Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Асыкбек ОМОРОВ
УЛУУ ЭМИР ТИМУРДУН ИМПЕРИЯСЫ
V БАП. ХОРЕЗМГЕ ЖОРТУУЛ

"Дүйнө жүзүндөгү согуштар жалаң элдердин ортосундагы согуштай көрүнүшү мүмкүн, чынында согуш амалкөй жана алдамчы эл башчыларынан чыгат".
Сунн-Цзы, кытай ойчулу

Эми бир аз 1371-Каман жылында болгон тарыхый окуяларга кайрылалы. Ошол жылы Темирлан аталаш теги бир Чынгызхандын жолун жолдоп, Хорезмдин башчысы Хусейинге элчи аркылуу кат жиберип, Хива шаарынын акыркы беш жылдык салыгын төлөөнү өтүнгөн. Темирландын өтүнүчүн Хусейин четке каккан.
Темирлан мындай тескери жооп алгандан кийин элчилерин кайра жиберет. Хусейин элчилердин баарын темир тордун артына каматып таштайт. Ошондон кийин Темирлан Хорезмге казатка аттанат.
Аму дайрасын бойлото Арал деңизинин куймасына чейинки аймактар Хорезмге таандык болгон. 1220-Балык жылы Чынгызхан басып алганга чейин бул жакта жалаң түрк улутундагы төбөлдөр башкарып келген. 1260-Маймыл жылында Чагатайдын бешинчи баласы Аргу кайра Чагатай хандыгына караткан.
XIV кылымда Кытайдын түштүгүнөн чыккан кара тумоо бүт дүйнөгө тарап, 1338-Жолборс жылында Орто Азия чөлкөмүнө жеткен. Эпидемиянын кесепетинен монгол бийлигинин күчү кетип, ал тургай кээ бир жерлерде толугу менен башка урууларга тарттырып жиберишкен. 1360-Чычкан жылында кыпчактардын көтөрүлүшүн өөрчүтүп, түрк тилдүү коңурат уруусунан Хусейин өз алдынча Хорезм хандыгын түзгөн. Кийин Хусейин Кыят жана Хива шаарларын өзүнө караткан. Темирлан аталган шаарларды курчап алганда Хусейинди Темирландын аскер кеңешчилери өлтүрүп таштаган. Хусейин дүйнөдөн кайтары менен, бийлик мурас катары анын иниси Жусупка өткөн. Жусуп бийликти сактап калыш үчүн дароо Темирлан менен тынчтык келишимин түзгөнгө үлгүргөн. Тынчтык келишимине ишенген Темирлан аскерлерин Моголистанга алып кеткенде, Жусуп кайрадан Кыят жана Хива шаарларын тартып алып, өз кишилерин бийлик башына коёт.
Темирлан 1373-Уй жылында кышында Моголистандан кайтып келгенде, Жусуп карбаластап өзүнүн сулуу кызын тартуулап, Темирланга куда түшөт. Темирлан Жусуптун сулуу кызын өзүнүн улуу баласы Жахангирге алып берет. Жахангир Жусуптун кызына 1374-Жолборс жылында үйлөнгөндөн кийин белгисиз оорудан 1375-Коён жылында 20 жашында каза болгон.
Жахангир өлгөн жылы Темирлан кайрадан Моголистанды алууга аттанат. Биринчи жолу кызын берип, башын аман сактап калган Жусуп Темирландын жоктугунан пайдаланып кайра Хива шаарын басып алууга аракет жасап, ал түгүл Самаркан шаарынын тегерегин талап-тоноого үлгүрөт. Темирлан аскерин чагылгандын огундай кайра кайрып келип, кудасын өзү менен жекеме-жеке беттешүүгө чакырат. Бул окуя Үргенч шаарынын кире бериш дарбазасында болгон. Жусуп беттешүүдөн коркуп келбей коёт. Ошондон кийин эл арасында коркок атка конгон Жусуп намыстанып жатып, бир айга жетпей бул дүйнө менен коштошкон.
Темирлан Хорезм шаарын үч ай бою курчап алып, багынууга мажбур кылган, Каршы чыккандардын бардыгын кырган. Хорезм окуясынан кийин Темирлан өз каалоосу менен баш ийбеген шаарларда эл кары-жашына карабай кылычталат, деп жаздырып буйрук чыгарган. Ошого карабастан Темирлан кийинки курчоого алынган шаарларга акыркы эскертүү катары киши жиберген. Темирландын армиясынын астында ошол кезде алынбай калды деген бир да шаар же чеп болгон эмес. Темирлан басып алган шаарларын өз кишисин койбостон, ошол шаарлардын башчыларын калтырып, жан дили менен берилип кызмат өтөөсүн талап кылган.
