Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Калпычы" Камчы эмес, биз экенбиз…
Кечээ "Учур" гезити 70 000 миң нуска менен чыкты. Ошол санда кадимки Камчы Ташиев бизди калпычыларга теңеп, теңелгиси келбегени үчүн "сотко бербейм" дептир. Анан да айтыптыр, "менин билишимче, бул гезит Бабановдуку же Атамбаевдики, кыскасы, бирөөсүнө тиешелүү"- деп. Айтып коёлу, аталган гезитте ал экөөнүн алымы да, салымы да жок! Кан кудаңыз юстиция министри болуп отурбайбы, сурап алсаңыз болмок, "кимге катталыптыр"-деп. Ал эми, сиздин жоруктарыңызды биз эле эмес, бардык эле басылмалар байма-бай жазышат. "Динара Исаева сыяктуу депутат отурганда, мен ал парламентке барбайм" кыязында айткан сөзүңүздүн "кайтыш" болуп кеткенине биз эмес, ириде өзүңүз күнөөлүү болсоңуз керек эле. "Азаттык" үналгысынын атайын аппараты сизди "калпычы" катары көрсөтүп жатса, аны кабарлап койгон бизде эмне күнөө? Же алардын "детектор лжи" деген аппараты "дежурный болуп калганбы? Анан да айткан экенсиз, "этикалык, моралдык жана адамдык нормаларды бузган жерим жок, жана бузбайм" деп. Ушул багытта биздин сизге бере турган суроолорубуз оголе көп, жооп берүүгө даяр болсоңуз, жолдогонго биз даярбыз. Жооп күтөбүз, жолдош төрага!


Майрам күн эмес, кайран күн
"24-март майрам күнүн" анын автору Курманбек Бакиев кандай маанайда, кайсы жайда өткөргөнүн билбейт экенбиз, бирок көпчүлүк кыргызстандыктар көңүлү калганбы, ал күнү көнүп калгандай көчөгө чыгышкан жок. 24-март майрам күнү тууралуу ажобуз: "ошондогу жоогазын ыңкылабы элде өтө чоң үмүттү, ошол эле учурда бир канча убакыттан соң, көңүл калууну жараткандыгы баарыбызга маалым. А. Акаев менен К. Бакиев алар үчүн өзгөрүү керек экендигин аягына чейин түшүнүшкөн жок. Ал экөө тең эл ишенип тапшырган бийликти менчиктеп алышып, чыныгы диктаторго айланышкан. Биз 2005-жылы эркиндик үчүн, эл бийлиги үчүн күрөшкөнбүз. Ал күрөш ошондо болбосо 2010-жылдагы ынкылап болмок эмес"-деген пикирин билдирсе, акыркы кездерде алгылыктуу аракеттери менен көзгө көрүнө баштаган спикерибиз Ахматбек Келдибеков: "биз бул жерде 24-мартты Курманбек Бакиевдин булганган бийлиги менен аралаштырбашыбыз керек. Анда ыңкылап койгон максаттар аягына чейин чыкпай калды. Анын кесепетинен 2010-жылдын 7-апрелинде эл кайрадан көтөрүлүп, кан төгүлдү. Чындыгында 24-мартта жалпы журт алгач башын бириктирип, өкүмзор бийликти алып жыккан күн. Мына ошондуктан мен бул күндү элдик биримдиктин күнү катары белгилөөнү сунуштайм"-деген оюн кыстарат. Мунун өзүнөн эле, акырындык менен 24-март 7-апрелге жылдырыла турганын баамдасак болот.


Байболовду бүгүн алат же калат
Башкы прокурор Байболов Кубатбек бүгүн парламентке барат. Жөн барбайт, "и.о" деген калбырын калтырыш үчүн, азыркы аткарып жаткан кызматында калыш үчүн барат. Албетте, азыркы депутаттардын макулдугун алыш ата мекенчи чиновникке аябай эле оор болот. Ал аз келгенсип, аялы Нуржамалдын аты дагы чыгып кетпедиби, "МегаКомдун" чатагына чапташып. Көпчүлүк депутаттар ушул чатактарга байланышкан суроолордон берет. "Кайсы тамыңарды 900 миң долларга кайсы фирмага саттыңар?", "Эки объектиңерди 400 миң доллардан саткан экенсиздер, аларды декларацияңарда көрсөттүңөр беле?", "Сатуудан салыкка чегерилүүчү каражатты качан, кайда төктүңөр эле?" сыяктуу суроолорду "республикачылар" жаадырып, жарга такашы толук мүмкүн. Угушубузга караганда, ушу тапта ата мекенчилер жалгыз кадрын кармап калуу үчүн аябай аракет жасап жатышкан экен. А бирок, ачыгын айтканда, Кубат мырза кубантарлык деле эч иш жасаган жок. "Де факто" гезити боюнча козголгон кылмыш ишин жапканы менен, "Форум" гезити боюнча козголгон ишти ички иштер министр кезинде бүтүрө алган жок эле, азыр деле аягына чыга албай койду. Мындайча айтканда, Октябрь РИИБ башчысы Кулуевдин …огуна куурай сая албай койду. Айтор, адалсынган молдонун үйүнөн чыккан алты камандын башы чын окшобойбу.


Чыдамы кетиптир, анан "чык" дептир…
Алгач экс-премьер Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаеванын мандатын алмакчы болуп, андан кийин парламентке бармакчы болгон Камчыке, эми партиялашы Нурлан Сулаймановго фракциядан чыгуу, мандатын тапшыруу талабын койду. Анткени башынан Бакиевдерге, азыр Ташиевге баш ийип калган байкуш бала байкабай айтып алган тура, "коалиция таркабайт" деп. Фракциянын чечими чыккыча эч ким ал жөнүндө айтпашы керек экендигин, ата-журтчулардын андай чечими бар экендигин Камчыке кабыргасынан коюп, Сулаймановго сунуш менен кайрылып отурат, "таарынбай тапшырып кой" таризинде. Бирок Нукең деле оңой эмес окшойт, "Мандатымды тапшырамбы же жокпу аны Ташиев чечпейт. Ал менин жеке конституциялык укугум. Камчыбек сыяктуу мени да эл шайлаган. Анын үстүнө "Ата-Журт" партиясы эң көп добуш алган Ош облусундагы координатору Акматбек Келдибеков, мен штаб башчысы болгом"-деп фракция лидеримин деп оңду-солду опурулуп аткан Камчыкени каакым ордуна көрбөй тургандыгын ачык эле айтты.

Урмат мырзанын убактысы келди…
"Мекен Туу" партиясынын лидери Урмат Барктабасовдун 19-мартта бөйрөгүндөгү ташты алдырган операциясына байланыштуу 23-мартта болуучу соттук териштирүү 30-мартка белгиленди. Эске сала кетсек, Барктабасов баш болгон 14 кишиге Кылмыш кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу аракети" 295-28-беренеси боюнча, "Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү" 241-беренеси боюнча, "Хулиганство" 234-беренеси боюнча кылмыш иши козголууда. Мындан сырткары 3 негизги эпизод боюнча: ИИМ КИББнын (ГУУР) кызматкерин токмоктоп, барымтага алуу жана 2010-жылдын 5-августунда бийликти басып алуу максатында Бишкекке Ала-Тоо аянтына жүрүш жасоо менен митинг уюштурган аракеттери үчүн күнөөлөнүүдө. Учурда Барктабасов боюнча соттук териштирүү аягына чыгып калганы айтылууда. Жакынкы күндөрү сот өз өкүмүн угузганы турат. Бакиевдин тушундагы президенттик шайлоодо бийликти басып алууга аракеттеништи, милиция кызматкеринин чыпалагын сындырышкан деген айып менен бир нече адам күнөөсүз жерден көп жылга эркинен ажыратылды эле, эми бийликти чындап басып алуу аракетин көрүп, милиция кызматкерин токмоктоп барымтага алган Урмат Барктабасовго сот канча жылга эркинен ажыратат болду экен…



Саясий куугунтукпу же саясий куулукпу?
8-апрель күнү "МегаКомдон" ири суммадагы акча "сындырган" деген айып менен камакка алынган Аликбек Жекшенкуловдун жан сакчысы Рашид Коплеутовдун артын тазалаш үчүн акыйкатчы "агатайы" катуу аракет кыла баштады. Баарынан кызыгы, саясаттын "с" тамгасын толук түшүнө элек "боз баласын" коргойм деп ММК беттеринен "Саясий куугунтук башталды"-деп ач айкырык салып киргени бир эсе таң калтырса, бир жагынын күлкү келтирип атат. Мурда кийин саясатка аралашып, эл арасына таанылган бирөө болсо го бир жөн эле. Аликбек мырза өзү акылдуу, ар бир кадамына сереп салган кыраакы саясатчы эле, жан сакчысынын камалышын саясатка аралаштырбаса болмок.


Башкасы айтса мейли эле…
Элге акыл үйрөткөндөн тажабаган Акылбек Жапаров 24-март окуялары боюнча "Бүгүн деле экинчи ыңкылаптын максаттары толук аткарылдыбы же дагы бир үчүнчү ыңкылап болуп кетиши мүмкүнбү?- деген суроо туулуп атат. Эки президентти кубалап жибердик. Бирок аны менен маселе чечилип калган жок. Ошондуктан системаны өзгөртүү керек" - дептир. Башкасы айтса го мейли дейт элек, бирок убадасын аткармак түгүл, Акаевден ашып түшкөн Бакиевдин жанында беш жыл бою "жайпактап", кара курсагынын тойгонуна курсант болуп, унчукпай эле жүргөн Акылбек мырза түштөн кийин минтип акылдуусунбай эле койсо деген ойго жетеленет экенсиң. Же теске салып башкарып турган Бакиевдери жок, тили чыга баштаган го "баланын"…