Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Аксакалдар араздашканда…
Башкасы бүтүп, эми кыйла жашка барып калган акскал депутаттарыбыз да бири бири менен чукчуңдаша башташты. 13-апрель күнү "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Курманбек Осмонов менен Курмантай Абдиев Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзам долбоорун карап жатып кер-мур айтыша кетишти. Курманбек мырза мандатын тапшырган депутат кызы Нурзат Осмонованын ЖКнын регламент жөнүндөгү мыйзамын Курмантай досу "уурдап алды"-деп чыкты. "Бул мыйзам долбоорун менин кызым иштеп чыккан. Мандатын тапшырса эле бирөөнүн эмгегин энчилеп алганың уят. Сунушуң болсо өзүнчө бер. Парламентте менин кызымдан кичинекей болсо дагы изи калыш керек"-деп көкүрөк күчүгүн коргоп, ызылдап чыкты. Кесиптеши, Этика жана регламент комитетинин башчысы Курмантай Абдиев "бул мыйзам долбоорун комитеттин атынан күн тартибине алып чыгышыбыз керек да. Нурзат Осмонова депутат эмес, ал кантип алып чыкмак эле"-деп алакан жайды.


"Тегирменчилерди" ким тескейт?
Кыргызга кылдай жакшылыгы жок Максим Бакиев атасынын бийлигине манчыркап, ашынып турган кезинде 2009-жылы сырттан ташылып келүүчү ундун бир киллограмына 3 сомдон кошумча бажы төлөмүн киргизип салганы эсиңерде болсо керек. Ошондон кийин азык-түлүккө болгон баалар асмандап, карандай чай менен нанга күчүн чыгарып жашап аткан кара таман калкыбыз такыр эле карайлап калган. Аталган кошумча төлөмдү былтыр келген жаңы бийлик түп тамырынан бери жоюп салып, ун азыктары аз-маз болсо дагы арзандаган. Максимдин схемасы боюнча укмуштуудай пайда көрө баштаган жергиликтүү "тегирменчилер" эми ошол кошумча төлөмдү кайрадан киргизүү үчүн Ак үй менен Көк үйдүн ортосунда чапкылап жүргөнүн эшиттик. Ар бири 20 миң доллардан ортого таштап, бийликтеги тийиштүү кишилерге берчүсүн берип, жанагы кошумча бажы төлөмдү кайрадан коштуруп, илгеркидей элдин жонунан кайыш тилгенди күнү-түнү тиленип атышкан имиш. Кыргызстанда ун бизнеси менен шугулданган ишканалардын негизгилери Чыныбай Турсунбековдун "Акуну", Бакыт Төрөбаевге тиешелүү делинген "Мариан" компаниясы, түрктөрдүн "Яшары" жана "Элнур" жана башкалар эмеспи. Балким, ошолор болуп жүрбөсүн?


