Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Балапан министр, же
"Отунбаева чечет…"
Маданият - элдин жүзүн ачып көрсөтө турган күзгү. Маданиятсыз мамлекет да, эл да болбойт. Бирок турмушта өзүнүн акыл-ой маданиятынын деңгээли канчалык экендигине такыр шек кылбаган адамдар да болот экен. Биз буга күбө болдук, болуп жатабыз. 2005-2010-жылдардагы кыргыз мамлекетиндеги башаламандыктан (революция дейбизби, төңкөрүш дейбизби) жетекчилик кызматтарга бир тири шумдук адамдар келип, кетип турду го. Азыр да иштеп жатышат.

Алыс барбай эле Маданият жана маалымат министрлигин алалы. Бийлик бир жылдын ичинде аталган тармакка беш министрди мээлей алмаштыргандай эле алмаштырды, бирок иште жылыш жок. Айылдык маданий агартуу мекемелери (клуб, китепкана, музей, парк, элдик театрлар, ансамблдер ж.б.) мышык ыйлаарлык ал-ахыбалга келип жеткен. Кара кулпу кайтарып, жылуулук жок, концерттер көрсөтүлбөй, эч бир иш-чара өткөрүлбөй, айрымдары таланып-тонолуп кеткен. Айыл, район, облустарды кеп кылбай эле борбордогу көзгө басар Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрын мисалга тартсак жетишерлик болчудай. Себеби аталган театрдын көйгөйлүү маселеси болгон ремонт иштери 4-жылга кетти окшойт, эмдигиче бүткөрүлбөйт. "Жаштар", "Учур", Шаршен атындагы Чүй облустук театрларынын артисттери иштей турган туруктуу жайлары жок, театрлар ремонттон өткөрүлбөй ар кай жерде тентип жүрүшөт. Айта берсе арман көп. Жапайы ырчы жылдыздарды токтотууга министрликтин чамасы келбей калды. Жаңы келген министр Н. Шакиев мырза оозун ачып, иш жагдайын билбей, түшүнбөй, кирсең эле "мен чечпейм, Отунбаева чечет", же "башкалар чечиш керек" - деп балапанча башын жерге салып отурат. Мисалы, 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата министрликтин коллегиясы (каракчы комиссиясы) бир нече аялдарды наам сыйлыкка көрсөтүшсө, алардын чечими эске алынбай, Ак үйдөн башкача чечилип калгандыгына өздөрү таң калып, биз "пешкабыз" деп жүрүшөт. Арга жок министр үкөнү аяйсың да, кабинетинен унчукпай чыгып кетүүгө аргасыз болуп, министр кылып алып келгендерге наалат айтып тим болосуң. Иш мындан ары да ушул багытта кете берсе, эң гумандуу, маданияттуу делген маданият кызматкерлери дагы бир толкуп, нааразычылыктары менен митингге чыгууларына аз эле калды окшойт. Маданият кызматкерлери, чыгармачыл жамаат бир толкуса, аларды токтотуу кыйынга турарын эскерте кетмекчибиз. "Эсиң барда этегиңди жап" демекчи, "Жогоруда аты аталган үлкөндөр, Н. Шакиевиңерди алпарып, айлыңарга клуб башчысы кылып коюп алып иштеткиле!" - дегенден башканы айтууга болбой калды. Маданият тармагы силер эксперимент жүргүзүүчү полигон эмес. Аталган тармак мамлекеттин эң сезимтал, илим-билимдүү интеллигенция өкүлдөрүнүн алдыңкы сабынын уюткусу. Эгерде чын дилден маданият тармагын көтөрөбүз, өнүктүрөбүз десеңер, маданиятка өзгөчө олуттуу караган камкордук керек!
Жалил Сыдыков




"SuperTaxiнин" "супер" баасы же "SuperTaxi" мамлекетке "супер" салык төлөйбү?..
Кечээ редакциябызга телефон чалган окурмандарыбыз: "20-март күнү Тунгуч кичи районунан Пригород айылына чейин-деп "SuperTaxiден" такси чакырдык эле. Жеткенден кийин жалпы аралык "счетчик" боюнча 18 километр, ар бир километр 10 сомдон 180 сом кошумча акысы (доплатасы) менен деп 230 сом болуш керек эле. Бирок шопурдун "алкымынын чоңдугуна" байланыштуубу же аталган фирма ушундай "акча тапмай" адатка өтүп алганбы, айтор, 320 сом деп жатып, 300 сом шыпырып алды. Машинесинин маркасы "Audi 80", номери "E4408A" экен. Ушундай өзүм билемдиктер качан токтойт? Же "SuperTaxi" фирмасы казынабызга "супер" салык төлөйбү? Буларды тескеген мамлекеттик мекеме барбы деги?"-деген арыз-арманын айтышты. Тийиштүү жетекчилер ушундай маселелерди карап, чектен чыккан айрым алкымы чоңдорду эсине келтирип коет деген ишеничтебиз…




Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө,
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине
КАЙРЫЛУУ

Кыргыз улуттук цирк өнөрү 1960-жылдардын башында "Ала-Тоодон алтообуз" аттуу бир номер менен башталып, 80-жылдарга эки бөлүмдөн турган толук метраждуу "Ала-Тоо жаңырыгы" программасы түзүлгөнү жалпы журтубузга маалым экенин билесиздер. Бул программаны түптөп чыгуу Өкмөт үчүн оңойго турган эмес, миллиондогон акча каражатты асыл тукум аттар, кескин түрдө кезигүүчү жапайы жаныбарлар: аркар-кулжа, тоо эчки, текеси, аюу, сүлөөсүн, тоо топозу, кой-эчкилерди сатып алуу үчүн, жаш ышкыбоз өспүрүмдөрдү өлкөбүздүн төрт бурчунан чогултуп аларды Москва-Киев шаарларынан окутуп адистерди даярдоого, аларга жанрлары боюнча аппарат (реквизит) жасатууга 50-60 артисттен турган жаш программа көп күттүрбөй эле ТПО "Союзгосцирктин" 50дөн ашык программасынын ичинен суурулуп Украина коллективинен кийин 2-орунду ээлеген.

Бул жетишкендик республикабыздын Маданият министрлигинин купулуна толуп, коллективге Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты деген наам ыйгарылган. Бул зор эмгек ошол кездеги Цирктин директору, маданияттын көрүнүктүү ишмери Изибаев Абубакир атабыздын талыкпас аракетинин үзүрү деп билебиз. Абубакир Изибаевич ошол кезде эки жыл Казак циркин да жетектеген, Казак циркинин коллективинин чыгышына чоң салымын кошкон улуу инсан.
1998-жылы чыгармачыл коллективдин үндөөсү менен мурунку Цирк артисти-режиссер Т.А.Жолдошбековду жаш коллективдин чыгармачыл өнүгүшүнө-өсүшүнө жардамы тиер деген сокур үмүт менен Циркке директор шайлап алсак, үмүтүбүз таш каап, "үркөрдөй болгогн эл элек, үчөөбүз калдык үңкүйүп" деген сөз туура келип, артисттерибизди чилдей таркатты, малдарыбыз кырылды, цирктин тегереги бийликтин башындагы адамдарга сатылып кетти, цирк таптакыр каралбай калды. Т.Жолдошбеков "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төрүмө илем" болуп, кудай бар экенин унутту. Биз, Кыргыз циркинин артисттери, ошол мезгилдеги артист, аба гимнасты болуп иштеген Т.Жолдошбековду шайлоо жолу менен директор кылганбыз. Көрсө, тажрыйба көргөзгөндөй, жакшы артисттин орду "манежде" экен. Т.Жолдошбековдун аягында Циркти эле талап-тоноп жөн калбастан, цирктин артисттерин туш-тарапка таратып, материалдык байлыктарын жоготкондугуна күбө болдук. Ушуга байланыштуу азыр дагы Циркте мурда иштеп кеткен айрым артисттер өлкөдөгү "тополоң" жасайын деген "калп мекенчи" (лжепатриот) массалык маалыматтар аркылуу чыга калууда.
Ушундай кырдаалда цирк жамааты кооомчулукка жана республикалык жетекчиликке кайрылып, чыныгы абалды түшүндүрүп коюуну чечтик. Бир эле мисал азыркы жетекчиликтин беш жылдык мөөнөтүнүн ичинде толугу менен талкаланып тонолуп калган Цирк имаратынын сырткы коробкасы эле калганы болсо, ошондогу түзүлгөн 2005-жылы курулуш мекемелери жана эксперттердин түзгөн актысы боюнча 33 миллион сомдук зыян келтирилгендиги белгиленген.
Мындан сырткары Кыргыз мамлекеттик циркинин статусун кайрып алууга ОсОО "Спутник" деп түзүлгөн фирма мыйзамсыз экендигин далилдеш үчүн беш жылдан бери сот процесстери жүрүп, натыйжада цирктин имаратын кайрадан мамлекеттик мекеме кылып кайтарып алдык. Мындан сырткары ушул аралыктын ичинде 2006-жылы апрель айынан бери штаттык тизим кайрадан бекитилди.
Ошентип, 187 кишиден турган Кыргыз мамлекеттик циркинин жамааты айлыкка коюлуп, ийгиликтүү иш алып баруудабыз. Мисалы: Кыргыз мамлекеттик циркинин чет өлкөлөрдө иштеп жаткан артисттери М.Эшимбеков, В.Ершов жетектеген труппалардан сырткары өзүбүздө түзүлгөн студияны жетектеген адистерибиз башкы директордун көрүүчүлөр боюнча орун басары К.Таджиев., А.Айталиев, М.Акматов, А.Сабянин, О.Юнусов, А.Раимкулов, О.Ивлиева, Ф.Мукушева, Ж.Шамыровалар жаш муундарды тарбиялап, акыркы үч жылдын ичинде отузга чукул артисттерди даярдашты. Бардык труппалар тиешелүү кийим-кечек жана реквизиттер менен камсыз болууда. Мындан сырткары жетишкен ийгиликтердин күбөсү катарында белгилей кетсек, ушул эле беш жылдын аралыгында цирк имараты толугу менен калыбына келтирилди десек болот. Бир гана орчундуу маселе бул манеждин ичи отургучтар, жарык берүү системаларын алмаштырууда турат.
Азыркы жетекчибиздин учурунда Кыргыз мамлекеттик циркинини артисттери эң жогорку деңгээлдеги сыйлыктарга ээ болушту: Кыргыз эл артисти, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери наамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен, Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланышты.
Ушундай кырдаалда биз Кыргыз мамлекеттик циркинин жамааты айрым бир негизсиз каралоолордон биздеги жаралып жаткан ийгиликтерди жокко чыгарууга аракеттенген түрдүү ушак-айыңдарды таратып жүргөн айрым адамдарга кайрыларыбыз цирк жамаатына жана анын жетекчилигинин адресине массалык-маалымат каражаттар аркылуу моралдык жана психологиялык кысым көрсөтүүлөрдүн токтотулушун талап кылабыз.
Кыргыз мамлекеттик
циркинин жамааты:
Профсоюз уюмунун төрагасы Б.Мурзалиев, У.Урманов, Т.Власова ж.б. 114 киши кол койгон.