Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эшимканов Куловдун "куралы" болобу?
Курманбек Бакиев Белоруссияга куйрук түйүп кеткени өзүн жаман сезип, эл көзүнөн далдоо чээнге кирген Мелис Эшимканов акыркы убактарда чээнден чыкканын эптеп-септеп ыңгайын келтиримиш болуп жатып коомчулукка билдирген. Учурда саясатка кайрадан баш-оту менен киргенге катуу даярдык көрүп жаткан кербези. Бир кезде бийликке шибеге болгон айтылуу "Асабаны" жетектеген Мелис мырза жакынкы айларда "Баягы Асаба" деген аталышта гезит чыгарганы жатканы басма булактарында кеп болгон. Бизге жеткен маалыматка таянсак, гезит чыгарууга "Ар-Намыс" партиясынын жетекчиси Феликс Кулов 200 миң доллар бериптир. Акча каражатына маарыган Мелис гезит чыгаруунун аракетин көрүп, мурунку "Асабанын" журналисттерин олчойгон айлык коюп бере турганын айтып чакырып жатыптыр. Мындан бир-эки ай мурун эски кесиптештерин чогултуп "Дасмия" ресторанында тамак беришинин жөнү мына ушул жакта жатыптыр. Эми Эшимканов "Ар-Намыстын" эшик ырчысына айланбаса болгону?..


Качкында жүргөн Филатов Бишкекте каалаганын кылып…
Бакиевдин доорунда Андрей Филатов деген кыргызга кыянаттык кылган атка минер бар эле. Бишкек шаарынын экс-мэри Наримандын биринчи орун басары (вице-мэр) болуп иштеп жүргөн кезинде кызмат абалынан кыянаттык менен айдаа пайдаланып, өз билгенин кылган "азамат" болчу. Өткөн жылы 7-апрелден кийин абийири ачылып, биздин укук коргоочулар ага үч-төрт кылмыш ишин козгоп коюп, "унутуппу" же "уктап" жаткан кездеби, айтор, ал Москваны көздөй кире качкан. Күүсүнөн жанып тургандай болгон күч тармактарыбыз Андрейди Москвадан алып келүүгө же жегенин кустурууга күчү жетпей койду.
Андрей болсо, Москвада туруп алып, Бишкектеги бизнесин өркүндөтүп, Москванын чок ортосуна үлкөн там салдырып жаткандыгы тууралуу кептер айтылууда. Мисалы, Жал кичи районуна вице-мэр кезинде салып баштаган үйүн, бир аз убкытка токтото туруп, эми бүтүрүүгө киришсе, өзү жашап турган Манас көчөсүн бойлой салынган ("Ак кеме" мейманканасынын үстү жагында) үйүн, ичиндеги эмеректерин, бүт буюмдарын Москвага көчүрүп кетүү үчүн, контейнерлерге жүктөтүп даярдатып койгонун эшиттик. Ушинтип кыргызга кылы кыйшайбаган Филатов өз билгенин кылып жүрөт. Ал эми күч тармактары дале болсо качкынга каалаганын кылдырып коюп "оор уйкуда" жатат, эч ойгонбой…


Темирбек Асанбеков кызыл кулакпы?..
Былтыркы парламенттик шайлоо учурунда жаңы түзүлгөн "Мекен ынтымагы" партиясынын чапанын жамынып чыккан Темирбек Асанбеков деген бар. Мекен, эл үчүн күйүп-бышкан болуп көрүнгөн бул эргулдун анык жүзүн ачкан чуулгандуу кептер акыркы кездерде арбын айтылчу болду. Кечээ жакында "Мекен ынтымагы" партиясын негиздегендердин бири Жамалбек Ырсалиев, мамлекет жетекчиси болсо эле кыргыз элин жыргал турмушка жеткирмекчи болуп күпүлдөп жүргөн Темирбектин аферисттик талантын, бет кап артындагы чыныгы жүзүн сыйрып, Алмазбек Атамбаев баш болгон азыркы өлкө жетекчилерин "дерьмо" дегенге чейин барганын "Асман пресс" гезитине маалымдаган. Шайлоодо 4 миллион доллар таап келмекчи болгон Асанбеков шайлоого деп Бермет Акаевадан 2 миллион доллар алып, шайлоого болгону бүтүндөй ыгым-чыгымын эсептегенде 200 миң долларга жетпеген гана каражат жумшап, калганын чөнтөгүнө уруп койгон экен. Көрсө, акча жасоонун ыктарын жакшы өздөштүргөн Темирбек мырза, кырдаалдан пайдаланып, саясаттан дагы акча жасаса, бир эсептен атын чыгарып жүргөн тура.


Таанышың болсо, тажрыйбаңа карабайт…
"Ата-Журт" фракциясынан депутат болгон Курманбек Осмонов кызы Нурзат Осмонованы өзү кирген партиягы сүйрөй кирип, депутат кылган. Атасынын арты менен депутаттыкка жеткен Нурзат айым парламентке туура эмес келип алганын түшүнгөнбү "ордумду татыктуу адамга өткөрүп берүүнү туура көрдүм" - деп, 27-январда мандатынан баш тарткан. Андан бери дайны билинген эмес. Кайда жүргөнүн караштырып көрсөк, баягы эле атасынын арты менен "оозу кыйшык болсо да байдын кызы сүйлөсүн" болуп, Жогорку Кеңештин эң олуттуу делген юридикалык бөлүмүнө жетекчи болуп келиптир. Жетекчи болуп келсе келсин дечи, ага кызганычыбыз деле жок. Болгону окууну жаңы бүтүп, атасынын аркасы менен депутат болгон 25 жашка жаңы чыккан, эч бир юридикалык тажрыйбасы жок неменин парламенттин юридикалык бөлүмүнө жетекчи болуп келгенине таңбыз. Сыягы, колунан эч нерсе келбесе мейличи, Жогорку Кеңештин юридикалык иш кагаздарын кол алдындагы билими, тажрыйбасы мол адистер аткарышат, эптеп жетекчи кылып койсок болду дешкен окшойт.


