Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Өмүрбек Абдрахманов, "Ата Мекен" фракциясынан ЖК депутаты:
"Саясатты сасыткан да ушулар, жогорудагы вульгардык баа бергендер да ушулар..."
- Өмүрбек Адрахманович, алгач макулдашып алалы. Суроолор маектешүүнүн жүрүшүнө ылайык берилет. Айрым маселелерде жооп бербей коюу ыктыярыңызда, бирок суроолор алынып салынбайт. Материал менен таанышууга, кошумчалоого укугуңуз бар, бирок "айтылган сөз - атылган ок" эмеспи. Алгачкы пикирлерди алып салууга кысым жасабайбыз. Буга кандай дейсиз?
- Жооп берүүдөн качпайм, зарыл болсо кошумчалоолор болушу мүмкүн. Башкача кысым жасоону ойлонбойм да, бирок талап дейбизби, же өтүнүч катары аласызбы, үй-бүлөлүк жана адамдык абийирге каршы интимдик суроолор болбошу керек. Муну кордоонун бир түрү катары кабыл алам жана этикалык эрежелерге жат көрүнүш катары эсептейм. Ал эми башка суроолорго жооп берүүдөн качпайм.
- Сизди элибиз эң алгач жеке ишкер катары тааныган. Саясат ишине кеч киришкен адам катары эсептешет. Сиз буга кандай дейсиз?
- Тетирисинче, мен саясаттан жеке ишкерликке өткөндүгүмдү айта кетейин. Биз социалисттик системада жашап турган учурда азыркы премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин айылы Арашанда чоң чарбада партиялык комитеттин парторгу болуп иштеп келдим. Ал учурда бардык саясий маселелер гана эмес, бүтүндөй өндүрүштөгү ийгиликтерге жана кемчиликтерге чарбанын адистери менен катар партиялык уюмдун жетекчисинин жоопкерчилиги жогору болгон.
Эске сала кетели, 1985-жылы СССР державасында "кайра куруу" деген башталган. Чарбадагы түрдүү кошуп жазууларга ошол учурда каршы чыккан элем. Бул жогоркуларга жаккан жок, кайра куруу - бул жөн эле кооз сөз экендиги белгилүү болду, айткан сын-пикирлерим үчүн кызматтан бошотулдум, бирок эч кимден кечирим сурабадым, кызмат бер деп эч жакка кайрылбадым.
- Жумушсуз калуу үй-бүлөнү муктаждыкка кептеген жокпу?
- Арендалык ыкма менен иштөө киргизилип калган. Ушуга ылайык борбор калаабыздын Кетмен-Төбөгө жүргүнчүлөрдү ташуу жана тейлөөгө өттүм. Жеке керт баштын эркиндиги эмне экенин ошондо түшүндүм, бир канча жыл "таксовать" этип, жашоо-турмушум оңолду. Мурда жеке адамдын эркиндигинен мамлекеттин кызыкчылыгы жогору коюлуп келген, аны туура эмес көз караш катары кабыл алдым. Көрсө, жеке адамдардын кызыкчылыктарынын жыйындысы элдик кызыкчылыкты түзөт экен да, эл канчалык бай жашаса, мамлекеттин экономикалык кубаттуулугу жогорулайт экен. Дүйнөгө көз карашым өзгөрүлдү, буга мен эч өкүнбөйм.
- Сиз "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү болгонго чейин дагы кайсы партияларга мүчө болдуңуз?
- Эң алгач компартиянын мүчөсү болуп, бир партиялык комитеттин парторгу болуп келгенимди айттым. Кыргыз эли эгемендүүлүккө ээ болор астында, 1991-жылы Кыргызстан Компартиясынын I катчысы Апсамат Масалиевге каршы күрөштө ачкачылык жарыялаган 14 адамдын катарында болдум. Кыргызстан демократиялык кыймылына активдүү катышып, бийликтин алмашуусуна салым коштум, бирок эч кимисинен кызмат сураганым жок. Аңгыча азыркы партиялашым Кубатбек Байболов өз партиясын түздү, чогуу болдук, бирок анын "социалисттик" багытына каршы турдум. Башкача кырдаал түзүлүп, аягында "Ата Мекен" партиясына бириктик. Бул партия да "социалисттик" деген жарнагы тагылса да, демократиялык багыты күчтүү болгондуктан кошулдум. Булардын саясий күрөштө бай тажрыйбасы да бар, ошол эле учурда демократиялык маанайынан тайбагандыгы мага жагат.
- Сиздин жеке ишкердүүлүгүңүз Аскар Акаевдин учурунда башталганы көпчүлүккө белгилүү. Бул бийликке мурдагы мамилеңиз жана азыркы көз карашыңыз кандай?
- Ачыгын айтайын, Аскар Акаев алгачкы мезгилде демократиялык принципти колдоду. Эң негизгиси, мамлекеттик монополияны, бийликтин үстөмдүгүн жокко чыгарды. Жеке ишмердүүлүккө жол ачты, айыл чарбасында жер дыйкандарга кайтарылды, бирок саясий акыркы ресурстары түгөнгөнүнө карабастан, бийликти акыркы 3 жылда колдон чыгаргысы келген жок. Ошентип, ал прогресстен регресске өттү да, бул элдин басымдуу бөлүгүнүн нааразычылыгын күчөттү.
