Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бай-бай-бай,
Байболуп чыгыптыр ай...
Акыркы эки айдан бери талашка түшүп келе жаткан "МегаКом"(мындан ары "Альфа Телеком") компаниясынын айланасындагы чырлардын чындыгы чыкканы калды окшойт. Ушундай пикирге келгенибизге алдыбыздагы далилдүү документтер себеп болуп турат. Окуган адамдын чачын мындай эле кой, колтук жүнү типтик турат. Укмушту ушундан көрөсүң. Ооз ачырган окуялар менен окурмандарыбызды ооз тийгизип кетели. Баарын айтып нетели, гезитке батпай тургандай.

"Альфа Телеком" компаниясынын 49 пайыздык акциясы өткөн жылдын май айында Убактылуу Өкмөт тарабынан улутташтырылып, калган 51 пайызы камакта калтырылган. Анын автору айтылуу Азимбек Бекназаров болгонун эсиңерге түйүп тургула. Быйылкы жылдын январь айында "Альфа Телекомдун" сырттан башкаруучусу болуп дайындалган Азамат Мурзалиевдин өкмөт башчыбыз Алмазбек Атамбаевге жазган кызматтык катынын негизинде "Альфа Телекомго" карата Каржы полициясы тарабынан 26-январда кылмыш иши ачылат. Жөн эле ачылмак эмес, эгер 10 миллион доллардын орду оюлуп калбаганда. Каржы полициясы казып баштайт, каражаттардын кайда кетип жатканын таап баштайт. Буга чейин баш бербей келген башкы директору Силич менен орун басары Бороздинге кылмыш иштерин ачып, кызматтарынан "кыскартып" коюшат. Азамат Мурзалиев тыштан эмес, ичтен башкара турган башкы директор болуп дайындалат. Балакеттин баары ушул жерден башталат. Башкы мыйзамды көзөмөлдөй турган Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогондор менен козготкондорго короңдоп, аларды акырын акырындап "кысып" баштайт. Башкы прокуратурадагы башкармалыктын башчысы Канат Аманкулов жабырлануучу тарапка эмес, айыпталуучу тарапка жан тартып, айтор, аягында чатактын чакчелекейин чыгарат. Эсиңиздерде бар болсо, бул эргул 2005-жылы андагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун орун басары болуп туруп, кудум ушундай иштердин башында туруп, аягында шефи менен кошо шыпырылып түшкөн. Андан кийин оппозицияда эмес, олимпиада комитетинде жүргөн. Кыскача айтканда, "кызыктуу" жигит. "Альфа Телекомго" ак көңүлдүк кылып жатканына караганда, Азике өзү алып келген окшобойбу. Бул жигит эч нерседен коркпой туруп, каржы полициясы козгогон кылмыш иштеринин баарысын жаратпай салып, Силичтерге ачылган кылмыш иштерин жокко чыгарып, сот-моту жок эле сокур ит бок жалагыча бүтүрүп салат. Баланын баатырдыгын ушундан көр, азыркы директор Азамат Мурзалиевге иш козгоп салат. Анткени ал Силич менен Бороздинди кызматынан туура эмес алган имиш. Экинчиден, алар миграциялык мыйзамдарды бузган экен. Үчүнчүдөн, ал Атамбаевге кызматтык кат менен кайрылбашы керек экен. Төртүнчүдөн, анын Атамбаевге жазгандары жалган болуп чыгыптыр. Эң негизгиси, Канат мырза Каржы полициясы тарабынан "Альфа Телекомго" козголгон кылмыш ишин кыскартып салат. Айтымында, алар Азамат айткандай, акча жегичтер эмес, "апакай" жигиттер экен. Анда, "апакай" жигиттердин "апакай" иштеринен мисал келтирели. Каржы полициясынын маалыматына караганда, "Альфа Телеком" 2010 -жылдын 1-январынан 7-апрелине чейин 54 463 331 сомду "Ренесанс" деген фирмага которот, алган адам Мытыев деген болот. 2010-жылдын 8-апрелинен 31-декабрына чейин "Мульти Ком" деген фирмага 22 159 895 сом которсо, накталай алган адам дагы эле ошол Мытыев болуп чыгат. Ушул эле жылы 8-апрелге чейин Исмаилбаева деген айымга "Комрид" фирмасы аркылуу 6 530 857 сом которсо, жыл аягына чейин "Топ Энерго" фирмасы аркылуу дагы 10 860 156 сомду которуп берет. Каржы полициясынын кызматкерлери Мытыев менен Исмаилбаеваны суракка алышса, алар акча алмак турсун, андай фирмалар жөнүндө укпагандыгын айтышат. Алардын паспортун колдонгондугу боюнча арыздарын жазышып, чара көрүүсүн суранышат. Туура эле, ушундай операциялар аркылуу "Альфа Телеком" былтыркы жылы 143 537 084 сомду же 3 200 000 АКШ долларын алып чыгып кеткен. Адалсынган "Альфа Телеком" ушуга окшогон операциялар аркылуу 2009-2010-жылдар аралыгында Кыргызстанга жалпысынан 617 515 631 сомдук же 24 950 000 долларлык зыян алып келген экен. Каржы полициясы ушунун баарын казып чыкса, жазып чыкса, Канат мырзанын көрбөй койгону эмнеси?! Мындай фактыларды көрүп туруп көз жумуп койгон кылмышкерди (кечирип койгула кызматкерди) түбөлүк түрмөгө отургузуш керек! "Альфа Телекомду" актап жаткан Аманкулов мырза айтып жатат, "Силич менен Бороздин эч кандай миграциялык мыйзамдарды бузган эмес" таризинде. Каржы полициясы миграция министрлигине кат жазышса, алардан мындай деген жооп келген экен: "Силичтин иштөө мөөнөтү 2010-жылдын 7-октябрында бүткөн, Бороздин иштөөгө уруксат алган эмес"-деген. Кайран Канат муну дагы көрбөй калган экен, кашайып. Ии баса, бул эргул "Альфа Телекомдун" акционерлер чогулушуна каршы болуп, эки-үч курдай аткез берип коюптур. Алардын аракетин УПКнын 119, ГКнын 222 беренелерине такап, уруксат бербей койгон. Көрсө, Кайран Канат бул жерде дагы мыйзамды бузуптур, ал көргөзгөн беренелерде андай талаптар жок экен!
"Альфа Телеком" боюнча башкы прокуратура басып салган документтердин арасынан Раушан Рыкунова деген атты көп кездештиресиң. Бул айым бир канча убакыт жанагы "Альфа Телекомдун" 51 пайызына ээлик кылып турган экен. Аны былтыркы жылдын октябрь айында ээлигинен ажыратышыптыр, баягы эле Башкы прокуратура. Раушан деген айым кадимки атагы алыска жеткен Роза Качиева экени билинди го. Билинмек турсун, ал айым Азикенин партиясынын алдыңкы сабында туруп парламенттик шайлоого барды го.
Баарынан кызыгы эми башталат. Байкаган чыгарсыз, Башкы прокуратураны айтканыбыз менен, Башкы прокурор Байболовду айткан жокпуз. Кубат Калбекович кантсе дагы чекист эмеспи, четте туруп деле "жайлай" берген. Ал кишинин "Альфа Телекомго" жан тартып, "адвокат" болуп жүргөнү айтылган. Бирок өзү ал жөнүндө ооз ачкан эмес. Кыңыр иш кырк жылда билинсе, кызык иш бизге илинди. Азамат Мурзалиевдин кызматтык катында азыркы башкы прокурорубуздун аялы Нуржамал Сатарованын "Альфа Телеком" байланышы бар экени балтайта көргөзүлүптүр. Атургай, схемасына чейин тартылып, күбөлүгүнүн көчүрмөсүнө чейин көргөзүлүптүр. "Альфа Телекомдом" акча чыгарып кеткен фирмалардын арасында "Сарамжал Транс" деген бар. Анын директору Усупов Тилек деген жигит, бир эле кезде Силичтин жан сакчысы болуп дагы иштептир. Ушул Усуповдун фирмасына которулган "Альфа Телекомдун 400 000 АКШ доллары айланып барып Байболова Нуржамалдын наамына катталган "Broodmaster - Бишкек" деген фирмасына түшүп калып жатпайбы, кашайып! Башкы прокурор Байболовдун аялына катталган фирманын директору Дегенбаев деген жигит "Сарамжал Транстын" өкүлү Айткуловго жер участокторун сатып жатпайбы туптуура ашык кеми жок 400 000 АКШ долларына. Каржы полициясы казган (жазган) маалыматка ылайык, "Сарамжал Транстын" кожоюну болуп жүргөн Усупов бул фирманы узурпация жолу менен өткөрүп алыптыр. Анын анык ээси Мамаджонова деген айымдын айтымында, ал Усуповду эч качан директорлукка бекиткен эмес экен. Ал эми Усупов ушул фирма аркылуу 442 880 АКШ долларын жана 8 567 371, 43 сомду "Альфа Телекомдон" чыгарып кеткен. Ушундай туугандар, балакеттин баарын жасаган башкы прокурорлор менен алардын аткаруучулары тура. Комиссия түзүү жагынан Гиннестин китебине кирчү кыргыз парламенти экс жана эмки башкы прокурорлордун ишмердиги боюнча иликтей турган комиссия түзгөнгө кудурети жетеби? Ажобуз Роза Исаковна коррупцияны ачкан Бабановго тартабы, же коррупцияны "баскан" Байболовго тартабы, аны убакыт көргөзөр.
P.S. Ошондой эле "Сарамжал Транс" ЖЧКсы Ибраимова жана Огонбаева көчөлөрүндө жайгашкан "Кадам" жана "Бродмасстер" ЖЧКларына тиешелүү жер участокторун 400 миң долларга сатып алышса, Тоголок Молдо көчөсүндөгү Оберон ишканасына тиешелүү үйдү 900 миң долларга, Чолпон-Ата шаарынан дагы бир обьектини 400 миң долларга сатып алышкан экен.
Эралы ЭСЕНБАЕВ