Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Асыкбек ОМОРОВ
УЛУУ ЭМИР ТИМУРДУН ИМПЕРИЯСЫ
Сарыбугу ошол күндөн баштап өмүрү өткөнчө Темирланга жан дили менен берилип кызмат кылат. Чындыгында жалайырлар Темирланга каршылаш күчтүү уруулардын бири болуп келген.
Орто Азия чөлкөмүнөн ошол кезде дайыма бийликке каршы нааразылыктар чыгып, кээде чоң көтөрүлүштөргө чейин жетип турган. Мисалга алсак, Зында Хашан 3 жолу көтөрүлүш чыгарып, акырында өлтүрүп ташталган. Муса Тайчык Бахрам жана Адилшахтын коргоосу менен учурунда жаза алган эмес. Темирлан саны жагынан көп сандагы уруулар чыгарган төңкөрүштү басканда, анын башчыларын өтө этияттык менен жазалоочу. Ал аябай токтоо мүнөздө болуп, ар бир чечимди кылдаттык менен кабыл алчу.
Темирлан Хусейинди жеңгенден кийин өзүнүн жоокерлеринин катарын аз сандагы уруулардагы каралашар адамдары жок жигиттер менен толуктай баштайт. Темирландын буга чейинки согуштарда жеңишке жетишине көп жагынан күчтүү жана көп сандаган жоо туш келбегендиги себеп болгон. Майда же чоң уруулардын чыгарган көтөрүлүштөрү тез аранын ичинде эле басылып, кайра баш көтөрүүгө жарачу эмес.
Мавераннахрдан Моголистандын көчмөн элдерин бөлүп ташташ үчүн Темирлан алар менен дээрлик 10 жылдай кармашты. 1380-Маймыл жылында 45 жашка толгон курагында акыры чачыранды болгон Мавераннахр аймагын кайрадан бириктирди, Моголистанды өзүнчө бөлүп таштады. Темирландын Мавераннахрды бириктирген саясий жана аскердик жетишкендигин Чыңгызхандын бытыранды монгол урууларынын башын кошуп улуу Монгол хандыгын түптөгөн ийгилиги менен салыштырса болот. Темирчың да дээрлик 20 жылдан ашык убакытка созулган тынымсыз согуштун натыйжасында бүт найман, меркет, тайчык, кейрет жана татарларды бириктирип, 1206-Жолборс жылында жалпы курултай өткөрүп, 44 жашында Чынгызхан (Жеңгисхан) деген атка конгон.
Темирлан эми аталаш теги бир Чынгызханды туурап, бара-бара уруу башчыларын бийликтен четке сүрүп, маанилүү чектерге өзүнүн балдарын, ишенимдүү жакын туугандарын кое баштайт. Темирлан ушул убакта Мухаммед пайгамбардын "Дүйнө жүзүндөгү согуштар жалаң элдердин ортосунда болуп жаткандай көрүнүшү мүмкүн, согуш чынында амалкөй жана алдамчы эл башчылардан чыгат",-деген сөздөрүн эстейт. Ушундай эле ойду IV кылымда кытайдын улуу ойчулу Сун-Цзы да айтып кеткен. Ошол эле доордун араб ойчулу ал-Маварди: "Баатыр онду өлтүрөт, амалкөй бүт согушту жеңип чыгат" деген. Темирлан: "Согуш - бул кичинекей талаадагы шахмат оюну, ал шахматты ким кандай амалдуу ойносо, жеңиш ошонуку" дээр эле. Негизи эле Темирлан бош убактысында шахмат ойногонду жакшы көргөн, шахматта эч бир адамдан жеңилбеген адам катары да белгилүү.
Темирландын дагы бир артыкчылыгы геосаясатты жакшы түшүнгөндүгү. Ал ар бир аймактагы элдердин жалпы кулк-мүнөзүн, улуттук саясий-аскердик өзгөчөлүгүн, жер шартын билип, жортуулга чыкканда армиясын ошого жараша куралдандырган.
Улуу эмир армия элге кызмат кылыш керек, армияны өз кезегинде эл багыш керек деп түшүнгөн, ошондуктан элден чогулган салыктын барандуу бөлүгү армиянын керектөөсүнө жумшалып турган. Армиянын аскердик тартиби Чынгызхандын жоокерлеринин тартибинен айырмасы болгон эмес. Дүйнөгө белгилүү аскер башчыларынан айырмаланып, Темирлан согушта өз жоокерлери менен бир катарда салгылашчу. Жарадар болгон учурда аны жоокерлери жыгач тапчандарга салып алып, коопсуз жерлерге алып барган күндөр көп болгон. Ошон үчүн жоокерлер Темирланды пир тутушкан, анын кол астында согушканы үчүн сыймыктанышкан.
Темирландын армиясы да көп улуттуу, ар башка диндеги адамдардан куралган, монгол, түрк, перс, ар кандай башка уруулар, христиан, будда дининдеги адамдар, тибет даос монахтары, жада калса кытай улутундагылар да кезиккен.
Тынччылык убакта дагы Темирландын армиясы бекер жаткан эмес, аскердик чеберчилигин өркүндөтүп, тынымсыз согуштук машыгуулардын үстүндө болгон. Темирлан жок кезде анын борбордук аскердик администрациясы абдан уюшкандыкта иш жүргүзгөн. Темирлан миңдеген чакырым ордо шаардан алыста жүрсө да анын атчан байланышчылары дайыма жаңылыктарды тез арада жеткирип турушчу.
Темирлан армиясындагы жетекчилик орундарга сабаттуу жана эр жүрөк адамдарды тандоого умтулган. Анын империясынын ошол кездеги тили негизинен перс тили эсептелген, ошондуктан өзүнүн мамлекеттик гербинин астына "темирдей бекем кожоюн" деп жаздырганынын себеби да ушул болгон.
Ал мамлекеттик жашыруун сырларды чабарман аркылуу оозеки түрүндө жеткирүүнү адат кылган, себеби жолдон кармалып калган чабарман кутулуп кетүүгө айла-амал табылат болчу.
Улуу эмир жалаң гана согуш менен алек болгон эмес, ал мамлекеттеги экономикалык маселелерди, айыл чарбасындагы абалды жана азык-түлүктөрдүн баасына чейин көзөмөлгө алып турган.
Мавераннахрдын бүтүн аймагы боюнча өзүнчө көзөмөл отрядын түзгөнгө да жетишкен. Мындай отряддын негизги милдети чабарман иштерин көзөмөлгө алуу жана ар кандай соода кербендеринин, саякатчылардын коопсуздугун камсыз кылуу эле. Элиталык отрядда кызмат кылгандардын аты-жөнү ачык айтылган эмес, аларды көп учурда улуу эмирдин өзү гана билген. Ошол үчүн улуу эмирдин элиталык отряддары жөнүндө бүгүнкү күнгө чейин бир да тарыхчы, географ, топограф, акын-жазуучу, эч ким эч кандай маалымат айта алышпайт.
Темирлан Хорезм менен Моголистанды багындыруу менен Мавераннахрды көп жылдар бою тооруп келген сырткы коркунучтарды жойду, мамлекеттин тышкы коопсуздугун кыйла чыңдады. Коңшулары сестенип тургандай күчтүү армияны курады жана катылган жоонун ташын талкан кылууга даяр, кубаттуу мамлекет куруу жолундагы кыйынчылыктарды жеңүүгө кудуреттүү саясий жана мамлекеттик көрөгөч ишмер экенин иш жүзүндө көрсөттү.

VI. ТЕМИРЛАН ЖАНА ТОКТОМУШ

"Согуш - бул кичинекей талаа чөлкөмүндөгү шахмат оюну, ал шахматта ким кандай амалдуу ойносо, жеңиш ошонуку".
Темирлан

Темирлан Хорезмди чөгөлөткөндөн кийин Мавераннахр аймагын бүт бириктирип, ошол доордогу мамлекеттердин арасында эң күчтүү империя түзө алды. Чынгызхандын армиясынын стратегиясын колдонуп, 120 миң аскерден турган кубаттуу армияны уюштурду.
Эми анын ой-максаты түпкү ата теги бир, Чыңгызхандын улуу баласы Жоочунун небереси, ошол кезде Ак Ордонун башчысы Орус хан менен араздашып жаткан Токтомуш ханга жардам берүү жөнүндө болот. Чыгыш Европа аймагына чейин кылычын сунган Батый хандын көзү өткөндөн кийин, бийлик анын балдарына өтүп, балдары бийлик талашып кармаша берип, бирин-бири жайлап, акыры Токтомуш Алтын Ордого бийликке келет. Токтомуш бийликке келгичекти Жаныбек хандын баласы Бердибек хан да киши колдуу болуп өлтүрүлгөн эле. Бул тууралуу "Чынгызхан" китебимде (XI. Батый хан. Монгол империясынын Алтын Ордо хандыгы ) кеңири берилген.
