Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Асылбек Жээнбеков, ЖКнын вице-спикери:
"Кыргызстанды таза күчтөр, патриоттор башкара турган мезгил келди… "
- Асылбек мырза, маегибизди ырынан чыры көп парламенттин ишмердүүлүгүнөн баштасак. Учурда ЖКнын ишмердүүлүгүнө коомчулуктун ичи чыкпай келет. Вице-спикер катары айтсаңыз, бул маселеге сиздин көз карашыңыз кандай?
- Биринчиден, Жогорку Кеңеш кандай депутаттардан турбасын, элдин тандоосу менен келишти. Учурда парламент биринчи кадамдарды таштап, бутуна туруп жаткан кези. Парламентте талаш-тартыш ар дайым болуп туруусу керек. Себеп дегенде, 120 депутаттын, ар бир фракциянын көз карашы ар башка болушу толук мүмкүн. Ал талаш маселе ЖКда мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп эсептелет. Бирок талашат десе эле тытышып, мушташып жатып калбай, эл көзүндө тургандан кийин элге, айрыкча жаштарга үлгү болушубуз абзел. Акырындап артыбызда калып бараткан өтө кыйын учурларга карабастан, Жогорку Кеңештин депутаттары коалицияны, өкмөттү түзүп, көйгөйлүү маселелерди көз жаздымда калтырбай, четинен чечип аткандыгы парламенттин кырдаалга жараша иш алып барып жаткандыгынан кабар берет. Ошондуктан бул парламенттин келечеги бар деп ишенимдүү айтсак болот. Кудай буйруса, парламент мамлекеттин келечеги жана элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары өз ишмердүүлүгүн күчөтөт.
- Ишмердүүлүк демекчи, ЖКнын ишмердүүлүгү азырынча комиссия түзүү менен эле чектелип жаткансыйт. Үстөккө-босток комиссия түзө берүүнүн канчалык деңгээлде кажети бар?
- Өткөн жылы биздин өлкөбүз абдан оор сыноолорду башынан өткөрдү. Алардын эң орчундуулары: Апрель революциясы, майдагы реваншисттердин жаңы бийликке болгон контрчабуулдары жана июндагы Ош окуясы. Эл күбө болгондой, Кыргызстан үч ирет жарандык согуштан сакталып калды. Былтыр канча деген курч окуялар болсо, азыр да парламентте ошол окуяларга байланышкан ж.б. да көп комиссиялар түзүлүп жатат. Ал окуяларга катышып, кандайдыр бир максатына жетпей калгандардын айрымдары депутат болуп келишип, жок жерден комиссия түзүү менен алектенип жаткандар да бар. Тилекке каршы, бул да мыйзам ченемдүү көрүнүш катары калыптанууда. Бирок мунун баары акырындан ордуна келет.
- Кеп башынан бери ЖКга ар кандай күчтөр келди деп жатасыз. Ошол күчтөрдүн бир чоң тобу бакиевчилердин этегине намаз окугандар болуп саналат эмеспи. Учурунда сиз оппозицияда жүргөндө, алар чоң кызматта эле, Бакиевдин бийлиги кулатылгандыгына карабастан, алар дале болсо майлуу кызматтарды тобу менен ээлеп олтурушат. Бул маселеге сиздин пикириңизди уксак…
- Биринчиден, бул көрүнүшкө шайлоонун жыйынтыгы сөзсүз таасирин тийгизип, элдин тандоосуна кеңири жол ачып берди. Экинчиден, чоң кызматта олтургандардын эски бийликте иштеген учурундагы ишмердүүлүгүнө көз чаптырышыбыз абзел. Үчүнчүдөн, ошол эле чиновниктердин моралдык укуктарын кылдаттык менен карашыбыз зарыл эле. Тилекке каршы, мунун баары сөз бойдон эле калып, баары аралашып кетти. Айрыкча акыркы этникалык кагылышуу чоң таасирин берип, шайлоодон кийин ЖКга ар түрдүү күчтөр келди. Анын ичинде мурунку бийликте үзгүлтүксүз олтуруп иштегендер, Бакиевди ачык эле колдоп жүргөндөр да мандатка ээ болушту. Биздин партиянын мүчөлөрү мамлекет өз башынан оор сыноолорду кечирип жатканда, кайра калыбына келтирүү үчүн чоң салымдарды кошкон. Ошон үчүн бүгүн элдин алдында биздин абийирибиз таза. Ал эми элдин алдында да, өз абийиринин астында чоң сөзгө калган адамдар бүгүн ЖКнын трибунасынан кайра бизге акыл үйрөтүп жатышат. Кайрадан бийликке келиш үчүн мамлекетке жаман болсун, стабилдүүлүк орнобосун деген да күчтөр бар. Жаныбыздагы эле өлкөлөр да биздин парламенттик системага өткөнүбүзгө нааразы. Ошон үчүн, шамалдын кайсы жактан согуп жатканын да кылдаттык менен сезишибиз абзел. Бирок мунун баарына тарых өз баасын берет. Кезеги келгенде, ким кандай экени дагы иргелип, дагы ачыкка чыгат. Бирок эч качан унутпашыбыз керек бул дүйнө жакшылык менен жамандыктын күрөшү.
