Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Шоу маек

Айнура Кыдыралиева, "Береке" бий тобунун жетекчиси:
"Биз багындыра турган бийиктиктер алдыда…"
- "Береке" бий тобунун түзүлгөнүнө төрт жыл болду. Ушул жыл аралыгында эмнеге жетише алдыңыздар?
- "Береке" бий тобунун түзүлгөнүнө 2010-жылдын февраль айында төрт жыл толду. Бирок менин аталган бий тобундагы кыздар менен иштешип жатканыма эки жыл болду. Эки жыл аралыгында топтогу кыздар менен биргеликте бир топ эле ийгиликтерге жетише алдык. Талыкпас эмгектин арты менен көптөгөн маданий иш-чараларга катышып, өз өнөрлөрүбүздү, колубуздан келген ийгиликтерибизди көрсөтүүгө жетиштик. Негизи эле адамдын көздөгөн максатына жетүүсүнө, өзү эңсеген бийиктикти багындыруусуна убакыт эч кандай роль ойнобойт деп ойлойм. Анткени ийгилик бир күндө да жаралып калышы толук ыктымал. Ийгиликке жетүү, көкүрөктөгү кыялдар айрым учурда бир күндө да ишке ашып калышы толук мүмкүн. Баары буйруктан эмеспи. Кудай буйруган күнү жеңишке да, бакытка да, кубанычка да, ийгиликке да ээ болосуң. Албетте, жараткан берет деп эле жата бербей аракет кылуу, эмгектенүү зарыл. Биз дагы өз эмгегибиздин арты менен төрт жыл аралыгында кубана турган ийгиликтерди жарата алдык. Бирок бул "Береке" бий тобунун жеткен бийиктигинин чеги эмес. Баары алдыда. Буйруса, биздин жетишкендиктер алдыда. "Береке" бий тобунун жетишкендиктерине дагы-дагы да көп күбө болуп турасыздар деген терең ишеничтемин.
- Төрт жыл мурда сиздердин топто 300гө жакын бийчи кыздар бар эле. Учурда алардын саны канчага жетти?
- Жашоо, турмуш деген дайым эле биз күткөндөй, ойлогондой боло бербейт экен. Жашоо өзүнүн күтүлбөстүгү менен адамды алсыз кылып, өзүнө багындырып келет тура. Эртеңки күнүбүздүн эмне болорун билсек, жашоонун кызыгы жок болуп калбайбы. Эртеңки күнгө үмүт кылуу менен күн кечирет экенбиз да. Ошол үчүн жашоо оомал-төкмөл болуп турат го дейм.
Биздин топтогу кыздардын арасында төрт жыл ичинде үй-бүлө күтүп, же болбосо турмуштук шартына байланыштуу кеткен кыздар да болду. Алардын орду кайра жаңы келген кыздар менен толукталып, азыркы учурда 400гө жакын кыз "Береке" тобунда бийлешет. 400 кыздын ичинен сахнага 100 кыз тандалып алынган (3 жаштан 23 жашка чейинкилер).
- Негизги максаттарыңыздардын бири Кыргызстандын намысын чет мамлекетте коргоо эле. Ушуга жете алдыңыздарбы? Тактап айтканда, "Береке" бий тобу кандай эл аралык сынактарга катыша алды жана кандай жеңиштерди багындырууга жетишти?
- Баса белгилей кетчү нерсе, биздин ансамбль Турцияда өткөн конкурска катышып, мыкты көрсөткүчү үчүн диплом менен сыйланып, Кыргызстандын желегин желбиретип келген. Мындан сырткары да 2010-жылы чет мамлекеттен чакыруу алып, бирок өлкөбүздөгү оор кырдаалдан улам бара албай калганбыз.
Быйыл да чет өлкөлөрдөн чакыруулар түшүп жатат. Учурда кызуу даярдыктарды көрүүдөбүз. Кайсы мамлекетке барарыбызды азырынча айтпай турайын. Учуру келгенде кабарлайбыз. Кудай буйурса, көптөгөн бийиктиктерди багындырабыз деп ишенем.
- Жакында чоң программадагы концерт бергени жатыпсыздар. Кененирээк токтолуп кетсеңиз? Концерт кандай өзгөчөлүктөр менен коштолот?
