Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Асыкбек ОМОРОВ
УЛУУ ЭМИР ТИМУРДУН ИМПЕРИЯСЫ
...Хан Токтомуш саясий жактан жетиле элек болгону менен, башында Темирланга аябай берилген адам катары эсептелген.
Токтомуш бара-бара өз ээлигин чоңойтуп отуруп, 1380-Маймыл жылынын экинчи жарымында Алтын Ордону Мавераннахрдан да күчтүү мамлекетке жеткирет. Ошол учурдан тарта Токтомуш Темирланга көз каранды эмес хан катары сезип, ошого жараша мамиле күтөт. Эки ынак башкаруучулардын ортосундагы мамиле ошентип 1383-Каман жылынан баштап курчуй баштайт. Геосаясаттагы күчөгөн атаандаштык, чечүүнү талап кылган маселелер каршылыкты ого бетер күчөткөн. Токтомуш империянын түштүк чек арасындагы коопсуздук маселелерин өзүнө ыңгайлуу шартта чечип алышы керек болчу. Бул үчүн Токтомуш Хорезм менен саясий-аскердик ымалага жетиши керек эле. Бирок анын мындай иш-аракети Темирланга такыр жаккан эмес. Токтомуштун мындай саясаты өзүңдү чоңойтуп, өмүрүңдү сактап калган адамдын башын аттап, жакшылыгын унутуп, ал тургай Темирланды кандуу кармашка чакырган кыйыр белгиси эле.
1385-Уй жылында Улуу Эмир Темирлан өз аскерлери менен Азербайжанга жортуулга чыгат. Максат - бул согуштук жүрүшкө Токтомуш кандай көз карашта болот, ошону текшериш керек болчу.
Темирлан биринчи эле согуштук беттешүүдө Азербайжанды оңой жеңип алат. Бирок бүт Азербайжан аймагы баш ийди деген бүтүмгө келиш эрте болчу. Токтомуш өзүнүн мурунку пири болгон, эки жолу өлүмдөн аман сактап калган, бийликке келгичекти мурун чын ыкластан сүйгөн адамы Темирланды сыноо жана ага армиянын күчүн даңаза кылыш үчүн Алтын Ордодон 90 миң аскерди Азербайжанга жиберет.
Токтомуштун армиясы Москваны басып алгандай ыкма менен адегенде Миранда жана Нахичеван шаарларын талкалайт да, кайра түндүктү көздөй жылып кетет. Темирлан Токтомуштун аскердик күч-кубатынын оңой эместигин баамдайт.
1386-Жолборс жылында Алтын Ордо менен Улуу эмирдин империясынын ортосунда тынчтык келишими түзүлөт.
Токтомуш ошону менен тынчып калбастан Азербайжанга кайрадан кол салуу жөнүндө ойлонгон. Темирлан анын оюн алдын ала билип Азербайжандын түштүк жагына аскер бөлүктөрүн жайгаштырат. Ошол эле учурда өзүнүн эмирлерин бир топ жоокер менен Токтомушка аны сынамак үчүн жиберет. Эмирлер Курудан өткөндө Токтомуштун аскери аларга кол салып, араң качып кутулушат. Темирлан ошол замат Куру шаарын көздөй баласы Мироншахты баш кылып көп сандаган аскер жиберген. Каршылашкан тараптар кызыл-жаян кармашка киришет. Токтомуш жеңилип калат. Темирлан ошого карабастан өзүн кечиримдүү, боорукер адам катары көрсөтүп, "буга чейинки болгондорду унутушалы, тынчтыкта жашайлы" деп Токтомушка киши жиберет. Согушта жеңилип ичи күйүп турган Токтомуш Темирландын сунушун кемсинтүү катары кабыл алып, макул болбой, Эдил дайрасынын жээгин жердеген көчмөн кыпчактардан күчтүү кол топтой баштайт.
Токтомушту Токтомуш кылган учурунда Темирлан эле, эми бийликке келип өзүнчө империя түзгөндөн, "итке сөөк ыргытсаң, өзүңдү кабат" болуп, кайра касташып, кармашып отурганы улуу эмирдин ичин өрттөп чок кылат.
Негизги адамды байлык жана бийлик берип сынайт дейт эмеспи. Байлык менен бийликтен башы айланбаган башкаруучу дүйнө жүзүндө бир гана Чынгызхан болгон. Чынгызхан башка мамлекеттерди басып алганда колго түшкөн олжо байлыктан жетим-жесирлерге биринчи таратып берип, калган байлыкты Монголиянын биринчи борбору - Аваргага алып кетчү.
Чынгызхандан берки 200 жылдын тегерегинде көчмөн элдерде ар кандай башкаруучулар болуп келди, бирок Токтомуштай эки жүздүү, бийликке манчыркап, адамдын жакшылыгын унутуп койгон журт башы болгон эмес. Темирлан Токтомушту акылына келтирүү үчүн көп аракеттерди жасады, бирок акыры жүрүп экөөнүн ортосундагы ырбаган мамиле 1387-Коён жылында чоң согушка айланды.
Токтомуш ошол кезде Темирландын Түндүк-Чыгыштагы негизги душманы Камар ад-Дин менен келишим түзөт. Алардын жакындашы Темирлан үчүн коркунуч туудурган. Темирлан кезегинде Камар ад-Дин менен 10 жылдан ашык согушкан. Токтомуштун мындай кадамга барышы Темирлан үчүн керек болсо келечекте Орто Азиядан кол жууп калуу деген саясат менен барабар эле. Токтомуш Орто Азиянын түндүк жагынан Түркестан аймагы аркылуу Мавераннахр аймагына жыла баштайт. Ал эми Темирлан Грузия аймагын басып алат. Дарьял өзөнүндө өзүнчө согуштук база ачат.
Темирландын Өмөршейх деген баласы Токтомушту Орто Азия аймагына киргизбөө максатында жолун тосуп чыгат, бирок жоо тараптагы көп колду көрүп, кайра Анжианга чегинип кеткен. Токтомуштун армиясы Өмөршейхтин колун толук багынтканга күчү келген эмес. Анткен менен, ал элдин мал-мүлкүн тоноп, Бухара, Самаркан шаарларын курчоого алган. Ошол убакта Темирлан 30 миң аскерин Самаркан шаарына өзү баштап барат. Токтомуштун армиясы ошол замат чегинүүгө өтөт. Үргөнч шаары кайрадан Темирландын колуна өтөт. Үргөнчтүн жашоочуларына Темирлан Самаркан шаарын көчүп кеткиле деп буйрук берет. Ошол окуядан кийин Үргөнч мурункудай таасирлүү абалын жоготуп, саясий мааниге ээ болбогон ээн шаар болуп калган.
1389-Жылан жылындагы болгон бул согушта Токтомуш жеңилип калган. Ошентип, Темирланга каршы Токтомуш үч жылга жакын согушуп, акыры жеңилип тынды. Ошол мезгилден тарта Алтын Ордо саясий жагынан алсырап, Сыганак чебинен баштап Сыр дарыяны бойлото ээлик кылган аймактарынан биротоло ажыраган.
1391-Кой жылында Темирлан Сыр дарыянын боюнда келечектеги согуш...





Баратбай АРАКЕЕВ
МЕНТ
(Повесть)
Урматтуу окурман, тээ илгертен эле милициянын иши өтө кыйын, опурталдуу эле, бүгүнкү күнү кылмыш күчөп, ошол опурталдуулугу эки эселенип тур. "Милийса андай, милийса мындай…" дегенибиз менен, аларсыз күндү элестетип көр, бирөөнө жем болмокпуз, болбосо, бири-бирибизди туздабай эле жеп коймокпуз. Алган айлыгы кыкка турбай, курсагы нанга тойбой турса да карапайым элин коргогон, азыркы бийликке аргасыз кызмат кылган не бир азамат милийсаларыбыз бар. Ушул повесть ошондой азамат милийсаларга арналат. Бар болгула! Журтуңар силер менен!
Автор.

Бул майорду жакшы билгендер да аны атынан айтпай "майор Машаев" дешет. Чинине фамилиясы уйкашкандай капитан кезинде деле, капитан боло электе деле Машаев дешчү… Эми болсо "майор Машаев" болуп ырас уйкашат. Майорунан жогорулап кетсе, ким билди…
Кызык, ушул азыр милийсада тың иштегендердин көбү дебейли, тең жарымы мурун сууга сийген тентек, бейадеп балдар болушкан. Нечен жолу чийинден чыгып, кийин милийсага кирип кетип, ажерде жан-дилин берип иштеп, ууру-кескилердин түшүнө кирип жүргөндөр да ошолор... Кыздын баласындай же кыздын өзүндөй чоюлгандардан эч качан эр жүрөк, мыкты милийса чыкпайт, чыкса чыгаар - алды кагаз жазып, кабинеттен чыкпачу орундарда иштешет…
Майор Машаев суукуйду тентек өскөн неме эле, айылдыктар эле эмес, өз эне-атасы да "каапыр, чоңойсоң башың түрмөдөн чыкпайт го" дешчү. Мектепте экенинде чуусу жок күнү жок эле. Же бир баланын мурдун канатат, же тентек кылып, агайларынан кежигеге жейт. Бирөөнүн алмасына кирет, аркандалып турган эшек же музоолорду бошотуп жиберет, жиптин башына жүгөрү байлап, каздарга сугунтуп, "аркандап" коет… айтор, кылбаганы жок. Олбурлуу атасы күрөктөй колу менен жаткыза-жаткыза чабат, энеси үбөлүк, шыпыргы, чөмүч, калак… колуна тийгени менен чабат. Соккондору ошол жерде калып, аз өтпөй дагы бир нерсенин үстүнөн чыгат. Машаев дегенди укканда агай-эжейлер да зыркырайт. Күндө болбосо да, күн аттап анын үйүнө келип турушат.
