Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Талант Касмамбетов, Жумгал районунун акими:
"Мамлекет Кара-Кечеге инвестор тартып, катуу көзөмөлгө алуусу керек… "
- Талант мырза, Кара-Кечедеги мамлекеттик ишканага айланган карьердин учурдагы ал-ахыбалы тууралуу айтып берсеңиз?
- Былтыр Кара-Кечеде жана Миң-Куш көмүр карьерлеринен жалпысынан 137 миң тонна көмүр казылып алынды. Быйыл бул көрсөткүчтү 2 эсеге чейин көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок ал жактан чыгып жаткан көмүрдүн 60 пайызга чейинкиси майда болуп калып жатат. Жаңы иштеп жаткан карьерлердин казган көмүрлөрү дээрлик 80 пайыздан ашууну майда болууда. Бул майда көмүрдү ТЭЦке гана ташышып, мурун акчаларын ала албай кыйналып келишсе, былтыр акчаларын өз убагында алышып, абдан жакшы болду. Өткөндө ТЭЦти реконструкция кылуу маселеси козголбодубу, эгер реконструкция болсо ТЭЦ жергиликтүү көмүрлөрдү жакканга ылайыкташтырылса абдан жакшы болот эле.
- Кара-Кече мамлекеттик ишкана болуп түзүлгөнүнө бир жылга жакын убакыт болуп баратат. Ушул убакыттын ичинде аталган карьерде кандай өзгөрүүлөр, артыкчылыктар болуп жатат?
- Артыкчылыгын айта турган болсок, мурункуга салыштырмалуу эл үчүн эсеп-кысаптардын баары ачык-айкын болуп калды. Бирок каражаттын жоктугуна байланыштуу ал ишкана толук кандуу иштей албай жатат. Мисалы, былтыр 10 миң тонна гана көмүр казды. Эгер каражат жетиштүү болгондо, 50 миң тоннага чейин казганга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Мамлекеттин акчасын карап олтура бербей, ишкананы толук кандуу жана максаттуу чоң программа менен иштетүү үчүн ири инвесторлорду тартышыбыз керек. Эгер инвестор тарта албасак, андай мамлекет бул ишкананын талапка ылайык иштешине толук мүмкүнчүлүк түзүп, жетиштүү каражат сарптап, толугу менен көзөмөлгө алышы зарыл.
- Былтыр Убактылуу Өкмөт Кара-Кечеге 650 миллион сом бөлүнөрүн расмий жарыялады эле. Ошол каражаттын канчасын алдыңыздар?
- Туура, өткөн жылы мамлекеттин карамагына өткөн ишканага 650 миллион сом бөлүнөрүн билдирген. Бирок ал каражат ушул убакка чейин которула элек болчу, эми анын 50 миллион сому жакында берилери күтүлүүдө. Бул каражат келип калса, кудай буйруса, бул ишкананын ишмердүүлүгү талапка ылайык жанданат эле.
Учурда Жумгалдагы жалпы көмүр кен казган карьерлерде жалпысынан 400дөн ашуун адам эмгектенет. Ал эми анын 112си биз сөз кылып жаткан мамлекеттик карьерде иштеп жатышат. Айлыктары алды 15 миң сомго чейин, арты 7 миң сомго чейин болууда.
Айта кетсек, учурда менчик ишканалардын баары (карьерлер) өздөрүнүн гана кызыкчылыгын көздөп, көмүр оңой чыкчу жерлерди издеп, көмүрдү өз эрежеси менен казышпай, бир топ көп көмүрлөрдү топурактын алдында калтырып жатышат. Бул жерде эң чоң маселе экология абдан бузулуп жатат. Көмүр менен эмне деген зыяндуу чаңдар элди каптап жатканына көңүл бурулган жок. Коомчулук билет, мына, Миң-Кушта ачыкка чыгып калган урандын азабынан экология бузулууда. Мисалы, Миң-Кушта Союз убагында 14 миң адам жашачу. Азыр көчүп олтуруп, болгону 3, 4 миң адам жашап жатат. Бирок Миң-Куштун элин толугу менен көчүрүү зарылчылыгы келип чыкты. Миң-Куштун элин көчүрүү боюнча, атайы мамлекеттик программа кабыл алынса жакшы болот эле. Миң-Кушубуз аз келгенсип, эми Кара-Кечеде эреженин сакталбагандыгынан улам, ал жакта да күн санап экология бузулуп, анын терс таасири жакынкы айылдарга тийип, учурда маселеси абдан кооптуу абалга баратат. Миң-Кушта жашаган элди көчүрө албай жатып, Кара-Кечедеги бузулуп жаткан экологиянын азабынан бүтүндөй Жумгал элин көчүрүш керекпи? Ошондуктан Өкмөт бул маселеге кылдаттык менен көңүл буруусу учурдун талабы! Чынында, биринчи максат: Кыргызстандын экологиясын сактообуз зарыл, анда кийин гана талапка ылайык Кара-Кечедеги көмүрдү казууну карашыбыз керек.