- Жакында эле сиз спикердин укуктарын көбөйтүү маселесин кыйыткандай маселе көтөрүп чыккандай болдуңуз. Бул маселенин артында кандай кызыкчылык жатат?
- Сиздер бул тууралуу тактабай эле жазып койгон экенсиңер. Бул маселе регламенттен чыккан. ЖКнын жаңы регламент мыйзамын учурда ар бир фракциядан турган 14 депутат иштеп чыгып жатат, мен да ошол топтомун. Регламентти талкуулаганда кезексиз жыйынга укук берүү маселеси козголгон. Кезексиз жыйынды козгогонубуздун себеби, шаршемби, бейшенби күндөрү жыйында маселелердин кароосун өткөзүүгө үлгүрбөй калсак, анда депутаттардын көпчүлүк добушу менен башка күндөрү өткөзүүгө жол ачуу дегенди билдирет. Кудай буйруса, жакында жаңы регламентти кабыл алабыз. Ал да бир жаңы кадамдардын бири боло турган көрүнүш.
- "Ата-Журт" менен "Республиканын", "Ата Мекен" менен ошол эле "Республиканын" ич ара тирешинин жыйынтыгы эмнеге алып келиши мүмкүн?
- Бул да табигий нерсе. ЖКнын өзүндө талаш-тартыштын болуп турганы жакшы. Талаш канчалык көп болсо, ошончолук ачыкка чыгып, ошончолук талкууну жаратып, коомчулукта айтылып жаткан калп менен чындыктын жүзү даана көрүнүп турганга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мисалы, Байболов кызматта турган кезде баарын ачыкка чыгарса жарашмак. Бирок ошентсе да, ЖКдан көп маселелер ачык айтылып жатканынын өзү жакшы нерсе. Кандай нерсе болсо да, эл баарын билип турганы жакшы. Акырындык менен айтылгандардын баары такталат. Такталбай койбойт. ЖКда чындык, адилеттик өкүм сүрүп туруш керек.
- Азыр парламенттеги ар бир фракциянын ич ара ынтымагы өтө бекем деп айтуу кыйын. Ошонун ичинде КСДП да бар. Себеби аталган фракциянын бир топ депутаттары лидер Чыныбай Турсунбековдун тажрыйбасынын аздыгына, деңгээлине купулу толбой келет деген кептер айтылып жүрөт…
- Ар бир фракция ич ара ынтымагы үчүн биринчи кезекте өздөрү жооптуу болуп саналат. Ал эми КСДПнын ички ынтымагы кудайга шүгүр. Турсунбеков тууралуу айтылган сөздөр болсо, жалган кеп. Себеп дегенде, Чыныбай Турсунбеков өзүн лидер катары жакшы көрсөтүп, жакшы иш алып барып жаткан кези. Кантип эле биз тажрыйбасы, кадыр-баркы жок адамды лидер кылып шайлап алалы. Бул кептерди, көрө албагандардын ойлоп чыгарганы деп түшүнсө болот. Буйруса, азыркы учурда биздин фракция парламенттин эң бекем звеносу.
- Сизди коомчулукка эски бийликтин тушунда К. Бакиевди биринчи мөөнөтү толук бүтө электе, эртелеп экинчи мөөнөткө өткөргөн адам катары айтып келишет. Бул кептин канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Эски Башкы мыйзамда президенттик шайлоо 2009-жылдын 25-октябрынан кеч калбай, ошол күнгө чейин өтүшү керек эле. Бул маселени мага чейин эле, Б. Бешимов, И. Өмүркулов ж.б. депутаттар, белгилүү саясатчылар көтөрүп чыгышкан. Мен алардын көтөрүп чыккан маселесин жыйынтыктап, Конституциялык сотко шайлоо 25-октябрга чейин өтүшү керек деп кайрылгам. Бирок Конституциялык сот бул маселени, ЖКга тапшырып койгон. Ал эми ЖКда талкуу болуп, "23-июлда өтсүн" деп чечим чыгарганда, биз, оппозициялык депутаттар, баарыбыз макул болбой каршы добуш бергенбиз. Ошол кезде эле мен бул маселенин күңгөй-тескейи боюнча маалымат жыйынын өткөзгөм. Кыскасы, бул маселе боюнча кудайга шүгүр абийирибиз таза. Буга далил катары 2009-жылы президенттик шайлоодо ким кайсыл тарапта болгонун айтсак жетиштүү болот.