Бир жолу дагы бир кылыгы үчүн бир жума төшөктө жатканы бар. Мектептен келип, ошондо алтынчы класста окуса керек эле, айран менен нан жеп, ойногону кетип баратса айылда бир кулжуңдаган молдо бар эле, ошол эшегине өпөйө минип кетип баратат. Машаев аны жаман көрчү. Артынан ээрчий басып, жерден бир талдын бутагын алып, эшекти көчүккө сайып калды. Балакет мындай болорбу, эшек аткан октой кетип, мөңкүп-мөңкүп алды эле молдоке топ этип жерге кулады. Чаңга оонап, турбай калган немени жыргай күлүп кашаага жашына карап турган неме далайга кыймылсыз жаткан молдону өлүп калдыбы деп ойлогон бала чуркай жетип өйдө көтөрмөй болду:
- Молдоке, туруңуз. Мен жөн эле. Экинчи антпейм.
- Кудайдын кусуру урган жубарымбек. Мына сага.-Молдоке таягын ала жыгылган экен, өйдө болуп баратып баланы жон талаштыра уруп калды. Андайдын далайын көргөн бала кебелип да койгон жок, артка чегине берди. Молдо эмне болуп кеткенин билген эмес, Машаев өзү айтып турбайбы "экинчи антпейм" деп.
Молдо түз эле Машаевдин үйүнө барды. Уулу эшекти үркүтүп жибергенин, жыгылып, аз жерден өлүп кала жаздаганын айтты эле огородунда тырмалап жүргөн баланын атасы молдокеден кечирим сурап, уулун издеп чыкты. Көчө-көчө издеп таппай жини кайнап, үйүнөн күттү. Тээ каш карайганда оюнга тойбогон уулу үйүнө келди.
- Эй, айбан, молдокени эмне кылдың эле?!
Бала окуяны небак унутуп койгон. Жүрөгү болк этти:
- Эчтеке…
- Эмне кылдың эле дейм?!
Эми бала калп айта албайт эле:
- Эшегинин көчүгүнө… -деп каадасынча колу менен башын тосту, согоорун билет.
Колу жардам берген жок. Атасынын колу дал төбөгө тийди эле эбелектей учуп, үйдүн дубалына жабыша түштү. Башы менен тийиптир. Кан жая берди. Атасы коркуп кетип бүк түшкөн немени көтөрө калып, үйгө алып кирди. Үйдөгү энеси канжалаган уулун көрүп, өң-алеттен кете чыркырап жиберди:
- Э, кокуй, эмне балээ болду, кокуй күн ай?! Берекем эмне болду, ыя? Кокуй?!
Азга эси оой түшүп кайра эсине келген буркураган бала энесине жооп берип атпайбы:
- Жыгылып кеттим, ыйлабачы…
Ата-эне уулунун башын марганцовка менен жууп, жарага сүйкөп, дарыдан шыбап, бинт менен таңып жаткырышты. Ошол түнү анын эти ысып, таң агарганча чабалактап чыкты. Ата-энеси жанынан кетишкен жок. Башы жарылып, анын үстүнө коркуп да калса керек. Туура бир жума мектебине барган жок. "Колум сынып калсачы? Экинчи сабасам ит болоюн" деп өз ичинен сан ирет кайталаган атасында жан жок. Анткен менен жети баланын кенжеси - көкүрөк күчүгүн аябай жакшы көрчү.
Бала да, ата да бир ай өткөндөн кийин ал окуяны унутуп, бири таяк жеп, экинчисинин таяктаганы уланып кетти…
Мектепти бүткөндө агай-эжейлери Машаевден кутулганына түлөө өткөрбөсө да, бир балээден кутулгандай сүйүнүшүп турушту. Классташтарынын көбү окууга тапшырабыз деп борборго кеткенде, окуу оюнда жок Машаев колхоздун курулушчуларына кошулуп иштеп кетти. Келерки жылы аскерге алынып, бала башына жараша десант аскерлерине алынды. Шоктугу калмакпы, баргандан бир жума өтпөй карантин дегенинде жүрүп сержанттардан өпкө-боору эзилгенче токмок жеди.
Бир Ефимов деген чектен чыккан сержант бар эле. Бөтөнчө мусулман улутундагыларды "чурка"деп азабын колуна берчү. Ошол бир ирет катарга кечибирээк тизилген Машаевди "чурка" деп сөгүп, көчүккө тээп калбайбы. Машаев токтогон жок, аны көмөлөтө сокту. Ошондо төрт-беш сержант бу чээнден чыккан немени бактын далдаасына сүйрөп барышып, кычуулары канганча ийлешти. Анткен менен бетине тийишкен жок. Анан дегдеңдете жетелеп катарга тургузушту. Ошондон соң Машаев алардан дагы үч-төрт курдай таяк жеп, акыры тигилер да тынчып, өзү да чочугансып калды.
Карантини бүтүп, старик солдаттардын катарында жашай баштаганда жарым жылдай башынан токмок кетпеди. Бара-бара ал жерден да көптү чочуткан Машаев болуп чыга келди. Белгилүү эмеспи - десант аскерлери жан алгычтай мушташат, чыдамкай болушат. Машаев өз бөлүгүнүн чыгаан солдаттарынан болуп турганда кызмат мөөнөтү бүтүп, бети да, эти да тырыктарга толуп айылына кайтты…