Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жанета Бобкова,
КРнын эмгек сиңирген ырчысы:
"Мен наамды акчага
сатып же тааныш салып алган жокмун…"
Күтүлбөс белек…
- КРнын эмгек сиңирген артисти наамын алып калышыма 1-2-мартта өткөн "Досум Үсөн" тобунун кырк жылдык мааракеси чоң себепкер болду го деп ойлойм. Анткени аталган топто 13 жылдан бери иштеп келе жатам. Ошол концерттин өтүшү менен менин сахнада 20 жыл жүрүп жасаган эмгегимди баалап, 8-март аялдардын эл аралык майрамына утурлай наам беришти. Чынында КРнын эмгек сиңирген артисти деген наам алам деп өзүм да күткөн эмесмин. Бул мен үчүн күтүлгүс жана унутулгус белектердин бири болду. Буга чейин 8-мартта жакындарымдан көп эле белек алгам. Анын ар бири баалуу болсо, быйылкы мамлекет тарабынан алган белегим өзгөчө болду. Бул менин жыйырма жылдык эмгегимдин акыбети десем болот.
"Баары буйруктан экен…"
- Февраль айында документтеримди толуктап, Маданият министрлигине сунушташкан. Сунуш жөнөтүлгөндөн кийин деле мага наам беришет деп ойлогон эмесмин. Баары буйруктан экен. Кудай менин маңдайыма ушуну жазыптыр. "Чуркаган калат, буйруган алат"- дегендей мага буйруптур. Мен абдан кубанычтамын. Эмгек сиңирген артисти наамды ушул курагымда алам деп такыр күткөн эмесмин. Чынында күтүлбөгөн жаңылык болду. Алгач мага да чечим чыкканын укканда кубанганымдан көзүмө жаш алып ыйлап жибердим. Анткени бул менин маңдай терим менен тапкан сыйлыгым болду. Адам канчалык кыйналып, мээнет кылып, чуркап жүрүп жетсе, алган наамы да ошончолук бийик, улуу, баалуу көрүнөт экен. Азыркы алган наамым менин сахнадагы алгачкы жеңишим жана жемишим болду десем жаңылышпайм. Менин талантымды баалап, наам ыйгарган адамдарга терең ыраазычылык билдирем.
"Канча көз жаш төгүп, санаа чектим…"
- Ооба, ыр дүйнөсүнө аралашкан 20 жылдын ичинде менин башымдан көп нерсе өттү. Чыгармачылыктын түйшүгүн далай тарттым. Кайдагы бир көралбас, жан дүйнөсү тар адамдардын айынан калп ушактарга малындым. Ак жеримден караланганыма чыдай албай, канча көз жаш төгүп, санаа чектим. Бирок менин ал азаптарымды ушак чыгарып, менин атагымды өчүрөм деген адамдар сезген жок. Алар менден кийин да далай чыгармачыл адамдарды ыйлатып, намысына шек келтирип, мурда-кийин кылган иштерин эч нерсе болбогондой жасап жүрө беришти. Алардын карасанатайлык кадамдары мени жолумдан чыгара, эркимден майтара алган жок. Тескерисинче, калп айтылган ушактар мени чыйралтты. Мага дем-күч берди. Менин алдыга жылуума, өсүүмө, кайраттуу болуума өбөлгө түздү. Мына, бүгүн мен "Ак ийилет, бирок сынбайт" деген кыргыздын улуу сөзүнө ынанып отурам. "Эл - тараза, калк - калыс" дегендей, кимдин-ким экендигин эл жакшы билет. Буйруса, жеңиш мен тарапта. Ушул кезге чейин мага бут тосуп, менин жакшылыктарымды көралбай калпка чыгарып келген адамдардын сөздөрү бүгүн суу кечпей отурат десем жаңылышпайм.
"Ыр дүйнөсүнө кечээ эле келген жокмун"
- Ыр дүйнөсүнө кечээ гана келе калып, эки ыр жаздырып эле КРнын эмгек сиңирген артисти наамын алган жокмун. Мен сахнага 10 жашымда кадам таштагам. Ошол учурдан бери чыгармачылык менен алектенип келе жатам. Бир эмес, бир нече жолу эл аралык сынактарга катышып, Кыргыз мамлекетинин желегин чет жерде желбиретип, намысын коргоп келдим. Кээ бир адамдар айтып жаткандай мен наамды акчага сатып же тааныш салып алган жокмун. Наам берген калыстар калыс чечимин чыгарып, мамлекет башчыбыз кол коюп жаткандан кийин мен аталган наамды алууга татыктуу элемин го деп ойлойм. Албетте, элиме эмгегим сиңди деп айта албайм. Менин жасай турган иштерим алдыда. Элим үчүн кыла турган иштерим арбын. Менин кубанычыма ортоктош болгон калкыма, күйөрмандарыма, жакындарыма абдан ыраазымын.
"Менден мурда апам жашып…"
- Алгачкы кубанычымды апам менен бөлүштүм. Менин талантымды биринчилерден болуп баалаган, сыйлаган, түшүнгөн, колдогон адам - апам. Менден таланттуу ырчы чыгарын сезген да апам, 8-9 жашымда эле ыр дүйнөсүнө аралашууга уруксатын берип, Каныкей Эралиева эжелерге кошуп берген. Мен ошондо эле Кыргызстандын бүт аймагын кыдырып, элиме өз талантымды тартуулап чыккам. Апам менин татыктуу ырчы болушумду көптөн-көп тилечү. Менин ар бир ийгилигиме кубанып, кайгырсам кошо кайгырып жүрдү. Апамдын кайраты менен ушундай ийгиликке жетишип отурам десем болот. Сыйлык алганымды укканда менден мурда жашып, айтарга, алкаарга сөз таппай турду. Азыр жанымда кубанычыма ортоктош болуп, кубанып турган чагы. Албетте, менин бул сыйлыгыма кубанбаган жакыным болгон жок. Жолдошум Денистин кубанычына чек жок. Апам, атамдар өздөрү наам алгандай чексиз кубанычта. Менин жакшылыгымды тең бөлүшкөн жакындарыма рахмат. Сиздер бар, мен бар.
Коломто
- Менин талантымды баалап, ар тараптан колдоп келе жаткан жолдошума, кайын журтума абдан ыраазымын. Ошол адамдардын жардамынын арты менен ийгиликтерге жетишип жатам. Денис - чыгармачыл адам. Менин жумушумду жакшы түшүнөт. Сынчым да, кеңешчим да жолдошум. Эки баланын энесимин. Балдарымды баарынан бийик коем. Анткени менин бакытым, кубанычым - балдарым. Ошолор менин жашоомдун маңызы. Өкүнгөнүм чыгармачылык деп жүрүп, кызым менен балама көп көңүл бура албай жатам. "Апа, сиз ырчы болбой, мугалим же дарыгер болгондо, биз менен көп болот элеңиз"- деп кээде айтып калышса, жүрөгүм ооруп кетет. Айла канча, кудай талант берип, мага ушул кесипти ыроолоп коюптур. Өзүмдү башка чөйрөдөн көрө албайм. Ырчы болбогондо ким болот элем? Муну да айта албайм. Эң башкысы жылуу уям бузулбай, коломтомдогу отум өчпөсө болду. Жолдошум, балдарым, жакындарым аман турганда күнүмдүк кыйынчылыктардын баарын жеңүүгө кудуретим жетет.
Даярдаган
Жаркынай Кадыркулова