Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Мансап кумарынан
чыккан тирешүүлөр
Коалиция түзүлдү, анан…
Азыркы күндүн орчундуу маселеси өлкөбүздө бекем стабилдүүлүктү камсыз кылуу, экономиканы жогорку деңгээлге жеткирип, калктын жашоо деңгээлин көтөрүү болууга тийиш эле. Ансыз да үй-бүлөлүк жана кландык башкаруунун кесепетинен кымбатчылык күн санап көтөрүлүп, улам жаңы алмашылган бийликке элдин ишеними төмөндөп, бийликке нааразылык күч алып барат. Бул эртеби-кечпи демократияны муунтуп, кайрадан авторитардык-диктатордук режимдин орношуна, же үчүнчү күчтөрдүн бийликти толук өзүнө көз каранды кылууга шарт түзөрү, болбосо аскердик-согуштук көңтөрүшкө чейин жетүү коркунучуна алып келери шексиз. Буга дүйнөнүн тарыхынан көп сандаган мисалдарды көргөзүүгө болот.
Элибиз мамлекетибиздин ар тараптан кубаттуу болушун эңсеп, чыныгы демократиялык бийликти орнотууга жана чыңдоого ынтызар экендигин көргөзүштү.
Бизде күчтүү президенттик башкарууга жасаган кадамдарыбыз жеке адамдын бийлигин күчөтөрүн башынан кечирген соң, парламенттик башкаруу жолун кызуу колдоого алып, бийликтин бири-бирине болгон көз карандысыздыгын бекемдөөгө, бийлик бутактарынын милдеттерин жана укуктарын теңдештирүүгө башкы мыйзамды өзгөртүүгө добуштарын беришти. Ошентип, партиялык тизме менен парламентти бүтүндөй бийликти коалициялык типте жүргүзүүгө шарт түзүп беришти.
Аттиң, калкыбыздын күткөн үмүтү акталган жок. Айрым лидерлердин амбициясынын күчтүүлүгүнөн ошол кездеги оппозициянын колдорунда турган жеңишти каршы тарапка тарттырып жиберишти. Алар биримдикке келе алышпагандыктан, коалиция түзө алышкан жок. Ансыз да башаламандык өкүм сүрүп жаткан учурда кандай жол менен болсо да коалициялык Өкмөттүн курамы түзүлүшүн учур өзү талап кылып жаткан. Ошентип, "Республика", КСДП жана "Ата-Журт" партиялары бир келишимге келүүгө мажбур болгон эле.
"Папке" талаштын кесепети
Коалициянын бул түзүлүшү эл үчүн күтүүсүз окуяга айланган. Оппозицияда өз орду бар "Ата Мекен" партиясы "папке" талашка катышуу "укугунан" ажырап калды. Тагдырдын тамашасын карачы, мурдатан эле бул партиянын лидери Өмүрбек Текебаевди мурдагы бийлик өкүлдөрү "түбөлүк оппозиционер" деп берген аныктамасы дагы бир ирет тастыкталып, бул саам да коалициялык Өкмөттүн курамына кирбей калды.
Бул саясий таймашта "Ата Мекен" партиясы башкаларды теңсинбей, аларды жеңип алабыз деп манчыркап, күтпөгөн жерден али белгисиз командадан утулуп калган футбол командасындай кырдаалга тушукту. Спикердикти мелжеп турган "Ата Мекен" партиясы бүтүндөй демилгени "Ата-Журтка" алдырып койду да, буга ыза болушуп, парламентте радикалдуу оппозиция болуп калышты. Чынында, "Ата Мекен" партиясы Убактылуу Өкмөттүн учурунда жер-жерлерде өз "кадрларын" негизги тармактарга жайгаштырууга жетишкен, алар коалицияга сөзсүз кирип, жеңип чыгарына да ишенишкен, бирок турмуш буга өз оңдоолорун киргизип, алар утушту колдон чыгарып ийишти. "Этин эмес, табагын таап ал" дегендей кырдаалга тушугушту.
Тирешүүгө эмне себепкер?
Албетте, кыргыз элинин тарыхында үй-бүлөлүк жана кландык бийликке каршы күрөштө "Ата Мекен" партиясынын өз орду бар экени талашсыз. Бул чындыкты эч ким четке кага албайт. Бирок саясий кармашта жеңилүүгө учураса, ал утулууну татыктуу тосуп алса, партиянын кадыр-баркы азыркыдан да жогору болмок. Тилекке каршы, мамлекеттин кызыкчылыгынан жеке амбициясын жогору койгондонбу, жаңыдан телчигип келе жаткан демократияны муунтуп жок кылуу максаты болгонбу, азыркы күндө кайрадан көмүскөдөгү саясий оюндар башталды. Бул оюнду уюштуруучулар "Ата Мекен" жана "Ар-Намыс" болду көрүнөт, натыйжада ансыз да кымбатчылыктан каржалып турган калкты тымызын кийинки төңкөрүшкө алып чыгууга үгүт-насаат иштери жүргүзүлүп жаткан сыяктанат. Ошондонбу, "азыркы коалиция таркатылат, азыркы бийлик кетүүгө тийиш" - деген кеп-сөз күчөп барат.
Мындан тышкары парламенттик оппозиция менен "Республика" партиясынын тирешүүсү акыры ачыкка чыгып, эки Өмүрбектин кайым айтышуусу алардын ич күптүсү "папке талаш" гана экендигин эми өздөрү ачыкка чыгарып отурушат.
Кландык бийликтен качан арылабыз?
Коалиция түзгөн үч партия "папкени" "камчыга ченеп бөлүшүп" алды, "Ата Мекен" партиясы четинен кызматтан шыпырылып, алар үмүт эткен "көмүскө экономиканын булагы" дейбизби, же кирешелүү тармак дейбизби, айтор, Убактылуу Өкмөттүн орногондо "Ата Мекен" партиясы Адилет министрлигине, ИИМге, Ош жана "Манас" аэропортторуна, "Кыргызнефтегазга" өз адамдарын отургузат. Ал түгүл бул партияга тирек болгон жер-жерлердеги айыл өкмөттөрүн да алмаштырууга жетишет. Ал эми "Гансини" күйүүчү отун менен тейлөө ушул партиянын лидеринин бири Эркин Алымбековдун жээнине "тартууланат". Ошентип, "жээндердин" майлуу орундар үчүн күрөшү эки Өмүкенин тирешүүсүнө алып келген окшойт. Бул маалыматка караганда кечээги кландык башкаруу кайрадан күч алгандай таасир калтырат да, биз абдан ишенген "Ата Мекен" партиясы да "ичтен ирип" бараткандай сезимди пайда кылат. Себеби бул партиянын дагы бир лидеринин кийинки аялы Талас облусунун "гүбүрнөтөрү" болуп иштеп жатышы да Ө.Текебаевдин кадыр-баркына доо кетирип жатканын белгилесек болот.
Коалициялык Өкмөт түзүлдү, убактылуу кызматтагыларды которуу башталды. Бул эл аралык масштабда колдонулуп келгендигин эске алсак, мындан "кумурскадан төө жасоонун" деле кереги жок болуучу. Өкмөттүн курамына кирбей калып ич күптү болгондор өлкөбүздүн бюджетин караганда аткаруу бийлигине катуу каршылык көргөздү, өкмөткө ишеним көргөзбөөгө далалат жасады. Премьер-министр А.Атамбаев жана биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов өкмөт эгерде ишенимди актабаса, отставкага кетерин белгилеп, чуу салуучулардын желин чыгарды. Ошентип, Кыргызстандын депутаттары тарабынан бюджет 21 миллиард сом дефицит менен кабыл алынды.
Аңгыча "МегаКом" ызы-чуусу чыгарылды. Кыргызстанга Орусиянын Думасынын депутаттары Островский жана Багдасаров Бишкекке "котур ташын коюнуна" катышып келген экен. Жолугушуу учурунда "ыраазылык" билдиришип, Орусияга барар менен саясий шантаж да уюштуруп жиберишти. Ошого карабастан, мамлекет башчыбыз Р.Отунбаева Орусиядан, АКШдан жана премьер-министр А.Атамбаев Түркиядан өлкөнү экономикалык жактан кризистен чыгарууга каражат жактан жардам алууга макулдашууга жетишишти. Ошентип, коалиция өзүнөн-өзү кулайт деген үмүттөрү кыйраган соң алар күрөштүн экинчи жолун тандап алышкан көрүнбөйбү!?
Бул жерде мамлекет жана Өкмөт башчысына "сыйыртмак" ыргыта алышкан жок. Эми эптекейге салып биринчи вице-премьер-министрди "кулатса", коалиция өзүнөн-өзү таркамак. Алар чынжырдын бошоң жери Ө.Бабанов деген жыйынтыкка келишсе керек. Чынында, Ө.Бабановго коюшкан айыптары далилдүү болсо, "арадай жерде, чарадай жыйын" уюштурбай, мыйзам чегинде сот аркылуу чечишип алууга тийиш эле го? "Бардыгы мыйзамга ылайык болуш керек" - деген Ө.Текебаев азыр неге ушул принципти эмес, ызы-чуулуу жолду тандап отурат? Божомол жасап көрөлү.
"Көкөтөйдүн ашы - чоң чатактын башы" болгондой, коалиция түзүүнүн биринчи аракетинде Ө.Текебаевдин өзү Ө.Бабановду биринчи вице-премьер министрлигине сунуштайт. Бирок ЖоКенин жыйынында спикерликке көргөзүлгөн Ө.Текебаевге "Республика" партиясынан шайланган бир канча депутаттар каршы добуш беришет да, анын натыйжасында кийинки коалицияга "Ата-Журт" кирип, "Ата Мекен" жаңы Өкмөттүн курамына кирбей калат. Ошентип, кечээ коюн-колтук алышкандар эми бири-бирине ачык асылууга өтүшүнө алып келет.
Колунда турган жеңишти алдырып, даражалуу кызматтардан куру калгандан кийин ызага уукканбы, кечээ өзү жетектеп түзгөн Башкы мыйзамдагы (Конституция) коалициялык бийликке каршы "камчы көтөрүп" чыгып отурат. Анын натыйжасында "МегаКом" талаш-тартыш маселесин да, кадрларды алмаштыруудагы интрига оюндары да, коалицияга ишеним көргөзбөй таркатуу идеясы да "Ата Мекен" партиясы тарабынан козголуп жаткандыгы логикалык ой жүгүрткөн адамга ачык эле билинет.
Кечээги мыйзам бүгүн бурмаланабы?
Албетте, бул пикир боюнча авторго ар түрдүү айып коюулар болушу мүмкүн, бирок акыркы күндөрдө Ө.Текебаев бүтүндөй айыпты "аты уйкашына" коюп келсе, Исхак Пирматов жана "Республика" партияларынын айрым мүчөлөрү "Ата Мекен" партиясынын лидерлерине каршы өздөрүнүн контраргументтерин жана баалуу фактыларын каршы коюшууда. Ал гана турсун, Ө.Текебаевге каршы добуш бергендигин И.Пирматов ачык айтып чыгып, анын себептерин эл алдында ачык айтууга жана өзүнүн мурда нефтитрайдер тармагындагы ийгиликтер менен кемчиликтер тууралуу калк алдында сүйлөшүү максатында теледебатка (кайым айтышка) чакырык таштап жатат. Негедир буга Ө.Текебаев эч реакция жасабагандыгы, дебатка чыгууга моюну жар бербегендиги көпчүлүккө күмөн ойду жаратып койду. Ал эми Ө.Бабановдун "жээни" "Ганси" авиабазасына күйүүчү майларды ташып жеткирүүнү моюнга алган "фирма" түздөн-түз мамлекетке баш иерин, андан түшкөн негизги кирешелер 100 пайызда мамлекеттик казынага түшөрүн телекөрсөтүүлөрдө айтып чыкса, "МегаКомду" 100 пайыз улутташтыруу маселесин А.Мурзалиев мурда эле козголгонун, буга Ө.Бабанов тарабынан эч кандай кысым көргөзбөгөндүгүн жана менчиктеп алуу маселеси козголбогондугун белгилеп отурат.
Мыйзам бардыгыбызга бирдей болууга тийиш. Эгерде жогорку мекеме-ишканаларда жана фирмаларда "бармак басты, көз кысты" фактылары болсо, депутаттык комиссиялар аны далилдеши жана ал ишти териштирип, иш сот тарабынан каралып, чечим чыгарылышы керек. Бул маселени парламент токсон тогуз караса да, анын жыйынтыгын мыйзам боюнча сот чыгарарын, ансыз бийлик бутактарынан тарта карапайым калкыбызга чейин тиги же бу адамга "кылмыш" жасаган деген жарнак тагууга укугубуз жок экенин белгилеп койсок күнөө болбос. Ансыз "кечээ өзүбүз түзгөн мыйзамды" бүгүн бурмалаганыбыз болуп каларын ойлосок болмок.
Интрига оюндарына чек коюлууга тийиш
Айрымдар бул козголгон маселелер боюнча мага материалды "атайын заказ" менен жаздыргандай сезиши мүмкүн. Ачыгын айтайын, мен мурдагы бийликтин учурунда да, азыркы күндө эч бир партиянын мүчөсү эмесмин жана өз эркиндигимди сактап келем. Ошол эле учурда тиги же бул маселеге өзүмдүн жеке пикиримди айтуу укугумду гана пайдаланып отурам.
Ачык айтайын, утуштун колдон чыгышы манчыркоодон чыккандыгын ата мекенчилер мойнуна алышы керек. Ошол эле учурда азыркы коалициялык Өкмөттүн түзүлгөнүнө саналуу гана убакыттын өткөнүн эске алып, алардын экономикалык жана социалдык маселелерди чечишине, бул багытта керектүү каражаттарды таап, анын максаттуу жумшалышына, чет өлкөлөрдөн агылып келүүчү кредиттер менен инвестицияларга гана таянбастан, колдон келсе гранттык каражаттарды тартып келишине көмөк көргөзүшү зарыл. Интригалык түрдүү оюндарга караганда мындай чыгаан ишмердүүлүк гана эл ишенимине ээ кыларын эстен чыгарышпаса болмок.
Коалиция таркайбы, же таркабайбы, ал азыркы Өкмөттүн ишкердүүлүгүнө жараша бааланууга тийиш, бирок адатка айланган саясий интрига оюндары да өзүнүн терс таасирин тийгизери анык. Азыркы күндө карапайым калкка саясий шоулар эмес, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү, өлкөдө стабилдүүлүктүн орношу менен өздөрүнүн жашоодо жана эмгектенүүдө коопсуз сезүүсүнө шарт түзүү зарылдыгы аба менен суудай керек.
Азыр бийликти кулатууга жасалган аракеттердин арты кайрадан бейкүнөө кандын төгүлүшүнө алып келиши, ал эмес жарандык (граждандык) согуштун деңгээлине жетиши мүмкүн экендигин саясатчыларыбыз ойлонушпайбы?!
Эртабылды Аттокуров