Темирлан дайыма элчилердин кол тийбестигин сыйлачу. Аманатын башка элге жиберсе чыдамдуулук менен күтчү, келген жооптун жыйынтыгына жараша чечим кабыл алчу. Темирлан да аталаш теги бир Чынгызхандай болуп жеңилиш эмне экенин билген жок.
Басып алган шаарларында биринчи кезекте аскер башчыларын жана баш ийбеген башчыларын тындым кылчу. Темирландын бир жакшы касиети - шаар тургундарын чогултуп арасындагы шариятты айткан, Куранды жакшы билген адамдарды, жазуучу, сүрөтчү, акын, курулушчу, кол өнөрчүлөрдү, кыскасы, маданият ишмерлерин үй-бүлөлөрү менен кошо аман сактап калчу. Маданияттын чеберлерин үй-бүлөлөрү менен кошо империянын борбору Самаркан шаарына көчүрүлүп барып, мамлекеттик камкордукка алынчу. Кыргындан ошондой эле сулуу кыздар жана бийчи кыздарды аман алып калуу адат болгон.
Мавераннахрды, империялык герби үч шакекчеден турган, биринчи шакек үстү жагында, ал эми эки шакекче ылдый жагында болуп, "Темирдей бекем кожоюн" деген перси тилиндеги жазуусу бар эле. Үч шакекченин жогоркусу көк асманды билдирген, ылдыйкы эки шакек жердеги кургактык менен сууну билдирген. Мындай үч шакекче символ монголдордо да болуп келген, ал сыйкырдуу, жакшылык алып келчү белги катары эсептелинген. (Тартылган гербдин сүрөтүн караңыз).
1372-73-Чычкан, Уй жылдарында Темирлан Моголистандан кайтып келгенде Зында Хашан жана Муса Тайчык баш болгон көтөрүлүшкө туш келет. Алардын ою Темирландын бийлигин тартып алып өзүн өлтүрүп таштоо эле. Көтөрүлүш басылгандан кийин Темирлан аларга жумшак мамиле кылып, катуу жазалаган эмес. Себеби Темирлан кызын Муса Тайчыктын небере жээнине жаш кезинен куда түшүп койгон эле. Ал эми Зында Хашандын жерин Байан Найманга тартып берип өзүн Самаркан шаарына айдап жиберет, ал ошол жактан көп узабай көз жумган.
1373-Уй жылында Темирлан Хорезм жүрүшүндө өзүнүн эмирлеринин бири болгон Кайхусро Куттуландын ага каршы уруулар менен биригип, Хорезмге кошулуп көтөрүлүш чыгара турган иштерин кокусунан билип калат. Төңкөрүштүн бети ачылып, Кайхусро Куттуландын башы алынып, сельжуктардын эмири Мухаммед Сельдусту сотко берип, анын бийлигин өзүнүн жакшы санаалашы кыргыз Актемирге алып берет. Мындай чечим Темирландын бийлигинде башка уруудагы адамга бийлик тартып берген биринчи тарыхый окуя болгон. Ал эми жашыруун төңкөрүшкө катышкан жалайыр уруусундагы Баязеддин эки баласы Жалайыр-Али Дербишти жана Мухаммед Дервишти дарга асып өлтүргөн. Бул окуя тууралуу перс тарыхчысы Кемаль ад-Дин ачык даана жазып кеткен.
Эмирлердин "жашыруун төңкөрүшүнүн" кесепетинен Темирландын Моголистанга жана Хорезмге болгон жортуулдары ийгиликсиз болгон. Ал кайтып келгенден кийин Адилшах менен жалайыр жана кыпчак уруулары биригишип, Самаркан шаарын курчоого алышат, бирок алардын согуштук пландары ишке ашпай Темирландан жеңилип, туш-тарапка качышат. Темирлан Анжиандын эмири кылып экинчи баласы Өмөршейхти калтырат. Жалайыр уруулары баары бир тынымсыз каршылык көргөзө беришкен.
1376-78 Балык жылынан Жылкы жылына чейин Адилшах менен Сарыбугу кайрадан биригип алышып Анжиандагы Өмөршейхке чабуул жасашат. Темирлан өз убагында келип курчоодон баласын куткарат. Адилшах тоо таяна качат. Артынан катуу куугунтукка алынып Адилшах колго түшөт, көзү тазаланат. Сарыбугу болсо эки жылдан кийин Темирланга өз эрки менен кечирим сурап келет. Темирлан ырайым кылып, ага кайра жалайыр урууларын кайтарып берет...





