Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Баратбай АРАКЕЕВ
МЕНТ
(Повесть)

Бир күнү Туташ, дагы бир досу анан Азат болуп бир кафеде ичип отурушуп, Балбаев жөнүндөгү кепке өтүштү да, бир топ кызуу немелер азыр эле барып, аны менен сүйлөшмөк болушту. Таксиге түшүп, түз эле Балбаевдин үйүнө келишти. Коңгуроону Азат басты. Көз айнектен аны көргөн Балбаев аларды жактыра бербесе да, сыпайкерчилик кылып, төргө өткөрүп, чай койду.
Төртөө столдон орун алгандан кийин сөздү Туташ баштады:
- "Экинчи келбе" дедиң эле болбой эле келдим. Баягы айткандарыма макул болобу деп акыркы жолу келдим.
- Мен "Экинчи келбе" дебедим беле?! - Балбаев дале болсо орой жооп берди. Анан Азатка кайрылды:
- А сен эмнеге муну менен келдиң?!
Азат жооп таба албай калды. Кызуулугу кайта түштү. Күңк-мыңк этти:
- Мен… жөн эле…
- Жөн эле келбей жүр булар менен!
Ушул жерден, кызуу эмеспи, Туташ Балбаевди согуп калды эле, ал да оңой эмес экен, тура калып, тигини эки-үч курдай уруп жиберди. Туташтын досу капталдан чыкты. Ит тытыш болуп калышты. Муну көргөн Азат арачаламакчы болду эле, Туташ бычагын суура качырганда Азат үйдөн качып чыкты. Ошол бойдон кайрылган жок.
Балбаевге Туташ досу экөөлөп алы жетпей баратканда бычак менен моюнга сайды. Күрөө тамырга тийген экен, тиги сулк жыгылды. Экөөлөп анын илинип турган шымынын чөнтөгүнөн сейфтин ачкычын табышып, аны ачышты. Толгон акча бар экен, ошол эле бөлмөдөгү чакан сумкага салып, үйдөн чыгып кетишти.
Азат болсо жүрөгү түшүп, качып бараткан боюнча бир пивоканага кирип, эки кружканы удаасы менен тартып ийип, демин баса албай отурса эки мас келип тийишип, кеп-сөзгө келбей эле бирден уруп өтүштү. Жанагы, ээрди калбайып, көзү бир аз көгөрүп жүргөнү да ошондон эле. Өзү өлтүрбөсө да, өлүмүнө себепкер болгон жакшы таанышына эки досун ээрчитип барып, топурак салып, күнөөсүн "жуугандагысы".
Туташты досу менен Машаев прокуратурадан санкция алып камап, бирден сурак жүргүзө баштады. Эксперттин айтуусунда, Балбаевди саат алтыларда өлтүргөн. Экөөнүн кайда жүргөнүн сураганда, бири - мончодо, экинчиси - кинодо болгонун айтышты. Өлтүргөндөн бери беш күн өтсө да, Туташтын мончого түшө элеги бери дегенде жарым ай болгон экен. Ал эми анын досу барган киносунун аталышын биле албай турду. Эмнеси болсо да, бул иштин бети жомоктогудай болуп, бат эле ачылды.
Майор боло элек Машаевдин турмушунда не бир кызык окуялар башталды. Аны эки ооз сөз менен айтып берүүгө болбостур… Үч жыл чамалуу полковник таякесинин үйүндө жашаган Машаев төртүнчү жылы өзүнчө жатакана алып чыгып кетти. Полковниктин аялы болуп жашап, эч нерседен кем-карчы жок оокат өтөгөн таажеңеси ушул эле одоно-одуракай Машаевди эчак жактырып калган баласы катарында. Ал жатаканага көчкөндө төшөнчүсүн, идиш-аягын өзү даярдап, өзү жеткирип берди.
Жатакана болсо да өмүрүндө өзүнчө туракка ээ болгон Машаев кожоюн өңдөнүп бир бөлмө болсо да, үй меники деген болуп, а-аз көөп турду. Жыйырма бештен-жыйырма алтыга карап калган неме бул ирет аял алуунун жолун издеп жиберди. Ырасында Машаев көп кызды жактырса да, бирине да көңүл токтоткон эмес. Эми токтотту. Анысы баягы Балбаевди өлтүргөн Туташты кармаган күнү кеч бешимде өзүнөн-өзү эле ичкиси келип, ишинин жанындагы кафенин мыкты деген бир орунуна отуруп, эки жүздү соккондон кийин болгон. Ошондо азыркыча айтканда буту кулагына жеткен кара-тору кыз жанына отуруп, отурганына карабай: "ордуңуз бошпу?" дегендей болгон эле.
Түн жарымына жакындап калса да, кыз башы менен тайманбай келип, опурталдуу-олбурлуу жигиттин жанына келип отуруп алып каш какканы Машаевдин жана ичкен эки жүз граммына дагы эки жүздү кошту."Денесин саткандардын бири го" - деп ойлоп жиберди Машаев. Анан ошонусу сөзгө айланып кетти:
- Эй, өзүң деги канча турасың?
