Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Penwell" деп айтсак
"Рейман" деп билебиз
5-апрелде МегаКомдун тегерегиндеги чатактуу абалды иликтөө боюнча иш тобунун жыйынтыктары маалымдалып, бир топ нерселер жарыкка чыкты. Биринчиден, "БиМоКоМ" ЖЧКсынын мүлкүн 2009-жылы ээлеп алган "Альфа Телеком" уюшкандан тартып, ушу күнгө чейин Максим Бакиевдин көзөмөлүндө болуп келген. Экинчиден, уюлдук оператордун мүлкүнө ээ болууга эки талапкер аныкталды - Penwell Business Limited ("питердик связисттер") жана эл аралык инвестициялык холдингдин бөлүмү Serpeus Inc (2008-жылы уюлдук оператордун акциялардын баш пакетин сатып алгандар).
Үчүнчүдөн, андан аркы иш-аракеттердин сценарийи түшүнүктүү болду: мамлекет "Альфа Телеком" Жабык акционердик коомунун 100% акцияларын конфискациялап (буга чейин улутташтыруу каралып жаткан), мүлккө ээ болуу маселесин чечүүнү толугу менен сотко ыйгарат. Бирок жыйынтык кимдин кызыкчылыгына болбосун, иш тобу өкмөткө мыйзамдуу менчик ээси менен кошумча инвестициялык макулдашуу түзүүнү сунуштайт.
Мындай жагдай МегаКомго доосун баарынан катуу коюп жаткан Penwell Business Limited тарабына жагары күмөн. Соттук таймашта алардын позициялары баарынан начар. 2007-жылы ошо кездеги өнөктөшү Максим Бакиев менен кошумча макулдашуусун аткарбай коюп, МегаКомдогу үлүшүнөн кол жууп калышкан.
Тактык киргизип алалы: Леонид Рейман - РФ мурдакы байланыш министри, президенттин экс-кеңешчиси, "Связь-банк", "Мегафон" жана "Скайлинк" уюлдук операторлору, "Межрегиональный транзиттелеком" (МТТ) шаар аралык байланыш оператору жана бир катар кичирээк активдер кирген ири империянын (кайра эле мурунку) ээси. Ушул бүт чарбаны Реймандын кызыкчылыгында "питердик связисттер" деп аталган топ башкарган. 2008-жылы "питердик связисттер" Eventis Telecom Holdings сатып алып, аны КМШ өлкөлөрүнө экспансияга аттандырышкан.
Реймандын "экс" категориясына кирип калышына анын "оффшорлорго" - накталай каражаттарды чыгарууга (обналичивание) болгон ашыгуусу себеп. 2007-жылдын ноябрь айында британиялык Виргиния аралдарынын (BVI) прокуратурасы бермудалык IPOC фондунун ишкердүүлүгү иликтөөдө АКШнын юстиция министрлигинен жардам сураган. Ал фонд министр "приватташтырган" жогоруда аталган активдерди чогулткан. IPOC россиялык министр Реймандын көзөмөлү менен "кылмыш жолу" менен табылган кирешелердин "ширмасы" катары колдонулган фонд экенине шек жараткан. BVI башкы прокурорунун каты прессага жайылып кеткен. 2006-жылдын май айында Цюрихтин арбитраж соту Байланыш министри МТС "Телеком XXI" компаниясын сатып алуудан "финансылык киреше" алган жана IPOC фондунун бенефициарийи деп табылган. Мындай жагдайда Реймандын чиновник катары карьерасынын урап баштап анын "империясы" кулаган. 2008-жылы министрдик креслодон ажырап, 2010-жылы Дмитрий Медведев кеңешчи ордунан кетирген.
Сүрөттөлгөн окуяларда "питердик связисттер" станында нааразычылык менен чагымчылдык алып келди. Команданын жарымы Реймандын душмандарына өтүп, мурунку императорду "кулакка тартууга" активдүү катышкан. Башкалары абалдын курчушун байкап туруп, жеке ишкердүүлүккө жол таап кетишкен. Сокку жеген чиновник менен кайгысын тең тартууга аз гана киши макул болгон. Бирок ошол калган бир ууч жакындары менен министрлик кезден калган "май запастары" маал-маалы менен күч көрсөтүп туруу үчүн Рейманга толук жетиштүү.
