Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Каралоону токтотууну талап кылабыз!
Кыргыз Республикасынын Президенти Р. Отунбаевага,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Келдибековго,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаевге,
Жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрүнө

КАЙРЫЛУУ

Биз, Нарын шаарынын тургундары, азыркы биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабановдун тегерегинде болуп жаткан "кара пиарга" карата өз пикирибизди билдирүүнү туура көрүп, партиябыздын лидеринин кадыр-баркын коргоо максатында, "Бабановду коргоо комитетин" түздүк.

Азыркы саясий кырдаал, Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары, экс-башкы прокурор К.Байболовдун берген туура эмес маалыматы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Бул "Республика" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата жүргүзүлгөн атайын "кара пиар" деп түшүнөбүз.
Бүгүнкү күндө биздин мамлекетке тынчтык, стабилдүүлүк, өнүгүү керек. Дал ушул нерселер биздин партиянын программасында айтылган. Өлкөбүз башынан эки жолу бийлик алмашууну өткөрдү, коомубузга дагы үчүнчүсүнүн кереги жок.
Кезинде Өмүрбек Бабанов биринчи вице-премьер-министр болуп турган кезде, ошол кездеги бийликтин тескери жасаган, саясий сокурдугунун бетин ачып, алыскы Ак-Сай, Арпа жайлоолорун, "Торугарт" бажы өтмөгүн өлкөнүн ичине 60 чакырым жылдырбай, кайра ордуна келтирип, бул маселени кабыргасынан коюп, чек аранын жылышына жол берген эмес.
2009-жылы июнь айында өкмөттүк комиссияны жетектеп келип, Ат-Башы районунун тургундары менен жолугуп, курулушту токтоткон.
Бул да болсо, Ө.Бабановдун мамлекеттүүлүктүн бүтүндүүлүгүн, коопсуздугун жогору коюп, өз атуулдук милдетин так аткарганын билдирет. Бул кадам Бабановдун накта мекенчилдиги (патриот) экендигин билдирет.
Жогорку Кеңештин жыйынында комиссиянын төрагасы, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров МегаКом иши боюнча өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Ө.Бабановдун россиялык инвесторлордон акча сурабагандыгын жана компанияны тегерегиндеги маселелерге эч бир тиешеси жок экендигин тастыктады.
Ө.Бабанов кезинде өзү бизнес жаатына келип, бутуна турган жаш бизнесмен, саясатчылардын бири. Ал өзү 2007-жылдан бери түптөп келген "Жаңы кадам" саясий партиясы, андан соң ошол эле партияны "Республика" саясий партиясына кайра каттоодон өткөрүп, Жогорку Кеңешке элдин элегинен өтүп, парламентте эл өкүлдөрү эл-жердин камын көрүп олтурушат.
Көтөрүлгөн суроолордун тегерегинде болгон чыр-чатакка өзүнүн тиешеси жоктугун далилдөө үчүн, Жогорку Кеңеш дайындаган атайын иликтөө комиссиясынын ишине жолтоо болбоо үчүн Ө.Бабанов биринчи вице-премьерлик кызматын убактылуу тапшырып берди.
Ө.Бабановдун мындай кадамы, аталган комиссия өз ишин объективдүү алып баруу үчүн, оппоненттери аны кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген дагы бир жалаа жаппасын деген максатта болду.
Дегеле, кыргыз саясий жаатында, аткарып жаткан кызматын убактылуу болсо да тапшырып берип, кызматтык абалынан колдонбоо үчүн бир дагы чиновник мындай кадамга барган эмес.
Президентибиз Роза Отунбаева: "өлкөдө күздө боло турган президенттик шайлоого чейин, Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүк сакталып турушу коомубузда саясий туруктуулуктун болушуна өбөлгө"- деген.
Демек, кээ бир саясатчылар бүгүн элдин атына жамынып алып, былык иштерин жасап жатышат. Ошол эле адамдар, коалициялык көпчүлүктүн тегерегинде ар кандай оюндарды уюштуруп жатышат.
Кандай болгон күндө да азыркы Өкмөткө толук кандуу иш алып барууга убакыт бериш керек. Азыркы өкмөт Кыргызстандын эгемендүүлүк алган жыйырма жылдан бери биринчи жолу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн, өз дыйкандарыбызды колдоо максатында, үстөгү аз кредиттерди, майлоочу-күйүүчү майларды берип жатышат. Ушундай иштердин артында, өлкөдө жазгы айдап-себүү иштери жер-жерлерде ийгиликтүү бүтүп жатат.
Бүгүнкү күндө мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлердин айлык акысы 2-3 эселеп жогорулашы азыркы өкмөттүн жасап жаткан жетишкендиктери.
Энелердин талабы - Ө.Бабанов тез аранын ичинде кызматка келип, өз милдетин аткарып баштасын. Энелердин тилеги, өлкөдө тынчтык болсун, саясатчылар бардыгы биригип, ынтымакка келишсин, ошондо гана бизде өнүгүү башталат.
Биздин партиябыздын лидерине жөн жерден эле көө жаап, ак жерден каралоону токтотушун талап кылып, комиссиянын, укук коргоо органдарынын бүтүмү чыкмайынча ага карата атайын уюштуруп жаткан "кара пиарды" токтотууну теңир-тоолуктар талап кылабыз.
Урматтоо менен,
"Бабановду коргоо комитетинин" төрагасы Чуйтиев Насир - партиялык кызматкер Нарын облусунун ардактуу атуулу,
Ашыранова Б. - Баатыр Эне,
Асекова Ж. - Баатыр Эне,
Райимбеков. - Баатыр Эне,
Муканов Шайлообек,
Тагаева Сыйна,
Жакшыбаева Асыл,
Байсеркеева Елена
ж.б. 100 адам кол койгон.




