Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Учугу узарган жаңжалга
чекит коюлабы?..
Коомчулуктун көңүл чордонунда турган "МегаКомдун" айланасында чыр өз апогейине жетти. Компаниянын тегерегиндеги жаңжалга тиешеси бар делген саясаттагы бир нече төбөлдөрдүн ысымы атала баштады. Адегенде "Республика" партиясынын лидери, 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун аты аталса, андан көп өтпөй эле "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов менен жардамчысы Рашид Коплеутовдун, андан кийин Кубатбек Байболов жана анын жубайы Нуржамал Байболованын, БЭК партиясынын тизмесиндеги төртүнчү катарда турган Раушан Рыкунованын ысымы чыга баштады.

14-февралда кечке жуук "МегаКомдон" 200 миң доллар акча алган деген айып менен Аликбек Жекшенкуловдун жардамчысы Рашид Коплеутовду УКМК камакка алды. Шейшемби күнү 15-мартта "MegaCom" уюлдук операторуна ээлик кылган "Альфа Телеком" компаниясынын мурдагы жана жаңы жетекчилиги Бишкектеги башкы кеңседе тирешип, компанияда бири-бирине баш ийбеген кош бийлик орногон. Бир тарапта Кыргызстандын Каржы полициясы январь айында кылмыш ишин козгогон мурдагы башкы директор Андрей Силич, экинчи тарапта башкы директордун милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиевдин куралчан сакчылары топ-топ болуп жүрүшкөн. 16-мартта "Альфа Телеком" компаниясынын башкы кеңсесин Андрей Силич баштаган адамдар ээлеп, компаниянын өкмөт дайындаган тышкы башкаруучусу Азамат Мурзалиевдин адамдарын кеңсеге киргизбей коюшкан. Андан көп өтпөй Андрей Силичтин УКМК сурак бергени кеткени айтылып, ошол бойдон дайыны билине элек. Ал эми "Альфа Телекомдун" директорунун милдетин аткарып келаткан Азамат Мурзалиев "МегаКомдун" тегерегиндеги маселелер чечилгиче кызматтан кете тургандыгын айтып, өз ыктыяры менен арызын жазганына байланыштуу, 17-мартта "МегаКом" компаниясынын ээси аталган "Альфа Телекомдун" директорунун милдетин аткаруучу болуп Мурзалиевдин орун басары Алмаз Абеков дайындалды.
Ал ортодо украиналык ишкер Сергей Сукалонун "МегаКомго" болгон укугун АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында "Serpeus Inс." компаниясынын төрагасы Артем Юношев жар салды. Анын айтымында, 2008-жылы "Serpeus Inс." инвестициялык компаниясы "БиМоКом Лтд." жоопкерчилиги чектелген коомунун үстүнөн көзөмөл кылууга ээ болгон жана ушул учурда "МегаКом" байланыш компаниясынын ээси болуп эсептелет. Компания 195 млн. долларлык инвестор алып, көрсөтүлгөн сумманын 851 млн. сомдон ашык каражатын Кыргызстандын бюджетине төлөгөн. А.Юношев белгилегендей, кара ниет күчтөр "БиМоКомдун" үстүнөн толук көзөмөл алуунун максатында 2009-жылы июль-ноябрь айларында инвесторлордун мүлкүнө ээлик кылып, аны "Альфа Телеком" ЖАКнын балансына которушкан.
Ошол эле учурда айрым маалыматтарга караганда "МегаКомду" талашып жаткан орусиялык ишкер Глеб Огнянников 2008-жылы Eventis Telecom компаниясынын 51% акциясын сатып алган. Натыйжада "Мегаком" анын көзөмөлүнө өткөн. "Мегакомдун" калган 49% акциясы Максим Бакиев менен Алексей Елисеевдин "Альфа Телеком" компаниясынын карамагында калган. Бул экөө Глеб Огнянниковду кандайдыр бир жолдор менен сүрүп чыгарып, анын натыйжасында "МегаКом" 100% "Альфа Телеком" ээлигине өткөн. 7-апрелдеги окуялардан кийин Убактылуу Өкмөт "Альфа Телекомдун" 49% акциясын мамлекетке алган. Бул иш кандай жол менен ишке ашканын ошол учурда Убактылуу Өкмөттө күч структураларын жетектеген Азимбек Бекназаров: "Бизге "МегаКом" өз ыктыяры менен 49% акцияны берген. Бул Максим менен Елисеевдики деп. Калгандары талашта болгон. Ошондуктан биз иш козгоп, 100% акцияны камакка алып, сот аркылуу башын чечип алганга чейин эч ким эч кайда сатпайсың деген чечимди кабыл алып койгонбуз. Ошондуктан 51% сот аркылуу гана чечиле турган маселе"- деген оюн ар дайым айтып келатат.
Учурда коомчулукка апрель окуяларынан кийин 51% акция кимдир бирөөлөр тарабынан пайдаланылып келгени кызык болуп турат. Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Аманкуловдун маалыматы боюнча, "МегаКомдун" 51 пайызы Penwell Business Limited компаниясынын өкүлү катары аталган Азимбек Бекназаров менен жакын тааныштыгы бар делген БЭК партиясынын тизмесинде төртүнчү катарда парламенттик шайлоого катышкан Раушан Рыкуновага сактап турууга берилген. Канат мырза бул туурасында: "Биз ишти иликтегенде чындыгында Рыкунова Раушанга "Альфа телекомдун" 51% сактаганга берилгендиги аныкталды. Ошондуктан октябрь айынын башында мурунку тергөөчүлөрдүн чечимин жокко чыгарып, акциялардын 100% тең мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп бергенбиз" - деп "Азаттыкка" билдирген.
Ушул эле сайтта белгиленгендей, Penwell Business Limited компаниясы Eventis Telecom компаниясынын кожоюну Глеб Огнянниковдун кызыкчылыгын коргогон тарап катары чыгууда. Өткөн жылы Рыкунова Penwell Business Limitedтин атынан "МегаКомдун" акциясын иштетип жатканда Огнянниковдор ачык түрдө нааразылыгын да билдиришкен эмес. Эми "Мегакомдун" чатагы күчөп, 51% тагдыры чындап таразага түшө баштаганда Огнянниковдун өнөктөшү Артур Акопян Бишкекке келип, Рыкунова менен эч кандай байланышы жок экенин билдирген. Рыкунова айрым маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, мурда көз боёмочулук боюнча айыпталган мурдагы белгилүү тележурналист Роза Качиева экени айтылууда.
Айтор, "МегаКомдун" айланасындагы чыр тез эле басыла койчудай эмес. Дегенибиз, "МегаКомдон" чыккан жаңжалдын айынан эки-экиден соттошуучулар арбып баратат. Алсак, "МегаКомго" убактылуу жетекчи болуп иштеп калган Азамат Мурзалиев президентке, парламентке, өкмөткө кайрылуу жасап, анда "Альфа Телекомдон" Башкы прокурор Кубатбек Байболовдун жубайына таандык ишканага 400 миң доллар өлчөмдөгү каражат мыйзамсыз түрдө которулуп кеткенин, миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысына мамлекет жетекчилиги көңүл буруусу керектигин билдирген. Ал эми Нуржамал Байболова "Учур" гезитинин 17-мартта чыккан санында: "Менчик сатуу кылмышпы? Мен менчикке ээ болууга, аны сатууга болгон Конституциялык укугумду пайдаланып, 400 миң долларга бир объектимди сатканым чын. Мен аны эч качан жашырган эмесмин. Бирок сатуу-сатып алуу келишими "Сарамжал" деген ишкана менен жүргүзүлгөн. А.Мурзалиев ошол суммадагы акча мыйзамсыз мен тарапка өтүп кеткенин далилдеп берет, же сот алдында жооп берет" - деп айтып чыкты. Ошол эле учурда 17-мартта жыйын өткөрүп, башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболовду ээлеп жаткан кызматынан бошотуу маселесин кароо өтүнүчү менен президент Роза Отунбаевага кайрылуу жолдошту. Мындай чечимди кабыл алууга "Альфа Телеком" ЖАКнын айланасындагы маселеге Башкы прокуратуранын коррупцияга байланышы бар экендиги байкалган факт түрткү бергени айтылат. Буга К.Байболовдун аялы Н.Байболованын "Альфа Телеком" ЖАКдан активдерди чыгаруу маалыматы мисалга тартылат. Мындан улам, К.Байболовдун Башкы прокуратураны башкарууга моралдык укугу жөнүндө маселе туулат, себеби башкы прокурордун милдетин аткаруучу анын каржылык кызыкчылыгына байланыштуу "Альфа Телеком" ЖАКдагы иликтөө иштерин акыйкат кароо мүмкүн эмес деп айтылды фракция жыйынында. Мындай көрүнүштү К.Байболов "Агым" гезитине берген маегинде: "Мени кызматтан кетирүү аракети - бул саясий буйрук. Мени кызматтан кетирүү аракети мурдатан көрүлүп келет. Чындыгында менин ордум көп айдан бери коалиция курамындагы партиялардын соодалашуу элементине айланды. Жубайым баасы 400 миң долларлык объектини сатканы чын. Бирок бул сатып алуу-сатуу келишими буга чейин биздин бизнесибиздин алкагында жүргүзүлүп келген кадыресе иштердин бири" - деп билдирди.
Учурда "МегаКом" чыры президент Роза Отунбаевага чейин жетип, өлкө башчысы ишти иликтеп аягына чыгарууну УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевге тапшырды. Буга "МегаКомду" жүз пайыз улутташтырыш керек деп эң биринчилерден болуп кыйкырып чыккан Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов каршы чыкты. Тактап айтсак, Өмүрбек Абдрахманов: "Президент Р.Отунбаева "Альфа Телекомго" байланышкан ишти УКМКга тапшырганы туура эмес, ал муну менен өзүнүн ыйгарым укугун аша чаап пайдаланып жатат. УКМК "МегаКомдон" тири укмуш фактыларды ачып чыгып, анын айынан бир топ жогорку даражалуу чиновниктер садага чабылып кетиши мүмкүн. Балким, президенттин көздөгөнү ушудур" - деген билдирүүнү "Апта" гезити аркылуу маалымдады. Өмүрбек мырзанын коркконуна караганда, күнөөлүүлөрдүн жүзү эми чындап ачылат өңдөнүп калды.
Болот Кыргыз