Юридикалык кемчиликтерин түшүнгөн күчтөр "Кремлдин колдоосуна" таянгандай түр көрсөтүп, бул конфликтке саясый боек сүртүүгө аракет жасады. Алар Кыргызстандагы россиячыл маанайдагы саясый элита "улуу байкенин" эркине каршы чыкпайт деп болжолдошкон. Бул планда орус инвесторлорунун жападан-жалгыз жеңиши болду. Ал Россия мамдумасынын КМШ чөлкөмү боюнча комитетинин төрагасы Алексей Островский (ЛДПР) менен эл аралык мамилелер боюнча комитеттин мүчөсү Семен Богдасаровдун ("Справедливая Россия") биздин өлкөгө жасаган сапары болду. Визиттин жыйынтыгында экөө тең "россиялык инвесторлордун" укугун коргоо боюнча билдирүү таратышты.
"Кремлдин узун колу" начар даярдалган "липа" экени байкалат. Орус бийлиги оозеки түрүндө дагы, ММК аркылуу дагы МегаКом маселесине болгон кызыкчылыгы тууралуу билдирүү тараткан жок жана мындай кызыкчылык болушу да мүмкүн эмес.
УК Финам менеджмент аналитиги Анна Зайцеванын пикиринде, орус бийлиги мүмкүнчүлүгү жетишинче Кыргызстанга кысым көрсөтүшү арсар. Себеби Россиянын биргелешкен башка долбоорлорду аягына чыгаруу кызыкчылыгы жогору. Расмий Москванын бул маселеде реакциясы катары РФ тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасиндин "КР жана РФ ортосундагы экономикалык өнүгүүнү жакшыртуу жаатында региондор аралык кызматташуу" форумундагы билдирүүсүн айтсак болот. Депутаттардан айырмаланып, Карасин мырза "россиялык инвесторлор" тууралуу "лам" деп да ооз ачпады. Болгону президент Роза Отунбаева тарабынан түзүлгөн комиссия МегаКом маселесин тыкыр иликтеп, оңгулуктуу чечим кабыл аларына ишенерин билдирди. Мындан Огнянниковдун/Рейман группасы алдыдагы сот процессинде "кремль огунан" колдоо таппастыгын түшүнсөк болот. Тескеринче, куугунтуктагы олигархтын позициялары күчөсө, ансыз да оңой эмес болуп жаткан эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге казык кагылмакчы.
Айдарбек Айтикеев





Эгемендүүлүккө ээ болдук, бирок эмнеге башкалардын этегине намаз окуйбуз?
Элдин жеңиши эмнеге курмандыкка чалынды?
Үй-бүлөлүк жана кландык башкарууга каршы күрөштө элибиз өздөрүнүн биримдигин, кажыбас кайратын жана туруктуулугун көргөздү. Эски бийлик кулатылды, ошол эле учурда калкыбыздын бул чоң жеңишине оппозициянын кошкон салымын да четке кагуу мүмкүн эмес. Ошондой эле бул бийликти кан төкпөй ишке ашырууга болот беле? - деген суроо көкүрөктү өйүп келет. Ооба, буга мүмкүнчүлүк да, шарт да бар болчу, бирок кыргыз оппозициясынын коркоктугу жана жалтактыгы К.Бакиевдин үй-бүлөлүк жана кландык бийлигин толук орнотууга шарт түзүп берген эле.
Оппозиция 2006-жылы "бир муштумга" биригиши бийликти титиретип турду. Ошентсе да мамлекеттин жоопкерчилигин мойнуна алганга эч кими батынган жок. Алар "мандемдүү тандемде" премьер-министр болгон Ф.Куловго "ишеним" көргөзүшкөн. Тилекке каршы, бул үмүт акталган жок. Кызматта түбөлүктүүлүк болбосун унутуп койгон генерал тил эмизгенден башка чечкиндүү чечимге келе алган эмес, ушундан пайдаланган К.Бакиев бүтүндөй күч структураларын "өзүнө менчиктеп", "өз командасына" башчы кылып бир тууганы Жаныш Бакиевди жайгаштырууга жетишти. Болгондо да аны премьер-министр Ф.Куловдун "сунушу" аркылуу ишке ашырды.
Өлкөдө тирешүү өз апогейине жетти. Элдин күчтүү колдоосуна ээ болгон оппозиция коомдук түзүлүштү өзгөртүүгө чоң кудуретке ээ болгон. Ошол учурда К.Бакиевге Ф.Куловдун кереги болбой калды да, "тандемдешин" тарых таштандысы катары ыргытып салды. Бийлик кумары ошондо гана Ф.Куловду кыймылга келтирип, оппозицияга баш калкалады. Дагы эле ага элдин ишеними бар эле. Кайрадан К.Бакиев "ээрден" кыйшая баштаган, элдин толкундоосун күч менен баса албасын билип, ошол кезде оппозиция тараптан сунушталган "Жаңы Конституция" Жогорку Кеңеш тарабынан көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. Аттиң, "жеңишке жетүү оңой, аны сактап калуу кыйын чыгып, оппозиция өзүн-өзү "өлүмгө өкүм чыгарып" берген. Алардын ыркы кеткенин К.Бакиев билгичтик менен пайдаланып, үч айдын аралыгында өзүнө пайдалуу болгон бөлөк Конституцияны киргизүүгө жетишкен болчу. Буга ошол кездеги оппозиция лидерлеринин күнөөсү бар экендигин дагы бир ирет коркпой айтсак болот.

Оппозициядагылар бийликтегилер менен үзөңгүлөшпү?
Элибизде: "Кеп чынынан бузулбайт" - деген акылман сөз бар. Кыргыз оппозициясынын лидерлеринин таржымалдарына таянсак, алардын көбү "бийликке таарынган периштелер" болуп саналышат. Азыркы бийликтин ар кыл "мыйзамсыз иш-аракеттеринин бетин ачабыз" - дешип ач айкырык, куу сүрөөн салгандар да мына ушул типтеги "каармандар" десек күнөө болбос. Алып көрөлү, элибиз эгемендүүлүккө ээ болгондон бери көпчүлүк зор ишеним жүктөгөн "Ата Мекен" партиясынын лидерлерине саресеп салып көрөлү. Алардын акаевчилерге, бакиевчилерге "каршы күрөшү" жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүнбү, же майлуу-сүттүү орундардан ажырагандан кийинки ич күптүүлүктүн таасириби, ар ким өз алдынча ойлонуп, териштирип алар. Менин алдыдагы милдетим - бар болгону жалпыга белгилүү айрым ньюанстарды гана эске салып, "биздин ким элек, ким болгонубузду" калкыбыздын таразасынан, сынынан өткөрүү болуп отурат. Ошондой эле эртеби-кечпи патриялардын лидерлеринин саясий бейнесин ачып берүүгө алгачкы камылга экендигин белгилеп кетейин.
Эски бийлик кулатылган менен партиялардын жадатма ырлары эски бойдон калды. Алардын жаңы ыры жана обондору жаралган жок, бирок плагиатордук "көчүрмөлөр" алардын "жаңы чыгармачылык" ишмердүүлүгү катары саналып келет. Алгач "Ата Мекен" партиясынын лидерлери тууралуу кеп козгоп көрөлү. Азыркы учурда алардын ичинен калкка таанымал болгондор Ө.Текебаев, Ө.Абдрахманов, Р.Жээнбеков жана учурдагы ызы-чуулардын нукура ээсине айланган К.Байболов "Ата Мекен" партиясынын көзгө басар көзүрлөрү болуп келишкен. Алар акаевчил, бакиевчил бийликке каршы күрөшкө чыгышкандар катары калкыбызга таанымал болсо да, көшөгөнүн көмүскөсүндө ошол бийлик менен үзөңгүлөш жана өнөктөш болгондой таасир калтырат. Буга өзүбүздүн айрым учкай аргументтерибизди келтирип көрөлү.

Партиялар - мансапка жетүүнүн ишенимдүү жолу
"Ата Мекен" партиясынын негиздөөчүсү Ө.Текебаев эгемендүүлүккө ээ болгонго чейин элге белгисиз, айылдагы катардагы физика мугалими болуп келгенин айта кетели. Ар бир адамдын "жылдызы жанган" бир учуру келет көрүнбөйбү, кокусунан физик-окумуштуу А.Акаевдин мамлекет башчылыгына келиши айрым физик, математиктердин бактысын ачкан сыяктанат. Ошол мезгилде премьер-министрден тарта айыл өкмөтүнө чейин көпчүлүк жерде физик-математиктер жооптуу кызматтарга көтөрүлүп, өлкөбүздө технократиялык бийлик үстөмдүгү орногон. Алардын катарында облустук деңгээлдеги кадрлардын катарына Ө.Текебаевдин киргендигин бул адам танбас. Дээринде бар Өмүкең тез арада түрдүү саясий-шоу оюндарын математикалык тактыкта эсептеп чыккан көрүнөт, тез арада кызматка гана көтөрүлбөстөн, Жогорку Кеңешке депутаттыкка чейин жетип, ошол мезгилде өз партиясын да түптөөгө жетишкен. Бул жактан карасак, мансапка жетүүнүн ишенимдүү жолу ошол учурда партия түзүү болгон көрүнөт...
(Уландысы бар)
Эртабылды Аттокуров