Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Учур маек...

Алмазбек Баатырбеков, "Республика" фракциясынын депутаты:
"өлкөдө туруктуулук болуш үчүн коалиция тарабоосу зарыл"
Учурда коомчулукта парламенттин жүргүзүп жаткан иштерине ичи чыкпагандар арбып баратат. Оппозициялык фракциялар коалицияны таратып, жетектөөчү бийликке ээ болгусу келип жатса, коалицияга бириккен фракциялардын ортосунда айрым кайым айтышуулар менен мушташтар орун алып, парламент ынтымакта иштеше албай жатканынан кабар берүүдө. Мына ушул жагдайда "Республика" фракциясынын депутаты Алмазбек Баатырбеков менен маек курдук.

- Парламентте коалиция маселеси бүтпөс чырга айланды. Учурдагы жагдайга токтолуп кетсеңиз?
- Жашоодо байлык, бийлик үчүн күрөш болот экен. Ошол сыңары, жетекчилик бийлик үчүн күрөшүү бул жашоодогу кадимки көрүнүштөрдөн. Коалиция тарайт экен деген сөздөр дагы бекеринен чыгып жаткан жок. Ошол эле бийлик талашкан фракциялардын себебинен улам чыгып жатат. Албетте, мындай сөздөр коалиция канчалык жакшы иштеп, бекем турган күндө деле чыга берет. Бирок азыркы учурда Кыргызстан үчүн коалициянын сакталып турганы пайдалуу. Анткени коалиция сакталып турса, өлкөдө туруктуулук болот, туруктуулук экономиканынын өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Негизинен парламент менен өкмөттүн иштей баштаганына үч-төрт эле ай болду. Бул кыска аралыкта өкмөт жакшы эле иштеп жатканын көрсөттү. Мугалимдердин, догдурлардын, маданият кызматкерлеринин маяналарын 2-3 эсеге көтөрүп жатышат. Мурун айыл чарбасын көтөрүү багытында 250-300 миллион сом гана бөлүнүп, дыйкандарга 18-20 пайыз менен кредит берилип келсе, быйыл өкмөт 1 миллиард сом бөлүп, дыйкандарга 9 пайыз менен кредит беришүүдө. Мына ушул нерселердин өзү эле өлкөдө өкмөттүн, коалициянын иштеп жатканынан кабар берип турат десек болот. Эгер өкмөт иштей албай жатса, анда коалицияны таратуу маселеси көтөрүлсө туура болмок. Анан мамлекеттин абалына карабай эле жеке кызыкчылык менен жөндөн-жөн эле коалицияны таратуу керек деген туура эмес жыйынтык.
- "Ата-Журт" фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев: "өмүрбек Бабанов кызматтан кетсе гана коалицияда калабыз" - деген талап коюп жатат. Талап канчалык деңгээлде жүйөлүү?
- Эми "Ата-Журт" фракциясынын мындай талап коюп жатышы коалициядан чыгабыз деген эле сөз. Бирок "Ата-Журт" фракциясынын көпчүлүк депутаттары тарабынан коалициядан чыгабыз деген ишеним пайда болсо, буга чейин эле чыгабыз деп жарыялашмак. Албетте, коалициядан чыгабыз деп айтып келатышканы менен, расмий түрдө айтыша элек.
- Камчыбек мырза: "Ө.Бабанов кызматынан четтетилсе гана "Ата-Журт" партиясы коалицияда калат. Бул боюнча менин колум коюлган кайрылуу А.Атамбаевге жана калган фракциялардын лидерлерине жөнөтүлөт. Биздин фракция биринчилерден болуп, катуу чечим чыгарды - өкмөттөгү мамлекеттик кызматкерлерди кызматынан четтетүүнү" - расмий түрдө эле айтып жатпайбы...
- Камчыбек мырзанын түшүнүгүндө кандай болуп жатканын бир кудай өзү билет. Бабановду кызматтан кетириш үчүн бир негиз болуш керек. Анан бирөө бир нерсе айтып коюптур деп эле "кызматтан кетсин" деген туура эмес. Эгер Бабанов кайсы бир коррупциялык иштерге аралашкан болсо, аны юридикалык жактан тактоо абзел. Эгер юридикалык жактан такталса, анда жумуштан гана албастан соттош керек. Болбосо, бирөө айтып койду деп эле, доомат арта бергенге болбойт.
Мына, Орусиянын депутаттары деле "сураган деген маалымат бар" деп жарыялап коюшту. Эч бир далил жок. Эгер эртең бирөө бирөөнү эч далили жок эле "менден акча сурады" деген күнөө такса, анан биз "сен коррупционер экенсиң" деп чыксак туура эмес да... Эгер чындап сураган болсо, сот аркылуу далилдеш зарыл. Анан жөндөн-жөн эле "айтыптыр, угуптур" деген сөздөр менен асыла берсек адилеттикке жатпай калат.
- Коалициянын ичиндеги фракциялардын жогорудагыдай талап коюп жатышы, коалициянын ичиндеги ыркы жоктукту билдирбейби?
- Коалициянынын биринчи түзүлгөнүн эске алсак, андагы сүйлөшүү оңунан чыкпай калды. Экинчи жолу коалицияны түзүү милдети "Республика" фракциясына тапшырылып, көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында биргелешкен келишимдин негизинде бир коалицияга биригип, иш алып барабыз дешкен үч фракциянын ортосунда коалиция түзүлдү. Тилекке каршы, "биргелешип бирдиктүү иш алып барабыз" делген менен, шашылыш коалицияга бириккен фракциядагы депутаттардын көз карашы ар түрдүү бойдон кала берет экен. Ошондуктан үч башка багыттагы, ар түрдүү көз карашты карманган партиялардын бирдиктүү иш алып барышы кыйынга турары байкалып жатат. Бирок ошого карабастан, өлкөдө туруктуулук болуш үчүн, коалицияны чачыратпай кармап турушубуз зарыл.
