Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ильгиз Абдалиев, жаш ырчы:
"Продюсер менен Иштешүүдөн чоочулайм…"
Нарын облусунун Ат-Башы районунан болом. Балалыгым Ат-Башыда өттү. Мектепти да туулган жеримден аяктадым. Андан кийин бул жакка келип Мураталы Күреңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык училищага тапшырып, кыргыз музыкалык аспаптар бөлүмүн ийгиликтүү аяктап алдым. Учурда Улуттук консерваторияда эстрадалык вокал жаатында биринчи курста окуп жатам.

Жаштын тилеги…
- Төрт бир тууганбыз. Үйдүн улуусумун. Атам аккордеон чертип ырдайт. Ырга болгон шыгым атамдан жукса керек. Ал эми апам чыгармачылыктан алыс адам. Башында экөө тең менин ырчы болушумду каалашкан эмес. Каршы чыккан учурлары да болгон. А өзүм болсо, бала кезимден эле ырчы болууну самачумун. Ошол максатыма жетсем деп, 9-классты аяктагандан кийин апамдын "Ырчы болбой эле башка кесипти тандабайсыңбы?" - деген сөзүнө макул болбой, М. Күреңкеевге келип тапшырдым. Өз күчүм менен окууга өттүм, окуумду эң жакшы деген баалар менен аяктап, билимимди жогорулатуу максатында экинчи окууга тапшырдым.
Алгачкы кадам…
- Жаңы борборго келгенде эле ырдап чыга берейин дегем, бирок көп жерлерден жаңы чыгып жаткан жаш ырчыларга "Музыкалык билимиң барбы? А эмне үчүн жок?"- деген суроолордун көп берилерин окуп, угуп калчумун. Ушул сыяктуу сөздөрдү уккандан кийин Ырчылыкка кадам таштоо үчүн сөзсүз музыкалык билим алуу керек экен - деген ойго келдим да сахнага чыгуудан мурда билим алууну чечтим. Негизи ыр дүйнөсүнө аралашканыма үч жылдын жүзү болду. 1,5 жылымды толук окууга арнадым. Сахнага чыккан жокмун. Окуп жатып деле ырдай берсем болмок. Ырга алаксып жатып окуумдан аксап каларыма көзүм жетип, сахнага чыгууну токтотуп турдум. Анын үстүндө азыр жашмын. Убакыт бар. Келечегим алдыда. Буйруса, окуумду бүтсөм, ыр дүйнөсүнө толугу менен аралашам.
Репертуар…
- Жарым жылдан бери ырларым радиолордон кетип жатат. Учурда өзүмдүн калемиме таандык "Арбалдым" жана "Адашкан сүйүү" аттуу эки ырым бар. Мындан сырткары жыйырмага жакын тексттери даяр болгон ырларым турат. Аларга обон чыгаруу керек. Ал ырларыма обон жазылса, репертуарым аябай байып калмак. Мындан сырткары калемиме таандык "Ардагым" жана "Сагынам" деген ырларымды Аваз Акимов, "Жаштык кез", "Бийчи кыз" аттуу ырларымды Нурлан Насип ырдап жүрүшөт. Учурда жаш ырчылар менен да иштешүүдөмүн.
"Кээде чиймелей коем…"
- Өзүмдү акынмын деп эсептебейм. Кээде илхам келип калганда чиймелей коймой адатым бар. Жазган ырларыма жаман пикир айткан адамдарды жолуктура элекмин. Айрым гезиттердеги, сайттардагы жүргүзүлүп жаткан сынактарда менин калемимен жаралган ырлар алдыңкы орундарды алып, жакшы ойлор айтылууда. Бул көбүнчө жаштардын берген баасы болсо керек. Улуу муундагылар кандай көз карашта экендигин айта албайм.
"Ырларымды акчага сатпайм…"
- Досторума ырларымды жөн эле белек кылып бергем. Негизи эле өзүмдүн ырларымды сатпайм. Саткандан да уялам. Ыр сатуу үчүн зор талант керек. Мен катардагы эле ырчымын да. Анан кантип ырымды акчага баалайм. Бирок кээ бир сахналаштарымдын өздөрүнүн ырларын 100 АКШ долларына бааларын угуп калгам. Кээде жаш ырчылар келип "Канчага жазасың"- деп сурап калышат. "Алгач ырым сизге жаксын. Анан сүйлөшөбүз. Мага калем акы гана жетет"- деп коем. Ырларымды мынча деп баалабайм. Көңүлүнөн чыгарып бергенин алам.
Адамдар негизи кызык элебиз. Дегеним, жазган ырларыма ээлик болуп "сөзү да, обону да өзүмө таандык"- деп алгандар болгон. Ал ырчынын атын айтпай эле коёюн. Ошондо аябай таң калгам. Бирок унчуккан эмесмин. Мейли, өзү билсин деп гана койгом. Кийин гана кайсы бир гезитке маек бергенде кеп арасында кыстарып кеткем. Ошондон кийин автору Ильгиз деп айта баштады.
Сахнадагы санаалаштар…
- Биринчи жолу чоң сахнага Сыймык Бейшекеев байкенин концертинде чыктым. Алгачкы кадам, өзүнчө бир айтып бүткүс нерсе болот экен. Аябай сүрдөгөм, толкундануу, кубануу сезимдери болгон. Менин чыгармачыл жолумда мага кол сунуп, жардам берген Аваз Акимов досум болду. Мына ушул жигиттин арты менен көп нерсени үйрөндүм. Эгер Аваздай досум болбогондо азыркы деңгээлге жетмек эмесин. Өзүнүн агалык сөзүн айтып, жол көрсөткөн Сыймык байкеге, Келдибек атага ыраазычылык билдирем.
"Канат байке менен иштешмекмин…"
- Продюсер менен иштешейин деген ойлор бар. Бирок жарым жыл өз күчүмдү сынап көрүүнү туура көрдүм. Учурда мени менен иштешүүнү каалаган продюсерлердин бар экендигин тааныштарымдан уктум. Азыр бир долбоордо иштеп жаткам. Ошол долбоор бүтсө, продюсерлер менен таанышып, сунуш кылып көрөм. Эгер мага мүмкүнчүлүк түзүлсө, Динара Эсенгулова эже жана Канат Култаев байке менен иштешмекмин. Бара көрөбүз дегендей, учуру келгенде көрөм да.
Туура, көп учурда бирге иштешкен продюсер менен ырчынын ортосунда бир канча убакыттан кийин чыр чыгып, бирин-бири гезит беттерине жамандоо акыркы мезгилдерде аябай күч алды. Муну баарыбыз көрүп, билип жүрөбүз. Эми бул туура эмес. Эркек болгондон кийин майдаланбай ортодогу айрым пикир келишпестиктерди жигитче чечишип алуу туура го деп ойлойм. Эгер такыр эле иштеше албай калса, сылык гана бири-биринен кол үзүп коюу керек. Ортодогу мамилени коомчулукка жар салуунун зарылчылыгы барбы?.. Кээде ушундай чууларды көрүп продюсер менен иштешүүдөн чоочулап кетем.
Даярдаган
Жаркынай Кадыркулова