Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эшимканов да аламан байгеге түшүптүр
Илгери Бакиевдерге башын катып жүргөндө "жөөтмүн"-деп байкабай "жөөлүп" алган Эшимкановдун акыркы күндөрү таскагы катуу чыкты. Баягы "Асабамды" кайрадан чыгарам деп, "ар-намысчыл" досторунан чоң суммадагы акча алып, гезиттер кербенине кайрадан кошулганы жатканы тууралуу бир катар ММК беттеринен окуп калдык эле. Көрсө, Мекебиз басма сөзгө эмес, башка жагына басым жасап аткан экен. 7-апрелдеги элдик көтөрүлүштөн бери үйдө жатып катуу эриккенби ким билсин, айтор, Эшимканов жакындан бери иштей баштаган "alaman.kg" маалымат сайтын башкарып дагы, ага өзү макала жазып дагы тердеп-кургап чуркап жүргөнүн эшиттик. "Аламанда" Эшимканов эмне эле Айга, Күнгө теңелип атат десе, көрсө "автору" "атактуу" адам турбайбы…


Карганбектин кадамы, Давостун "давайы"
"Ата Мекендин" олигарх депутаттарынын бири Карганбек Самаков деген бар. Бакиевдер балит саясатын баштаганда башында оппозицияга кошулумуш этип, аз-маз каршылык көрсөткөнсүгөн, бирок кийин дээрлик 2010-жылдын 7-апрелине чейин таптакыр дымы чыкпай, "дайынсыз жоголгон". Көрсө, Какебиз Бакиевдер менен алышып-чабышып, башын оорутпай, жөн гана бизнесин "кыбыратып" жүргөн экен. Бизге жеткен маалыматка караганда эски бийликтин премьер деген аты бар, "кол баласы" болуп иштеген Игорь Чудиновдун 2008-жылдын 11-октябрындагы №574 Токтомунун негизинде Карганбек мырзанын тууган-уругуна Чүй облусунун аймагынан 262 гектар жер тилкеси бөлүнгөн экен. Ак үйдөгү айрымдардын айтымында, Какебиз эми дагы 200 гектардан ашык жер тилкесин кестирип алыш үчүн "өйдө жакка" жол издеп, ары-бери чапкылап жүргөн кербези дешет. Бишкектин чок ортосунда жайгашкан "Давос" деп аталган көп кабаттуу кычыраган турак жайлар, Бишкектин чет жакаларындагы жалаң байлар үчүн курулуп жаткан VIP шаарчалары дал ушул "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Карганбек Самаковго таандык делинет. Кыргызстаныбыздын дээрлик 90 пайыздан ашык аймагы тоолуу болсо, түздүктүү жерибиздин 500 гектардан ашыгын Самаков мырза өзүнө ыйгарып алса, калгандарыбыз канттик? Өлкөбүздүн Түштүгүндө элибиздин көбү ар кимдин жерин иштетип, 1 сотых жерге зар болуп атса, эл өкүлүбүздүн мындай кадамын кандай түшүнсөк болот? "Сынчынын сыңар өтүгү майрык" демекчи, бизнесмендер бийликке келбеш керек деп, ач айкырык салып атышкан "Ата Мекен" фракциясы өз "короосуна" да көз жүгүртүп койсо…


Бокушев "бокочо эмесмин" дейт
Азыркы бийлик криминалга каршы күрөштү колун түрүп шымалана катуу киришти эле, аз убакыттын ичинде жыйынтыгы ачыкка чыга баштады. Жакында эле орус тилдүү басылмалардын бирине Кыргызстанды кармап турган төрт криминалдык топтун биринин лидери катары тизмеде жүргөн кара-балталык Алмаз Бокушев "Мен ОПГ лидери эмесмин, мен бизнесменмин"-деп ымандай сырын төккөн экен. Коомчулукта криминалдык "авторитет" катары аты белгилүү Бокушев: "мен Кыргызстандын мыйзамын сыйлайм, мыйзам менен гана жашайм. Мага эч кандай кылмыш иши козголгон эмес, эгер укук коргоо органдарынын мага суроосу болсо, мыйзамды сыйлаган жаран катары жооп берүүгө ар дайым даярмын. Менин криминалдык лидер экендигим жөн гана ушак"-деп, көпчүлүктүн оозун ачырды. Албетте, анысын тийиштүү жак өздөрү териштирет деңизчи, бирок буга чейин кандай дүйнөнүн лидери болгон күндө дагы Алмаз Бокушевдин мыйзам менен гана жашайм деп ачык айтканы чоң эрдик. Ал эми айныгыс фактылар менен кайсы бир кылмышка тиешеси бар экендиги далилденсе, албетте, сот алдында жооп бериши керек.


Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт…
Ар качандан бир качан оппозицияда жүргөн, башкча айтканда, тагдырына оппозициялык милдет жүктөлгөн Өмүрбек Текебаев "Республика" фракциясынын депутаты Исхак Пирматовду "Кыргызнефтегазды" жетектеп турган учурунда "салык төлөмдөрү 14 эсе көбөйгөн, күйүүчү-майлоочу майлар 8 сомдон сатылып келген болсо, ал эми базарда 28-30 сомдон сатылып келген" - деп кайрадан айыптап, коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөп чыкты. Мындай сын пикирге И.Пирматов ошол эле күнү журналисттерди чогултуп жооп кайтарды. Исхак мырза өз сөзүндө: "Кыргызнефтегаз" боюнча Өмүрбек Текебаевдин мага карата айткан билдирүүлөрү жалган, эч качан "Нефтегаздан" чыккан бензин 20 сомго чыккан эмес, себеби бензиндин сапаты начар. "Нефтегаздагы" бензиндин баа саясатын мен аныктабайм, бул эл аралык рынокто аныкталат. Текебаев мындай билдирүүлөрдү тактап алгандан кийин айтса болмок. Мага айтылган сын-пикирлер дайынсыз болууда жана булар бир гана күлкүнү келтирет. Мен спикер Ахматбек Келдибековго кайрылып, мага карата айтылган сын-пикирлерди карап чыгууну талап кылам" - деди. Айтор, бирин-бири күнөөлөгөн экөөнүн кимисинин айткандары чын экенин аңдай албай коомчулуктун башы маң.


"Атылган ок" эмес, атылган жок экен…

Коалицияны таркатабыз таризинде тап беришкен ата-журтчулар 22-март күнү жабык эшик артында чогулушту. Чогулгандардын алдында алардын атаманы кадимки Камчы Ташиев сөз сүйлөп, Атамбаев менен Исаевдин колу коюлган кат алганын, аны тез арада карап чыгуу керектигин айтат. Чатак чыгаргысы келгендердин чамасы чакталуу окшобойбу, ошол эле замат чечим чыгарып салышат. Ага ылайык, М.Абдылдаев, С.Жапаров, Н.Нарматова сыяктуу ата-журтчу депутаттар коалициялык кеңешмеге мүчө катары катталышса, жумушчу тобуна Т.Мамытов, К.Абдиев, С.Эсеналиева, С.Жапаров жана М.Султановдор киришет. Эми эсиңиздерге эң керектүү бир нерсени сала кетели. Акыркы эки депутаттын айткандары бар, "мен бул коалицияга кирүүдөн баш тартам" таризинде. Ташиевдин танып кеткенин тарых кечирбейт дечи, эмдиги эки "эл өкүлдөрүнүн" эки жүздүүлүгүн элибиз кечирер бекен? Эр жигиттин көзүнөн сөзү кымбат турарын элибиз айтканы менен, азыркыларыбыз айнымайды адатка айлантып алышты. Атаганат, акырындык менен "аял" депутаттар ашып кетпегей эле эми, "эркектеринен".


Туура маселе көтөргөндөргө туурасын айтты

Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев 23-мартта эки күндөн бери өлкө жетекчилигин кабыл алсын деген талап менен Ак үй алдына чыгып жаткан Оштогу тополоңдо курман болгон жана дайынсыз жоголгондордун жакындары менен жолугушту. Премьер-министр менен кошо Саламаттыкты сактоо министри Сабыр Жумабеков, Калкты социалдык жактан коргоо министри Айгүл Рыскулова, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Курсан Асанов дагы келишти. Жолугушууда "Ош шейиттеринин" мүчөлөрү кандуу окуя учурунда кайтыш болгондордун үй-бүлөлөрүнө мамлекеттик компенсация төлөп берүүнү жана алардын балдарын ЖОЖдордо бекер окутууну, мурун алган кредиттик карыздарына жардам берүүнү, ошондой эле ким экени белгисиз болуп жерге берилген адамдардын ДНК-анализдерин эртелеп чыгарып берүүнү өтүнүштү. Өкмөт башчысы "Ош шейиттери" койгон маселелер чечиле тургандыгын, бул боюнча тиешелүү министрликтер менен тиешелүү органдарга тапшырма берилгенин, мамлекет тарабынан кайтыш болгондордун үй-бүлөлөрүнө ар тараптуу жардам көрсөтүлүп турарын, ДНК-анализдерин чыгарууну эртелетүү иштери жүрүп жатканын белгиледи. Ал үчүн өлкөдө саясий туруктуулук зарыл экенине токтолуп, эмоцияга алдырып трагедиядан, бирөөнүн кайгысынан упай топтоону көздөгөн айрым бир саясатчылардын кызыкчылыгынын куралына айланбоого чакырды. Алмаз мырза өз сөзүндө: "Жеке мүдөөлөрүн ишке ашырып калуу үчүн улут аралык жаңжал чыгарып, Кыргызстанды жок кылабыз деген күчтөр дале бар. Андай кара ниет күчтөргө жардам бербейли. Тынчтык менен алга ишенимдүү кадам жасап, коюлган маселелерди тез арада биргелешип чечели" - деп кошумчалады. Жыйынтыгында, Өкмөт башчысы коюлган маселелердин кайсынысы кандай деңгээлде чечилгенин жакынкы эки жуманын ичинде мамлекеттик атайын органдар жана эксперттер менен биргеликте Ошко болчу иш сапарында июнь окуяларында жабыр тарткандардын жакындарына кабарлаарын убада кылды.