Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кыргызстандын
келечеги кең!
1-вице-премьер-министр Өмүрбек БАБАНОВдун кеңири интервьюсу "24.kg" маалымат агенттигинде жарык көрдү. Анда талылуу маселелердин тегерегинде кеп козголгон. Төмөндө аны учкай тизмектейбиз.

Күтүүсүз "отпуске"
Макала "чү" дегенде эле кызматтан убактылуу четтегенге кандай жагдай түрткү болгондугунан башталган. Мунун себебин Өмүрбек Токтогулович өзүнө тагылган айыптарды депутаттык комиссия эркин иликтеши зарылдыгын, ошон үчүн, ушундай кадамга баргандыгы аркылуу түшүндүрөт. Буга улай ал акыркы айларда парламент түрдүү имиштерди талкуулоочу жайга айланганын, аңыздар тирүү аргумент катары кабылдана баштаганын баса белгилеген. "Айрым эл өкүлдөрүнүн сын-пикири бир гана максатты көздөйт. Ал - коалициялык Өкмөттү шал кылуу. Мен мындай ыкманы колдонууну абсолюттуу түрдө туура эмес деп эсептейм. Мына ушундай окуялардан кийин депутаттык комиссия чечим чыгарганга чейин кызматтан убактылуу четтеп турууну чечтим. Комиссия менин дарегиме айтылган айыптарды четке кагышы керек же фактылардын негизинде күнөөнү коюп бериши керек. Ошондой эле бул маселеге байланыштуу экс-башпрокурор тарабынан ысымы аталган чиновниктерге жана ал кишинин өзүнүн аракеттерине да баа берилиши абзел" - дейт Өмүрбек мырза.

Оппозиция Россиядан
да ушак "өндүрөбү"?
Маалымат каражаттары кыргыз оппозициясы Россиядан атайын интернет-сайт ачып, ага жалаң аңыздардын негизинде жазылган "аналитикалык" материалдарды жарыялап, андан кайра өздөрүнө караштуу басылмаларга котортуп бастырып, анын аркасында элдин башын айландырууну көздөгөнүн жар салган. Бул аркылуу оппозиция тыңчыкмалары жасалма түрдө орус бийлигинин курама өкмөткө мамилеси сууганын туюндургусу келгендиги калетсиз. Мында чындыктын үлүшү арбын экендигин Ө.Бабанов да өз интервьюсунда жашырбаптыр.
Коомчулукта 1-вице-премьердин чындыктын түбүнө жетүү максатында креслосун убактылуу бошотушу бөлөк аткаминерлерге да өрнөк болушу керек деген пикир жаралды. Ал эми Өмүрбек мырза бул ар бир адамдын жеке позициясынан көз каранды экендигин: "Айрым депутат, фракция лидерлеринин дарегине айыптар тагылды. Бирок имиштердин негизинде сын айтылып жатса, анда аткаминер отставкага кетпей койсо болот" - деп билдирет.
Эң кызыгы, аталган агенттиктин журналисти: "Бирок макул болсоңуз, имиштердин булагы катары көпчүлүк учурда коалициянын мүчөлөрү саналат…" деген суроосуна, Бабанов: "Кандайдыр бир деңгээлде туура. Коалицияда бирдиктүү ой болуп жана анын мүчөлөрү системалуу түрдө иштегенде, ири ийгиликтерди багындырмакпыз" - деп ачык жообун узаткан.

Бакиевдерге "жолугуштурган" жөө жомок
Өмүрбек Токтогулович билдирүү жасардан мурда Москвада жумушчу сапары менен болуп кайтканы белгилүү. Мындан улам, анын күтүүсүздөн "отпускеге" чыгышын ошол визитке байланыштыргандар бар. Бирок бул жөн гана божомол экенин өкмөт башчысынын 1-орун басары төмөндөгүчө ачыктайт: "Мен эркин, ток пейил адаммын".
Ошондой эле макалада оппозиция кыргыз Өкмөтү Россия менен жеткиликтүү алака күтө албай атат деген сынга басым жасалган. Бирок бул дагы кезектеги божомолдордун бири экендигин 1-вице-премьер "тирүү" фактыларды мисалдагандан кийин ынанасың. Ал минтет: "Мына, реалдуу факт: өкмөт күйүүчү майга болгон бажы төлөмүн токтотууга жетишти. Бул 270 млн. доллар. Россия тарап менен айына эки жолу жолугуп турабыз, мындай башта болгон эмес. Биргеликте "Кыргызгаздын" баасын аныктап атабыз. Мунай кендерин чалгындоо, нефти өндүрүүнүн мөөнөтүн тактап, "РусГидро" жана Интер РАО менен келишим түздүк. Техникалык окуу жайын ачуу боюнча келишимге жетиштик". Мындан сырткары, Москва тарап 30 млн. доллар өлчөмүндө кредит бөлүү чечимин кабыл алгандыгын, учурда аны берүүнүн жол-жобосу такталып атканы интервьюда так баяндалган. Ал ортодо АКШнын транзиттик борборуна күйүүчү май ташып жеткирүү боюнча биргелешкен ишкана түзүлгөнү, ал азыр базаны 50% май менен камсыздап атканы, бул көрсөткүч эмдиги жылы толук 100%ды багындырары мактоого аларлык.
Интервьюда дагы бир олуттуу маселеге чекит коюлуптур. Буга чейин коомчулукта: "Ө.Бабанов Минскиде экс-ханзаада Максим Бакиев менен жолугушуптур…" деген имишти таратышкан. Ал эми Өмүрбек мырза муну мындайча төгүнгө чыгарды: "Акыл-эстүү адамдар буга ишенбейт жана бул жөн гана ушак. Мен Москвага барганда Минскиде да болуптурмун. Кандайча, эгер мени Россиядан элчиликтин кызматкерлери коштоп жүрсө? Оппозиция кантип "беш өрдөгүн" "учурганын", чыркыраган чындык ким тарапта турганын баса белгилептир.

Эр жигит гана элин тынчтандырат
"Ата-Журт" фракциясынын айрым мүчөлөрү коалициядан чыгарын айтып, коркутуп келишет. "Мунун кесепетинен Атамбаев Өкмөтү ыдырабайбы?" - деген түпөйүл суроо коомчулуктун көңүл борборунда. Ошентсе да, мындан трагедия издөөнүн кажети жоктугун, баары өз ордуна келери макалада ачык көрсөтүлгөн. Мисалы, Өмүрбек Токтогуловичтин: "Ал (коалиция дегени) эң бир оорулуу, бирок табигый тазаланууну баштан өткөрүп атат. Бүгүнкү күндө кимдин ким экенин, ким кайсы максатты көздөп коалицияга киргенин көрдүк. Башында каршылаш тарап коалиция көпкө сакталбайт дешкен. Чындыгында эле кээ бир саясатчылар үчүн жеке амбициясы жалпы кызыкчылыктан жогору туруп, алар коалицияны таратууну чечишти. Алар абалды курчутууну каалашат, бирок мындайлар азчылыкты түзөт" - деп элдин жүрөгүн тынчтандырышы чыныгы патриот жигиттерге таандык сапат экени талашсыз маселе.
Макалада ар-намысчы депутаттардын коалицияга кошулуу ниетин билдиришинин тегерегинде да кеп козголгон. Бул өңүттөн алып караганда, 1-вице-премьер-министр мындай демилгени колдоорун интервьюда билдирген. Анын пикиринде, ар-намысчы он депутаттын кириши коалицияны бекемдемекчи. "Биз дайыма коалицияга кирүүгө эшик ачык экенин жарыялаганбыз.
Коомчулукта, айрыкча, оппозиция лидерлери: "Курама өкмөттөгү партиялар министрликтерди устукандап бөлүп алышты" - деп сын айтып келет. Дал ушул маселе да интервьюда козголуптур. Ага карата Өмүрбек мырзанын пикири мындай: "Дүйнөлүк практикада ушундай: кадрдык саясат коалициянын кеңешинде талкууланышы керек. Биз министрлерди дайындоо боюнча убадалаштык. Ар бир партия кайсы бир министрликке жоопкер болот. Анын үстүнө, өкмөт башчысына аткаминерлерди кызматтан алуу укугун бердик".

