Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, коомдук ишмер:
"Мүмкүн үчүнчү революция болот"
- Топчуке, "Кыргызстанда кайсы жакты карабагын баары жаман" деген пикирге кошулбайсызбы?
- Жок, жакшысы да, жаманы да бар. Жаманы топон. Ажыратып айтуу абзел.
- Эмнеси жакшы?
- Кыргыздын майтарылбас руху, кажыбас кайраты. "Эркиндик!" деген орошон оюнан гүлмайрамдуу максатынан эч качан кайтпаганы. Ошондуктан элибиз зордукчул, өзү тойсо да көзү тойбогон бийлик ээлеринин эсин беш жылда эки жолу оодарды. Муну бир деңиз.
Экинчи, Кыргызстандагы элдик революциянын таасири көп элди аралап кетти. Биз сыймыктана турган дагы бир улуу өнөкөт ушул. Тунис, Египет, Йемен, Ливия, Сирия, Иордания, Бахрейн, Кувейт, Иран өлкөлөрүндөгү революциялык кыймылдарга Кыргызстандагы элдик революциялар таасир берип жатат. Доминодой. "Менин партиямдагы 200 миң мүчөгө караганда, 2 миң кыраан кыргыз жан-жөкөрлөрүм болгондо Януковичти оодарып түшөт элем" - деп Тимошенко өксүп-өксүп бекер айтпаса керек…
- И-и, жакшысын жакшы айттыңыз. Бирок жакшы жакка жылыштын жышааны азырынча анчейин билинбейт. Деги оңолобузбу?
- Буйруса, оңолобуз, сөзсүз оңолобуз.
- Сөзсүз?
- Ооба, сөзсүз.
- Кепилдик барбы?
- Бар. Кепилдик элде. Эл максатына жетмейин күрөшкөнү күрөшкөн.
- Эмне, үчүнчү революция болот дейсизби?
- Эки шартты айтып келатам: а. Бүгүнкү бийлик үзүрлүү иштеп, элдик революциянын максаттарын аткара баштайт. Анда бийлик элдин купулуна толот, ишенимине кирет. Өлкө, турмуш оңолот. б. Жок жети эмес, миң баштуу ажыдаарлар канабайрат кылып тономой, коррупция өзүмчүлдүк-тууганчылык, жердештик тыйылбайт, күчөйт, бийликтегилер ынтымакка келишпейт, тытышат. Жаңы бийликтин да ашмалтайы чыгып, айныган саясаттын түбү жок сазы оп тартып кетет…
- Анда эмне болот?
- Анда араң турган эл кайрадан чыгат. Мүмкүн үчүнчү революция болот. Эгерде 2005-жылдагы революциянын жеңишин Бакиевдер өзүнүн үй-бүлөлүк кызыкчылыгына толук оодарып, уурдап кетсе; 2010-жылдагы революциянын иши да али алдыга ишенимдүү жылбай, бийликке келген карандай карама-каршы күчтөрдүн курмандыгы болуу коркунучунда турат.
- "Кыргызстандагы элдик революциянын таасири дүйнөгө таркады" - дедиңиз. А кошуна элдергечи?
- Биздин айлана-тегерегибиздеги өлөр-өлгүчө кеткис хандардын да колу канга боёлгон, зордукчулдугубу, шылуундугубу башынан ашат. Мубарак, Каддафи, Салех 30,40 жылдан ашык бийликти мыкчып отурган, айрымдары дагы деле отурат. Бизге кошуна президенттердин да узак мөөнөттө тактыда отурганы боюнча Гиннестин китебине жазса болот. Кошуна элдер кулчулук аң-сезимден али чыга элек. Эртең-бүрсүгүнү чыгат. Экинчи себеби - оппозициялык партиялардын, бирикмелердин биримдиги жок, ал эми жетекчилеринин көбү качып Батышта жүрөт… Элди ойгото тургандар, күрөш жолун баштай тургандар жок же начар.
