Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ишкана ишин мыкты
билгендиги үчүн бекиген
Биздин гезиттин 2011-жылдын 18-мартындагы №14 санында "Шайлоонун алдында "Ата Мекен" партиясы ким тарабынан каржыланган?" аттуу макала жарыкка чыккан. Аталган макалада "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун төрагасы Абдырахманов Болот Борисовичтин ишмердүүлүгүндөгү "коррупциялык далилдер" келтирилген. Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамга ылайык, биз аталган макаланын алдында экинчи тараптын да пикирин чагылдырып берүүгө даяр экендигибизди билдиргенбиз. Дал ушул мыйзамга ылайык, ошол макаладагы орун алган маалыматтар чындыкка дал келбестигин белгилеп, маалыматты жарыялаган адам Абдырахманов Болот Борисовичти каралоону көздөгөнү, окурмандарга өтө чоң реалдуу эмес сандарды көрсөтүп, сөзүнүн тактыгы жана реалдуулугу жөнүндө ойлонбостон көпчүлүктүн көңүлүн бурдурууга аракет жасаганы ачык байкалып турат.


Макалада жазылган "далилдерден" айырмаланган расмий далилдер:
Абдырахманов Б.Б. "Ата Мекен" партиясынын да башка партиянын мүчөсү да болгон эмес. Абдырахманов Б.Б. "Манас" эл аралык аэропортунда буга чейин көп жылдардан бери эмгектенип келген, ал эми аталган башкармалыктын төрагасы болуп ишкананын ишин мыкты билгендигине байланыштуу, апрель окуясынан соң бул кызматка дайындалган. Ал эми Абдырахмановдун иштен четтетилгендиги, ишти алдыга жылдыра албагандыгында эмес, биринчи вице-премьер-министрдин, Мамлекеттик мүлк министрлигинин жана "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын директорлор кеңешине тиешелүү эмес, башкача айтканда, партиялар аралык бөлүштүрүүдө "Республика" партиясына кабыл болуп, ишкананын кээ бир директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кысымга алуусу менен өз өкүлдөрүнө алмаштырды.
Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе, он айдын ичинде Абдырахманов Б.Б. өз ишмердүүлүгүндө ишкананын жетекчиси катары мурунку жылга салыштырмалуу жогорку деңгээлдеги жетишкендиктерди алып келди, тактап айтканда, акционерлерге дивиденттерди төлөө биздин тарыхта болуп көрбөгөндөй - 437 млн. сом өлчөмүндөгү көрсөткүчтү көрсөттү. Республикалык бюджетке 905 671 000 сом (дивиденттен тышкары) чегерилди. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун кызматкерлеринин айлык акысын 30% га жогорулатты. Кыргызстаныбыз үчүн эң оор болгон былтыркы, 2010-жылдагы болуп өткөн окуяларды эске алганда, мындай көрсөткүчтөр өтө чоң эрдик.
2010-жылы "Манас" эл аралык аэропортунун төрагасы Болот Абдырахманов "Ата Мекен" партиясына 3.500.000$ суммадагы акча каражатын берген деген маалымат да анчейин чындыкка коошпойт. Берилген бул чоң сумма аэропорт үчүн гана эмес, биздин өлкө үчүн да тескери көрүнүш, коррупциянын жеткен чеги деп айтууга болот. Ишкана айына 2,5 млн АКШ долларын иштеп табат, ал эми чыгаша 2 млн АКШ долларына жетет: эмгек акы, салыктар, 2010-жылдын аралыгында ишканалардан алган насыялары боюнча төлөө, ишкананын күнүмдүк чыгашасы ж.б. эске алганда, ишкананы мындай чоң суммадагы зыянга далилсиз учуратуу мүмкүн эмес.
Ал эми макалада берилген калган маалыматтар ачык эле чагымчылык мүнөздө көрсөтүлгөндүгү байкалып турат жана кимдир бирөөнүн эптүү ой чабытынан келип чыккан. Бул "ойлоп тапкыч" автор өзү келтирген "далилдери" менен анык далилдерди салыштыра алган эмес.
Макаланын авторунун "далили": Абдрахманов ээлик кылган Транзиттик ташуу борборуна хендлингдик кызмат көрсөтүп келген Транзиттик ташуу борборунун самолеттору "HANDLINGKG" жана "HS&BA" эки компанияны тейлеп келген.
Расмий далил: Транзиттик ташуу борбору өз алдынча, тендерлердин жүргүзүлүшүнүн жолу менен коалицияны аба кемелеринде тейлеген хендлингдик компанияны аныктайт, ошондой эле "Манас" аэропорту ТТБга жана тендерлердин жүргүзүлүш процедурасына анын жүзөгө ашырылышына таасир бере албайт. Абдырахманов бул компаниялардын ээси болгон эмес, ал бул кызмат ордуна дайындалганга чейин эле 2007-жылдан бери "HS&BA" ЖЧКсы Транзиттик ташуу борбору менен иштешип келген.