- Коогалаңдан кийин акырындык менен калыбына келтирилип жаткан Түштүктөгү ал-ахыбалды турукташтыруу иш-аракеттери кандай жүрүп жатат?
- Түштүктө кудайга шүгүр, мыйзамды одоно бузган көрүнүштөр жок, тынч. Улут аралык мамилелер убакыт өткөн сайын чыңдалып жатат. Бийлик колдон келген жардамын тынымсыз көрсөтүүдө. Бирок бүгүнкү күндө ал жакта баары жакшы, сонун деп айта албайм. Дагы да болсо стабилдүүлүктүн орношун каалабаган күчтөр бар. Биз мамлекетибиздин келечеги, тынчтык жана биримдик үчүн алгылыктуу иш-аракеттерди иш жүзүнө ашыра берсек, андайлардын тилегин таш каптырабыз.
- 7-апрель окуясынын бир жылдыгы жер-жерлерде белгиленип өттү. Бирок Чүй, Бишкек, Таласта жакшы белгиленгени менен, түштүк жакта тиешелүү деңгээлде белгиленбей калгандыгы айтылып жатат. Сиз 7синен кийин бийликтин өкүлү катары Ошко барып келдиңиз. Талапка ылайык белгиленбей калгандыгынын себептерин айта аласызбы?
- Мен мындай пикирлерге кошула албайм. Себеп дегенде, Ошто 7-апрель окуясынын бир жылдыгы жогорку деңгээлде эле өттү. Оштуктар абдан жакшы белгиледик деп өздөрү баса белгилеп айтып жатышат. Чоң эскерүү митингдер, жыйындар болду, сый тамактар уюштурулуп, канын-жанын жакшы заман үчүн, Кыргызстан үчүн аябаган чыныгы 89 баатырыбызга куран окутулду. Ал окуяга катышкан Ош шаары, Ош облусунан 63 адамды "Апрель окуясынын баатыры" төш белгиси менен сыйлап келдик. Ош, Жалал-Абад, Баткендеги окуяларга, жаңылыктарга ММКда азыраак көңүл бурулуп жатат. Элдин бүгүнкү күндө стабилдүүлүккө, өнүгүүгө салымы абдан зор экенин көбүрөөк чыгаруу керек. Мындай көрүнүштөр бар, бул Жогорку Кеңеште да дагы көтөрүлдү.
- Сиз учурдагы оппозициялык күчтөрдүн деңгээлине, күчүнө, чама-чаркына кандай баа бересиз? Оппозициялык күчтөрдөн эмнени күтсө болот?
- Оппозиция жогорку деңгээлде күчтүү болсо да элдин, мамлекеттин келечегин ойлошсо, ар кандай опурталдуу кадамдардан алыс болот. Бүгүнкү күндө бир үй-бүлөлүк бийлик жок, бардыгы ЖКнын көз алдында. Ошон үчүн бардыгынын аракети мыйзам чегинде, Конституциялык талаада өтүш керек. Учурда оппозиция да, эл да коалициянын, өкмөттүн берген убадаларынын аткарылышын күтүп жатат. Ошол убадаларды толук кандуу аткарууга убакыт берилиши керек. Кудай буйруса, берилген убадалар оорчулукка, кыйынчылыкка карабастан аткарылып баштаганына эл өзү күбө. Калган убадалар да өз мөөнөтүнөн кеч калбай аткарылышына чоң ишеним бар.
- "Ар-Намыстын" 10 депутатынын коалицияга киребиз деген билдирүүсү боюнча пикириңизди уксак…
- Жеке кызыкчылыктарынан, амбициясынан Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин келечегин жогору койгондор биригип жатат деп айтат элем. Өтө трагедиялык, тарыхый окуяларды кыска мөөнөттө өткөзгөн Кыргызстанды таза күчтөр, патриоттор башкара турган мезгил келди.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев