Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Азимбек Бекназаров,
"Cот алдында жооп
берүүгө тийишпиз …"
- Азимбек Анаркулович, кызматтан кеткенден кийин эле дымыңыз чыкпай калды. Учурда кандай иштер менен алектенип жатасыз?
- Чыгармачылык менен алектенип жатам. Жакында эле Аксы окуясына байланышкан көлөмдүү китебим жарык көрдү. Ошондой эле, 7- апрелге чейин апрель окуясына байланыштуу китебимди чыгарсамбы деп аракет кылып жаткам, бирок чыгарма жазуу оңойго турбайт экен. Аягына чыга алчудай эмесмин. Буюрса, келаткан күздө жарык көрүп калат окшойт.
- Жарык көрчү китебиңиздин негизги мазмуну эмнеде?
- Негизи окко учкан 87 баатырыбызга арналат жана каргашалуу 7-апрель окуясынын келип чыгыш себептери кылдат иликтенип жазылат. Ошондой эле өлкөдө бийлик алмашкандан кийинки саясат кандай болду, жаңы бийлик элдин үмүтүн аткара алдыбы, ушунун баары кеңири чагылдырылат. Кыскасы, буга чейин айтылбаган, ачыкка чыкпаган көп нерселер жарык көрөт.
- Сизди 7-апрель окуясы боюнча айыпталып жаткан бакиевчилерден миллиондорун алып, бошотуп жибериптир деген сөздөр коомчулукка желдей тарабадыбы. Бул сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Бул сөздөрдү мен саясый күрөштүн ыкмасы деп эсептейм. Мындай суу кечпеген жалган ушактарды менин душмандарым чыгарды. Анткени менин душмандарым чачтан көп, алар кимдер? Алар Акаевдин, Бакиевдин командалары. Өзүң ойлосоң, эки президентти тең өлкөдөн кууп чыксам, анан алар мага ушактан башка жакшы сөз айтышабы. Мындай ушактар бүгүн эле айтыла калган жок. 10 жылдан бери айтылып келатат. Мен ушакка эч кандай терикпейм. Эң негизгиси эл алдында жүзүм таза болсо болду.
- Сот тизгинин колуңузга алып турганда, айыпталып жаткан Оксана Малеваннаяны күтүүсүздөн үй камагына чыгарып жиберген элеңиз. Себеби эмнеде?
- Оксана Малеваннаянын кайын энеси, маркум Медет Садыркуловдун энеси таягын сүйрөп, мага ыйлап келген. "Келиним Оксана Малеваннаяны бошотуп бергиле, болбосо Кеминден бери жөө жүрүш жасайм, Ак үйдүн алдына келип, ачкачылык жарыялайм"-деп. Мен ал апага Бакиевдер уулуңуз Медет Садыркуловду өлтүргөндө эмнеге минтип чыккан жоксуз дегем. Ошондо эле ишти карагыла деп сотко жөнөткөм. Ал убакта мен Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болуп президентке карачумун. Сот Малеваннаянын эки жаштагы баласы бар экенин эске алып, шарттуу түрдө үй камагына алган. Кийин ошо бойдон качып кетпедиби.
- Ал эми мурдагы Башкы прокурор Нурлан Турсункулов кайра келип сурак берип жатат. Канчалык деңгээлде күнөөсү бар деп ойлойсуз?
- Сот тарабынан Турсункуловго абдан оор айып угузулган. Канчалык деңгээлде күнөөлүү экендигин сот аныктайт.
- "МегаКом" компаниясынын тегерегиндеги чуулгандуу ишке сиздин да тиешеңиз бар дешет. Бул боюнча эмне дээр элеңиз?
- Ачык эле айтайын, 7-апрелден кийин жеке эле "МегаКом" эмес, көптөгөн ири обьектилерди мыйзамсыз басып алуу аракеттери болгон. Алардын баарын Убактылуу Өкмөт мамлекетке кайтарып алганбыз. Ошол убакта "МегаКом" компаниясына байланыштуу Орусиядан эки адам келип, эмнеге талашып жатасыңар деп Максим менен Елисеевге байланыштуу акцияны сураганда компаниянын 49 пайызын мамлекетке, калган 51 пайызын прокуратурага алып койгом. Ошентип, аталган компанияны мамлекеттин эсебине алып, элдин пайдасына чечип атсак аттарын айтпай эле коёюн мени менен үзөнгүлөш эле болуп жүргөн адамдар "МегаКомго" ээлик кылуу аракетин көргөн. Мен аларга Айдар Акаев менен Максим Бакиевге буюрбаган "МегаКом" силерге буюрмак беле деп бербей койгом. Мунун баары жакында ачыкка чыгат.
- Уулуңуз Руслан Бекназаровдун үстүнөн да кылмыш иши козголуп жатпады беле…
- Ош окуясы учурунда Ноокенге барып, мыйзамсыз элге курал тараткан деген жалган күнөө менен Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Күнөөсү барбы жокпу аны сот далилдейт.
- Сизге кызмат сунушталып жатабы?
- Буга чейин ар кандай кызматтар сунушталды. Баарынан баш тарттым. 7-апрель окуясы аягына чыкмайын кызматка барбайм. Эгер коомчулук талап кылса иштеп берүүгө даярмын.
- Өзүңүздү 7-апрель окуясында күнөөм бар деп эсептейсизби?
- Убактылуу Өкмөттөгү 14түбүздүн тең моралдык күнөөбүз бар. Баарыбыз сот алдында жооп берүүгө тийишпиз.
- 7-апрель боюнча сот иши аягына чыгып, күнөөлүүлөр өз жазасын алабы?
- Күнөлүүлөр өз жазасын алат. Азыркы соттук иштерде жоопкерчилик жок болуп жатат. Акаевдин убагында Аксы окуясын өз көзөмөлүмө алып, күнөөлүүлөрдү иликтеп, тергей баштаганымда Бакиев мени Башкы прокурорлуктан алып койгон. Ошол сыяктуу Байтемир Ибраев кызматтан алып, ордуна Кубатбек Байболовду алып келип коюшту. Ошентип, сот иштери Чубактын кунундай чубалып, адилеттүү өкүм чыкпай жатат.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев




Кубат Оторбаев, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору:
"Өлкөдөгү олку-солкулук телеканалга да таасирин тийгизип жатат"
- Кубат мырза, айрым маалымат каражаттарында сиздин баскан-турганыңызга чейин аңдыган бир беткей маалыматтардын жарык көрүшү коомдук телеканалга көз арткан саясий топтордун көрө албастыгы эмеспи...
- Чындыгында өлкөдөгү олку-солку саясий абал коомдук телеканалга таасирин тийгизбей койбойт экен. Адегенде Байкоочу кеңешти таратууга кызыкдар болгон күчтөр пайда болду. Андан соң, коомдук телеканал кимдин камчысын чабат, деп бизди айрым партияларга чүргөй кетишти. Эми минтип менин ар бир баскан-турганымдан кынтык издегендер пайда болду. Коалиция тагдыры кылдын учунда болуп, президенттик шайлоо жакындаган сайын КТРКга көз арткандардын саны кокодон. Эптеп эле телеканалды да, мени да жаманатты кылмай. Айрым басылмалардагы бир жактуу маалыматтарды көрүп, менеджерлик ишимен кынтык таппай, жеке өзүмө асылууга өтүшкөнбү деп да ойлоп кетет экенсиң. Ошентсе да мен эч ким менен душмандашпайм, душманым да жок деп эсептейм, табиятым ушундай, бардык тараптар менен иштеше берем. Менимче, басылмалардагы каралоо маалыматтары менин жеке өзүмө эмес, КТРКга көз арткандардын оюну го деп эсептейм...
- КТРКда башкы жетекчи болгонуңузга бир жыл болду. Кандай иштерди жасадыңыз?