Аликбек Жекшенкуловдун кулагы көрүндү…
"МегаКом" жетекчилиги 7-апрелде "Акыйкат" партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкуловго жакын адамдар ири өлчөмдөгү акча алып чыгып кетишкен деп билдиришти. "МегаКомдун" коопсуздук департаментинин башчысы Тилен-Аалы Кызалаков 7-апрелден кийинки аралыкта алгач мекемени басып алган белгисиз адамдардын тобуна 180 миң сом таратылып берилгендигин, андан кийинкисинде чогулган адамдарды жайгарууга саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун жардамчысы Рашид аттуу жигит бир нече жүз миң доллар алганын маалымдады. Тилен-Аалы Кызалаков бул туурасында: " Рашид аттуу жигит өзүнүн ортомчулугун сунуштап, бул үчүн эки жүз миң сом керек экендигин айтты. Мен жетекчилик менен байланыштым. Ал жактан мага уруксат бергенден кийин акчаны Рашидге алып келип бердим. Анан эртеси мага жетекчиликтен: "жүз миң доллар топтоп, Рашид кайсы жакка алып бар десе ошол жакка алып бар"-деген буйрук болду. Мен Шопоков көчөсүндөгү "Фонекс" компаниясынын жанындагы үйгө акчаны алып келдим. Короодон Рашид мени тосуп алып, ичкеридеги А. Жекшенкуловдун иш бөлмөсүнө киргизди. Анан акчаны ага берип, чыгып кеттим. Бир нече күндөн кийин мага "дагы жүз миң долларды "Вассаби" деген кафеге алып бар"-дешти. Ал жакта баягы Рашид жана Баха деген жигиттер күтүп турган экен" - деп билдирди. Бирок Аликбек Жекшенкулов муну жалган жалаа катары баалап, билдирүү ээлерин сотко бере тургандыгын жарыялады. Ал эми "МегаКом" компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиев эми бул боюнча тартип коргоо органдарына арыз менен кайрыла тургандыктарын кабарлады.




Бабанов Өмүрбек Токтогуловичке,
Жээнбеков Равшан Бабырбековичке,
Субаналиев Өмүрбек Исаковичке
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу мырзалар,
Сиздердин акыркы кездердеги саясаттагы алабармандык кадамдарыңыз бизди кат аркылуу кайрылууга аргасыз кылып отурат. Ачыгын айтканда, азыркы кезде кичи мекениңер болгон Талас жергесинде сиздерге болгон нааразычылыктар аябагандай күч алууда. Алдыбызда Бакиев бийлигинин башын жуткан апрель окуяларынын бир жылдык мааракеси турат. Арийне, ал окуялардын Талас жергесинен башталганы баарыбызга белгилүү. Биз ошол окуяларга активдүү катышкан жарандар катары кайрылып жатабыз. Биз башыбызды өлүмгө байлап, Бакиев бийлиги менен баатырларча кармашып жатканда, сиздер башыңарды кайда катканыңардан кабарыбыз бар. Албетте, апрель окуяларынын жеңиши азыркы Атамбаев жетектеген Аткаруу бийлиги болгондон кийин, биз анын таламын талашабыз. Аз гана убакыттан бери иштеп жаткан азыркы Өкмөттү сындаганыңыздар, чынын айтканда, чыдамыбызды кетирип жатат. Бул Субаналиев менен Жээнбековго тиешелүү. Өмүрбек Исакович, сиз кыйын болсоңуз эмне үчүн өзүңүз министр болуп иштеп турганда криминалдарды 24 сааттын ичинде кире турган жерине кийире алган эмессиз?! Азыркы ички иштер министрибиз Зарылбек Рысалиевдин бул жааттагы алгылыктуу аракеттерин айыптап жатканыңыз, ичи тарлык, көралбастык эмеспи? Равшан мырза, сиз "Азаттык" радиосу аркылуу азыркы коалициянын жакын арада урай турганын сүйүнчүлөдүңүз. Америкадан келишиңизге шарт түзүп берген азыркы бийликти ар дайым сындаганыңыз жана аны кулатууга жан далбас урганыңыз, биздин намысыбызды сындырып жатканын сезесизби? Биз сизди келтириш үчүн Бакиев бийлигин кетирген эмеспиз, билсеңиз! Ал эми Өмүрбек Токтогуловичке айта турган сөз башка. Урматтуу Өмүке, азыркы Өкмөттүн өткөн жумада кулап калышына биринчи кезекте сиз күнөөлүүсүз. Өзүм билемдик кылып, жаныңызга жалаң бакиевчилерди топтоп жатканыңыз жамандыктын жышааны. Биз сиздер менен жолугушуу үчүн Таластын ар бир айылынан бирден өкүл келдик. Эркиңер жетсе, эртең (бүгүн - ред.) Филармонияга келиңиздер, келечек жөнүндө ийри отуруп, түз кеңешели. Чанып койсоңор, чоң Таласка чакырабыз. "Ачуу - душман, акыл - дос" демекчи, ал жакта сөз ачуулуу болорун алдын ала эскерте кетебиз.
"Манастын урпактары" уюму жана
"Мекенчил жаштар биримдиги"
Ред: кыскартылып берилди