- Төрт жылдык тарыхыбызда бир гана жолу чоң программадагы тушоо кесүү концертибизди бергенбиз. Ал өткөн жылы 20-майда Спорт сарайында болуп өткөн. Ал эми жакында быйылкы концертибиз отчеттук концерт десек болот. Анткени бир жылда жасаган ишибизди калктын таразасына койгону турабыз. Бул концертте сиздер бийдин бардык жанрын көрө аласыздар. Мындан сырткары биз менен тыгыз байланышта иштешип келген ырчылардын жагымдуу ырларын уга аласыздар. Дагы бир баса белгилей кете турган нерсе, аталган концертте "Береке" бий тобунун кыздарынын башка өнөрлөрүнө да күбө болосуздар. Четин чыгарып койсом, бирөөсү комуз чертсе, дагы бири ырдап дегендей…
- Кыргыз эли бий искусствосун кандай кабыл алат. Дегеним, концерттерге эл арбын эле келеби?
- Кыргыз эли ырга-бийге жакын келген маданияттуу калк болгондуктан, бийди абдан жакшы кабыл алышат. Арасында бий искусствосун жактырбагандары да жок эмес. Өткөн жылы берген концертибизге кээ бир ырчылардын концертине караганда эл абдан көп келген. Бул жолу берип жаткан концертибиз да жогорку деңгээлде өтөт деп ойлойм. Анткени концерттин билеттери бир жума мурун сатылып кеткен.
- Сиздер коюп жаткан концерт өз чыгымдарын актай алабы?
- Азыркы концерттер, тойлор, маданий иш-чаралар бийсиз өтпөй калбадыбы. Андыктан биздин концерт өз чыгымдарын толугу менен жаба алат десем жаңылышпайм.
- Топтогу кемчиликтер?
- Төрт жылдын ичинде абдан көп нерсеге жетише алдык деп айтуудан алысмын. Биздин жетишкендиктерди эл өзү баалап, таразалап алат. Кемчиликсиз эч нерсе болбойт. Бардык нерсенин кемчилиги болот. Баары жипке тизген шурудай болуп турса, анда жашоо кызыксыз болуп калбайбы. Бизде да анча-мынча кемчиликтер бар. Аларды санап отуруунун деле кажети жок го дейм. Эң башкысы ошол кемчиликтерден өзүбүз сабак алсак болду. Азыркы кемчиликтер убакыттын өтүшү менен өз калыбына келет деп ишенем.
- Азыр бизде бий топторунун саны көбөйбөдүбү. Сиздер атаандаштык менен иш алып барасыздарбы?
- Албетте, атаандаштык менен иш алып барабыз. Антпесе, өспөй калбайбызбы. Бирок атаандашат десе урушуп-талашып, ушак айтып, бирөөнү жамандоону түшүнүү керек эмес. Атаандашуу - эмгегиң аркылуу элдин баасын алуу. Кандай гана иш болбосун бардыгын жасаган эмгек аркылуу көрсөтө билүү гана керек. Ошондо гана сен жеңишке жетесиң.
- Кыргызстандагы кайсы бий тобуна мактоо айтат элеңиз?
- Бул жаман, тигил жакшы деп айткым келбейт. Ар бир бий тобу өз дараметине жараша эмгек кылууда. Бааны биз бере албайбыз, бааны эл берет. Мен биздеги бий топторунун бардыгын сыйлайм жана баалайм.
- Концертти өткөрүүгө "Сейтек" бий борборун тандап алышыңарга эмне себеп болду. Кененирээк Спорт сарайга берсеңиздер болбойт беле?
- Спорт сарайга деле берсек болмок. Бирок бул отчеттук концерт болгондуктан "Сейтек" бий борборун тандадык. Буйруса, "Берекенин" 5 жылдык мааракесин Спорт ордосуна берсекпи деген пландар бар.
- Концертте кайсы эстрада жылдыздарын көрө алабыз?
- Кыргыз шоу-бизнесинде жылдыздары жанып жүргөн белгилүү ырчылар: Г. Суранчиева, Н. Насип, И. Андаш, Сагыныч, Азиза, Фархат Кеңешбек уулу биздин концерттин сыйлуу коноктору болмокчу. Ал эми концерттин калган бөлүгүнүн көркүн өзүбүздүн бийчи кыздар ачат.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова