Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жалган жыйынтыктын артында кимдер турат?
Жакында эле Түштүктөгү коогалаңды иликтеп аткан көз карандысыз эл аралык комиссиянын чуулгандуу жыйынтыгы бир катар ММК беттерине жарык көргөн. Жарасы жаңыдан карттанып келе жаткан эки элдин ортосуна кайрадан от таштап, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн бир жактуу каралаган чагымчыл мүнөздөгү бул жыйынтыкка саясий элита, коомчулук арасында кызуу талкууга алынып, бакиевчил эски күчтөр жакшы эле табалап баштаган. Анан эле эл аралык бул комиссиянын башчысы Киммо Кильюнен бул жыйынтык жасалма жана жалган экендигин жар салып чыкты. "Бул биздин доклад эмес! Интернетте жарыяланган маалыматтарга биз эч кандай жоопкерчиликти албайбыз жана тааныбайбыз. Биздин жыйынтык али даяр боло элек"-деген Киммо Кильюнен бул маалыматты кимдер жана кандай максатта жарыялагандыгын түшүнө албай тургандыгын кошумчалады. Эки элди эрегиштирген бул жасалма жыйынтык Кыргызстандагы кырдаалга таасир берип, өлкөдөгү абалды курчутууга аракет кылган күчтөрдүн жасаган жоругу деген пикирлер айтылууда. Көз карандысыз эл аралык комиссиянын расмий жыйынтыгы 2-май күнү жарыяланат.


Кант бизнесин ким карайт?
Кантка болгон 30 пайыздык бажы төлөмүн алып салууга каршы чыгып, митинг өткөрүп жатышкандардын артында атактуу ак жолчу Сергей Ибраимов тургандыгын уктук. Себеп дегенде бул эргул өзүнүн "Азия сахар" деп аталган фирмасы аркылуу орустар иштетип жаткан Кайыңды, Кошой кант заводдорун көзөмөлдөйт имиш. Эгерде сырттан кант ташылып келе турган болсо, бул кант монополистинин капчыгы бир кыйла эле жукарып, кантка болгон баа жок эле дегенде 10 сомго арзандамак экен. Албетте, мындай жагдай карапайым калк үчүн өтө эле ыңгайлуу болмок. Кант бизнесин капшыра кармагандар эрке бала Максимдин амири менен иш алып барып, ошондо эле өлкөбүздөгү көзгө басар кант ишканаларын өз көзөмөлдөрүнө алып, сырттан келүүчү кант азыктарына 30 пайыздык бажы төлөмүн киргиздирип, бул азыкка болгон бааны каалаганындай коюп келишкен экен. Максимдин акылы менен ишке ашкан ошол 30 пайыздык төлөмдү азыркы бийлик алып салабыз дегенден бери бизнестин битин сыгып атышкан "кантчы-көпөстөрдүн" кабагына кар жаап, айласын таппай жатышкан экен.


Докемдин эстелиги менен Адахам алдыга озом дейт го…
Быйылкы президенттик ат салышка Адахам Мадумаровдун да чыгаары ачык эле көрүнүп калды. Амбициясы ашып-ташып, азыртадан эле Кыргызстанды түрө кыдырып, шайлоо өнөктүгүн баштап салды. Уккан-билгенибизге караганда Адахам барган жеринде Бакиевдерге ашыкча сөз тийгизбей, ал гана эмес, ыңгайы келгенде мактап да жиберип аткан экен. Эми анысы өзүнүн жеке иши деңизчи, бирок айрым ММК беттериндеги Мадумаровго Жаныш Бакиевдин жардам берип жаткандыгы тууралуу кептер жөн жерден чыкпаган окшойт. Жаныштын "жашылбайлары" аркылуу Адахам ажолук ат салышта кубаттуу атаандаш болом деп турганын биз дагы өз булактарыбыздан кабардар болдук.
Баса, ыраматылык Дооронбек Садырбаев: "мен өлгөндө эстелигимди Ала-Белдин боюна койгула"- деп тамаша-чыны аралаш керээзин айткан экен. Амалы ашып-ташыган Адахам көңүлү калган элдин көңүлүн кайтаруу үчүн кайран Докебиздин чоң айкелин ошол жерге салдыртканы жаткан экен. Албетте, кыргыздын кыраан уулу Дооронбек Садырбаевге мындай эстеликтин бир канчасын курсак да аздык кылат деңизчи, бирок саясатташтырбасак жакшы болмок. Айтмакчы, алдыдагы шайлоодо Адахам Бакиевдин тандемдеши Феликс Кулов менен жетелешип чыгат экен.

Каныбек Кубатты КТРКдан "кубалап" чыгабы?..
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 28-апрелдеги пленардык жыйында: "КТРК кыргыз парламентинин аброюна дискредитациялоо саясатын жүрүгүзүүдө" - деп билдирди. Ал муну КТРК телеканалы парламенттин кээ бир депутаттарын терс маанайдагы жоруктарын берип жатканы менен түшүндүрдү. Мындан сырткары телеканал коомдук болгон менен, жаңылыктарды калыс бербей, үч гана багытта саясат жүргүзүп жатканына токтолду. Биринчиси, Оторбаевди кантип коргоп калыш керек, экинчиси, "Ата Мекендин" жигердүү ишмердүүлүгүн көрсөтүү, үчүнчүсү, Кыргызстандагы митингдерди гана көрсөтүү менен чектелип жатканын маалымдап, буга байланыштуу "КТРКнын башчысы К.Оторбаев кызматтык ордун ээлегенге моралдык жана саясий укугу барбы? - деген суроо коюп, - мамлекеттик жоопкерчилик деген болуш керек да" - деп кошумчалады. Айтор, КТРКга асылып калган Каныбек мырза, эптеп Оторбаевдин ордун алууну көздөп жатканы байкалып калды. Коалицияга кирүүнүн бирден-бир максаты дагы ушунда жаткан окшойт. Бекеринен, Иманалиев КТРКны сурап, соодалашуу жүргүзүп жүргөнү туурасында кептер чыкпаса керек…


Кулматовдун куйругунда калбыр бар дешет…
Бажы кызматынын төрагасы Кубан Кулматовдун кош жарандыгы туурасында айтылып келген сөздөр кайрадан Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары тарабынан көтөрүлүп, ал ээлеген кызматын аркалоого укуктуубу деген суроо кабыргасынан коюлду. Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров "К.Кулматов Орусиянын жараны экендиги боюнча документтер бар" деген маалымат берди. "Ата Мекен" фракциянын депутаты Туратбек Мадылбеков колдоп: "Учурда өкмөт дүлөй болуп, парламентти укпай жатат. Бажы кызматында миллиондогон акча кайда кетип жаткандыгы белгисиз болууда. Миллиондогон акчалар жоголуп жатат. Биз өкмөткө 24 саат берели, тез аранын ичинде Кулматовдун маселесин чечишсин" - деди.
Ал эми "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Анарбек Калматов К.Кулматов кош жарандылыгын бар болуп туруп, мамлекеттик кызмат ордун ээлегенге укуктуу эместигин маалымдады. Бул иш боюнча Башкы прокурор Аида Салянова К.Кулматовдун Орусиянын жараны экендиги тастыкталганын парламентте кабарлады. Аида айымдын айтуусунда Кулматовго паспорт сериясы 4509 № 801457 үлгүсүндөгү Орусия мамлекетинин жарандыгын айгинелеген паспорт берилген. Учурда бул ишке байланыштуу документтер президентке жөнөтүлгөн.
Мына сага, кадр саясатындагы башаламандык, өзүм билемдик… Анан кантип оңолобуз?..







"Бийликти бас!" - деп Клара Кабилова
Барктабасовго 250 миң доллар жиберген
Бишкектин Биринчи май райондук соту Абдыразак Боронбаев 7-апрель күнү "Мекен Туу" партиясынын лидери Урмат Барктабасовду "бейбаштык, ок атуучу курал сактоо, милиция кызматкерине күч колдонуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 4 жылга эркинен ажыратты.
27-апрелде өткөн сот процессинде барктабасовчулардын телефон аркылуу бийликти басып алуу тууралуу сүйлөшүүсү далилдеген менен соттун уруксаты жок телефон тыңшоо мыйзамга каршы келип, "бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган"-деген оор айып боюнча Урмат Барктабасов күнөөсүз деп табылды. Сот залына чогулган Барктабасовдун көп сандаган жактоочулары Абдразак Боронбаевдин бул сөзүн угуп, залды жара "ураалап" жиберишти. Ошентип, мамлекеттик айыптоочулардын Барктабасовду 12 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратуу тууралуу сунушу канааттандырылган жок.
Бирок залдагылардын "ураасы" көпкө созулган жок. Кийинки беренелер боюнча сот Абдразак Боромбаев "Мекен Туу" партиясынын лидерин күнөөлүү деп таап, 4 жыл күчөтүлгөн режимде темир тор артында күн өткөрүүгө буйруду.
Ал эми Урмат Барктабасов менен кошо камалышкан 14 адамдын төртөө 3 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылса, калган 10 адамдын экөөсү 5 жылга, сегизи 2 жылга шарттуу түрдө кесилди.
Тактап айтканда, Жалил Садыков өзүнүн карабин үлгүсүндөгү ок атуучу эки куралын Барктабасовдун жан сакчыларына бергендиги үчүн 3 жылга эркинен ажыратылса, ИИМдин КИББнын үч кызматкери Орозобаев, Кочкоров, Ниязалиевдин күбөлүктөрү менен куралдарын тартып алышып, өздөрүн токмоктошкону үчүн Райымбек Рахимов, Максатбек Абдрахманов 10 жылга, Амангелди Барктабасов 9 жылга кесилди. Калган 10 кишинин экөө Рыспек Төрөгелдиев, Рустам Жунушалиев 5 жылга, сегизи: Акыл Акунов, Кубанычбек Аманалиев, Курманбек Секалиев, Калысбек Байгожоев, Аманат Сыдыков, Турсунбек Дыйканов, Данияр Жумабаев, Марат Эзембаевдер 2 жылга шарттуу эркинен ажыратылды.
Соттун мындай чечимин коомчулук адилеттикке жатпай калды дешүүдө. Анткени мамлекетти басып алууга аракет кылып, ызы-чуу чыгарган Барктабасов болгону 4 жылга гана эркинен ажыратылып, анын жанында жүрүп камалышкан 14 адамдын төртөөнүн 10 жылга чейин кесилип жатышы акыйкаттыктан ат чабым алыс кеткендигин айтып отурушат.
Айтмакчы, тергөө учурунда Чубактын кунундай чубалган бул процесстен бир катар чуулгандуу фактылар чубалып чыкты. Алардын эң эле чуулуусу БШКнын мурдагы төрайымы, мурдагы президенттин мурдагы пресс-катчысы Клара Кабилова Урмат Барктабасовго бийликти күч менен басып алууну тапшырып, элдерди чогултууга 2010-жылдын июль айында Эрмек аттуу жигиттен Казакстан аркылуу 250 миң доллар берип жибергендигин УКМКнын из кубарлары иликтеп чыгышкан. Бул акчаларды жер-жерлерге бөлүштүрүп, август айынын башында чоң казатты башташмак экен. Мисалы, Ош облусуна 200 миң сом бөлүнгөн. Бирок Урмат Барктабасов Кабиловадан акча албагандыгын жана бийликти басып алууга аракет кылбагандыгын айтууда.

Аламанов акыл айтат…
Кыргызстандын жеринин четинен кертилип, чет мамлекеттерге кетишине бирден-бир үлкөн салым кошкон чиновниктердин көзүрү болгон Саламат Аламанов деген эргул бар. 7-апрелден кийин карааны көзгө илинбей, кайда экени билинбей кетти эле, эми кайсы бир гезитке маек берип, "Каркыра, Үзөңгү-Кууш туура эле берилген. Эгер чындап жер үчүн күйүшкөндөр болсо, маселени кайра көтөрүшсүн, ага мыйзам жол берет" - деп, дөөрүптүр. Ушундай "шүмшүктөрдөн" кутулбас болдук. Кезинде "бул биздики эмес" дегенден башканы сүйлөбөгөн неме, эми деле ошол кейпинен жазбаптыр. 7-апрелде эң биринчилерден ушул Саламат Алмановду жопкерчиликке тартыш керек эле… Ошондо эч нерсе болбогондой ар кайсынын башын бир айтып, элдин башын айлантпайт эле…