- Андай болсо эмне себептен "Ата-Журт" фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен "Республика" фракциясынын депутаты Алтынбек Сулаймановдун ортосунда мушташ чыгып жатат?..
- Эми муну коалициянын ичиндеги келишпестиктен улам мушташ чыкты деп карасак туура эмес болуп калат. Албетте, эмоцияга алдыруунун айынан түшүнбөстүктөр болуп кеткенин жашырууга болбойт. Учурда экөө бири-бирин кечиришти. Демек, экөөнүн мамилеси коалициянын иштешине же тарашына таасир этпейт.
- Жакынкы аралыкта коалиция тарабайт дегенге кепилдик барбы?
- Эртеңки күнү эмне болуп кетерин бир кудай билбесе, айтыш кыйын. Бирок өлкөдө туруктуулук болуш үчүн коалиция тарабоосу зарыл.
- Учурда кеңейтилген фракция тууралуу дагы сөздөр жүрүп жатат. Ушундай болушу мүмкүнбү?
- Жаңы коалиция түзүлгөн кезде "келишимге каалаган фракцияга коалицияга кирүүгө эшик ачык" деп ачык эле жазылган. Учурунда беш фракциядан турган деле коалиция түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр болгон. Бирок "Ата Мекен" менен "Ар-Намыс" фракциялары коалицияга кирбейбиз дешип оппозицияга кетишкен. Эгер эки фракция коалицияга кирүүгө сунуштарын бере турган болушса, коалициялык кеңеш карап көрүп, коалицияга кабыл алууга макул эле болсо керек. Андан эч кандай деле трагедия жаралбайт. Кайра жакшы болот.
- "Парламент өз ишин жакшы алып бара албай жатат" - деген сөздөргө кошуласызбы?
- Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган болгондуктан, кабыл алынган мыйзамдардын бардыгы өз убагында каралып жатат. өкмөттөн даярдалып келген мыйзамдарды дагы өз учурунда карап, талкуулап кабыл алып жатабыз. Башкача айтканда, парламент мыйзамдарды кабыл алуу жаатында жакшы эле иш жүргүзүүдө. Ал эми "парламенттик өлкө жарабайт экен, иштей албай жатышат" деп айтыш үчүн парламент жок эле дегенде бир-эки жыл иштеши керек.
Биз Орто Азия мамлекеттеринин ичинде биринчилерден болуп парламенттик башкаруу системасына өттүк. Коңшу өлкөлөр супер президенттик башкаруу системасы менен иштеп жатышат. Башкача айтканда, бир адамдын көрсөтмөсү, жетекчилиги менен иш жүрөт. Биз болсо мындай системадан баш тарттык. Учурда бир киши башкара албайт. Бирин-бири көзөмөлдөгөн беш фракция бар. Беш фракциянын ичинде көз караштары ар түрдүү ар аймактын депутаттары отурат. Бийлик бир адамдын колуна өтпөйт. Ошондуктан парламенттик өлкө биздин элге ылайык. Кудай буюрса, мындай система жакшы эле ийгиликтерди алып келет.
- Парламентке болгон элдин ишеними төмөндөгөн жокпу?
- Жогорудагы өзүң берген суроолордун өңүтүнөн алганда, парламенттеги саясий оюндар болуп жатканына байланыштуу элдин бир аз ишеними төмөндөй түшкөндөй болуп жатат. Бирок "көч бара-бара түзөлөт" дегендей, парламент өзүнүн жакшы иштерин көрсөтүп, элдин ишенимине ээ болот деген ишеничтемин.
- өзүңүз эл өкүлү катары кандай мыйзамдарды жазып, эмне иштерди аткарып жатасыз?
- Мен эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташуу комитетин жетектеп жаткандан кийин, эл аралык ратификацияланчу келишимдер боюнча, ошондой эле эл аралык делегацияларды тосуп иш алып барып жатам. Мындан сырткары Башкы мыйзамда тышкы саясатты ким аныктаары так жазылбай калганына байланыштуу биздин комитет тышкы саясатты ким аныктаарын мыйзамга ылайык келтирүү максатында ведомство аралык комиссия түзүп, мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жатабыз. Мамлекеттик протоколдорду түзүү багытында да иш жүргүзүүдөбүз.
- Сиз кайрымдуулук жардамдарын дагы көрсөтүп турасызбы?
- "Кыргызалкодо" директор болуп иштеп жүргөн кезимде карылар үйүнө, жетим балдар үйүнө, ооруканаларга жардам көрсөтөлү деп арак заводдорунун жетекчилерин чогултуп, кайрымдуулук иш-чараларын уюштурчумун. Ошол кезде болжол менен 5 миллионго чейин жардам көрсөттүк окшойт. Жеке өзүм болсо майрамдарда үй-бүлөм менен чогуу жетим балдар үйлөрүнө барып, азык-түлүктөн жардам көрсөтүп калам. Мына, жакында эле Ат-Башыга барып, суу каптаган Бирлик, Ак-Моюн, Ак-Муз айылдарына Жогорку Кеңештин атынан, төраганын атынан 100 миң сом которттуруп, төраганын атынан алып барып тапшырдым. Партиянын саясий кеңешинин атынан 800 миң сомдук азык-түлүктөн жардам көрсөтүп келдим.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу