Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Кадам ушул...

КООМДУК УЮМДАР
ЖАНА УЮШМАЛАР
Биздин мүнөз ушул экен, бир нерсенин четин көрдүкпү басып жыгылабыз, "тигил деле ушинтип жатпайбы, мен эмне…" деген айныгыс аргументибиз бар, жеке арбайды соккон. Ошондой көрүнүштөрдүн, мамлекеттик деңгээлдеги сан мисалынан бир мисал: демократиялуу өлкөлөрдө ар кыл формадагы жана мазмундагы, багыттагы коомдук уюмдар түзүлүп, алар кай бир маселеде бийлик менен теңтайлаша бир нерсе жасаган болуп, адамдардын укугун сактайбыз деп, коомду алдыга жылдырууда биз дагы күчпүз деп, ж.б. идея-милдеттерди алдыга жайып салып аракет кылышат эмеспи. Биздин өлкөгө андай уюмдар эркиндик алдык деп жарыя кылгандан эле түбү орустун маанисиндей - козу карындай эле жайнап кеткен. Эми болсо, кудай бетин салбасын, үч кишиге бирден коом, уюм, бирикме, уюшма ж.б. Күн аттап эле ошондойлордун жаңысы уюшула калып, "биз деген паланча-а деген маселени көтөрүп тоону томкоргону турабыз, түкүнчө-ө деген маселени көтөрүп ойду омкоргону турабыз" деп телекөрсөтүүлөрдө, гезиттерде билдирүү жасап турганы. Бир катар уюмдар чет элдин акчасынанбы же жуундусунабы жакшы тоюнушат да алардын идеясын боордошторуна таратышат, зыянбы же пайдалуубу деген суроону салбайт. Буларга мыйзам чеги деген болобу деген суроо да оркоет.
Туурасын туура дейбиз да, демократиялуу өлкөлөрдө андайга тыюу жок, болгону жакшы. Бирок биздин өлкөдөгүдөй аша кетпегени дурус. Ошол уюшмалардын көбүндө кыларга иши жок, бийликке илине албай калган, бирок актив, жок эле дегенде активчалыш болгусу келгендер топтолгон, анан да алардын арасында күйөөсүнүн бар-жогу билинбеген, "гендер саясаты" дегенди бир жактуу түшүнүп, аны атомдук куралга теңеп алган же таптакыр эле коом жөнүндө, адамдар мамилеси жөнүндө, экономиканын мыйзамдары жөнүндө, мамлекеттин баскан жолунун оош-кыйыштары жөнүндө, тарых сабактары жөнүндө, маданияттын коомдогу ролу жөнүндө, деги койчу, ж.б. жүздөгөн маселеден ныпым түшүнүгү жок эркегиңдин эсебин таап баса калчу аялдар менен катындар, ошону менен бирге мээ-пээсине жел тийип көпкөндөр да бар, аял-эркеги менен.
Мына ошондойлордун баары эле дасыккан саясатчы болгусу келет. Алардын тантык сөздөрүн биз аңырайып угуп турушубуз керек экен. Саясат талаасында сайда саны жок немелердин күнүн туудуруп турган азыркы абалыбыз болду, ондогон жылдар калыптана албай келаткан бийлик системасы болду.
Жогорудагыдай көрүнүштү бийликтин мажирөөлүгү, дагы да дааналап айтсак, бийликтин алымсыздыгы, начардыгы жаратат экен. Эгерде бийлик бардыгын Конституцияга такап, анын негизинде жаралган калган мыйзамдарды так, даана жана керектүү убагында аткарып турса, сансыз уюшмалар биротоло жок болбосо да ченеми менен болмок.
Бир топ уюмдардын же уюшмалардын өкүлдөрү, албетте, бийликке илинбей калгандар, креслого эмес, "сызга" олтуруп калгандар, "кийинки бийлик биздин ишенимди актабай жатат, Бакиевди бекер эле кууптурбуз" дегенди айтып жатышат. Алардын оюнда бир бүдүр бар, анткени Акаев тушунда, Бакиев тушунда кеткен кемчиликтердин бир катары ушул бүгүнкү күнү деле кайталанып жатат. Аларды санап олтуруу кажет эмес, ар-ар кимдин көзүнө дааналанып турбайбы.
