Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Феликс Кулов,
"Ар-Намыс" фракциясынын жетекчиси, депутаты:
"Үсөн Кудайбергеновду Р.Акматбаевдин буйругу
менен өлтүрүшкөн"
Кыргызстандын мурдагы вице-президент, мурдагы өкмөт башчысы, "Ар-Намыс" партиясынын лидери, депутат Феликс Кулов "Азаттыктын" "Интернет эрөөлүнөн" окурмандар менен 9-мартта түз жыйында баарлашты. Түз жыйыда Феликс мырзага 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан кийинки өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү, азыркы парламенттик оппозициянын туруму, өзүнүн жеке саясий тагдыры жана башкалар тууралуу ачуу суроолор берилди.


кимден: Isken 07.03.2011 19:26
Саламатсызбы Феликс байке!
Суроо: -
Кыргыз тилин билбеген - кыргыз элин сүйө алабы?
Кыргыз тилин билбеген - кыргыз журтун коргой алабы?
Кыргыз тилин билбеген - кыргыз журтунун кызыкчылыгын аткара алабы?
Ракмат!!!
P.S. Кайсы тилде жооп берет экен?!
Пикирге жооп:
кимден: Феликс Кулов
09.03.2011 16:22
- Искен, кызыктуу сурооңо рахмат!
Адамдар тил билгенден эле патриот болуп кетпейт экен. Патриот болсо Акаев менен Бакиев үй-бүлөлүк коррупциялык система курбайт эле го. Азыр экөө кайда, аны сиз жакшы билесиз.
Андыктан эң башкысы өз элиңди, жериңди жана мамлекетиңди кандай сүйөсүн, кеп ушунда. Ата Мекенин сүйгөн адам кыргыз журтун коргоп, анын кызыкчылыгын аткара алат.
Мага келген суроолордун көпчүлүгү орфографиялык каталар менен жазылыптыр. Суроо бергендер капа болушпасын, кыргыз тилин билем деп мактанбай, суроолорду катасыз жазса жакшы болот эле.
- Мен бул суроого мурда жооп бергем. Рахмат, саламатта туруңуз.

кимден: Базарбай
каяктан: Нарын 07.03.2011 16:43
- Феликс мырза, сизде кичине намыс барбы? Шайлоо бүтөөрү менен РФга жөнөдүңөр, силерди РФ шайладыбы? Анда Кыргызстанда эмне кылып жүрөсүңөр, баргыла РФга, ошол жакта жашагыла? Уят, бет деле жок экен, катуу тийсе капа болбоңуз, бирок мен ачык жазып жатам ачык жооп алгым келет.Ооба, миңдеген мекендештер РФда оокат кылып жатат, жумуш акысын алып жатат. Бирок аларды РФ бекер багып жаткан жери жок, РФ дагы муктаж биздин балдарга.
Пикирге жооп
кимден: Феликс Кулов
09.03.2011 15:58
- Базарбай иним, намыс жагынан өзүмдү башкалардан кем санабайм.
Сенин мага таккан "күнөөң" негизсиз, андыктан аны кабыл албайм.
Карап көрсөк, биздеги бардык саясатчылар жана партиялардын лидерлери жумушчу сапар менен Россияда жана Казакстанда болушту.
Алар бирөөгө жагайын деп ал өлкөлөргө барган жок.
Анткени Кыргызстан КМШ, Жамааттык коопсуздук уюму (ОДКБ) жана ЕвразЭСке мүчө. Орусча айтканда, это геополитика (геосаясат).
Жакынкы шериктеш мамлекеттер менен достукту чыңдабай туруп, биз эч качан өнүгө албайбыз.
Мен бир мисал келтирейин. Акыркы беш жылда 247 миң жердешибиз Россиянын жарандыгын алды. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыздар. Россияда миллионго жакын мекендештерибиз иштейт.
Алар жылыга Кыргызстандын бюджетине барабар акча каражатты өлкөгө жөнөтөт.
Тилекке каршы, өлкөдө жумушсуздук жогору. Баарын жумуш менен камсыздоо кыйын.
Ошол үчүн биз бул факторду эске алышыбыз керек.
Социологиялык иликтөөлөр көрсөткөндөй, 70% кыргыздар Россияны эл аралык мамилелерде 1-орунга коюшат.
Россия да башка мамлекеттерге караганда биздин мекендештерге жакшы шарт түзүп берүүдө.
Апрель революциясынан кийин Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү кайсы өлкөгө визит жасашты?
Россияга.
Премьер-министр А.Атамбаев кызматка келери менен каяка визит менен барды? Албетте, Россияга.
Ошол үчүн бул суроону түшүнүү менен, ачууга алдырбай кабыл алам.

