Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Омар кайрымдуулук кылат…
Кыргыз шоу-бизнесинде өз орду бар, өзүнүн талыкпас эмгегинин арты менен бир топ ийгиликтерге жетишкен, өзгөчө жаштар арасында чоң популярдуулукка ээ болгон жаш ырчы Омар 29-майда Италияда өтө турган кайрымдуулук концертине катышат. Аталган концерт Италиядагы "Кыргыз клаб" коммерциялык эмес расмий уюмдун демилгеси менен өткөрүлүүдө. Концерттен түшкөн каражат Кыргызстандагы жүрөк оорусуна чалдыккан балдарга жардам катары тапшырылмакчы. Эмне дейбиз, Жараткан берген талантын өз кызыкчылыгына гана жумшабай, элдин муктаждыгы үчүн жумшап кайрымдуулук концерттерине катышып жаткан чыгармачыл адамдарга ийгилик!


Рустам Аташовдон жаңы кино…
3-4 жылдан бери режиссерлук менен алектенип, кино тартууга баш-оту менен киришкен белгилүү режиссер Рустам Аташов жаңы тасманын сценарийин жазууда. "Азырынча тасманын атын тандай элекмин. Учурда сценарийин жазып жатам. Киного тартылууну каалаган адамдар кастингден өтүп, тандалып алынды. Негизи кино патриоттук темада болот го"- дейт режиссер.


Фарида Карбосовадан жаңы клип…
Кыргыз эстрадасынын суйкайган сулуу кыздарынын катарын толуктап, бир топ жылдан бери кыргыз шоу-бизнесинде өз талантын калктын сыноосуна коюп келе жаткан ырчы Фарида Карбосова чыгармачылык менен тынымсыз алектенип, "Дагы-дагы" деген жаңы ырына клип тарттырууга жетишти. Муну менен эле чектелип калбай, ырчы кызыбыз алты жаңы ыр жаздырып, күз айында жеке концертин берүүгө эмитен эле кам көрүүдө. "Мен концертимдин жогорку деңгээлде өтүшүн каалайм. Ошол себептен, азыртадан тарта даярдык көрө баштадым. Жаңы ырлар, жаңы костюмдарды даярдап"- дейт Фарида.


Чолпонай сулуулардан сынак алат…
Жакында эле ооруканага жатып сакайып чыккан Чолпонай учурда чыгармачылыкка кызуу киришип, тынымсыз эмгектенип аткан чагы. Тактап айтканда, продюсери Мирлан Муратов менен биргеликте "ЖОЖдун сулуусу" аттуу чоң сынакка даярданууда. Аталган сынакты өткөрүү Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Мирлан Муратовго сунушталган. Сынактын максаты шаарда туулуп-өскөн кыргыз кыздарын кыргызча сүйлөтүү болуп эсептелет. Башка сынактардан айырмаланып, бул сынакта талапкерлердин сырткы сулуулугу гана чагылдырылбай (тактап айтканда, купальникчен сахнада ары-бери баспай), алардын интеллектуалдык деңгээлине көбүрөөк басым жасалмакчы.


Алтынай Нарбаева жеке концертин берет…
Рыспайдын ырларын сүйүп ырдаган, улуу муун менен кичүү муундун сүймөнчүлүгүнө татыган белгилүү ырчы Алтынай Нарбаева өз күйөрмандарын кубантып, 30-майда Улуттук филармонияда жеке концертин тартуулаганы турат. "Учурда концерттин программасы менен иштөөдөмүн. Концерттин түйшүгүнөн колум бошобой жатат. Жеке концертимди жогорку деңгээлде өткөрүп алсам деп турам"- дейт Алтынай Нарбаева.


Мырзалар тобу түзүлдү…
"Кыз-Бурак" тобунун эң көрүнүктүү солисттеринин катарын толуктап, өз эмгегинин арты менен аталган топко жетекчилик кылууга чейин жетишкен, кыргыз элинин сүйүктүү ырчысы Кенже Дүйшеева эки бакыр бир тукур болуп, турмуш жолуна аттанып, сүйүктүү жолдошу менен бир түтүн булаткандан кийин аталган топтон кетти эле. Жаш кезинен ыр дүйнөсүнө баш-оту менен берилген Кенже үй-бүлө кургандан кийин да тим отурбастан "АГК" тобун түзүп, ал менен гана чектелип калбастан, ыр дүйнөсүнө аралашууну максат кылган таланттуу мырзалардан турган "Жебе" аттуу топ түзүптүр. Аталган топто сырткы келбети менен чыгармачылыгы төп келген беш жигит бар. Ырчы кызыбыз топтун атын "Жебе" деп койгонуна караганда, жаңы гана бутуна туруп жаткан тобум, келечекте жебедей түз, курч болсун дегени го.


Жеңиш Айтиев 9-майда майрамдайт…
"Атаң барбы, апаң барбы, айтып койчу танцага"- деген тамашалуу ыры менен элге таанымал болгон ырчы Жеңиш Айтиев 9-май күнү Ош шаарынын тургундарынын маанайын көтөрүү максатында жеке концертин тартуулаганы турат. Акыркы мезгилде жаштар арасында атаандаштык күч болуп жаткандыктан уламбы, айтор, акыркы учурларда концерт берген ырчылардын баары эле фонограммадан алыстап, жандуу үн менен ырдоого басым жасашууда. Албетте, бул кубана турган нерсе. Чыныгы таланттуулар гана жандуу ырдай алышат эмеспи. Жеңиш да башка сахналаштарынан кем калбайын деп 9-майда өтө турган концертин жандуу үн менен өткөргөнү турат. Аталган концерттин эң кызыктуусу жана элдин сынына коюла турганы "Кыз-Бурак" тобунун суйкайган сулуусу Сайкал Садыбакасова менен "танцы тепкен" номери болмокчу. Мындан сырткары Сайкал карындашы менен интермедия ойноп, элдин боорун эзем деп чамынып турган чагы.


Дайыр сапарга чыгат…
Учурда Талас жергесинде өз талантын тартуулап жүргөн белгилүү ырчы Дайыр Исмадияров 8-9-май Жеңиш майрамына карата Россиянын Свердлов жана Иркутск шаарларындагы кыргыз жарандарын кубандыруу максатында Россияга сапар алганы турат. Орусияга болгон чыгармачылык сапарынан кийин Дайыр Ош шаарынын тургундарына жазгы шаң, жагымдуу маанай тартууламакчы.

Даярдаган
Жаркынай Кадыркулова