Экинчи жагынан алсак, бул бийликтин "ишенимди актабай тургандыгынын объективдүү себептери бар, биринчи иретте, соңку бийликтин аракеттерине бакиевчилердин тоскоолдугу кедергисин тийгизип жатпайбы. Алыс барбай эле парламент тараптагы кризис жыттанган абалын эле алалы. Эпадам, парламентке бакиевчилер толуп албаганда далай иштер шыдыр кетмек. Парламенттик башкаруу болгондон кийин анын ишинен жалпы мамлекетибиздеги көп нерсе көз каранды болуп жатат да. Анан парламент өз жолун мыйзам чегинде улантуунун ордуна "итаалынын балдарыныкындай" кылыктарды улантып турса, эмненин өнүгүүсү, эмненин стабилдүүлүгү…
Дагы бир уюшмалар "революцияны жаштар жасаган, баары жоктун баарын жаштарга бериш керек, бийликте жаштар отурсун" деп тим эле ультиматум коюшат. Ырас, ошол 7-апрель күнү жаштар революциянын алдыңкы сабында болду. Алардын ошондой жүрүшүн оппозициянын нечен жылдык идеялык күрөшү түрткү болуп жатат да. Болбосо, жаштар тура калып эле Ак үйгө чабуул баштабагандыр. Жок, алардын дилине Бакиев бийлигинин айбанчылык иштери толгон, аларды толтурган оппозиция кыймылы эмеспи. Же калппы?! Жаштарга кызмат бериш керек, бирок анын да мыйзамы бар, анын да маселеси бар. Ошол кызматка жарап бере алабы, билими менен адамдыгы жетеби ж.б. суроо-талаптар болушу керек эмеспи. Айласыз айтат экенсиң, жанагы курман болгон баатырлардын арасында колума бир нерсе тийип калабы деп мародерлук кылууга барып кокусунан ок жегендер да бар экенин айткандар бар. Эми аларды жанына коелу, болору болуп калды…
Жакындан баштап "Бабановду коргоо коому" дегендер облустарда түзүлө баштады. Бул жерде аталган коомго жаман-жакшы деп сын бергим келген жок, биздеги бийликтин дале болсо ырааттуу жол менен иштебей жаткандыгынын күбөсү ушундай коомду түздүрүп жатат.
Адатта, кимдерди коргош керек? Менимче, кордук көргөндөрдү, ак жерден камалгандарды же болбосо куугунтукка алгандарды коргош керек. Ал эми Бабановду эч ким куугунтукка алган жок, анын оппоненттери, ал балким, элдешкис оппоненттери "момундай тескери иштери бар" деп, а балким, оозуна келгенди оттоп жаткандыр. Анан ошондой караламайга теригип эле кызматты таштап туруш билбейм кандай экенин.
Туура, "парламенттик комиссияга ээлеген кызматым кандайдыр бир деңгээлде тоскоолдук кылбасын" деп ишин убактылуу токтото турганы, кызматка жабышып жатып калбайм дегени дурус. Бир караганда гана дурус. Ал эми тереңирээк үңүлсөк. Бабанов кызматын убактылуу токтотуунун ордуна дагы да жалындуу иштей бергени алда-канча дурус болмок. Өзүн таза эсептесе, өкмөттүн күйүп турган экономикасына башкы жоопкер болсо, эмне үчүн кызматын таштап турушу керек? Экинчиден, "мен иштебей тура турайын, силер текшергиле" деп олуттуу кызматты токтотуп турууга мыйзам барбы? Жок, жеке мен Бабановго сын айткым жок, сын айтчу фактым жок, аны сындыргысы келип жаткандардын ыңгайына аздап көнгөндүн ордуна одоно айтканда "урганым жок" деп иштей бергени дурус эмес беле дегенди айттым. Ооба, бул талаш маселе дечи…
Бабанов бюджеттин дефицитин толтуруу үчүн аракет кылып жыйынтыгын көрсөтө да баштаган, анын кийинки Кытайга жана Россияга болгон сапарлары да жемиштүү болду окшоду. Ишинин ошол темпинен жазбай шыр кете бергенде болмок. Жооптуу иштин бир айга эмес бир күнгө токтоп калышы чоң зыян го бир.
Байболов, Мадумаров, Ниязов сыяктуулар Отунбаеваны, Атамбаевди, Каптагаевди сындап эле келатат, анда алар да бир айга, же дагы башка мөөнөткө ишин токтотуп турсун, комиссия түздүрүп. Жок, бул болбогон иш! Биздин жетекчилердин бир катары, а балким көбү, кызматтык милдетин мыйзам чегинде алып баргандын ордуна эмоцияга, антипатия менен симпатияга башкартып таштайт. Мындай тескери тегеренген сезимдерге башкартып салган адамдын баскан жолу кайдан түз болду!
Парламентте болсо "ит жыгылыш"…
"Биздикилер" жеңет дейт бирөө, анысы ким экенин сурай алган жокмун…
Баратбай АРАКЕЕВ