Сулаймановдон кутулуп, Сулеймановго тутулду
ЖоКедеги чоң муштумдар баяны жакын арада аяктабайт окшойт. Алтынбек Сулаймановдон таяк жеп, Бахадыр Сулеймановду таяктаган Ташиев өткөндө "Мен аны сабаган эмесмин, бирок биз бири-бирибизге кыйкырып, күчөтүлгөн тондо сүйлөшкөнбүз"-деп каратып туруп карандай калпты ышкырткан экен. Муну уккан Бахадыр Сулейманов кыжыры кайнап, "Башым чайкалып, көгала болуп таяк жегенимди бир эмес бир нече врачтар тастыктап атса, бул Ташиевдин түшүнүгүндө кыйкырып сүйлөшкөндүн кесепети экен да. Мен күч органдарына өзүмдү өзүм көрсөтүү үчүн эмес, жөнөкөй эле адамдык ар намысымды мыйзам алдында коргош үчүн арыз менен кайрылдым. Акыйкат, так иликтеп, таразалап беришет деп ишенем"-деп агынан жарылды. Сулеймановдун таяк жегинин Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборунун башкы врачы Жамиля Иманакунова да тастыктады.
Ал ортодо Башкы прокуратура бул окуя боюнча Камчыбек Ташиевге 11-апрель күнү кылмыш ишин козгогогондугун прокуратуранын басма сөз катчысы Талант Конокбаев жарыя кылды. Эгерде мыйзамды көзөмөлдөөчү башкы орган Камчыкенин "чоң муштумдугун" далилдеп, ЖоКедеги эл өкүлдөрүнөн Ташиевди кол тийбестигин алып салуну суранса, кесиптештери "мына эмесе" деп колдоп берип койсо, атажуртчулардын фракция башчысы иттен жок, же ит байлаган жиптен жок болуп, талаада калышы мүмкүн.
Айтмакчы, атажуртчулардын ич ара чатагынын учу жакында эле ант берген жаңы депутат Сулеймановду мандатыңды өткөр деген Ташиевдин өкүм зордугуна барып такалат экен. Ал мандат Камчыкенин Каржы полициясында иштеген айылдаш инисине аябай керек болуп аткан имиш. Эми минтип Сулеймановду мандатынан ажыратам деп, өзү мандатынан ажырап калганы турат. Ажырап гана тим болбостон, катардагы бейбаштар менен бирге Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Жаза кодексинин 234-хулиганчылык аракети үчүн соттолгону турат. Ак үйдөгүлөрдүн айтымында коалицияны таркатам деп акыркы күндөрү катуу киришкен Камчыбек Ташиевдин аракети ушуга да байланыштуу экен.
Баса, таяк жеген Бахадыр Сулейманов кадимки Каттани-Өмүрбек Суваналиевдин кан кудасы!


Масалиевдин "кошоматтык" мыйзамы
жакын арада кыйрайбы?
12-апрель күнү Юстиция министрлигинин кызматкери Алтынбек Туманов Акыйкатчы институту, Юстиция министрлиги жана бейөкмөт уюмдары менен биргеликте жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эскертүү бербестен митинг-пикет өткөрүүгө мүмкүн боло турган мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.
Эсиңерде болсо, Бакиев ноябрь, апрель митингдеринен кийин үй-бүлөлүк бийлигин күчөтүп, баш көтөргөндүн баарын соттоп камап баштаганда, "өлгөнгө кошуп көмгөн кылып" ошол кездеги ЖК депутаты коммунист Исхак Масалиев: "Жарандардын тынч, эркин, куралсыз митинг, демонстрация өткөрүү укугу"-деп аталган мыйзамга өзгөртүү киргизген. Ал өзгөртүү боюнча митинг өткөрүү үчүн жарандар 12 күн мурун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эскертүү жөнөтүп, ал бийлиги кат түрүндө макулдугун бериш керек болгон. Ошентип, чыныгы коммунист Апсамат аксакалдын "анча-мынча" коммунист уулу Исхак Масалиев КурСаличке жагам деп, өлкөбүздөгү демократияга болуп көрбөгөндөй катуу сокку урган. Ээн-эркин митинг өткөрө албай, ичтеги арманын ачык айта албай, буулуккан эл акыры келип 7-апрелде катуу жарылган. Ушундан улам, 7-апрелдеги кандуу кагылышка Исхак Масалиевдин да кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү барбы деген суроо туулуп атат.


Таалайбек Бапанов сыйланды…
Кыргыздын мыкты уулдарыны бири, Испаниянын Кыргызстандагы Ардактуу консулу Таалайбек Бапанов Испаниянын Королу Дон Хуан Карлос I тарабынан Офицердик Крест Ордени менен сыйланды. Сыйлыкты Испаниянын Казакстан жана Кыргызстан боюнча элчиси Альберто Антон Кортес 12-апрелде Бишкекке болгон иш сапарынын алкагында тапшырды. Аталган сыйлык Таалайбек мырзанын Кыргызстан менен Испаниянын ортосундагы маданиятка, кызматташтыкка кошкон салымы жана Кыргызстанда жүргөн испан жарандарына көрсөткөн колдоосу үчүн ыйгарылды.