Кыргызстандын
келечеги кең!
Карапайым калк арасында: "Саясатчылар бири-бири менен кырылышып атып Кыргызстандын башын "жеп" тынышат го…" деген нааразычылык күч. Мындай пикирдин жаралышында олуттуу жүйөө бар. Себеби жеке амбициясын тыя албаган айрым саясатчылар максатына жетиш үчүн болгон-толгон күчүн жумшап, натыйжада мамлекетибизде кырдаал курчуп бараткансыйт. Ошентсе да, Ө.Бабанов сындуу азаматтардын эртеңки күнгө болгон изги ишеними мындай асанкайгы ойлорду кубалап, Кыргызстандын келечеги кеңдигинен кабар берет. Мисалы, 1-вице-премьердин: "Биздин саясатчылар өлкөнү кыйратууну көздөйт деп ойлобойм. Болгону ойлонулбаган кадамдар зыян алып келет. Бирок бизде жакшы сапат бар: Кыргызстан калкы кыйын кырдаалда биригип, уруу-уруу, жээк-жаат, аймактарга бөлүнмөй дегенди унутат. Былтыр июнь коогалаңында бардык улуттагы атуулдар конфликтти токтотуш үчүн биригишти" - деши буга далил.

Нарында "Бабановду коргоо комитети" түзүлдү
Баракелде - Нарында "Бабановду коргоо комитети" түзүлдү. Мындай маалыматты "Республика" партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Айнура Темирова таркатты, -деп билдирет кабарчы Күмөндөр Усуптегин.
"Биз Нарын шаарынын тургундары, азыркы биринчи вице-премьер-министрдин кызматынан убактылуу четтетилген Өмүрбек Бабановдун тегерегинде болуп жаткан "кара пиарга" карата партиябыздын лидеринин кадыр-баркын коргоо максатында "Бабановду коргоо комитетин" түздүк. Кезинде Өмүрбек Бабанов Ак-Сай, Арпа жайлоолорун, "Торугарт" бажы өтмөгүн өлкөнүн ичине 60 чакырым жылдырбай, ордуна келтирген. Бүгүнкү күндө биздин мамлекетте тынчтык, стабилдүүлүк, өнүгүү керек. Дал ушул нерселер биздин партиянын программасында айтылган. Биздин партиябыздын лидерине жөн жерден эле көө жаап, ак жерден каралоону, ага карата атайын уюштуруп жаткан "кара пиарды" токтотууну талап кылабыз", - деп жазылат Жогорку Кеңешке жиберилген кайрылууда.

Кайрылууда 17 адамдын тизмеси жазылган
Чүй облусунун тургундары Ө.Бабановду колдоо кыймылына кошула турганын билдиришти
Баракелде: - Чүй областынын жашоочулары, ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү жана жалпы көп улуттуу тургундары бүгүнкү күндө биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду колдоо боюнча Ошто, Нарында, Таласта жана башка аймактарда түзүлгөн республикалык кыймылын жактап, бул кыймылга кошуларын билдиришкенин "Республика" партиясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Алардын айтымында, Ө.Бабановго карата "кара пиар" акциялары кээ бир саясатчылардын президенттик шайлоонун астындагы коалиция биримдигин бузууга арналган кадамдары.
"Биз Ө.Бабановдун өкмөттүн алкагында жасап жаткан реформаларын колдойбуз жана ал ишти өз пикирлештери менен улантууга кайра ордуна келет, деп ишенебиз", - деп жазылган билдирүүдө.
Булак : Баракелде