баарын тең үйлүү-жайлуу кылып, өз энчилерин бөлүп берген. Агайың мага баш кошкондо Бадам деген келини түшүнбөстүк кылып мен жөнүндө туура эмес маалыматтарды гезит беттерине жарыялап жүрдү. Уулум Асылтайды төрөгөндө: "агайыңардын баласы эмес" - дегендер да болду. Асылтай атасына куюп койгондой окшош болуп чыккандан кийин гана бул сөздөрдүн аягы сууду. Иши кылып көп нерселерди баштан өткөрдүм.
- Сизге болгон кол салууну кимден көрөсүз?
- Кылмышкерди колум менен кармап албагандан кийин тигил же бул деп айтуу кыйын. Агайың экөөбүздүн жашообузду көрө албагандардын колунан келген буйрутма иш болсо керек. Ким болсо да, мен аны кудайга койдум, кудай жазаласын.
- Төлөгөн агай менен кантип таанышып баш кошуп калдыңыз эле?
- Токтосун Тыныбековдун кудачасы болгон кочкорлук Күмүшай деген жакын санаалаш эжем бар болчу. Агайың экөөбүздү ошол эже тааныштырган. Экөөбүз баш кошкондо кызым 9 жашта болчу. Азыр турмушка чыгып, келин болду. Башында агайыңдан 35 жаш кичүү экенимди укканда бир аз ыңгайсыздангам. Агайың да, менден "35 жаш кичүү болсо кандай болот"- деп чоочуркаган экен. Ошентип, бир күнү эле күйөө жолдош кылып, улуу баласы Райканды ээрчитип алып колумду сурап, ата-энемдин алдына барып, мени алып кетти. Кийин: "Башка адам жок калгансып, эмнеге балаңызды күйөө жолдош кылып ээрчитип алгансыз?"- деп сурасам, "башка адам душман, ошон үчүн өз баламды ээрчитип алгам"- деп жооп берген.
- "Аккан арыктан суу агат" - деп коёт эмеспи. Уулуңуз ата жолун жолдочудайбы?
- Буюрса, атасынын жолун жолдоп чыгармачылыкка багыт алат го деген ойдомун. Азыр 2-класста окуп жатат. Дил баян жазып, атасынын жомокторун көп угат. Атасы башынан өткөн окуяларынын баарын эринбей отуруп баяндап берет. Мечитке барып намаз окуйт. Намаз окуган сайын "Атама өмүр бере көр, жок дегенге 135 жашка чыгара көр"- деп кудайдан суранат экен.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев