Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

КОАЛИЦИЯ ТАРАБАЙТ.
ОРУСТАР АТАМБАЕВДИ КЕЛЕЧЕК ПРЕЗИДЕНТ КӨРӨТ…
Башка улуттарда азыраак кездешет, ал эми биздин кыргыздарда мындай көрүнүштөр жаныбыз менен кошо жаралгандай: өзүн аябагандай акылдуу, жөндөмдүү баалап, андай болгондон кийин мамлекеттик аябагандай чоң кызматта иштешим керек деп ишенип алып, анан ал кызматка жетпей калып, эптеп жатып, а балким, акча чачып, бийликтин бир жерине илинип, башкалардын ишин колдон келишинче былгыта берген адатты айттым. Бул чындыктын артынан куубайлы, болбосо, тарыхы арбын бу маселенин түбүнө жетпеспиз…

Ошентип, араңдан зорго куралып, жамандыр-жакшыдыр ишин улап жаткан Парламенттеги башкаруучу коалицияны таратуу жөнүндөгү "генпланыбы" же "Барбарос планыбы", айтор, ишке ашпай калгандай болду. Анткен менен, ал аракеттин уланышы бар деп туралы.
Коалицияны бузуу идеясы биринчи иретте, Камчыбек Ташиевдин оюна келген дешет. Себеби эле ошол, фракция башчысы болгону менен, бийликтин бир бучкагын тарта албайт, партиялашы Акматбек Келдибековго жооптуу орунду сыртынан ыраа көргөнү менен, тээ көңүлүнүн түпкүрүндө ага ичи күйүп турган кези эмеспи. Анткени парламенттик башкаруу системасы келгени спикердин ролу аябагандай жогору болбодубу. Мына ошол жооптуу да, кыргызча айтканда, майлуу-сүттүү орунду Ташиев ээлей албай калды.
Экинчиден, Ташиев Бакиевдин кадры. Ал бийлик кулай качканда Ташиев да бир жерлерде жүрөгүн оозуна тиштеп бугуп жатты да, анан убактылуу бийликтин өтө эле жумшактыгынан пайдаланып, адегенде акырын басып жашынган жеринен чыгып, анан таскагы катуу кетти, эми болсо тим эле ээ бере турган түрү жок, ала качат да турат.
Бакиев тушундагы оппозиционерлер Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Каптагаев, Сариев, Бекназаров, Шерниязов, Өмүркулов, Тургуналиев сыяктуулар Убактылуу Өкмөттү түзүп, Ташиев деген барбы же жокпу эсебин албай коюшкан, ошол Ташиев Жалал-Абадга губернатор болуу тилегин билдиргенде тигилер уккусу да келген эмес.
Аталган себептердин баары чогулуп олтуруп Ташиевди эптеп бутуна туруп келаткан мамлекеттүүлүктү бир жерден тозуп кыйын абалга туш келтирип, өзүн үлкөн орунга пайдаланбай койгон Отунбаева менен Атамбаевден, а турсун партиялашы Келдибековдон өч алууну көздөп турат окшоду.
Азыр "Ата-Журт" партиясынын ынтымагы анча деле жок экендигин айткандар көбөйдү. Бир ирет Марат Султанов менен Садыр Жапаров "эгерде биздин партия КСДП жана "Республика" менен коалиция түзсө, биз партиядан чыгып кетебиз деген таризде күңкүлдөшкөндөй болду эле. Бирок бүгүнкү күнгө чейин "ата-журтчу" болуп жүрүшөт.
Ташиев менен Келдибековдун мамилеси да бир аз муздай түшкөндөй болду окшоду. Кандай сындарды айтканыбыз менен, Келдибеков эптеп жеткен азыркы стабилдүүлүктү сакташыбыз керектигин түшүнүп, Отунбаева менен да, Атамбаев менен да жакындан иштеше баштады. Өтө жакын тилектешинин мындай жүрүштөрү Ташиевге жакпай турат. Ошондон улам Отунбаева менен Келдибековдун Ошко болгон сапарын жактырбай, досуна айтчу сөздөрүн айтып турат дешет узун кулактар…
"Ата-Журт" партиясынын мүчөсү, мурунку транспорт министри, азыркы депутат Нурлан Сулайманов: "Партиябыздагы коалицияны таратабыз дегендер ал оюнан кайтышты, өлкөдөгү стабилдешип бараткан абалды бузбаш үчүн ошентишти" - деп билдирүү жасады эле, аны уккан Ташиев: "Эмне үчүн мени менен кеңешпей билдирүү жасайсың, сени депутаттыктан кетирем" - деп опулдаган экен, Сулайманов: "Мен дагы депутатмын, мени сен эмес, эл шайлаган, менин оозумду басууга эч кимдин акысы жок, мандатымды өткөзүүнү же өткөзбөөнү өзүм гана чечем" - деп таккесе айткан экен… Туура, туура, "Ата-Журттун" короосунда бейпилчилик туруктуу болбой да турат. Баягы баарын тебелеп-тепсеп кетчүдөй болгон "Ата-Журт" азыр "жалтана" баштады, "бүкүрөйө" баштады…
Кыргызда: "эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" - деп коет эмеспи, ушуну эске алсак, "Ата-Журтта" "жүн багытындагы, эт багытындагы кочкорлордун түрү" толтура… анан кайнаган казанын байка…
Ташиев Ош базарындагыларды митингге чыгышын уюштурган деген кеп болгон. Эми болсо Түштүктө июнь окуясынан жапа чеккендерди митингге чыгарып жатат деген кеп кетти. Эмне болгон күндө да Атамбаев аларды кабыл алып, тигилердин оюн укту, өз чечимин айтты.