Ошондой эле аталган макалада жүктү таңгактоо боюнча Абдрахмановго айына 30.000$ өлчөмүндө киреше киргендиги жазылган. Таңгакчы бир таңгакты 200 сомдон таңгактаса, эки таңгактоо жайы жайгашкан орунда жана жүргүнчүлөрдүн санына жараша таңгактоо жүгү саатына 1200 таңгактоо керек, мындай жүргүнчүлөрдүн агымы "Манас" аэропортунда болгон эмес. Эгерде жүктү таңгактоо ушунчалык киреше алып келсе жана таңгакчылар жылына 360 000 доллар төлөсө, анда алар өздөрүнө канча маяна табышат.
Ошондой эле макалада "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын Ош филиалынын директору Караев Сулайман Садыкович 2010-жылы 4-июнда "Манас" аэропортунун төрагасы менен билип туруп пайдасыз келишим түзгөн (жер тилкесин ижаралоо), натыйжасында "Манас" аэропортунун АТБсы бардык кардарларын чететти жана бир жылда 120.000.000 сом зыянга учурады" - деп жазылган.
Биринчиден, көрсөтүлгөн келишим Караев менен түзүлбөгөндүгүн автор териштирип тактап алса болмок, ал ошол мезгилде Ош аэропортунун директору кызматында кызмат кылып келген эмес. Караев 2010-жылы 28-июлда директорлук кызмат ордуна дайындалган. Экинчиден, автор миллиондорду гана атагандыгына караганда башка сандарды билбегендиги байкалып турат. Ош аэропортуна бул компания келгенге чейин авиациялык-техникалык база болгон эмес, анын буга мүмкүнчүлүгү да жок жана Ош аэропорту мындай чоң сумманы эч качан алган да эмес, мындай ишмердүүлүктө алууга да укугу жок болгон. Ош аэропортуна карата аталган компаниянын максаты-жергиликтүү авиациялык адистерди тартуу, Ош аэропортунун имараттарын жакшыртып, аймагын тартипке келтирүү, АТБны түзүү жана "Манас" аэропортунун эсебинен эмес, компаниялардын эсеби менен пайдаланууга берүү ("Ош" аэропорту "Манас аэропортунун филиалы болуп саналат) ошондой эле, реалдуу инвесторлорду тартуу менен бирге аларга шарт түзүп берүү болгон.
Мындан тышкары макалада Абдырахманов Б.Б. "Манас" эл аралык аэропортунун "Асыл Таш" пансионатынын жолдомолорун "өз кишилерине" суткасына 70 сомдон саткан. Натыйжада бул митаамдык менен жасалган иш мамлекетти 3.700.000 сом өлчөмүндө зыянга учураткан деп тастыкталган. Макаланын автору эң жөнөкөй маселелерди тактап чечип алган эмес, тактап айтканда, "Асыл Таш пансионаты "Манас" эл аралык аэропортуна тиешелүү эмес. Аэропортко "Асыл Таш" пансионатынын аймагындагы пансионат тиешелүү. Айта кетүүчү нерсе, жолдомолордун баасы аэропорттун башкармалыгы тарабынан бекитилет, 70 сомдон берүү мүмкүн эмес, чындыкка жатпайт.
Ошондой эле макалада "Транс Аэро" техникалык компаниянын ээси - "Манас" аэропортунун директорлор кеңешинин мүчөсү Грязнов Г.Н. ага тиешелүү ИK-18 самолетун эсептен чыгарууга туура келген. Бирок ал, бул самолеттун номерин башка, эсептен чыгарылган ЕХ18005 самолеттун номерин берип, өздөштүрүп алган. Бул жасалма ишти билген Транспорттук прокуратура аталган самолеттун жүрүшүнө тыюу салуу тууралуу 2010-жылдын 12-ноябрында токтом чыгарган. Бирок ага карабастан, Абдырахманов Б. Грязнов менен көмүскө бүтүм чыгарып, токтомду четке кагуу менен самолетту тоскоолдуксуз "Манас" аэропортунун аймагына чыгарган. Жыйынтыгында, бүгүнкү күндө Кыргызстанга жазылган бул идентификациялык номерлүү эки самолет Түндүк Африкага учуп жатат. Мындай көрүнүш, Кыргызстан Евросоюздун "кара тизмесине" киргендигинин бир себеби"-делинет.
Евросоюздун кара тизмесине Кыргызстан 2006-жылы кирген, ал эми "ойлоп тапкыч" автор бул кара тизмеге Кыргызстан 2010-жылы Грязновдун самолету үчүн илинген деп жазган. Грязновдун самолету соттон толугу менен акталып чыккандыгы аны ойлондурбаса керек. Эчак болуп өткөн бул кырдаалга тиешеси жок.
Макаланын автору акырында: "Манас" эл аралык аэропорту ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы Абдырахманов Болот Борисович 4.2 млн АКШ доллары менен пара алган жана мамлекетти 320 млн. сом өлчөмүндө зыянга учураткан"-деп жыйынтык чыгарган. Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына ылайык, күнөөлүү деп табылган адам сот тарабынан күнөөсү далилденбесе, бир да жаран ага далилсиз жалаа жабууга акысы жок экендигин эске салуу зарыл жана макаланын автору адамды негизсиз, далилсиз күнөөлөп, ойлоп тапкычтыгы менен каралаганы туура эмес.
Ушуга байланыштуу редакция Абдырахманов Болот Борисовичтен анын дарегине карата жазылган маалыматтар боюнча тактоо киргизип, атын булгагандыгы үчүн андан кечирим сурайт.
Эралы Эсенбаев