Кыз делдейе берип, суроого түшүнбөй турду.
- Эй, мен сени канча турасың деп жатам?-деди Машаев баягы суроосун кайталап.
- Сиз эмне деп жатасыз?
Бу сөздү уккан Машаев бу кызды "бузулган" деген сөзүн жоготуп жиберди.
- Тамашаны көтөрөт деп жатпаймынбы.
Кыз жылмайды. Машаев аны коштоду, а да жылмайды, анан экөө көпкө отурушту. Салттан тайыбай аты-жөнү, иштеген иштер суралды. Кыз - кыз эмес экен, эмеле күйөөсү менен урушуп чыккан келин экен…
Ошол келин Машаевге жакшы жагып турду. Өңү ажарлуу, ачык-айрым, жүзүнөн жылмаюу кетпеген жан экен. Экөө таңга жуук жабылчу кафеде көпкө отурушту. Машаев ичкен арактан келин да ичти, бирок өлчөмү менен аз-аздан ууртайт. Келин жашырбай ачыгын айтты: күйөөсү көрүнгөндөн кызгана берген неме экен. Ошондон улам күндө болбосо да күн аттап чыр чыгып, урушушаарын айтты. Үйлөнгөнүнө жыл айланбай, ушинтсе акыры кандай жашоо болмок эле деген келиндин сөзү да туура. Машаев ойлонуп койду, ырас эле кызганчу аялзаты экен. А, балким, шайтан-шабыр дал ушул келиндин өзүндөдүр? Күйөөм жакшы, өзүм жаманмын деген аял кандай болсун. Канткен күндө да Машаев аялды үйүнө чейин узатып, мындан ары кез-кез жолугушуп турмай болушту.
Эки-үч жерде бензин куючу чакан базар ачып, иши дурус жүрүп турган бир жигит шаардагы авторитеттердин бири талап кылган акчаны бербей, "бар нары!" деп койгонун, Машаевдин бир "кулагы" айтып келген. "Кулак" демекчи, андайлардан он чактысы бар Машаевде. Дүкөнчүсү, мугалими, шоопуру бар, а турсун эч жерде иштебей, жалаң гана пиво менен арактын артынан түшкөн эки "кулагы" да бар. Ошолордон кез-кези менен маалымат алып турат. Ошондой "кулактарынын" бири жанагыдай маалыматты айткандан кийин Машаев начальникке айтып...




Асыкбек ОМОРОВ
УЛУУ ЭМИР ТИМУРДУН ИМПЕРИЯСЫ
...катуу үшүгөнүнө карабай, бири-бирине аркан аркылуу жардам беришип, Катур жоокерлеринин артынан сая түшүшөт. Айрыкча аксап баскан Темирланга аябай кыйын болгон. Кээде эң кыйын жерлерден жоокерлер калың кардын үстү менен жыгачка жаткырып алышып Темирланды аркан менен тарткан учурлар болгон. Табияттын оор шартында аскердик жүрүш мурда Темирландын армиясында такыр болгон эмес. Түнкүсүн жоокерлер аябай үшүп, күндүзү чакыйып тийген күндүн ак кар, көк музга чагылышы көздү уялтып, ал аз келгенсип кээде кар аралаш катуу шамал жүрүп, жоокерлерди артка чегинүүгө мажбурлаган. Бирок өжөрлөнгөн армиянын башында аксаган Темирлан өзү кошо жүргөн үчүн ал жердеги жоокерлер кайра кайраттанып, эрки майышкан эмес.
Темирландын мындай өжөрлүгүн ошол кездеги хронист Ибн Арабшах аябай жакшы сүрөттөп жазган. Катур эли ошондой бийик муз каптаган тоонун ичине мурдатан чеп куруп, кылымдар бою жашырын кармап келишкен эле. Темирлан да көгөрүп, алардын артынан аскери менен кууп удаа жетип барышкан. Кууп жеткен менен бийик тоо арасындагы чепти алыш ого бетер кыйын болгон. Ушундай кыйынчылык учурда Темирландын жакын кеңешчиси Мухаммед Коагин: "Улуу урматтуу эмирим, аз санда болгон бул элди алыш биз үчүн кыйынчылыкка айланды, эми ал муз чепке чыгаарда көп сандаган жоокерлерибизден да айрылабыз, ушунчабызда кайра артты көздөй кайтпайлыбы",-деп кеңеш салат. Мындай сөздү жакын кишисинен уккан Темирлан ачууланып, Мухаммед Коагинди ошол замат ашпозчу кылып таштаган. Аны ушул сөзү үчүн кечирген да эмес. Тоо чокусундагы муз чепке Темирландын армиясы катуу кыйынчылыктар менен чыгып барып, көп жоокерин жоготконго карабай тоолуктардын баарын кырып таштайт. Бийик тоодо жашаган катур элинин муз чебинин тарыхы ушул окуядан кийин тарыхта изин калтырган эмес. Катур элинин зоо бетине курган чеби Темирлан менен болгон окуядан кийин такыр ал эл үчүн кызмат да кылган жок. Темирландын жоокерлери канчалык кыйынчылык машакат менен муз чепке чыгышса, кайра ылдыйга түшүү үчүн ошончолук убакыт жоготушкан. Темирлан жайык өрөөнгө түшкөндөн кийин калган эки канат армиясына кошулуш үчүн түштүктү көздөй жылып отуруп, жолдо жолуккан элдүү жайлардын жашоо тиричилигин бүт жер менен жексен кылып жүрүп отурган.
