Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Нуржан Кудайбергенова,
7-апрелде курман болгон Бекболсун Сатыбалдиевдин жубайы:
"Мен өлсөм да, сен
калып балдарды бак..."
Ала-Тоо койнун титиреткен каргашалуу 7-апрелде шейит кеткен баатырларды алардын жакындары менен биргеликте эскерип турууну уланта бермекчибиз. Деги эле, маркумдарды эстутумга салып, алардын арбагына багыштап куран окуп туруу мусулманчылыктын парзы эмеспи. Убагы келгенде гезит бетине жарык көргөн эскерүүлөр китеп болуп басыла тургандыгын дагы баса белгилей кетели. Бүгүн биз кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн өз өмүрүн Бакиевдердин мөндүрдөй жааган огуна тосуп, 49 жаш курагында курман болгон Бекболсун Сатыбалдиевди эскерүү ниетинде маркумдун жубайы Нуржан Кудайбергенованы маекке тарттык. Белгилей кетчү нерсе, Бекболсун Сатыбалдиев менен өткөн саныбызда жазган Жылдызбек Огомбаев бир короодо кошуна жашаган. Экөө тең 7-апрелде курман болуп, бир күнү жерге берилген…

- Нуржан эже, сөз башын жолдошуңуздун өмүр баянынан баштасаңыз…
- Бекболсун 1961-жылы Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылында карапайым адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөдө 8 бир тууган. 3 эркек 5 кыз, уулдардын улуусу болчу. Экөөбүз 1984-жылы баш кошуп, 26 жыл бирге түнүн булаттык. 2 уул 1 кызым бар. Жолдошум өмүр бою СМУ ишканасында жумушчу болуп иштеп келди. Жумуш дегенде ичкен ашын жерге койгон, кесибин сүйгөн адам болчу. Жада калса алган айлыгына да кайыл болуп иштеп жүрө берээр эле. Кыргызстанда жолдошум кыдырбаган жер калган жок. Ишкананын жетекчилиги кайда айдаса, ошол жакка кете берчү. Ишканада сенден башка адам жокпу, дайыма эле атка жеңил тайга чак болуп сен жөнөйсүң деп урушуп калчумун. 7-апрелге жакын ооруп турганына карабай ишине байланыштуу Жумгалга барып келди. Жолдошум менен бирге иштегендер ишкананын аркасы менен биз жетпеген байлыкка жетишти. Балдар чоңойду, куда сөөк күтчү мезгил келди, жок дегенде үйүбүздүн ичи-тышын оңдоп алалы, сен деле элге окшоп ишканадан бир нерсе өөнөбөйсүңбү десем, "кереги жок, эмне кыласың"- деп урушуп койчу. Башкаларчылап улунуп-жулунгандан алыс болчу. Эгер элдин баары менин жолдошумдай таза иштегенде Кыргызстан эчак эле гүлдөп өнүкмөк.
- Үйдө кандай ата эле?
- Байлыкка кызыкпаса дагы үй-бүлөсүн ачка калтырбай, элден кем кылбай эл катары багып келди. Өзү билим албай калгандыктанбы, айтор, балдарынын билимине өзгөчө басым койчу. Үчөөнү тең жогорку окуу жайынан окуттук. Улуу балам Мирлан Кыргыз техникалык университетин аяктаган. Экинчи уулум Нурлан менен кызым Нургүл Ички иштер министрлигинин алдындагы Эргеш Алиев атындагы академияда 4-курста окушат. Жолдошумдун каза болушуна уулум Нурландын окуусу себеп болду. Уулум Москвадан окуйм дегенде жаныман алыс чыгаргым келбей, бул жактан эле окуйсуң деп аталган академияга тапшыртып койгом. Эгер ошондо Москвадан окутуп койгондо жолдошуман айрылмак эместирмин деп өкүнөм.
- Уулуңуз кандайча себеп болгон, кененирээк айтып берсеңиз?
- Каргашалуу 7-апрель күнү күндөгүдөй эле уулум окуусуна, жолдошум жумушуна кеткен. Түшкү саат 1лерде жолдошум телефон чалып: "Нурландын кийимдерин даярдап тур, мен азыр барам, формачан жүргөн немени эл соо койбойт, жөнөкөй кийимдерин алып барып бербесем болбойт"- деди. Ошентип, жолдошум үйгө келип, уулумдун кийимдерин алып, аянтка кетти. Көп өтпөй эле уулум телефон чалып: "Бизди Ак үйдүн ичине алып кирип кетти, атам келбей эле койсун, кийимдин деле кереги жок"- дегенинен жолдошума чалсам, телефону өчүк экен. Аңгыча эле кошунабыз Жылдызбек Огомбаевге ок тийип каза болуптур деген суук кабарды уктук. Ошондон эле, жүрөгүм дүкүлдөп корко баштадым. Бир маалда кызым "атама да ок тийиптир"- деп калды. Уккан кулагыма ишенген жокмун. Чын айтчы! Ок тийиптирби? - десем, - Ооба, - деп кызым бышактап ыйлап жиберди. Сиңдиме чалсам, "Ок тийбей эле турат, кабатыр болбоңуз"- деп койгон. Көрсө, жолдошум ок атышуу болуп атканда уулуна кийимдерин берем деп Ак үйдү тегеренип жүрө бериптир. Болгон окуяны кийин жанында жүргөн Баян деген бала айтып берди. Анын айтымында, Фрунзе менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде турганда Бакиевдер Ак үйдөн брондолгон үч автоунаа менен качып чыгышыптыр. Алдыңкы автоунаадагы бет капчан киши терезеден башын чыгарып, эшиктин оозунда турган кишинин баарын автомат менен чайкаган экен. Ошондо менин жолдошума ок тийиптир. Жанында турган Баянга машинесинин ачкычын берип, мени ооруканага жеткир дептир. Ал военный госпиталга алпарып жаткырыптыр. Мен барсам жолдошум өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатыптыр. Ошентип, кечки саат 10до жарык дүйнө менен кош айтышты. Тирүүсүндө бирге болду, тиги дүйнөдө да бирге болсун деп сөөгүн кошунабыз маркум Жылдызбек байкенин жанына жашырдык. Жолдошум уулдарынан да кызын аябай жакшы көрөөр эле. Басса-турса кызын эркелетип турчу. Өткөндө кызым атасынын сүрөтүнүн алдына чөк түшүп отуруп алып буркурап ыйлап баарыбызды кайгыга салды. Балдарым болсо ичинен сызып, мага көз жашын билгизбегенге аракет кылышат. Үй-бүлөдө атанын орду теңдешсиз тура. "Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык" деген учкул сөз бекеринен айтылбаптыр. Ойлосом, аялды аял кылган эркек болот экен. Кыскасы, жолдошумдан айрылганы көп нерсени байкадым. Уулубузду үйлөнтсөк, 50 жылдык мааракебизди өткөрсөк деген экөөбүздүн алдыга кайгон асыл максаттарыбыз бар болчу, ошол максаттарыбызга жетпей калдык. Жок дегенде келин алып, келиндин колунан чай ичип кетсе эмне, кудай аны ага жеткирбеди. Жолдошумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
- "Эненин жүрөгү сезет" - деп коюшат эмеспи, жамандык болорун сездиңиз беле?
- Акыркы эки жылда жаман түштөрдү көрүп, чочуп ойгонуп, алдыда жамандык күтүп тургансып өзүмдү жаман сезип калгам. Бирок купуя сыр кылып ичиме сактап эч кимге айтчу эмесмин. Мен эле эмес, акыркы кездерде жолдошум деле сезип калганбы деп ойлойм. Бир жолу автоунаасынын алдына отурайын десем, "артка отур, кокус кырсык болсо экөөбүз тең кетип калабыз, мен өлсөм да сен калып балдарды бак"- деген сөзү азыркыга чейин кулагымда. Ушундан улам, өлөрүндө адамдын жаны учуп кетет деген сөзгө да ынанып калдым.
- 7-апрель боюнча сот иштери уланып жатат. Деги эле адилеттүү өкүм чыгарына ишенесизби?
- Президентибиз Роза Отунбаева, премьер-министрибиз Алмаз Атамбаев, жаңы дайындалган Башкы прокурор Аида Салянова адилеттүү өкүм чыгарып, күнөөлүүлөрдү жазага тартат деген үмүтүм чоң. Болбосо, эмне кылабыз, Бакиевдерди кудайга койдук, кудай жазаласын. Биздей болуп алар да сыздап калышсын!
Маектешкен
Мирлан Алымбаев