кимден: АЙЖАРКЫН
каяктан: ОШ 07.03.2011 16:21
- Урматтуу Феликс агай, сиздин биринчи аялыңыз Наиланын үстүнөн жаш кызга үйлөнгөнүңүз жарыяланган эле. Сизди сүйгөн, жаштыгын сизге арнаган, акыл-эстүү аялыңыздын кадырын тепсеп, экинчи жаш кызды алышыңызга эмне түрткү болду?
Бул сиздин 3-жолу үйлөнүшүңүз деп айтышат, бул туурабы?
Оштогу июнь окуясы убагында Эл сиздин жардамыңызды аябай күттү эле дарегиңиз чыкпады. Эгер Эл үчүн күйгөн адам болсоңуз, Эл кырылып жатканда кантип үнүңүздү чыгарбай башыңызды катып, жамынып жаттыңыз, буга эмне себеп?
Пикирге жооп
кимден: Феликс Кулов
09.03.2011 16:01
- Айжаркын, мен эркек катары жеке турмушума, үй-бүлөлүк жашоомо киришүүгө эч кимге жол берген эмесмин жана бербейм.
Бир гана нерсени айта алам.
Биринчи аялым жана ортодогу балдарыбыз менен мамилем абдан жакшы.
Бири-бирибизди толук түшүнөбүз. Кээ бирөөлөрдөй бир канча үй-бүлө күтүп, экинчисин элден жашырып жашоону туура көргөнүм жок.
Эми Ош окуясы тууралуу.
Мындай учурду элестетип көрсөңүз: кайсы бир генерал Ошко келип, эми мен башкарам, баары мага баш иет десе эмне болот?
Албетте, комендант андан сурайт: Сизди дайындоо тууралуу буйрук барбы? Жок.
Жок болсо биздин ишке жолтоо болбой кетип калыңыз дейт.
Убактылуу Өкмөт ал кезде менин көмөгүмсүз эле өзүбүз жаңжалды өз күчүбүз менен басабыз деп чечкен.
Бирок мен саясатчы катары Ош окуясы башталганда кан төгүүнү токтотуу боюнча өз позициямды элге ачык айтып чыктым.
Каршылашкан тараптарга кайрылуу жасадым.
Үйлөрдү өрттөп, дүкөндөрдү талаган бандиттерден кантип коргонуу керектигин теледен түшүндүрдүм.
Гуманитардык жардам боюнча эл аралык уюмдарга кайрылдым.

кимден: Аман
каяктан: Бишкек 07.03.2011 14:15
1.Кээ бир саясатчылар өзүнүн ахыбалын билбей, дагы эле бийликке умтулуп жаш, өсүп келе жаткан саясатчыларга жолтоо болуп, ордун бошотпой келишет. Сиз ошондой адамдардын катарындамын деп өзүңүздү эсептейсизби?
2.Сизде саясаттан иренжиген мезгил болобу?
3."Көк бет", "бети калың","киргизбай" деген сөздөрдү чечмелеп бере аласызбы?
Пикирге жооп
кимден: Феликс Кулов
09.03.2011 16:06
- Аман, сурооңо кыска жооп берейин.
1) Жок, андай деп ойлобойм.
2) Саясатта мени көп ирет алдашты. Жакындарымды коркутуп, түрмөгө да салышты.
Эркекче кол алышкан келишимди бузуп, "аркадан бычак урганга" аракет кылышты.
Бирок менин принцибим өзгөргөн жок: берген убаданы аткарып, саясатта да эркек бойдон калыш керек!
3) Сиз айткан сөздөрдүн кыргызча маанисин толук билем.
Кандай максат менен айтып жатканыңызды да түшүнүп турам.

кимден: Эмиль
каяктан: Москва 07.03.2011 14:12
- Саламатсызбы, Феликс Шаршенбаевич. Менин 1-суроом: эмне үчүн кыргыз саясатчылары Москвадан көз каранды, анын ичинде сиз дагы? 2-суроом: коалиция түзүп жатканда сиз мага премьер-министрлик орунду берсе анан биздин партия коалицияга мүчө болот депсиз, эмне сизге кыргыз элинин турмушунан премьер-министрлик кресло жогору турабы? 3-суроом: премьер-министр болуп иштеп жүргөндө кыргыз эли үчүн кандай жакшы иштерди аткара алдым деп ойлойсуз? 4-суроом: эгерде премьер-министр болуп калсаңыз дагы ХИПК маселесин козгойсузбу? Адахан Мадумаровдун азыр Кыргызстанда президент жок дегенине кандай карайсыз? Роза Отунбаева азыр Кыргызстандын президентиби сиз үчүн? Алдын ала ыраазычылыгымды билдирип кетемин. "Азаттыктан" сураныч, менин суроомду жарыялап коюңуздар.
Пикирге жооп
кимден: Феликс Кулов
09.03.2011 16:06
- Салам алейкум, Эмил иним!
1) Биринчи сурооңо жогоруда жооп бердим. Жогорудан карап көрүңүз.
2) Сиздеги маалымат так эмес экен.
Коалиция түзүлүп жатканда мен мындай сунуш киргизгем: премьер-министр болом деген адам президенттик шайлоого катышпайм деп убада бериши керек. Себеби өлкөдө экономикалык абал оор.
Өкмөт башчы саясый оюнга аралашпай, чарбалык жумуш аткарып, элдин турмушун жакшыртууга бүткүл күчүн жумшасын!
Экинчиден, азыркы Өкмөттөн айырмаланып, биздин экономикалык программабыз жана аны ишке ашыруунун так планы бар.
Элибизге эмне иш жасап берерин билбеген командага биз ал кезде кантип кошулат элек?
4) ХИПК программасы биздин элдин турмушун жеңилдетүүгө жардам бермек.
Анын мааниси өтө жөнөкөй: Өкмөт таза иштесе, жыл сайын төлөнчү тышкы карыздын пайызын донорлор жоюп ("списание" кылып) турмак.
5) Роза Отунбаева - референдумда кабыл алынган конституциялык мыйзамга ылайык, Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти болуп саналат.
Анын кызмат мөөнөтү ушул жылдын аягына чейин чектелген.

кимден: Жылдыз 07.03.2011 12:38
- Урматтуу Феликс Шаршенбаевич! Сизге мурдагы кыргыз тилден сабак берген мугалим Суюмкан Омуралиеванын жалгыз кызы Алтынай абдан оор абалда. Жакында ооруканага жатып, башына операция жасалган. Алтынайдын эч кимиси жок.
Сизге кайрылуум, ошол кызга жардам бере аласызбы, жок дегенде моралдык жактан. Урматтоо менен, Жылдыз. тел. 0555 003 186
Пикирге жооп
кимден: Феликс Кулов
09.03.2011 16:09
- Урматтуу Жылдыз карындашым, мен Алтынай менен сиздин кайрылууңуздан мурда эле байланышкам.

кимден: Өзгөн
каяктан: Тоотегин 07.03.2011 12:35
- Саламатсызбы, Феликс Шаршенбаевич?
Вертолетторду эмнеге саттыңыздар эле?
Рысбек Акматбаевди ким жана эмнеге өлтүрдү эле?
Кыргызча эмнеге сүйлөгүңүз келбейт? Эмнеге үйрөнгүңүз келбейт? Түшүнөсүзбү деги кыргызча?
Рахмат сизге, урматтуу "Азаттыктын" жамааты сиздерге дагы чон рахмат!!!
Пикирге жооп
кимден: Феликс Кулов
09.03.2011 16:09
- Жогоруда айттым, дагы кайталайм:
мен эч качан вертолет (тикучак), станок, танк ж.б. элдик байлыкты саткан эмесмин.
Муну менин саясый оппоненттерим мага каршы "каралоочу пиар" ("черный пиар") катары шайлоо мезгилинде ойлоп чыгарган.
2000-жылы АКШдагы бир үйдү теледен көрсөтүп, бул Куловдун үйү дешти. Көрсө ал музей экен.
Мен тууралуу ойго келбеген калптарды бийлик көп эле учурду.
Анткени менден коркушчу. Сиз айткан нерсе да ошол кара пиардын бир үзүмү.
Рысбек Акматбаевди өлтүрөм деп жүргөн кишилер өлтүрдү.
Эгерде кыргызча сүйлөбөсөм, анда мени элибиз шайлоодо колдомок эмес.

кимден: antikul-antimafia
каяктан: OSH
07.03.2011 12:21
- Оштук бизнесмен, депутат - БАЯМАН, сиз менен жолукканын айтып, журналисттерге интервью бергенден кийин көп узабай эле киллердин огунан курман болду.
Баямандын өлүмүнө сиздин түздөн-түз тиешеңиз бар деген "ушак" жүрөт, буга кандай жооп берет элеңиз?
Пикирге жооп
кимден: Феликс Кулов
09.03.2011 16:10
- Баяман Эркинбаевди ким өлтүргөнү тууралуу менде так далил жок.
Бирок ал өлөр алдында ага Р.Акматбаев кол салганы жатканын айткан эле.

кимден: Muratbek
каяктан: Bishkek
07.03.2011 10:34
- Саламатсызбы, Феликс Шаршенбаевич!
Албетте, сиздей белгилүү саясатчыга кызыгуулар арбын жана тумар туткандар көп, ошого жараша суроолор дагы көп.
Эгер ырайым кылсаңыз мен сизден төмөнкү суроолорду сурайын дегем:
1)Сиздин саясаттагы устатыңыз ким?
2)Саясаттагы ийгиликтериңиз жана кемчилдиктериңиз деп эмнелерди карайсыз?
3)Рысбек Акматбаев иниси каза болгондо сизди аянтка чыгып сүйлөшсүн деп талап койгонун чечмелеп бере аласызбы, себеби сиз жөн гана органдын адамы эмес, генерал наамындагы аскерий инсансыз?
4)Белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов каза болгондо күнөөкөр сөзсүз табылат деп - сөз бердиңиз эле, ошол анттын өтөсүнө чыгып аткардыңызбы?
5)Сиздин 24-март (2005 - жылы) окуясынан кийин мыйзамсыз соода кылган бизнес адамдары товар менен кармалганда, сизден бир "звонок" келип, чыгып кетишти эле, ошону кандай түшүндүрүп бере аласыз? же чын эле сиздин дагы криминал чөйрөсүндө байланышыңыз барбы?
6)Судан өлкөсүндөгү 2 вертолет Кыргызстандан сатылып алынган деген маалыматтарды окудум эле, ушул боюнча көп жылдар бою күч структурасындагы иштеген адис катары чечмелеп бере аласызбы?
7) Кыргызда: "атадан кем уул, атага тең уул жана элдин уулу деген сөз бар, сиз өзүңүздү кандай ойлойсуз?
Өтүнүч, ар бирине өз-өзүнчө жооп берип койсоңуз.
Пикирге жооп
кимден: Феликс Кулов
09.03.2011 16:11
- Муратбек, кызыктуу жана түз суроолоруң үчүн сага рахмат.
1) Кыргыз саясатчыларынан Исхак Раззаковду сыйлайм. Ал тууралуу мен ыраматылык атамдан көп жакшы кептерди уккам. Ал эми чет элдик саясатчылардан У.Черчилль, Ли Куан Ю жана Ден Сяо Пин.
2) Саясаттагы ийгилигим: биздин "Ар-Намыс" партиясы 2005-жылга чейин мамлекеттик машиненин басымына карабай өнүгүп келди. Акыркы шайлоодо жеңишке жетишип, парламентке кирди.
Ал эми кемчилигим өтө эле көп. Негизгиси: убада бергендей парламенттик шайлоодо 50% орун ала алган жокпуз.
3) Р.Акматбаев уюштурган ал митинг бандиттердин жыйыны болчу.
Алар менин аянтка чыгып, митингчилерге түшүндүрмө беришимди талап кылышты.
Бирок мен бандиттерге отчет берген эмесмин жана бербейм. Мен алар менен өмүр бою күрөшүп келгем.
4) Үсөн Кудайбергеновду Р.Акматбаевдин буйругу менен өлтүрүшкөн.
Р.Акматбаев азыр каякта, аны силер жакшы билесиңер.
5) Бул айтканыңыздын баары калп, саясый оппоненттеримдин ойлоп чыгарган кара пиары.
6) Аны мен билбейт экем.
7) Бул сурооңузга атактуу акын Расул Гамзатовдун сөзү менен жооп берейин: мендеги жакшы сапаттардын баары - атамдан, жаман сапаттарым - өзүмдүкү.
Төбөң көккө жетсе да атадан бийик боло албайсың.
Атам өз заманынын, өз элинин чыныгы уулу эле.
Мен ошол бийиктикке жетүүгө аракет кылып келем.

кимден: Мурат
каяктан: Москва
07.03.2011 02:00
- Феликс Шаршенбаевич!
1) Кыргызстандагы бүгүнкү абал менен Бакиевдин тушундагы абалды кандай баалайсыз?
2) Сиздин оюңузча, Кыргызстандын Парламенттик системада өнүгүшүнө ишеним барбы, б.а., туура жолду тандадыбы?
3) Азыркы оппозициянын максаты эмнеде?
Бийликти кулатуубу? Эгер кулатуу болсо, анда кандай жол менен?
Себеби жаз айларында үчүнчү төңкөрүш болот деген сөздөр байма-бай айтылып жатат.
4) Текебаевдин Бабановго болгон чабуулун кандай баалайсыз, мүмкүн силер коалицияга кирүү учурунда Бабанов тоскоол болгондугу үчүн ага кысым көрсөтүп жаткан жоксуңарбы, өч алуу максатында?
Деги эле Текебаев Бабанов жөнүндө айткан фактылар туурабы?
Пикирге жооп
кимден: Феликс Кулов
09.03.2011 16:16
1) Кыргызстандагы бүгүнкү абал менен Бакиевдин учурундагы абалды салыштырсак, чоң айырма бар. Азыр саясый планда жакшы жетишкендиктер болууда, эркиндик берилди. Ал эми экономикалык планда алганда Бакиевдин тушунда башталган экономикалык кризистен Кыргызстан азыр да чыга албай кыйналууда.
2) Азыр биз башкаруу системасын дароо өзгөртө албайбыз. Учурдагы системада бир аз жашап көрөлү, анын ийгилиги менен кемчилиги өзү эле билинет. Ошондо элдин пикирине таянып иш жүргүзөбүз.
3) Бардык оппозициянын максаты - Өкмөттүн жана парламенттик көпчүлүктүн ишине көз салып, кемчилигин көргөзүп туруу. Оппозиция Өкмөттүн "уктап" калышына жол бербейт. Анын кемчилигин сындап, калк арасындагы реалдуу маселелерди көтөрөт. Оппозиция элди көчөгө алып чыгып, бийликти куралдуу жол менен басып албашы керек.
4) Ө.Текебаев колундагы фактылар менен Ө.Бабановду сындап жатат. Күтө туралы, Ө.Бабанов кандай жооп берет экен.
"Азаттык"