Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Чачыла…

"Тунгуч" театры фестивалга катышат…
Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова жетектеген "Тунгуч" театры жакында Татарстан мамлекетинин Казань шаарында өтө турган эл аралык фестивалга катышмакчы. Аталган театр жана анын жетекчиси Жамал эже учурда фестивалга кызуу даярдык көрүүдө. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү катышкан фестивалга "Тунгуч" театры атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасындагы Бугу эне уламышынан алынып жазылган "Кетпечи, Бугу эне!" спектакли менен бармакчы. Эмне дейбиз, Кыргызстандын намысын коргоп, желегин желбиретүүгө бара жаткан чыгармачыл топко ийгилик.


Курмангазы Азыкбаев Малазияга кетет…
Кыргыз Республикасынын эл артисти, дүйнөнүн 108 өлкөсүнө кыргыз музыкасын таанытып, бир нече сыйлыктардын ээси болуп кайткан Курмангазы Азыкбаев учурда дагы бир өлкөгө өнөр тартуулоого сапар алганы турат. Тактап айтканда, 25-апрелде Малазия өлкөсүнө чыгармачылык сапар менен барууга даярдык көрүүдө. "Азырынча, кимдер, кандайча барабыз, тактала элек. Учурда каражат маселесин чечүү менен алектенип жатабыз. Буйруса, Малазияга барганга толук аракет кылабыз. Калган маалыматтарды 25инен кийин айтып берейин"- дейт Курмангазы мырза.


Бегимай Эсенгулова бийчи болот…
Кыргыз эстрадасында суйкайган сулуу кыздардын катарын толуктаган назик үндүү, жаш ырчы Бегимай Эсенгулова учурда шоу программаларды уюштуруучу Жыргал Шакиров уюштурган бий долбооруна катышууда. Аталган бий долбоорго атактуу ырчылар, бийчилер катышып, бир ай бою даярдык көрүшөт. Андан кийин бийчилер арасында сынак жүрүп, жарым финалга чыккан талапкерлер май айында Цирк имаратында боло турган финалга катышат. Финалдын жеңүүчүсүнө атайын сыйлыктар тапшырылмакчы.


Нурайым
сынак тапшырууда…
Дүйнө жүзүндөгү таланттарды чогулткан "Дүйнө чемпиону - 2009" Эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү, ата жолун жолдоп, түрлүү аспаптарда ойногон жаш талант Нурайым Азыкбаева учурда Улуттук консерваториянын скрипка бөлүмүнүн төртүнчү курсун аяктап, экзамендерге кызуу даярдык көрүп жаткан мезгили. "Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун" дегендей, окуум мен үчүн башкы планда. Билимдин эч качан зыяны жок. Профессионал болом десем, билим алуу зарыл. Ошол себептен азыр 4-курсту бүтүрүү сынактарыма аябай катуу даярдык көрүп жатам. Экзамендеримди ийгиликтүү аяктап алсам, чыгармачылыкка билек түрө киришем"- дейт Нурайым.


Даярдаган
Жаркынай КАДЫРКУЛОВА




Ит күлүгүн түлкү сүйбөйбү, же…
Кыргызда: "Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт"- деген таамай айтылган мыкты сөз бар. Көрсө, бул сөз тегин жерден айтылбаптыр. Акылга бай, сөзгө маани берип, сөз баккан ата-бабаларыбыздын доорунда да бийлиги күчтүүлөр өзүнөн алдыга озуп бара жаткан же келечекте мыкты чыкмаларды бийлигинин күчү менен акырын эч кимге билдирбей белге чаап койчу көрүнөт. Ошондон улам, ушундай лакаптар жаралса керек. Дегеним, мындан бир ай мурда айтылуу "Эстебес" тобун тартуу боюнча чуу чыгып, кайра басылды эле. Ошол планды ишке ашыруучу учур эми келгенби, айтор, анын көркөм жетекчиси белгилүү төкмө акын Аалы Туткучов филармониядан чыгып кетиптир. Анын топту таштап кетүүсүнө учурдагы жетекчиси Замирбек Үсөнбаев менен пикир келишпестиктер себеп болуп, ошондон улам кетиптир деген имиштерди кулагыбыз чалып калды. Эгер биз уккан сөздөрдүн чындыгы болсо, төкмөлүк өнөрдү аркалап келген Замикенин кылган ишине баракелде! Башка эмне дейбиз. Бөксөрүп бара жаткан улуттук өнөрдү улантуучуларды колдоп, коргогондун ордуна, бут тоскону кандай? Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт, же бийлик өз билгенин кылат деген ушул беле?..