- Эсиңиздрде болсо керек, 7-апрелден соң талкаланган имарат, техникалык жабдуулар ички каражат эсебинен 10 млн. сомго калыбына келтирилди. Былтыркы парламенттик шайлоодон түшкөн акчаны каналдын техникалык базасын жакшыртууга жумшап, КТРК жакынкы жылдары санарип берүүлөргө өтөт дегенге жол ачып койдук. Эң негизгиси - коомдук каналдын пайдубалын түптөдүк. Байкоочу кеңеш тандалып, алар атаандаштык негизде 3-декабрда башкы директорлукка мени шайлашты. Кечээ жакында "МегаКом" компаниясынын башкы директорлугуна барган Алмаз Абеков мырза бизде мыкты менеджер эле, экөөбүз иштеп чыккан каналдын стратегиялык өнүгүү программасын Байкоочу кеңеш кабыл алып берди. Мындан тышкары каналдын уставын иштеп чыктык.
- Ошол эле маалда көрсөтүүлөр менен уктуруулардын сапаты да жакшырды деп эсептейсизби?
- Албетте, бул жаатта да бир топ иштер жасалды. Айталы, жаңы бир топ көрсөтүүлөр чыга баштады. Каналдын миссиясына ылайык - агартуу, окутуу, таанып-билүү жаатындагы көрсөтүү, уктурууларга басым жасап атабыз. Мисалы, заманбап технология боюнча "Чекит.kg", ден соолук боюнча баштан-аяк өзгөртүлгөн "Телеклиника", "Китепкөй", "Спортдүйнө" жана башкалар. Таңкы "Замана" студиясы жаңы форматта чыга баштады. Анан негизгиси - мектеп окуучулары менен студенттерге багытталган "Келечек" агартуу студиясын ачтык.
- 20 жылдан бери "кара жащик", "камчы чабар" атка конгон телеканал 7-апрелден соң бейтарап болгонсуду. Бейтараптуулукту ар дайым эле сактай берүүгө мүмкүн бекен?
- Ооба, жедеп 20 жыл бою жаманатты болуп калган каналга сөз эркиндигин алып келдик десем ашыкча болбостур. Парламенттик шайлоо убагындагы атаандаштыкта, андан кийинки фракциялар ортосундагы таймаштарда, жана кечээки эле "МегаКом" айланасындагы кармаштарда каналдын калыстыкты кармап иштегени ага ачык далил. Маалыматтык берүүлөрдү мурункулардай Өкмөт менен парламентти айга-күнгө теңебей, болгонун болгондой берүүгө аракет кылгандарыбызга көрүүчүлөр күбө.
- Ак үйдөн, дегеле, бийликтен тигини көрсөткүлө, муну көрсөтпөгүлө деген буйруктар такыр жок дейсизби?
- Албетте, КТРКда коомдук көзөмөл болгону менен, канал мамлекеттик болуп эсептелет. Бийликтин бутактары менен кызматташып, анын башында турган президент, төрага, премьер-министрге сөз беребиз. Анын үстүнө көрсөтүү, уктуруулардын өлкөнүн бардык аймактарына жеткен канал КТРК эле экен. Ошондон улам, маанилүү окуяларды берип турушубуз керек. Качан Кыргызстан санарип берүүгө өтүп, жүзгө жакын телерадио, каналдар пайда болгондо бул маселе өзүнөн-өзү чечилет го деген ойдомун.
- Соңку убакта парламентте Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин азыркы курамын таратуу демилгеси көтөрүлүп атат. Бул иштердин түп максаты эмнеде?
- Ачыгын айтсам, түпкү максаты - айрым саясий күчтөр каналды кайрадан өзүнө алып, кол баладай жумшап алууну көздөп турабы деп чоочуп турам. Анын үстүнө - быйыл президенттик шайлоо. Ал эми КТРК шайлоочуларга таасир бере турган башкы куралдардын бири экенин баары билет. Чынында, Байкоочу кеңештин курамына ар бир фракция өз адамын отургузгусу келип атат. Бирок коомдук каналдын артыкчылыгы - ошондой саясий кызыкчылыктардын таасири астында калбашында да. Азыркы Байкоочу кеңештин курамындагы 15 адамдын бири дагы бир да саясий партиянын мүчөсү эмес. Анан мыйзамдагы карама-каршылыктар жаңыдан түптөлүп аткан жакшы иштерди токтотууга негиз болбошу керек да. Андай болсо ошол эле парламенттин иши боюнча мыйзамдык карама-каршылыктар ошол парламенттин өзүн таратууга негиз болуп бербейт да.
Тиленбек АЗЫК