Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ширинден башкасынын баары "кол күчүкпү"?
Атактуу Чыңгыз Айтматовдун кызы, "Ата Мекендин" эрке депутаты Ширин Айтматова "Twitter" деп аталган баарлашуу сайтында өзүнүн болгон арыз-арманын жазыптыр. Анда фракциялаштары аны анча жактыра бербегендиги, лидери Өмүрбек Текебаевдин кол күчүгү болууну каалабастыгын саймедирептир. Партиялаш эжекеси Замира Сыдыковага да тийишип, "жакшынакай" сөз менен бир жакка айдаган экен. Айтор, кызыктын баары ошол жерде, окуган да арманда, окубаган да арманда…


А.Жапаров: "Бабановдун эч күнөөсү жок"
Акылбек Жапаров башында турган "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун айланасындагы чыр-чатакты иликтөө боюнча жумушчу топ өз ишин жыйынтыктап, корутундусун чыгарды. Анын бардык мүчөлөрү бир ооздон "биринчи вице-премьер-министрлик кызматынан убактылуу четтетилген Өмүрбек Бабанов "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунан кандайдыр бир өлчөмдө акча каражатын талап кылган эмес" деген жыйынтыкка келди. Ошону менен бирге, иликтөөнүн жүрүшүндө жумушчу топ тарабынан чогултулуп, талданып чыккан материалдардын баары андан ары текшерүү жүргүзүү үчүн Башкы прокуратуранын карамагына өткөрүлүп берилсин жана күнөөлүү тараптардын баары кылмыш жоопкерчилигине тартылсын деген чечимге келишти. Ошондой эле жумушчу топтун үч мүчөсү - Акылбек Жапаров, Туратбек Мадылбеков, Султан Медеров "Альфа Телекомдун" 49% акциясын эле эмес, 100% акциясын улутташтырып, мамлекеттин энчисине алуу сунушун билдиришти. Ошентип, "Бабанов орустардан 50 миллион доллар талап кылган"-деп какшап аткан Байболовдун кептери карандай калп экени ачыкка чыкты.

Бектур Асанов
"үчүнчү революция жасайм" дейт…
"Ата Мекен" фракциясынын 20-апрелдеги жыйынында "Кыргызнефтегаз" ААКнын айланасындагы кырдаал боюнча Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов: "Акаев, Бакиев, Максимдердин коррупциялык схемалары учурда кайра жанданып, күч структураларында коррупция гүлдөп жатат" - деп билдирди. Ал түгүл "Кыргызнефтегаз" боюнча көз карандысыз текшерүү жүргүзүш керек. Эгерде бул маселеге чекит коюлбаса, үчүнчү революция чыгышы мүмкүн жана бул революцияны мен баштайм" - деп күпүлдөп өттү. Ошондой эле Бектур мырза: "Кыргызнефтегаздын" мурдагы жетекчиси Искак Пирматовду кайра жетекчиликке алып келүү боюнча аракеттер болууда. Жогорку бийликтегилер жаңы жетекчиликти алмаштырабыз деп жатышат. Буга эл нааразы болууда жана алар жаңы жетекчиликти колдоого алууда. Алмаштыруу боюнча ачык эле кысымдар болуп, жергиликтүү бийликке кызыктыруучу кызматтар да сунушталууда. Бирок мен буга каршы чыгып, Э.Каптагаев менен да катуу айтышкам. Ал киши мага ызырынып, жаңы жетекчиликти алмаштырууга аракеттенип жаткандыгын айтты" - деп кошумчалады. Бектур Асановдун мындай кайрылуусунан вице-спикер Асия Сасыкбаева коркуп кеттиби, же кошомат кылгысы келдиби, айтор, Бектур Асановдун коопсуздугун камсыз кылуу маселесин көтөрүп, "Асановдун бүгүнкү айткандарынан соң, анын саламаттыгына кооптуу жагдай жаралышы мүмкүн" - деген оюн билдирип, бул тууралуу Башкы прокурор Аида Саляновага кайрылды. Буга А.Салянова губернаторду коргоо Башкы прокуратуранын милдеттерине кирбегендигин жана бул маселе менен президентке кайрылууну кеңеш кылды. Таң калыштуусу "Ата Мекен" фракциясы коркутуп-үркүтмөйлөрдүн трибунасына айланды. Өткөндө Байболов коркутуп күпүлдөп жатты эле, эми кезек Б.Асановго жеткен окшойт. Деги ата-мекенчилер эмнени көздөп жатышат?..


Парламентте жаңы фракция пайда болобу?
Күн өткөн сайын бешинчи чакырылыштагы азыркы парламентибиздин кейпи келишип баратат. Эки-экиден кызыл чеке болуп мушташкандан тышкары азыркы депутаттарыбыз ич ара топ-топ болуп бөлүнүп, Өкмөттү да, өздөрүн да иштетпей, айтор бир казанда кайнай албай жатышат. Бизге жеткен маалыматка караганда, жакын арада жаш депутаттар да өзүнчө бир топко биригип, карт бөрүлөргө каршы катуу согушту баштаганы жатышыптыр. Ата-журтчу Улан Чолпонбаев, ата мекенчи Ширин Айтматова, ар-намысчы Дастанбек Бекешов өңдүү жаш депутаттар кечээ жакында баштарын бириктирип, өздөрүнчө масилет курушуптур. Өмүрбек Текебаевдин жанынан жарым карыш жылбаган Жоомарт Сапарбаев менен социал-демократтардын катарына орто жолдон кошула калып ЖК депутаты болуп калган Данияр Тербишалиевди да өз катарларына кошуп алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү кызуу жүргүзүп башташкан экен. Айтор, айтчу сөзүбүздү жакын арада айтабыз деп опурулуп атышкан экен.


Аргынбаев Конгантиевди утуп чыкты
Петровка окуясы боюнча айыптылып, дээрлик бир жылга жакын абакта жатып келген Сапар Аргынбаев: "жалган маалымат таратты, ар-намысыма шек келтирди"-деп мурдагы ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиевди сотко берип, 14-апрель күнү утуп алды. Бакиевдер менен түбөлүк өзүндө калчудай болгон мансабына манчыркаган Конгантиев эми Аргынбаевден кечирим сурап, 20 миң сом айып пул төлөп бермей болду. Ошондой эле буга чейин Аргынбаев ак жеринен бир жылдай абакка отургузгандыгы үчүн мамлекеттен 100 миң сом моралдык компенсация өндүрүп алган. Бул сумманы Каржы министрлиги төлөп бермей болду.


Адахам шайлоо өнөктүгүн
баштады…
Амбициясы асманды чапчыган "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахам Мадумаров президент болууну эңсеп, эмитеден эле жер-жерлерди кыдырып, бийликти шыбап упай топтоо менен алектене баштады. Кайсы жерге барбасын азыркы бийликтин иштей албай жатканын саймедиреп, "Бакиевдин учурунда жашоо жакшы болчу" - деген сөздөрдү кыйытып, элдин жашоо-турмушун мен гана оңдойм дегендей түр көрсөтүп эл кыдырып, элеп-желеп болуп жүргөн кези. "Айдаганы беш эчки ышкырыгы таш жарат" деген макалды тастыктаган Адахам ажолукка болгон аламан байгеге астыртадан даярдык көрүүдө. Башкача айтканда, элдин өзүнө карата кабак-башын байкап, анализ жүргүзүүдө. Айрым ММК беттериндеги Адахамга Жаныштын жардам көрсөтүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар чын белем, айтор "Бүтүн Кыргызстандын" кожоюну эл менен жалаң кафелерден жолугуп атканын уктук.


Илинбей калган Исабеков икаясы
Мурунку бийликте жакшы эле эркелеген эксңдепутат Кубанычбек Исабеков аз күн мурун телекөрсөтүүдөн брифинг өткөзүп "Ынтымак Курултайы" боло турганын, ага 700дөн ашуун делегат келе турганын, Курултай Өкмөт ишине жардам бере турганын" жарыя кылды.
Бу бийликти жакшы эле шынаарлап, алардын ишенимие кире албай кызматка илине албай алты амалы түгөнүп айласы кетип жүргөн Исабеков эргулущ эми бир тешиктен чыкмай болуптур. Кандай тешик болсо да батып кетчү жөндөмү бар неме да.
Исабеков жүргөн жерде чөп чыкса да жакшы майнап чыкчу эмес эле, бу жолкусуна да күбө болуп коелу, баары бир биздин тукум эмеспи…

Кызмат сураган жокпуз дешет…
Жогорку Кеңештин "Ар-Намыс" фракциясынын коалициялык көпчүлүккө кошулдук деген он депутаты коалицияга эч бир шарты жок, кызмат сурабай эле киришкенин жарыя кылышты. Анда депутаттар өлкө тынчтыгы, тартиптин сакталышы, жарандык жана улут аралык ынтымак үчүн коалицияга киришкенин, өлкөнүн өнүгүшү үчүн социалдык-экономикалык маселелер аягына чейин көтөрүлө берээрин белгилешкен. Ошондой эле билдирүүдө: "Азыр бардыгыбыз жеке кызыкчылыгыбызды, партиялык, топтук амбициябызды коё туруп биринчи кезекте элди, кыргыз мамлекетин ойлошубуз керек" - деп жазылат. Билдирүүгө жакында коалицияга кошулган депутаттар Токон Мамытов, Каныбек Иманалиев, Замир Бекбоев, Анвар Артыков, жана башкалар кол койгон. Азырынча бул он депутаттын коалицияга кирген-кирбегени тууралуу расмий маалымат айтыла элек.