1361-Уй жылында Ак Ордо бийлигине келген Орус хан биринчи эле күндөн баштап өзүн чыгаан башкаруучу экенин көргөзгөн. Ал хан тактысына отураары менен көчмөн элдердин баарын чогултуп, чоң той өткөрүп, белгилүү эл башчыларына, эмирлерге баалуу белек-бечкектерди бердирген эле. Ак Ордонун жайгашкан орду Аралдын түндүк жээгинде болгон. Орус хандын негизги максаты Жоочу чоң атасынын энчисине тийген улусту бириктиргиси келген.






Колунда барлар
колунда жокту басмырлап…
Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылынын тургундары Сейдакмат Малдыбаев жана иниси Молдокмат Малдыбаевдер Союз мезгилиндеги совхоздун автоунааларын менчиктеп алгандарына алымсынбай, мал сарайларды да менчиктештирген. Мен өмүр бою мал багып, көп ийгиликтерге жетишкем, аталган айылда жашайм, жашым 78де. Союз тарады, талап-тоноо, мыйзамсыз менчиктештирүү 20 жылдык коррупция менен коштолду. Ал кездеги совхоздун активи С.Малдыбаевдин аялы Шайым азыркы мезгилге чейин айыл өкмөттө бухгалтер болуп иштөөдө. Ал актив мага таандык дыйкан чарбанын башчысы болот. 2003-жылы үлүшкө бөлүштүрүү деп мал сарайларды устукандап киришти. "Иним М.Малдыбаев көп жыл айдоочу шопур болуп иштегенге байланыштуу мал сарайдын көпчүлүк бөлүгү берилсин" - деп Токтом токуйт. Мага болсо мал сарайдын үчтөн бир бөлүгүнүн дагы бир бөлүгү тийсин дептир. Анысы алакандай эле жер экен. Иниси туула электе мен канча кызмат кылганымды эстеп коюшпаптыр. "Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" -деп кала бердим. Ал аз келгенсип, үлүшкө тийиштүү мал сарайдын бирин Сейдакмат кайын иниси, азыркы айыл соту Асылбек Каткелдиевге берип салыптыр. Ал жигит жөнүндө айтылчу сөздөр көп. Мал багып жүрүп, койдой жоош немелер унчугушпайт дегенби, Молдокмат жырткычтык кылып, мага тиешелүү мал сарайдын үстүн сыйрып үйүнө түшүрүп алып, кимге сатып, кандайча пайдаланганы мени өкүндүргөн. Ошондо катуу капа болуп, 2009-жылы жүрөк оорусуна чалдыгып, инфаркт болдум, учурда дарынын күчү менен жашап келем. Райондук сотко кайрылдым, сот А.Сыдыков тууганча чечишкиле деп билдирген. Уулум Бактыбекти Молдокматка кышында жиберсем, "убактым жок" - деп, тоготпой укпай коюптур. Мал-мүлкүн санап жетишпей жатса керек деп, дагы капаландым. Бир жыл мурун Сейдакматтын машинасында баратып, каза тапкан айылдык Маат аттуу маркумдун өлүмү азыркыга чейин табышмак боюнча калды. Анан акыркы жолу жакында адамча кайрылсак, "колуңардан эч нерсе калбей калды, экинчи тынчымды албагыла" - деп кагып коюптур. Айыл эли айткандай, жакшылыгы жок бул эргулдарды кудайга койдум. Колунда барлар колунда жокту басмырлап, үстөмдүк кылгандардын жазасын тарттыруу мезгили келди го? Урматтуу эл башчылары, сиздерден өтүнүч - менин моралдык жана материалдык укугумду тастыктап берүүңүздөрдү суранам. Мага тиешелүү мал сарайды мурдагы калыбында кайтарып беришсин, жана менчиктештирүү адилет каралсын.
Т. Асанбаев Тору-Айгыр айылынын
78 жаштагы карыясы