Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Чачыла…
Эрнест Абдыжапаров эми театр режиссеру…
Кыргыз тасмаларын жогорку деңгээлде тартып, өз тасмалары аркылуу коомчулукка турмуштун ак-карасын ачык чагылдырып берген белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаров учурда драматург Жаныш Кулманбетовдун калемине таандык "Түнкү конок" спектаклинин үстүндө иштөөдө. Көптөн бери тасма жаатында өзүн сынап, тарткан кинолору жогорку деңгээлде болуп элдин алкышына арзыган, баштаган ишинин майын чыгара жасаган Эрнест Абдыжапаровдон мыкты театр режиссеру чыгарына ишенимибиз чоң. Буйруса, жакынкы күндөрү кино режиссерунун биринчи спектаклине күбө болуп, өз баабызды берип калабыз.


Атай Өмүрзаков балдарга сабак берет…
Москва шаарында өткөн "Дүйнөлүк Олимпиада" сынагында биринчи орунга, ал эми Орусиядагы "Минута славы" телеберүүсүндө экинчи орунга татыктуу болуп, өзгөчө стилдүү бийчи катары таанылып келе жаткан Атай Өмүрзаков сентябрь айында өзүнүн бий мектебин ачууну пландоодо. "Бий мектебин ачсам деген ойлорум мурда эле бар болчу. Бирок азыр ар кайсы долбоорлорго, сынактарга катышып, бий мектебин ачууга убактым жетпей жатат. Буйруса, сентябрь айында бул максатымды ишке ашырам го"- дейт Атай.


Жанета Бобкова той берет…
Өзүнүн мукамдуу үнү, таланты менен коомчулуктун сүймөнчүлүгүнө татып, жакында эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон Жанета Бобкова 25-мартта 10 жыл сахнада жүрүп алган сыйлыгынын кубанычын тең бөлүшкөнү жакындарын, досторун, сахналаш санаалаштарын борбор калаабыздагы "Алтын Ордо" ресторанына чакырат. Учурда Жанета тойдун камын көрүп, буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн кези.


Төлөгөн Касымбековдун
китеп жыйнагы жарык көрдү
Кыргыз элинин басып өткөн тарыхын көркөм чыгармага камтып, элге ачуу чындыкты жеткирип келген улуу жазуучу, Кыргыз эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун 8 томдук китеп жыйнагы жарык көрдү. Аталган жыйнак "Бийиктик" басмаканасында басылып, учурда сатыкка коюлду. Материалдык байлык үстөмдүүлүк кылып, руханий баалуулуктар алсызданып, адамдардын жан дүйнөсү жардыланып бара жаткан учурда ушундай жогорку деңгээлде жазылган адамдын ички дүйнөсүн байыта турган китептердин жарыкка чыгуусу кубанарлык иш десек болот. Бүгүнкү базар экономикасы күч алып турган мезгилде китеп жазууну бизнеске айланткан айрым "жазмакер сөрөйлөрдүн" көчө чыгармаларына бөгөт коюу үчүн өзүбүздүн залкар жазуучуларыбыздын чыгармалырын коомчулукка жеткирүү учурдун талабы болуп турат.


Жалал-Абадда жүрөккө операция жасалды…
Кыргызстанда алгачкы жолу жүрөккө операцияны Иса Ахунбаев жасап, андан кийин Кыргызстанда жүрөккө оор операцияларды жасоо токтоп, жүрөгүнөн дартка чалдыккан жарандарыбыз чет мамлекеттин дарыгерлеринин жардамына муктаж болуп келишкен. Эми бул дарт менен өз жергебизде күрөшүүгө шарт түзүлдү десек болот. Тактап айтканда, Жалал-Абад облусунда биринчи жолу 49 жаштагы Бурмаштын жүрөгүнө операция жасалды. Операцияны 21-мартта Органдарды алмаштыруу жана жүрөк хирургиясы боюнча илимий изилдөө институтунун Жалал-Абаддагы жаңы ачылган филиалынын хирургдары - Мурат Жүндүбаев, Илхом Бебезов, Аскар Ракимбаев, Эмил Көкөевдер жасашты. Операция ийгиликтүү аяктап, дарыгерлер кубанып турган чактары.


Кыргызстандык өспүрүм Италиянын Гимнин ырдайт…
Италиянын бириккендигинин 150 жылдык майрамына Кыргызстан дагы катыша тургандыгы белгилүү болду. Майрамдык салтанатка Сенегал, Коста Давоир, Шри Ланка, Кытай, Украина, Сауд Аравия жана Кыргызстан мамлекеттери катышып, кечеде шаңдуу музыкалар жаңырып, кызыктуу кино тасмалар көрсөтүлүп жана ар түрдүү улуттагы элдин даамдуу ашка толгон дасторкондору жайылат. Бул майрамда кыргызстандык Сулайман аттуу кичинекей бала Италиянын мамлекеттик Гимнин ырдап чыгат. Эмне дейбиз, Кыргызстандын атын башка өлкөлөргө тааныткан уулубузга ийгилик.


Даярдаган
Жаркынай Кадыркулова