Өзбекстан коридор бербейт
Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов "Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл округуна караштуу Өзбекстан Республикасынын аймагында жайгашкан Барак айылындагы тургундарга убадаланган 18 гектар кайракы жерди беребиз же бербейбиз деп тезирээк чечип бергиле, эл кыйналып жатат" деп өкмөткө талап койду. Калмаматов бул маселени чечүүдө өкмөттүн өзбекстандан коридор алабыз дегени ишке ашпай турганынын белгилеп: "Өзбекстан коридор бербейт. Андан көрө убадаланган жерлерди бериш керек. Андай болбосо Баракка барып жашап келгиле, ошондо маселенин кыйындыгын көрүп, жон териңер менен сезесиңер", - деди.
Эскерте кетсек, барактыктар июнь айында Оштогу коогалаңдуу окуядан улам Кыргызстанга качып өтүшкөн, ошондой эле алар кайра өз айылына кайтып барууну каалашпаган жана Кара-Суу районунун аймагынан жер бөлүп берүүнү кыргыз бийлигинен талап кылышкан болчу. Бул маселе боюнча спикер Ахматбек Келдибеков учурда жер бөлүштүрүүгө мораторий бар экендигин билдирип, бул маселени парламент атайын мыйзам долбоору менен гана алып саларын билдирди.


КТРга
"Ар-Намыс" да ашыкты
Президенттик шайлоо жакындаганы бүтүндөй кыргыз калкын маалымат менен камсыздап, алыскы аймактарыбыздагы мекендештерибиздин жалгыз көгүлтүр экраны болгон кадимки КТРди талашкандардын, ага жабышкандардын саны күн сайын күчөп барат. КТРКнын байкоочулар кеңешин таркатабыз деген саясий күчтөр да тынч ала албай, күнү-түнү күшүлдөп, оюнун баары КТРКны мелжип, кандай гана болбосун бир айласын табыш керек деп шымаланып турган кездери. Кечээ күнү дагы "Ар-Намыс" партиясынын депутаты Анарбек Калматов кылдан кыйкым таап, "КТРКнын башчысы Оторбаев 7-апрелдеги окуяларды чала көрсөтүп койду, кызматтан кетириш керек"-деп ач-айкырык салып чыкты. Чала көрсөтсө көрсөткөндүр, бирок бул жерде маселе башка жакта болуп жаткандыгын көпчүлүк айттырбай эле түшүнүп атат. Оппозиция Оторбаевдин ордуна өздөрүнө оңтойлуу талапкерди таптап атканы ачык эле байкалууда.


Байзаков кимдин "балын"тартып алды?
Өлкөбүздөгү кырдаалды курчутууну каалагандар ар кандай акцияларын уюштуруп атканы баарыбызга белгилүү. Ошондойлордун бири катары өткөн айдагы абактагы башаламандыктарды айтсак болот. Ачкачылык жарыялап, митинг-пикет өткөрүп, бийликке таасир этебиз дегендердин тилеги таш каап, ойлору орундалбай калган. Мында Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын ачендиги Шейшенбек Байзаковдун эмгеги чоң. Бул системадагы коррупцияны түп тамырын соолтаош дагы акырындык менен кыркып келе жаткан жаңы жетекчини кызматтан кетиргиси келген ички "досторунун" тизмеси да аз убакыттын ичинде абдан узарган. Себеби буга чейин орто жолдон акча шыпырганга кынык алган пайдасы жок, бирок ошол эле мезгилде абдан майлуу бир нече кызматтарды жоюп, буга чейин кадимкидей системага айланып калган коррупцияны чукуп чыккан. Мисалы, эскилер ээрде отурганда ГСИНде улук лейтенант чини 100 доллар, капитан 200, майор 300, полковник 500 долларга бааланса, колониянын опер кызматкери деген мансап (оперуполномоченный) 400, СИЗОнукунда 500 доллар турган. Ушул сыяктуу былгып жаткан бир топ иштерди чукулай баштаганда, кынык алган эски чоңдор Шейшенбек Байзаковду "жок кыла албай", гезит беттерине аны каралаган макалаларды жаадырып киришти.