- Камчыбек Жолдошбаев өзүнүн менчигинде былтыр 7-апрелге чейин болуп келген "Беш-Сары" карьерин кайра алууга чоң аракеттерди көрүп жатыптыр деген кептер да бекер жеринен айтылбаса керек. Бул маселе боюнча сизде кандай маалымат бар?
- Эми бул жабылган маселе. Кайра козголуп, жанданууга мүмкүн эмес. Бул балким, эл ичиндеги ар кандай сөздөрдөн улам чыкса керек. Камчыбек Жолдошбаевдин азыр ал карьерге эч тиешеси жок. Ага ал жактагы көмүр казган техникаларын алып чыгып кетүү талабы коюлган. Буга чейин бир канчасын алып чыгып кеткен, калганын жакында алып кетет.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев




  Cоң-Көл ыйы…

Соң-Көлдөгү каракчылык качан токтойт?

Буга чейин белгилүү болгондой, Бакиевдин бийлиги касиеттүү Соң-Көлдө балык кармоого беш жыл мораторий жарыялаган эле. Себеби акыркы жылдары балыкка бай Соң-Көлдөгү балыктар балыкчылар тарабынан кескин түрдө азайып кеткен болчу. Чынында, ал жарыяланган мораторий кагаз гана түрүндө калып, эч бир пайдасы тийген жок. Учурда деле мораторий жарыялангандыгына карабастан, мурдагыдай эле Соң-Көлдүн балыктары массалык түрдө кыргынга учурап жатат. Өзгөчө Жумгал, Кочкор, Ак-Талаа тарабында мораторийиңди уруп ойнобогон браконьерлердин саны жүздөп саналат. Жайкысын мындай коёлу, кышында 30, 35 сантиметрге чейин тоңгон көлдөгү музду тешип алышып тор салып кармап атышат. Кышкысын кыштын ызгаар суугуна карабай чатырда жашагандары да бар. Албетте, тамак-аштарын сыртта жасашат. Мына ушундай шартта, ал жактагы экология да абдан бузулууда. Браконьерлик абдан өнүккөн жерлердин бирөөсүн мисалга тарталы. Жумгал районунун эң чоң айылы болгон Жаңы-Арык (мурдагы Кызарт) айылында эле 500гө жакын адам балыкчылык менен шугулданат экен. Алар Соң-Көлгө кеткен жолдун татаалдыгына байланыштуу ат менен чыгышат. Балыкчы-браконьерлер көлдүн орто жерине кайык менен барып, торду сууга салып бир тартканда, торго 50, 60 килограммга чейин балык түшөт. Жүгү жок кеткен аттар, кайра кайтып келатканда бери болгондо 200дөн ашуун килограмм балык менен түшүшөт. Балыктын баасы бир килограммы 50 сомдун тегерегин чапчыйт. Адамдардын балыктарга болгон мындай жырткычтыгынан улам, Сөң-Көлдө балыктар кескин түрдө азаюуда. Азайгандан да жаманы, азыр баягыдай чыканакка жеткен чоң балыктар жоголуп, кол башындай болуп майдаланып кеткени өкүнүчтүү. Буга себеп, ошол "балык бизнесинин" даамын айда-а татып калган браконьерлер байкуш балыктардын тукумун көбөйтүүгө жана өстүрүүгө мүмкүнчүлүк беришпей, чоңоё элек кезинде эле жарыкчылык менен кош айттырганы болууда. Ал эми Соң-Көлдү көзөмөлдөшкөн инспекторлор, кызыл шапкечендер эчак эле браконьерлердин бул кадамын тымызын колдоого өтүшкөн. Себеби алар балыкчылардын ар биринен акча же балык алышып, аларга жашыл жарыкты болушунча күйгүзүп берип турушат. Кыскасы, ал жакта "балык коррупциясы" жогорку деңгээлде өнүккөн десек болот. Ушундан улам, браконьерлер учурда Соң-Көлдүн жээгине кыдырата тизилип алышып, ээн-эркин кармай беришет экен. Балыкчылардын айтымына караганда, кыш мезгили - балык кармоого эң ыңгайлуу мезгил. Себеп дегенде, жайдын күнүндөй болуп, "балык сасып кетет" деген кооптонуу жок. Калың муз тоңгон көлдүн үстүнө ат менен, чана жана айрым учурларда тоо шартына ылайык автоунаалар менен да чыгышып, көлдүн каалаган жерин тешип алышып, балык уулашат. Тоңгон жана тонна-тонна болуп кармалган балыкты каалаган убактарында, каалаган кардарына сатышат. Ошондо бир балыкчынын (кыш мезгилиндеги) таза кирешеси 80 миң сомдон 100 миң сомго чейин жетет.
Жанкерчиликтин "аракетинен" майнабы чыгат да турат. Натыйжада 15-20 мүшөк балык күнүнө кармалып жатат. Бул эмне деген шумдук! Балык жеген багышпайт - деген накыл бекер беле? Нарындыктар көйгөйлүү абалдан улам, экологиянын директорунун орун басары Жаныбек Турдукеевдин бул маселе боюнча эки ирет жолугуп жооп сураганда: "Менде машина жок, май жок. Жетекчиге айткыла" - деп моюн толгоп басып кетти. Мына, Соң-Көлгө барганда көлдүн жээгинин ар кандай акыр-чикирлерге, ичимдик бөтөлкөсүнүн сыныктарына толуп кеткен. Соң-Көл облустук экология комитетинин жасаган мамилеси!. Мындай болсо Соң-Көлдүн балыгы эмес, көлдүн экологиясынын абалынын бузулуу коркунучу жок деп ким кепил боло алат. "Бармак басты, көз кысты" саясаты менен бийлик жүргүзүшкөн Бакиевдер тушунда эле ушундай башаламандыктарга жол берилгендиктен улам, жогорудагыдай картина тартылган. Айрым чоң чиновниктер да бул бизнес менен чөнтөгүн "ысытып" келишкени белгилүү. Эми Роза эжекебиз башында турган жаңы бийлик бул көйгөйлүү маселе боюнча кандай чараларды колдонор экен?.. Жалпы кыргыз элинин бактысына бүткөн касиеттүү Соң-Көлдүн балыктарынын пайдасын бир ууч браконьерлер көрүшү керекпи? Мыйзам бузгандарды жоопко тартып, Соң-Көлдөгү балык кармоодогу башаламандыкты теске салуу зарыл. Кара-Тал-Жапырык мамлекеттик коругунун төрт участогунун бири болгон Соң-Көлдүн 8600 гектар байлыктарын коргоо, карагай, суулуу жана саздак жерлери, аларды мекендеген канаттууларды байлыкты сактап калуу аракеттерин көрүү өзгөчө коргоо максаттарына кирет. Тактап айтканда, тоолордо жана токойлордо таралган сейрек жана жок болуу коркунучундагы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү, уникалдуу табигый комплекстерди коргоо, экологиялык балансты калыбында кармоо иш-чараларын көрүү болуп саналат. Соң-Көл корук участкасы Нарын, Кочкор, Ак-Талаа райондору менен чектешкен Соң-Көл көлүнүн чыгышында жайгашкан.

Нарын облусунун учурдагы губернатору Канатбек Муратбеков жогорудагы көйгөйлүү маселелерди эске алат деген үмүтүбүз бар. Бул ажайып көлүбүзгө урду-сокту мамилеге чекит коюп, аяр мамиле кылып, саналуу көлдөрдүн бири болгон Соң-Көлдү да көздүн карегиндей сакташыбыз абзел иш. "Колдо бар алтындын баркы жок" деген сөздү иш жүзүндө далилдей берүүнү токтотууга мезгил жетти. Болбосо, адамдардын мындай жырткычтыгына касиеттүү Соң-Көл деле абдан нааразы болуп, ыйлап турат...
Айбек Шамшыкеев,
Дүйшөнбек Асанбаев.