presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жер жарылып чөп чык,
желин айрылып сүт чык…
Нооруз майрамын Орто Азия, жакынкы Чыгыш элдери илгертеден бери майрамдап келишкен жаз майрамы. Ал күн менен түн теңелген мезгилде жалган куран айынын 21де майрамдалат. Байыркы бабаларыбыз табиятты дайыма өлүп-тирилип туруучу жандуу нерсе катары баалашкан. Төрт мезгилди ирээти менен карасак, мезгилге жараша жаратылыш жанданып, өсүп-өнүгүп, ал эми кыш мезгилинде өсүү мезгили токтоп турат эмеспи.

Жалган куран айынын 21инен тартып күн узарып, түн кыскара баштайт. Жер бети кыймылга кирип, көктөм баралына келет. Жаратылыштын жанданышын ата-бабаларыбыз жыл эсебинин башталышы улуу майрам катары Ноорузду жыл башы жаңы күн деп белгилешкен. Мындан бир канча жыл мурда Нооруз майрамын "Жыл ажыратуу" деп аташкан. Ал күнү жаңы жыл келип, кыргыздар жыл санагын жалган курандын 21инен башташкан. Жаңы жыл күнү кыргыздар арча, адырашман түтөтүшүп, үй ичин, короо-жайын "Алас-алас! Ар балээден калас! Эски жыл кетти, жаңы жыл келди". "Жер жарылып чөп чык, желин айрылып сүт чык"-деп, аласташкан. Бул менен ата-бабалар эски жылда болуп өткөн жаманчылыктарды кубалап, кирип келе жаткан жаңы жылдагы ийгиликтерди, жакшылыктарды, токчулук менен аманчылыкты чакырган.
Нооруз күнү адамдар бири-бирине жакшы каалоо-тилектерди билдиришип, жакшы маанайда, жагымдуу сөздөрдү арнашкан. Мындан тышкары аталган күнү таарынышып кеткен адамдар бири-биринен кечирим сурап, жарашышкан. Эгер кимде-ким Нооруз күнү бирөөгө жамандык каалап, көңүлүн оорутуп, мурдагы катачылыктары үчүн кечирим сурабаса, ал адам ошол жылкы ырыскыдан кур калат, же болбосо, Кудайдын каарына калат деп түшүнүшкөн. Негизи эле Нооруз - аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы. Бекеринен "Ноу" - жаңы, "руз"- күн - деп айтылбаса керек. Ошондуктан Нооруз күнү ата-бабаларыбыз жаңы, сыйлуу кийимдерин кийип, үйлөрүн тазалашкан.
Ал эми кыргыздарда Нооруз байыртадан баркталып келаткан майрам катары белгиленип келет. Бирок кайсы мезгилден тартып ата-бабалар "Нооруз" майрамын майрамдап келишкенин эч ким так айта элек. Ал эми официалдуу түрдө, тактап айтканда, Нооруз майрамы мамлекеттик деңгээлде биринчи жолу 1990-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинде белгиленген. Ошол күндөн тарта бул майрам бизде толук кандуу майрам болуп, мамлекеттик деңгээлде майрамдалып келе жатат.
Нооруз күнү улуттук оюн-зооктор ойнотулган, айыл арасында майрамдык маанай аралап, ар бир үй Нооруз дасторконун жети түрдүү даамдан турган тамак-аш коюшкан. Нооруз күнүнө карата арпа, буудай, жүгөрү ж. б. дандардан кошуп көжө жасашкан. Ал табияттын өлбөстүгүн, дүйнөнүн жашоо-турмуштун гүлдөп өнүгүшүнүн даамы катары бааланган.
Сүмөлөк даярдоонун эрежеси:
Сүмөлөктү даярдоонун камылгасы жаңы жылга 10-15 күн калганда башталат. Алгач 5 же 7 кг жакшы сапаттагы буудай тандалып алынгандан кийин тазаланып жуулат да бир күн сууга чыланат. Эртеси көбө түшкөн буудайды тактайдын бетине жайып, өтө кургап кетпеш үчүн улам суу чачып, ал жылуу жерде 7 күн кармалат. Качан буудай өнүп, жарым карышка жакын калганда сокуга салынып жанчылат. Абдан эзилген буудай угуту чараларга салынып, суу куюлат. Андан кийин казанга 10 литр акталган май куюп, майга жети токоч бышырып, аксакалдар куран окугандан кийин муздаган майдын 5 литри идишке куюлуп алынат. Даярдалып коюлган буудайдын ширелүү суусун дакиден өткөрүп сүзүп алып, казанга бөксөрөөк кылып куюп, ага таза эленген ун салынып чалынат. "Эртең жаңы жыл" деген күнү айылдын сыйлуу адамдары атайын сүмөлөк даярдалып жаткан үйгө чакырылат. Алар ун, мейиз, өрүк жана башка азыктардан ала келишип, майдалап-жанчып казанга салышат да, от жагып Кадыр түн күтүп, сүмөлөктү бышыра башташат. Сүмөлөк бышканда казандын үстү жылуу жабылып 5-6 саатча демделет. Айыл аксакалдары, байбичелер келишип, маркумдарга куран окуп бата тилешкенден кийин казандын капкагы ачылат. Сүмөлөктү бышыруунун негизги максаты - аны элге ооз тийгизип алардын ыраазычылыгын жана сообун алуу.
Көжө
Чоң көжөгө күрүч, нокот, өндүрүлгөн арпа, буудай, жүгөрү, ун-талкан, ар түрдүү акшак, акталган таруу, маш, сүр эт, жаш эт, ич май, сары май сыяктуу азыктарды эски жылдын кагынчыгы катары чоң казанга бөксөрөөк суу куюп алып, элден мурда эт, анан улам бирден даам салып отуруп, көпкө кайнатып бышырат. Ага пияз, сарымсак, тоонун татымал чөбүнөн кошуп, калемпир себилет. Чоң көжө ар түркүн азык кошулгандыктан даамдуу болот.


Гүлзат Байзакова, ырчы:
- Нооруз күнү таарынтып алган адамдардан кечирим суроо шарт дешет. 21-март күнү сиз кимден кечирим сурайсыз?
- Мен эч кимди таарынткан эмесмин. Өзүм бирөөгө жөн жерден катылбаган, жамандык кылбаган, катуу сөз айтпаган адамдардын катарын толуктайм. Эми кээде туурасын айтам деп, адамдын көңүлүн оорутуп алган учурлар деле болот эмеспи. Өзүм байкабай таарынтып алган адамдар болушу мүмкүн. Мен билбей, бирок мага таарынып жүргөн адамдар болсо, алардын баарынан кечирим сурайм. Байкабастык ар бир адамда болот. Жакындарым, тааныштарым жөнөкөй нерселерге таарынышпасын. Деги эле бардык адамдарга кечиримдүү болушун каалайм. Учурдан пайдаланып, бүткүл элимди кирип келген жаңы жылы менен чын дилден куттуктайм. Жергебизде токчулук, тынччылык, бакубатчылык, аманчылык болсун.


Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:
- Сүмөлөк жасоонун жол-жобосун билесизби?
- Жердештер менен чогулуп, бир жолу жасаганбыз. Казандын башына отуруп, өзүмдүн тилектеримди айтып, аралаштырып бышыргам. Буудайды өндүрүп, аны жанчыганды уккам, өзүм жасап көргөн эмесмин. Бирок жасоонун жолдорун билем. Эгер өзүмө сүмөлөк жасоо керек болуп калса, жасай аларыма ишенем. Сиздердин гезит аркылуу элимди жаңы жылы менен куттуктап, токчулук, тынччылык, барчылык каалап кетейин.


Фарида Карбосова, ырчы:
- Секелек кезиңизде сүмөлөк жеп жатып кандай тилектерди айтчу элеңиз? Алар ишке аштыбы?
- Сүмөлөк жеп көрө электе, "Ал эмнеден жасалат? Кандай тамак болду экен? Кантип эле аны жеп жатып тилек айтса, тилегиң орундалып калсын?- деп таң кала берчүмүн. Анан бир жолу апам үйгө сүмөлөк алып келип, "чыпалагың менен ооз тийип, тилегиңди айт. Бул Кудайдын ыйык тамагы. Сураган тилектериң аткарылат"- деп айтып калды. Апамдын сөзүнөн кийин, чыпалагымдын учу менен сүмөлөктү оозума салып алып, кечке колумду оозумдан албай: "Мен кийин элге таанылган ырчы болсом, жылтылдаган кара шымдарды кийип сахнага чыксам. Фарида Карбосова деп, алып баруучу тааныштырганда эл кубана тосуп алса"- деп тилек кылчумун. Эсимде, ошол кезде жылтылдаган, денеге жабышкан кара шымдар мода болчу. Менимче, секелек кездеги тилектерим ишке ашты го деп ойлойм.


Айгерим Расул кызы, ырчы:
- Сүмөлөк бышырууда колдонулган ырым-жырымдарга ишенесизби?
- Ооба. Ата-бабаларыбыз көптөгөн ырым-жырымдарды колдонуп, ошонун негизинде өз тилектерин ишке ашырып келген. Сүмөлөк бышыруу учурунда даарат алып, таза кийим кийип, жакшы тилектерди айтып, жаман ойлордон оолак болуу керек деген сөздөргө толугу менен кошулам. Анткени сүмөлөк ыйык тамак деп эсептелет. Өзүм да сүмөлөк бышырган жерлерге барып калганда жакшы тилектерди айтам. Көпчүлүк тилектерим иш жүзүнө ашып келүүдө. Негизи эле адам баласынын жан дүйнөсү таза болсо, жараткан анын бардык тилектерин ишке ашырат деген ойдомун.


Даярдаган Жаркынай Кадыркулова







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??