Ушул эле 1398-Жолборс жылынын күз айларында Темирлан Индиянын негизги аймактарына кирип келет, ал жактан биринчи кабылганы Таламба шаары болот. Бул шаарда дин кызматкерлери жана окумуштуу адамдар көп болгондуктан шаарды талап тоноткон эмес. Темирлан бул шаарды толугу менен караткандан кийин өзүнүн небереси Жахангирдин баласы Пир Мухаммедден шашылыш чабарман келет. Пир Мухаммед Мултан шаарын алты ай бою курчоого алып, акыры шаарды жеңет, бирок күтүүсүз ташкын суудан жоокерлер дээрлик аттарын агызып жиберип, мындай абалдан пайдаланып кошуна дубандын раджи жоокерлери аларды курчоого алган болот. Ушул учурда Пир Мухаммеддин жиберген чалгынчы атчан жоокери Темирланга жол көргөзүп, бир эле убакта Мултан шаары кош курчоого айланат. Раджи аскерлери фронт жана тыл жагынан кагылышууга туш болуп бат эле жеңилип беришкен.
Улуу эмирдин армиясы Пир Мухаммед менен кошулуп Индиянын борборун көздөй жортуулга аттанышат. Ал борбор шаардын чеби Батнир деп аталып, Дели шаарын Рей Дул Техад башкарып турган. Шаардын коргоочулары менен мурда болуп көрбөгөндөй катуу кармашуу болот. Делинин эли Темирландын армиясынын колуна түшкөндөн көрө тирүүлөй өлгөнүбүз жакшы дешип, үйлөрүн өздөрү өрттөшүп, балдары менен аялдарын бычак менен мууздап өлтүрүшүп, алоолонгон өрткө ыргытып, акырында ошол өрткө өздөрү секирип кирип, ач кыйкырык менен жандарын кыйып жатышты. Мындай жан кейиткен адам чыдагыс окуяны мурун бир да жерден Темирландын аскерлери жолуктурган эмес.
Темирлан андан кийин Индиянын бир топ аймактарында согушту жай жүргүзгөн, кээ бир аймактарды көп кыйынчылыктар менен багындырган. Мындай абалды уккан аялы Мули-ханум (Биби-ханум) бир чабарманды Темирланга чаптырып: "Улуу эмирим дарактарыңды алмаштыр, мөмөлөрү эскирди", деп айттырып жиберет. Мули-ханум (Биби-ханум) аябай акылдуу, ойчул аял заты болгон.
Чабарман бир топ күн жол жүрүп улуу эмирге жогорку сөздү айтып барган. Муну уккан Темирлан ичинен унчукпай калат, бир топ күн ойлонот. Акыры жүрүп Темирлан бул айттырган сөзгө жооп табат. Аа, эми түшүндүм "армия башчылары эскирди, улгайып калды, алардын ордуна жаш, шамдагай, ыкчам аскер башчыларын кой",-деген сөзү тура деп туура жооп таап, аялы Мули-ханумга (Биби-ханум) аябай ыраазы болот.
Ошондон кийин Темирлан аскер башчыларынын улгайып калган адамдарынын баардыгын алмаштырып, жаш ыкчам, шамдагай, өткүр, жетик адамдарды дайындайт. Ушул окуядан кийин Улуу эмирдин Индиядагы согуштук аракеттери биринин артынан бири жеңиштүү натыйжаларга жетишкен.
Делини алгандан кийин Темирлан армиясы Панипат өрөөнүнө түшкөн. Ал жерден Лони шаарын оңой багынтып, ал шаарга борбордук армиянын штабы орнойт. Темирлан бул штабга бүт өзүнүн эмирлерин жана аскер башчыларын чогултуп, бул жакта согушуунун оорчулугун сезип, бул эл бизге оңой менен багынып бербейт деген кыязда элдин баарын кыргыла деп буйрук берет.
1398-Жолборс жылынын 18-декабрында Лони шаарынын жанынан Индиянын аскерлери менен ири салгылашуу болот. Индия тараптан 10 миң атчан, 40 миң жөө аскер чыгат. Армиянын алдына пил минген жоокерлер чыгып, күйүүчү майларды ыргытып, пилдин эки капталына бычактын мизиндей болгон узун темир кылычтарды бекитип алышып, качырып киришкен. Кезегинде Темирлан дагы көп сандаган буйволдордун артына от байлап, пилдерге каршы айдаган...


Чыгарма боюнча кызыккан суроолорго: 0772-411-357 байланыш телефону аркылуу автор жооп берет.