Ырас, мен жеке ишмердүүлүгүм ошол кезде башталган. Ишкерлердин бийликке да, оппозицияга да мамилеси бирдей болот. Себеби мансап ээлери бизде тез-тез алмашылат эмеспи. Мындай шартта ишкер саясий жана экономикалык маселелерге аралашпаганы да ушунда, бүгүн алар кимди сындаса, ал эртең мамлекеттик жооптуу бир ишке келсе, ар тараптуу кысым көргөзөрүн, ал гана эмес, жеке ишканасынан ажырап каларын билип калышкан.
- Демек, ишкерлер бийлик тарабынан да, криминалдар тарабынан да кысымга алынып, "шапкесин" төлөшөт - деген чындык экен да…
- Бул далилдөөнү талап кылбайт. Ошондуктан ишкерлер "өз киндигин өзү кескени" аз келгенсип, кирешенин бир кыйла бөлүгүн максатсыз ишке сарптоого мажбур болушат. Бул коррупциянын күчөшүнө гана шарт түзүүгө алып келген. Же эки тараптын талабын аткар, же жеке ишкерликти токтот, болбосо, "көмүскөдө" иш жүргүз! Башка жол жок.
- Мыйзамды кантебиз?
- Билмексенге салбайлы. Жакшы мыйзамдар бар, бирок ошол мыйзамдар аткарылабы? Кагаз жүзүндө калып, ишке ашырылбаган соң ал өлүк мыйзам.
- Сиздин ишкердүүлүгүңүздүн багыты кайсы эле?
- Менин ишканам дээрлик мебелдердин түрлөрүн чыгарып келди. Кирешелүү тармакка айланганда, ар тараптан кысымга дуушар боло баштадык. Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкарууга өтүшү мени кайрадан саясий күрөшкө чыгууга аргасыз кылды. Эл бул бийликти кулатты да, мамлекет башчылыгына Курманбек Бакиев келди. Кирешелүү бизнес чөйрөсүндө кысым күчөп, кайрадан оппозицияга өттүм.
- Сиз оппозицияда тез эле лидер катары таанылдыңыз, андан кийин АКШга кетип, 7-апрель окуясынан кийин келдиңиз. Ушундан улам, элге таанымал бир канча лидерлерине "качкын", "Ата Мекен" партиясына "качкындар партиясы" деген жарнак тагылып калды. Бул кеп-сөз сизди түйшөлткөн жокпу?
- Ар бир адамдын жекече көз карашы бар. Кимдин башына кандай кыйынчылык түшөрүн ким билмек эле. Экинчи бийлик орногондо "эми өлкөдө стабилдүүлүк орнойт. Ишкерлерге коопсуздук түзүлөт. Ушуну менен элдин жашоо-шарты жакшырат. Эл үй-бүлөлүк эзүүдөн кутулат" деген оюбуз ойрон болуп, оппозицияда болуп келдим. Анын натыйжасында ишканамдан ажырадым. Ачыгын айтайын, жалган жалаа менен өмүрлүк жарым экөөбүзгө "кылмыш иши" козголду. Айыптоочулар мага 15 жыл, аялыма 7 жыл мөөнөттү чектешти. Бийликтин зордук-зомбулугу күч алып турган бул шартта "көзүбүздү тазалап" коюуга шылтоо да табышат эле. Кырдаалга жараша партиянын чечими менен чет мамлекетке кетүүгө мажбур болдук. Муну кимдир-бирөөлөр куру актануу катары санашы да мүмкүн. Артынан сөз ээрчибеген саясатчы жок болсо керек. Өзүңөр жазгандай, бул "актануу эмес, тактоо" (күлөт).
- Ойдо жок суроону өзүңүз даярдап бердиңиз. Азыркы күндө карапайым калктын айрым саясий лидерлерге чейин "саясат - сасык оюн" деген кепти "жаргон" жасап алышты. "Саясаттын сасышына" эмне себеп экенине баа бере кетсеңиз?
- Мен бул пикирге каршымын. Өз оюмду айтсам, "сасыган саясат" эмес, аны ушул деңгээлге жеткирген көөдөнү сокур саясатчылар болуп саналат. Алар жеке амбициясы үчүн бардыгына даяр турушат. Туруктуу пикири, көз карашы жана принциби жок болгондуктан, түрдүү интрига оюндарын уюштурат. Колунан келбесе да жалган убада берүүгө машыккан, сөз менен иши айкашпаган, ашкере популисттер экенин баса белгилесек болот.
Эң өкүнүчтүүсү, саясатка кокусунан аралашкандыгы, ошону менен, куру кыйкырык менен гана эл көзүнө көрүнүп калганы. Мындайлар кыргыз саясатчыларынын арасында көп, бирок алардын аттарын атабай эле коёюн. Учуру келгенде калкыбыз өзү эле аларды четтетип коюучу мезгил келет. Саясатты сасыткан да ушулар, жогорудагы вульгардык баа бергендер да ушулар. Буга башкача жооп берүү да кыйын, башка себептерди издөөнүн кажети жок.
(Уландысы бар)
Маектешкен
Эртабылды Аттокуров