Өкмөттүн реалдуу кадамы
Эгемендикке ээ болгону айыл чарбасына жеткиликтүү көңүл бурулбай келет. Натыйжада бул тармак талкаланарына аз калды. Ал эми коалициялык Өкмөттүн түзүлүшү менен, өлкөнүн айыл чарбасын өргө сүрөө жаатында конкреттүү иштер башталганы адамды кубандырбай койбойт. Кеп дыйкандарга үстөгү 9% турган кредиттин таркатылгандыгы туурасында жүрүүдө.
Айыл чарба министринин басма-сөз катчысы Мухамеджан Суранчиевдин 24.kg агенттигине кабарлаганына караганда, жеңилдетилген кредит алуу ниетин 4246 фермер билдирсе, алардын 3408инин мүдөөсү аткарылыптыр. Эске салсак, кредит берүү процесси "Айыл банкы" менен "РСК банкы" аркылуу жүргүзүлгөн.
Ушу кезге чейин жалпысынан 643 млн. сом өлчөмүндө кредит таркатылганын М.Суранчиев маалымдайт. Мунун басымдуу бөлүгү "Фермерлерге жеңилдетилген кредит" долбооруна таандык. Таркатылган кредит өлчөмү 419 млн. 412 миң сом. Мындан сырткары чакан кредиттик мекеме 65 млн. 245 миң, айыл чарбалык инвестиция жана кызмат көрсөтүүнүн алкагында 43,6 млн. сом берилгенин Мухамед мырза кошумчалайт.
Баса белгилей кетүүчү жагдай, фермерлерге жеңилдетилген мүнөздө кредит таркатуу демилгесин 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов көтөргөн. А Өмүрбек Токтогулович "Республика" партиясынын негиздөөчүсү экени маалым. Калганын окурман журтчулугу өзү баамдап алаттыр...

Бабановсуз калган өкмөттүн утулушу
20-майда кыргыз Өкмөтү "Жерүйалтындан" кол жууду. Анткени Бишкек райондор аралык соту "Жерүйалтындын" лицензиясын жокко чыгаруу чечимин жараксыз деп тапты. Бийликтегилердин айтымында, парламенттин соттук-укуктук комитетинин төрагасы С.Жапаров алиги алтынчыларга жардамдашып жиберген имиш. Эми эси оогон өкмөт судья Ж.Нурунбетовдун чечимине аппеляциялык арыз жазабыз деп эшейип олтурушат.
Бул маселени так чечилишин талап кылып келген. Аны контролдогон жагы болбогон сыяктуу. Ө.Бабанов кызматынан убактылуу чегингенден тарта кээ бир аткаминерлер кыйратып иш кылбай, илең-салаң болуп эптеп эле иштемиш болуп жүрүшөт дешет. Мунун азабын баягы эле карапайым калкыбыз тартары талашсыз. Ал эми оппозициячыл депутаттар, кызматка илинбей калган ичимтаптар болсо, өкмөттүн чалынганына кубанып, шапкелерин асманга ыргытып аткан чагы. Аймактарда ачылып аткан "Бабановду колдоо комитеттери" бекеринен аракет кылышпаптыр.