Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Чынара Дубанаева,
7-апрелде ок тийип, курман болгон Акылбек Дубанаевдин эжеси:
"Иним: "Көрөсүң го, жашообуз сонун болот" - деп калчу…"
Ала-Тоо койнун титиреткен каргашалуу 7-апрелде шейит кеткен баатырларды алардын жакындары менен биргеликте эскерип турууну уланта бермекчибиз. Деги эле, маркумдарды эстутумга салып, алардын арбагына багыштап куран окуп туруу мусулманчылыктын парзы эмеспи. Убагы келгенде гезит бетине жарык көргөн эскерүүлөр китеп болуп басыла тургандыгын дагы баса белгилей кетели. Бүгүн биз кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн өз өмүрүн Бакиевдердин мөндүрдөй жааган огуна тосуп, кырчындай 35 жаш курагында курман болгон Акылбек Дубанаевди эскерүү ниетинде маркумдун бир тууган эжеси Чынара Дубанаеваны маекке тарттык. Чынара эже башынан өткөн окуяны баяндап, ачуу жашка көзүн толтуруп, оор үшкүрүп, арманын айтып отурду.

- Чынар эже, оор окуяларды башыңыздан өткөргөн көрүнөсүз…
- Кайсынысын айтайын, жашоодо көрбөгөн кордугум калган жок. Турмуштун оор соккусун жеп, жаштайымдан көрбөгөн кордукту көрүп чоңойдум. Ошол эле жетишпегенсип, кудай мени караан туткан жалгыз инимден айрыды. Кудай мени эмнеге мынчалык бактысыз кылып жаратканына түшүнбөйм. Ата-энеден, же бир туугандан же күйөөдөн бак айтпаптыр. Эптеп инимди тирек кылып, жашап жүрдүм эле, азыр кантип жашаарымды билбей калдым. Мындан аркы жашоом кандай болот аны элестете да албайм.
- Ата-энеңиз жокпу?
- Ата-энем, 6 бир тууганым бар. Бирок алар менен катышпайм. Болгону улуу эжем менен ал-жай сурашып, катташып турам. Мунун баарына ата-энем күнөөлүү. Себеби алар "балам" деп, боор тартпаган мерез адамдар. Баарыбызды кайда барсаңар анда баргыла деп кубалаган. Мен мектепти аяктагандан кийин "биз сени бага албайбыз, өз жаныңды багып жаша"- деп атам үйдөн кубалап ийген. Кайда барып, кантип күн көрүп, жашаарымды билбей айлам кеткенде Бишкекке келгем. Келсем, жогорку окуу жайлары абитуриенттерди кабыл алып жатыптыр, техникумга тапшырып, өтпөй калгам. Бирок мектепти кызыл менен аяктагам. Көрсө, окуу жайга таанышың болбосо өтпөйт экенсиң да. Ошентип, кыйналып жүргөн күндөрдүн биринде ооруканада иштеген бир дарыгер эже менен таанышып калып, ал эже мени санитарка кылып ооруканага жумушка киргизди. Ошол жерде эптеп жанымды багып, жашап жүрдүм. Эгер ал эже болбогондо кандай күндү көрөт элем элестете албайм. Арадан көп өтпөй эле түрк жараны менен таанышып калдым. Ал мени бал тилге салып, бат эле өзүнө имерип алды. Ошентип, экөөбүз баш коштук. Бактылуу жашап, бир кыздуу болдук. Тилекке каршы, кызыбыз тубаса майып болуп төрөлдү. Андан кийин эки уулдуу болдук. Акырындык менен жолдошумдун мага болгон мамилеси сууп, ал турсун жөнү жок ур-токмокко алып, эптеп ажырашуунун жолун издей баштады. Акырында үч балам менен таштап салып, баса берди. Азыр кызым 11 жашта. Ушул кезге чейин жамбашына памперс салынат. Кайрылбаган дарыгерим калган жок. Эч жардам болбоду. Эки балам жаш, ар кимдин кирин жууп, үйүн тазалап, жалданып иштеп балдарымды багам. Жардам берип, каралашкан адамдар болсо жакшы болоор эле. Гезит аркылуу чиновник, бизнесмендерибизге кайрылып кетээр элем. Материалдык жактан көмөктөшүп, кызымды дарылатканга жардам берип коюшса, балдарымдын деле сообу тиет беле.
