Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"MegaCom" -
уйкусу бузулгандар,
азуусун айга жаныгандар

Жалпыга маалым болгондой, акыркы айларда "Альфа Телеком", же болбосо элге "MegaCom" деп таанылган компаниянын тегерегинде көптөгөн талаш-тартыштар болуп, чуунун аягы Чубактын кунундай эле чулгоосу чубалды. Алардын арасында чындыкка коошпогон маалыматтар да жок эмес. Мамлекет тарабынан шайланган жетекчилерди "MegaCom" компаниясын басып алды" деген маалыматтар тараган. Мындай маалыматтарды компаниянын мурдагы жетекчилери таратып, алар элге мамлекет жетекчилигин жаман көрсөтүү аракетин жасап аткандыгы гезит беттерине кенен жарыялап, айтып атып, ооз тешилгени калды. Эскертсек, аталган компаниянын 49 пайыз акциясы өткөн жылы 7-апрелден кийин мамлекеттин карамагына өтүп, Мамлекеттик мүлк министрлигине катталган. Ал эми калган 51 пайыз акциясын 2010-жылдын 5-октябрынан тартып Башкы прокуратуранын чечими менен Мамлекеттик мүлк министрлигине убактылуу кароого берилген. Бүгүнкү күнгө чейин ал 51 пайыз акция кимдир бирөөгө таандык экени тууралуу сот чечим чыгара элек. Бирок прокуратуранын мындай чечимине карабастан, мамлекетти четке түртүп, компаниянын ишине кийлигишип, өз кызыкчылыгын алдыга оздургандар да бар экени айтылууда. Чоңдор биринин кебин бири уккусу келбей, өз ара нааразычылыктарын коомчулукка билдирип, биринин айыбын бири чукуп олтурганда орус инвесторлор келе калып, мамлекетке катталган "MegaCom" компаниясын басып алууга аракет кылышты. Ал эми Башкы прокуратура орус инвесторлорунун эч кандай күнөөсү жок экенин айтып, каржы полициясы тарабынан козголгон кылмыш ишин негизсиз экенин айтканын ММКлар жар салышты. Ал тургай мамлекет тарабынан дайындалган жетекчилерге кылмыш иши козголуп, ансыз да аягы суубай турган чырды ырбатып, тутанып келаткан отко май куйгандай эле болду. Ал эми "MegaCom" компаниясын улутташтырууну демилге кылган "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов орустар менен соодалашып, миллиондогон акчаларды берсеңер компаниянын 51 пайызын кайтарып берерин айтканын ММКларга ачык айтып чыккан. Бирок Өмүрбек Бабанов мындай маалыматтар чындыкка төп келбестигин айтып чыкканы маалым. Бул иш боюнча Жогорку Кеңеште атайын комиссия түзүлүп, аны Акылбек Жапаров жетектеп келүүдө. Алар кандай өңүттө иш алып барып, кандай иштердин бетин ачып атканы азырынча ачык билине элек. Ал эми компаниянын тегерегиндеги чуу боюнча президент Роза Отунбаева Аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин, башкы прокурор Кубатбек Байболовдун, УКМК төрагасы Кеңешбек Дуйшебаевдин, КР Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин, КР Мамлекеттик финансы полициясы кызматынын төрагасы Мурат Жакыпбаевдин катышуусу менен өткөн кеңешмеде "MegaСom" компаниясынын тегерегиндеги иликтөө иштери колдонулуудагы мыйзамдардын талаптарынын алкагында жана анын керектөөчүлөрүнүн кызыкчылыктарын көздөө менен жүргүзүлүүгө тийиш" деп талап кылды. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча УКМК алдында ведомстволор аралык тергөө тобун түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Мамлекет башчысы Башкы прокуратурага иликтөө иштеринин жүрүшүндө процессуалдык нормалардын жана мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоону тапшырды. Роза Отунбаева тиешелүү мамлекеттик структураларга компаниянын талапка ылайык башкарылышын, анын ишин үзгүлтүккө учуратпоону, компаниянын тейлөө кызматынан пайдаланган керектөөчүлөрдүн укуктарын камсыздоо боюнча чараларды көрүүнү милдеттендирди. Ал эми компаниянын айланасындагы чуулгандуу иштерге 7-апрелден кийин Башкы прокурордун милдетин аткарган Азимбек Бекназаров "жеке эле "MegaCom" компаниясын эмес, Максим Бакиевге таандык болгон бир топ объектилерди Убактылуу Өкмөт мамлекетке кайтарып алган. Ошондо компанияга байланыштуу Орусиядан келген эки адам талашка түшкөн компаниянын Максим менен Елисеевге байланыштуу акциясын сураганда компаниянын 49 пайызы мамлекетке, 51 пайызы прокуратуранын кароосунда" - деп сылык узатканын жана "ошентип аталган компанияны мамлекеттин эсебине алып, элдин пайдасына чечип атсак, аттарын айтпай эле коёюн, мени менен үзөңгүлөш эле болуп жүргөн адамдар "МегаКомго" ээлик кылуу аракетин көргөн. Мен аларга Айдар Акаев менен Максим Бакиевге буюрбаган "МегаКом" силерге буюрмак беле деп бербей койгом. Мунун баары жакында ачыкка чыгат" - деп жыландын башын кылтыйтты. Ал эми компанияга тиешеси бар делген Аликбек Жекшенкулов: "компанияга эч кандай тиешем болгон эмес жана болбойт дагы. "MegaCom" менсиз да ишин жүргүзүп атат" деген жообун балп эттирди. Ушул сыяктуу ар ким ар кандай пикирлерди айтып чыгып атканы карапайым элдин башын айлантып, чырды ырбатууда. Кандай болгон күндө да, ким эмнени изилдеп атпасын, аталган компания элдин мүдөөсүнө ылайык иш алып баруусу керек. Мамлекет башчылары "MegaComдун" тегерегиндеги чууну басууга аракеттерди көрүүсү зарыл. Жогоруда айткандай, учурда мамлекет тарабынан түзүлгөн атайын комиссия "MegaCom" компаниясынын тегерегиндеги иштерди дыкаттык менен карап, иликтөө жүргүзүүдө. Булар кандай жыйынтык чыгарат, аны бир кудай билет. Бирок көпчүлүк компанияны жүз пайыз улутташтыруу пикирлерин билдирүүдө. Эгер компаниянын чыры басылып, жүз пайыз улутташтырылса, элдин эртеңки жашоосу үчүн кыйла эле жеңилдиктер болмок...
Айдин АСМАНОВ




  Кетсинизм…

Базардагы чуунун аягы эмне менен бүтөт?
Жыл башынан бери шаар башчылыгы Ош базарынын тегерегин тазалоо боюнча иштерин жүргүзүп жатат. Бул маселе коомчулуктун көп жылдардан бери көксөп келген көйгөйлүү маселеси экени талашсыз. Шаар башчылыгынын бул кадамына нааразы болгон сатуучулар буга чейин ар кандай нааразычылык акцияларды уюштуруп, шаар мэри Иса Өмүркуловго каршы экендиктерин байма-бай билдирип келишкен. Нааразы болгон сатуучулардын 200, 300 адамдан турган тобу кечээ күнү кайрадан Ак үйдүн алдына пикетке чыгышып, Ош базарынын тегерегин тазалоону токтотууну талап кылышты. Эске сала кетсек, айрым гезиттер апыртып ал митингчилердин санын 2000ге чейин жеткизип да жиберишти.
Нааразы болгондорго ЖКнын депутаттары Равшан Жээнбеков менен Жылдызкан Жолдошева чыгып алардын талаптарын колдой тургандыгын билдиришти. Ошентип, жөөлөшүп атып, акыры 40 адам ичине кирип, ЖКнын бир катар депутаттары менен жолугуп чыгышты. Бул боюнча айрым адамдарга суроо салдык…


Нарынкүл Сырдыбаева,
сатуучу:
- Ош базарынын чыр-чатагы бир-эки эле чиновниктин кызыкчылыгы болуп жатат. Бизди ордубуздан айдап ал жерге чоң дүкөн курабыз дешет. Угушубузга караганда, курулчу дүкөн шаар мэри Иса Өмүркуловго таандык экен. Жер тилкеси аялынын наамына катталыптыр. Дыйкан базарына баргыла дегенинен көтөрүнүп алып, ал жакка да барып көрдүк. Соодабыз болбой керээлден кечке зарыгып отуруп, кайра келдик. Эми кайда барып, эмне күндү көрөбүз. Ансыз деле балдарыбыз ачка отурат. Биз Өкмөткө тийишпейбиз, иштей берсин, болгону алар базарга тийишпей жайыбызга койсун.

Ардак Осмонов,
сатуучу:
- Иса Өмүркулов кыштан бери эле баланын оюнундай ойноп келатат. Соодабыз жүрбөй калды. Базарды тазалабасын дебейбиз, тазаласын, бирок тиешеси жок жерлерге деле асылып жатпайбы. Андан көрө көчөлөрдү көрктөндүрүп, жолдорду оңдосо болмок.

Сагын Жумагазиев,
шаар тургуну:
- Мен шаар мэри Иса Өмүркуловду колдойм, жакшы иштеп жатат. 15 жылдан бери оңдолбогон жолдорубуз оңдолуп, шаарыбыз көркүнө келип калды. Базарларды иретке келтирип жатат. Алгач Ош базарынан баштады. Анткени Ош базары ат сарайдан айырмасы жок болуп калган. Бирок сатуучулардын талабын да эске алып, шаар башчысы алар менен кеңешип иш кылса жакшы болмок.

Айнагүл Касымова,
шаар тургуну:
- Ош базарын тазалап ирээтке келтиргени эң туура. Ал жерге заманбап дүкөндөр курулуш керек. Качанкыга чейин эле, бытмырап жашай бермек элек. Коңшу өлкөлөрдүн базарлары кандай сонун, кирсең көзүң ачылат. Мен Иса Өмүркуловдун аткарып жаткан иштерин толугу менен колдойм. Буга чейин жакшы иштеп келген, жакшы иштей берээрине ишенем.

Элмира Өмүркулова,
сатуучу:
- Силерди саясый күчтөр үгүттөп жатат дейт, бизди эч ким үгүттөгөн жок. Саясатка эч кандай тиешебиз жок, биздин Ош базарга тийишпесин. Биз эмне жыргаганыбыздан базарда отуруптурбузбу? Эптеп соодабызды кылып, күнүмдүк жашообузду көрүп жашап атсак жылуу ордубуздан козгоп жатышат. Өкмөттүн бул иштери туура эмес, эки жолку революциянын башы ушундай майда нерседен башталган. Иса Өмүркулов өңдүү жетекчилер ушуну эске алып койсо жакшы болот эле.
Даярдаган
Мирлан Алымбаев