  Актоо эмес, тактоо

Калпыстыкка жол берилбейт
Мурдагы "Форум" гезитинин өткөн сандарында "Улутчул бол, бирок ууру кылып, уруп сокпо!" темасында макала жарыяланган. Макаланын автору парламенттик шайлоого карата партиялардын добушту сатып алууга аракетин токтотуу маселеси камтылган. Макаланын контекстинде Д.Ошурахунованын кадыр-баркына доо кетирүү максаты коюлбаган, "шайлоонун таза өтүшүнө байкоо жүргүзгөндөр" бул процесске аралашып кетиши мүмкүн" деген божомол жасалган. Анткени мурдагы эски бийликтегилердин короосуна "таш ыргытылган".
Тилекке каршы, макала темасы менен андагы кишинин (сүрөттөрү) бири-бирине дал келбей калган, натыйжада бул айрым адамдарга терс реакция жасашы мүмкүн экендигин белгилейбиз жана бул макалада Д.Ошурахунованын аты формалдуу мүнөздө мисал катары келтиргенин автор да белгилейт. Демек, сүрөт атайын эмес, кокустуктан коюлуп калган. Бул маселе боюнча гезиттин жамааты талкуу жасап, бирок көп мөөнөт өтүп кеткендигине байланыштуу айыптууну тактоо мүмкүнчүлүгү болгон жок, ошону менен катар мындай калпыстыкка жол бербөө, журналисттик этиканы так сактоо маселеси курч мүнөздө коюлду. Бул маселени көтөрүп чыккан Д.Ошурахуновага жана ММКнын даттануу боюнча комиссиясына гезит жамааты ыраазычылык билдирет.




Ар кимдин өз чындыгы чыркырайт…
"Фабула" гезитинин 2011-жылдын 15-марттагы санына жарыяланган "Кыргызстанды криминалдар башкарабы?" жана "Эшимканов Куловдун куралы болобу?" аттуу маалыматтар чындыкка төп келбестигин "Ар-Намыс" партиясынын басма сөз кызматы билдирет. Бул эки кабардын биринчисинде таянган булак катары "аттуу-баштуу эле бир эл өкүлүнүн айтымында" деп көрсөтүлүп, "Ар-Намыс" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Ф. Куловду тескери жагынан көрсөтүүгө далалат жасалган. Чындыгында буга чейин журналисттерге нечен ирет ынанымдуу жооптор берилгендей, Ф. Куловдун Азиз Батукаев менен эч кандай байланышы жок, ошондуктан аны Батукаевдин "бир кездеги "кесиптеши" дешке эч болбойт жана такыр негиз да жок. Ал кабарда ошондой эле "азыркы бийликти ала салдырууга аракеттенгени айтылууда" деп туура эмес жазылган. Ал эми экинчи кабардагы маалыматтар да чындыкка дал келбейт. Андагы "Бир кезде бийликке шибеге болгон айтылуу "Асабаны" жетектеген Мелис мырза (Эшимканов) жакынкы айларда "Баягы Асаба" деген аталышта гезит чыгарганы жатканы басма булактарында кеп болгон. Бизге жеткен маалыматка таянсак, гезит чыгарууга "Ар-Намыс" партиясынын жетекчиси Феликс Кулов 200 миң доллар бериптир. Акча каражатына маарыган Мелис гезит чыгаруунун аракетин көрүп, мурунку " Асабанын" журналисттерин олчойгон айлык коюп бере турганын айтып чакырып жатыптыр" деген имиш "гезит чыгаруу үчүн" а түгүл 2 доллар да бербеген Ф. Куловго жок жерден эле жамачыланган.
"Ар-Намыс"
партиясынын басма
сөз кызматы.