Акматбек Келдибеков бизнесмендер менен жолугушуп жатып, "коалицияны бузабыз деп жаткандар жеке амбицияларын таштап, эсине келүүсү керектигин" айтты. Бул Ташиевге катуу сокку!
Алмаз Атамбаевдин кабыл алуусуна жетише албаган Ташиев он талап менен кайрылган катына жооп алып, ошол кат менен сүйлөшүп, бир жеңишке жетишкендей болуп турат. Дарамети өлчөлүү экен го, Атамбаевдин кабыл алуусунда болсо, асмандын башына чыгып кетер беле…
Коалициянын тарашына аябай кызыкдар болуп турган Текебаев менен Куловдун да "бир билгени" бар деп турбуз.
Текебаев мамлекетибиздин азыркыдай-парламенттик башкаруусунун эч ким талашкыс автору. Ал ал болгону менен, өзү жасап алган бийлигин пайдалана албай калды. Ооба, болот болчу, спикер болот болчу, өзү аздап жаза басып алды көрүнөт. "Жаза баскандарын" чечмелештин өзү деле азыр анча маанилүү эмес, анткени аларды билбеген адам аз…
Жеке мен Өмүрбек мырзаны тээ илгертен сыйлап келем, ал жөнүндө оозуман начар сын чыкчу эмес эле, аз убактан бери дараметиме жараша сын айткан болом. Бу Өмүрбек үкөмө эмне балээ болгонун үстүртөн билип, ал сырга тээ терең сүңгүй албай бушайманмын, спикердик орунга жетпей калганы анын тескери басышынын негизги себеби эмес болсочу?..
Кулов болсо, эми бир ирет премьер-министр болуп, "жыгач-пыгачынын" тешик-пешигин бүтөп алмак. Анысы ишке ашпай турат. Бакиев кезинде го анын марионеткасы болуп, деле кой, "тандемдеш" деген теңата наамга ээ болуп… Терең анализге албай эле билип турбадыкпы, тандемдеш дегениң жөн эле бир былжырактык тура. Бакиев ушул эле эрдемсинген Куловду "кол бала" кылып туруп, анан кызыгы тараганда теппедиби…
Эгерде Кулов азыр премьер болсо, аны эч ким кол бала кылбайт, премьердик укук жогору өстү, анан да президенттик кызмат төмөн жылды дегендей. Ошентип, Кулов премьер болуп иштеп бермек, бирок эч кандай майнап чыкмак эмес. Анткени Куловдун иштебеген иши калган эмес, ошонун бирөөндө да "майын чыгара" иштеп элине бир нерсе бере алган жок, жеке өзү "май-челпекте" калды дечи… Анан алтымыштан өткөндө тажрыйбасы ашып, акыл-билими артып кетмек беле… кемисе кемийттир дегендей…
Коалицияны бузабыз дегендер Алмаз Атамбаевдин Россиядан көңүлсүз келишин күткөн. Бирок алардын тилеги ташка тийип, Атамбаев "жеңил барып, оор келди".
Орустардын биз тарапта стратегиялык кызыкчылыгы бар дечи, антсе да бизге чын дилден жардам берип келаткан бирден-бир мамлекет да ушул Россия.
Атамбаевдин Москвага сапарынан кийин орус тарап бизге 30 млн. доллар өлчөмүндө үстөгү жок кредит берет, күйүүчү майга кошумча төлөм албайт, дагы да толгон жардамдарын бермей болду. Баарыдан да Путин биздин мамлекеттин абалы жакшырып баратканын, ушундай кырдаалда Атамбаевдин иши да дурус экенин айтып кетти. Бу да жетишкендик, анткени Путиндин сөзүнүн салмагы дүйнөдө бир топ эле бар эмеспи…Баса, булар жөнүндө орустардын таасирдүү гезиттеринин бири "КоммерсантЪ" жазып турат, Путиндин оозу менен айтып турат. Кыргыз бийлигинин башында тургандар чет жерлерге барып өздөрүнө упай топтой баштады. Отунбаева Америкага барып алардын барандуу сыйлыгына татып келди, Атамбаев Москвага барып 30 млн. доллар үстөгү жок кредит алып келди, дагы да чоң суммада кредит алышат. Анан да Кыргызстандын Россияга болгон карызы жөнүндө да сөз болду, бир топ суммадагы карыздын кечилиши бар…
Алмазбек Атамбаевдин Москвага болгон бул сапарында дагы бир маанилүү нерсе болду - Путин, анын аркасындагы Россия Кыргызстандын дасыккан саясатчысы, эмдиги президенти катары аны тандады окшоду. Эки күн мурун россиялыктар менен болгон конференцияда Атамбаевдин аброю дагы да көтөрүлдү десе болот, орустарда да, бизде да.
Дүйнөлүк практикада кеңири кезигет - мөөнөтү бүтө турган президенттин экинчи президентти өзү тандап кеткен учурлары. Маселен, Ельцин Путинди, Путин Медведевди тандаганы. Анын сыңары Роза Отунбаева Алмаз Атамбаевди тандап кетсе эмнеге болбосун, минтип ойлогондор көп…
Баратбай АРАКЕЕВ