- Эми улуттук жана улуттар аралык маселелерге назар салалы. Тил боюнча мамлекеттик комиссиянын мурунку башчысын кызматтан алышканына кандай дейсиз?
- Бийлик мунарасынын башындагылардын далайы русофобиянын туткунунда. Усубалиевдер обу жок орусташтырган замандан Кыргызстан алыс кете элек. Ошондуктан, "бийликке жетсем!" деп жанталашкан партиялардын башчылары шайлоо учурунда Орусиядагы "чоө акелерине" улам чуркап барып, жүгүнүп, Кыргызстанды кайрадан Кремлдин казыгына байлап берүүгө даяр экенин; кыргыз элинин далай улуу адамдарынын аты айылдык арыкка да коюла элек, эстелигин тургузууга да каражат бөлүүнү ыраа көрбөйт, бирок Путиндин атын кереметтүү тоо чокуга коёлу дешет. Же тигине, Конституциялык соттун имаратынын баш чекесинде азыр да СССРдин герби кашкайып турат…
- Бул чындык.
- Эмнесин гана айтайын, күйөсүң да күйөсүң. Бүгүнкү президент да улуттун кызыкчылыгынан тайып, улуу державалык шовинизмге ууланган авдеевалардын алдында апкаарыгандай, капитуляция жолунда экенин көрсөттү. Франциядагы жолугушууда француз кыргызча сүйлөдү, ичим жылыды. Отунбаева болсо француздарга орусча сүйлөсө болобу. Мамлекет башчы мамлекеттик тилде неге сүйлөбөйт?! Тил комиссиясынын жетекчисин "бөрк ал десе баш алат" кылбай, "аша чаппа" таризде жемелеп койсо болмок. Ооба, орус калкы негиздеген, азыр да ошолор көп айылдардын орусча аттарын калтырып, бирок курамы толук кыргыз болуп кеткен, же 5-10 гана түтүн орустар калган кыштактардын атын кыргызча коюу, же эзелки кыргызча атын калыбына келтирүү неге болбосун?!
Баса, 90-жылдардын башында "Кыргызстандын далай аймак, айылдары өзгөчө Чүй, Ысык-Көл жергесинде орусча аталып кеткени көп айтылган, нечени чечилген. "Биз өз алдынча өлкөдөбүзбү же Орусиянын бир аймагы катары эле калдыкпы?" деген үндөр, ал түгүл ырлар, талаптар көп болгон. Ошол талаптарга ылайык, орусчаланган айрым аттар кыргызча коюлган. Кийин бул аракет токтоп калды.
- "Титулдук түпкү улут", "улуттук азчылык" деп айтпагыла дегендерге эмне дейсиз?
- Адегенде бул сөздөрдү ким айтканын тактап алалы.
- Ким айтыптыр?
- Өткөн жылдын аягында "Азаттык" радиосуна берген маегинде президенттик администрациянын улуттук жана диний маселелер боюнча бөлүм башчысы А.Асанканов айткан экен.
- Мааниси эмнеде?
- "Кыргызстанда бардык улуттардын укугу тең", ошондуктан "түпкү улут", "этникалык азчылык ыңгайсыз абалда калат" - дейт; демек, алардын укугу бузулат дегендей кеп. А түпкү улуттун укугучу?!
- Чындыгында ошондойбу?
- Жок, андай эмес!
- Анан кандай, ток этерин түшүндүрүңүзчү?
- Биринчиден, "антип айтпагыла" деп тыюу салгандан кечээ Акаевдердин заманындагы тескери кайрык "Кыргызстан - жалпы үй" аттуу айныган сөзү көпчүлүктү нааразы кылган. Баса, Асанканов Акаевдердин, Бакиевдердин бир идеологдорунун бири болгон. Демек, президенттин жанындагы идеолог-саясатчы сөрөйлөрдүн түшүнүгүндө тарпы чыккан тиги тезис али тирүү экен. Экинчиден, "бардык укугу тең" дегени да "жалпы үйдү" элестетет.
Кыргызстанда бир гана улут - кыргыз улуту бар. Калгандары - улуттук топтор. "Баардык улуттар" деп улуттук топторду да атасак, анда, мисалы, бу дүйнөдө канча өзбек улуту бар? Өзбекстанда өзбек улуту - бир деңиз. Ооганстанда 2 миллиондой өзбек тобун да өзбек улуту десек - демек, үчүнчү өзбек улуту… Абсурд! Дүйнөдө бир эле өзбек улуту бар. Анын түпкү улуттук эпиборбору - Өзбекстанда. Башка өлкөлөрдөгү өзбек топтору "улуттук азчылык" деп эле айтылат. Бул эч кимди "ыңгайсыз абалда калтырбайт, мазак кылбайт. Ошондой эле башка мамлекеттердеги, анын ичинде Өзбекстандагы кыргыздар да "улуттук азчылык" деп айтылат. Үчүнчүдөн, бардык адамдардын - кайсы гана улуттун өкүлү болбосун - эркиндиктери жана укуктары бирдей. Бул талашсыз жобо. Ал эми түпкү улут менен улуттук топтордун укуктары олуттуу айрым маселелерде бирдей эмес. Муну ачык айтуу абзел.
- Кайсы маселелерде бирдей эмес?
- Мына, эч ким тана албай турган далилдерди айтайын: а. Өлкө түпкү улуттун атынан аталат; б. Түпкү улуттун тили мамлекеттик тил болот; в. Эчен кылымдардан бери ушул жерди сактап, канын, жанын аябай коргоп, Ата Мекен кылып келаткан да негизинен түпкү улут.
- Улуттук топтордун укуктары эмнеде?
- Өзүнүн тилин, салт-санаасын, айтор, маданиятын сактоого укуктуу.
- "Автономия" дегендер, мындан көп нерселерди эңсейби?
- Ооба.
- Эмнелерди?
- "Бул жер биздики" - дешет. Жер ээлигин түпкү улуттан талашат. Баардык чөйрөлөрдө ээликти талашат. Өзбек тили да Кыргызстандын мамлекеттик же расмий тили болсун дейт. 1989-жылы сепаратисттер "Адолат" аттуу уюм түзгөн, устав, программасы Ташкенде басылып чыккан. Ал документе: "Жалал-Абад, Ош, Баткен дубандарынын 8 шаары, 7 оодандарынын этектери өзбектердики, автономия кылабыз" деп жазылган. Кечээ Батыровдор да ушул мааниде кыйкырып чыгышты.
- Сепаратист дегендерди сырттан көкүткөндөр барбы?
- Бар.
- Кимдер?
- Өзбекстанда. Эки күчтү айтууга болот. Биринчиси - Ташкендеги бийлик. Былтыркы майда Сох анклавына Өзбекстан оор куралдарын бекер киргизген эмес. Убактылуу Өкмөттүн чечкиндүү аракети, эл аралык коомчулуктун айбаты ал куралдуу күч тобун чыгарууга мажбур кылды. Экинчиси - Батыров, Салахитдинов ж.б. "атаман" сөрөйлөр "биз баштасак, Өзбекстан бизге жардамга келет, куралдуу күчтөрүн Кыргызстанга киргизет" деген арам ой менен ууланганын даана туйду го. Үчүнчүсү, адегенде "Бирлик" аттуу кубаттуу кыймыл, анан партия түзүп, Өзбекстанды демокартиялык жолго салабыз деген күчтөрдүн анабашчылары алгачкы эле катуу кармашта апкаарып, Америка, Европага качып кеткен. Вашингтондогу жылуу төшөктө жаткан "Бирлик" башчылары өткөн жылдын июнунда билдирүү жасашкан.
- Эмне деп?
- "Кыргызстанда өзбек автономиясы курулууга тийиш" - дейт. Эң кызыгы, өзбек автономиясы өзүнүн куралдуу күчтөрүн түзүүгө укуктуу имиш.
- Федеративдик өлкөлөрдө автономиялардын өз аскери барбы?
- Жок! Болушу мүмкүн эмес!
- Эмне үчүн?
- Анда эле согуш болот. "Бөлүнөбүз, өз алдынча мамлекет болобуз же тектеш өлкөгө кошулуп кетебиз" деген кандуу чатак башталат. Тигине, 1990-жылы Ош, Жалал-Абадда ошондой болгон. Былтыр да кайталанды, кан төгүлдү.
- "Сырткы күчтөр" деп дагы кимди айтса болот?
- Ондогон жылдардан бери башка өлкөлөрдө качып жүргөн "оппозициябыз" дегендер деле эбак тышкы күч болуп калган. Эли азап көрүп атат. Алар болсо тиякта, мамыкта. Бая күнү Тажиева деген неме: "Отунбаевага да берилиптир бул сыйлык, анда мен сыйлыкты кайра тапшырам" - деп чыкты. "Кыргыздар өзбектерди кырып атса, Кыргызстандын президентине эмне сыйлык берет?" - деген айныган түшүнүк. 90-жылы Москвадан келген КГБчылар, прокурор, тергөөчүлөр да адегенде сепаратисттердин жомокторуна ишенип, аларды колдогон, көкүткөн…
- Түпкү улут - кыргыз эли менен улуттук топтор ынтымактуу болсун десек эмне кылуу керек?
- Ар бири өз укуктарынын четин билсин. Улуттук топтор түпкү улут менен теңата болуу, тирешүү, талашуу дегендерден биротоло баш тартуу абзел. Баса, кыргыз менен ондогон улут топтору ынтымактуу, чатагы жок! Бул - бир. Экинчи улуттук топтор арбын санда чогуу жашаган жерлерде маданий автономиянын негиздери болуу мүмкүн: мектептери, маданият борборлору. Орустар, өзбектер, ж.б. топтордун маданияты сакталып атат. Үчүнчү, баардык улуттук топтордун адамдары "Кыргызстан - менин жападан жалгыз Ата Мекеним" - деп, мамлекеттик тил - кыргыз тилине дилин коюп үйрөнүү зарыл. Бийликтегилер мамлекеттик тилди түш жооруй тургандай билсин. Мисалы, А.Костюктай, А.Артыковдой. Төртүнчү, мамлекеттик баардык органдар - ЖК, Өкмөт, ЖСдан баштап айыл өкмөттөрүнө чейин кат, кагаздарынын баарын мамтилде жазууга милдеттүү. Бешинчи, ушул шарттар аткарылганда гана ынтымак, тынчтык болот. Ушул шарттардын негизинде, алтынчы, "Кыргызстандын эли" деген бирикме түптөлөт. Жетинчи, дагы бир ой - өлкөнүн ар бир адамы "кыргызстандык" деп паспортуна жаздырып, "кыргызстандыкмын!" деген сыймык сезим менен жашаганы жакшы.
Ноокатта, Ошто, Өзгөндө, Жалал-Абадда мен сүйлөшкөн өзбектер буга макул. Октябрдагы эл аралык конференциянын катышуучулары да бул ойду жактырган.
- Бул максат үчүн дагы эмнелер зарыл?
- Кыргыз тарыхын, тил, адабиятын башка тилдеги мектептерде кеөири, жогорку деңгээлде окутуу; окуу китептерин жетиштүү санда чыгаруу; мугалимдерди даярдоону күчөтүү… Жасай турган иш көп.
- Көп улуттуу башка өлклөрдө бул маселелер кандай абалда?
- АКШ курулганда эле ар кандай улут өкүлдөрү "америкалык" деп жазылган. Анан бир эл болуп ынтымак орноду. Орусиянын президенти Д.Медведев Уфада улуттар аралык маселелер боюнча кеңешме өткөрдү. "Орусиянын ар бир адамы орус тилин билүү керек"; "орус улуту Орусияда башкы, түпкү улут"; "улуттук топтор"; "баардык элдер бир улутка - орусиялык улутка айлануу зарыл" деген ойлор ачык айтылды. Орусияда фашисттик, шовинисттик, ал ачык расистик коомдук уюмдар, партиялар арбын. "Орусия - орустар үчүн!" деп айкырып жүрүшөт. Орусияны айта албайм, Кыргызстанда "кыргызстандыкмын!" дегендер азыр да башка улуттардан көп, эртеөки муундарды ушул нукта тарбияласак, ошондо келечекте бардык улут өкүлдөрү бир эл болобуз.
- Ушул мааниде Кыргызстандын идеологиясы барбы?
- Жок, бар туруп жок.
- Бул эмне деген сөз?
- Замандардын байыркы заманында кыргызды душман чилдей таркаткандан кийин Теңири Манас бабабыз кыргыздарды курап кайрадан эл кылып, өнүккөн цивилизацияга жеткирип, башка элдерди боштондукка чыгарып, каалагандарын кыргызга кошуп алган, ынтымак болгон. Демек, "Манас" эпосундагы көөнөрбөс улуу ойлор бүгүн да маанисин жоготкон жок, мамлекеттик идеологиянын өзөгү кылып алса болот. Ошондуктан биз, "Манас" киноэпопея эл аралык бирикменин өкүлдөрү, "Манас" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке бердик. Анын жанында мамлекеттик программанын долбоору да бар.
- Силердин максаты ң ар эмне?
- Биринчиси, бардык улут адамдары бир эл болсо; экинчиси, Манастан анын айланасындагы улуу башчылардан. Азыркы, кийинки жетекчилер үлгү алып. а. Ыймандуу, таза; б. Мекенчил; в. Иш билги; г. Чечкиндүү, кайраттуу касиеттерин көрсөтсө дейбиз; Үчүнчүсү, ар бир кыргыз Манастын, "Манастын" аурасында жашаса, нукура кыргыз болсо; төртүнчү, "Манас" жана башка эпос, дастандардан, кереметтүү киноэпопеялар, мультфильмдер тартылып, биздин жаштарыбыз, балдарыбыз ушул жолдо тарбияланса; бешинчи, "Манас" аркылуу дүйнө элдери кыргызды, Кыргызстанды тааныса - биз кыргыздардын генийинен жаралган чыгармаларды бүт адамзатка таркатсак деген максаттарыбыз бар.
- Бул ишке аша турган нерсеби?
- Ооба, Башка жол жок. Биз бүгүн туңгуюктабыз. Башкаларды туурап жүрүп, башчы сөрөйлөр өлкөнү талкалап отуруп ушул азаптуу күнгө туш келдик.
- Бүгүнкү башчылар Сиз айтып жаткан жакшы жолго түшө алабы?
- Айрымдары гана ушу жолдо. Көбүнөн күмөнүм бар. Түшө албаса элдин шору, өзүнүн шору. Булардын ордуна мыктылар келет.
- Мыктылар барбы?
- Бар. Элдин уучу куру эмес. Бүгүнкүлөрдүн арасында да бар. Бирок өтө аз. Шылуундар, шүмшүктөр көп. Алардын арасында айрым мыктылар көрүнбөй калып атат. Тигилер жол бербей жатат.
- Акыркы суроо: Сиз быйыл 70 жашка чыгат экенсиз. Элге, жерге кандай каалоолоруңуз бар?
- Кыргыз деген ыйык атты ар бир кыргыз өз иши, өз мээнети менен даңазаласа дейм. Жогоруда айтылгандар ишке ашып, өлкөдө тынчтык, өсүү өкүм сүрсө дейм. "Кен байлыктардын керемети эл үчүн" деген саясат жүрсө, жер жайнаган түшүм болсо, эл байыса деп тилейм.
- Мамлекеттик сыйлыктарыңыз көппү?
- 41 жыл мурда ЖКнын ардак баракчасын алгам. Ошол гана.
Маектешкен
Алмаз Темирбек уулу