- Ата-эне, бир туугандарыңыз азыр кайда?
- Ата-энем Жалал-Абад облусунун Аксы районунда турушат. Колунда бир да баласы жок, жаштары 70ге келди. Пенсиясы менен жашашат. Бир туугандарым болсо, кудайга шүгүр, үйлүү-жайлуу, бала-бакыралуу өз жашоолорун көрүп, жашап атышат. Айбан да болсо балам деп имерилет го, ушундай да таш боор ата-эне болобу деп айыл апа, жерге-жээк, ага-туугандын баары таң калышат. Эми окурмандар деле таң калса керек. Жүрөгүм ушунчалык муздап калыптыр, айылга барганга бутум тартпайт.
- Маркум иниңиз дагы ата-энеси менен катташчу эмес беле?
- Инимди да атам көңүлүн калтырып, үйдөн кубалап ийген. Экөөбүз бир жашачубуз. Ата ордуна ата болуп, балдарымды эркелетип, "мен буларды кор кылбай өстүрөм, көрөсүң го эже, жашообуз сонун болот"- деп калчу. Ичинде кири жок, ак көңүл, шайыр бала болчу. Жаштайынан соода-сатык менен алектенип, учурунда Казакстан, Россияга чейин барып иштеп келди. Акыркы учурда Кудайберген базарында соода кылчубуз.
- Кандуу каргашага кантип аралашып калыптыр?
- Өзүм Сокулукта жашайм. Акыркы күндөрү иним жумушуна байланыштуу Бишкекте жашап аткан. 4-апрель күнү үйгө келип чай ичип, балдарымды эркелетип кеткен. Ошол боюнча инимди көргөн жокмун. Дос балдарынын айтымында, 7-апрель күнү аянтка келишиптир. Киев-Панфилов көчөсүнүн кесилишинде турганда ок тийиптир. Ооруканага жеткенден кийин бир саат өтпөй эле үзүлүптүр. Акыркы мүнөттөрдө жанында болбой калганыма өкүнөм. Жок дегенде үйлөнүп артында туяк калса эмне. Моргго 13-болуп түшүптүр. Мага суук кабарды достору угузушту. Эртеси күнү ата-энебиз бар эмеспи, сөөгүн айылга жашыралы деп, Аксыга алпарып досторунун көмөгү менен жерге бердик. Кантсе да эне да, апам байкуш боз үйдө кишинин зээнин кейитип сыздап ыйлап отурду. Атам менен улуу агамдын көзүнөн жаш чыккан жок. Азыр апам балдарым менен катташсам деген терең ойдо, бирок ага атам жол бербейт. Оор турмушту баштан кечирдик. Башка салган тагдырга аргасыз баш ийип жашайт экенбиз. Инимдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун деп жашабаска арга жок экен.
- Мамлекеттен кандай жардамдар болду?
- Мамлекет колунан келген жардамын берди. Инимдин өлүмтүгүнө берилген миллион сомдон 10 сом алган жокмун. Бардыгын агам алып алды. Мага акчанын деле эч кандай кереги жок. Сот адилеттүү өкүм чыгарып, күнөөлүүлөр өз жазасын алып, революция максатына жетсе болду. Күнөөлүүлөр жазага тартылбай, 87 баатырдын өлүмү бөөдө өлүм болбосо экен. Мына, соттук жүрүш уланууда, бирок биз күткөндөй болбой жатат.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев