Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Улуттун улуу сыймыгы…

Ырысбек Жабиров, кинорежиссер:
"Ак калпак демилгесин көтөрүүгө миң доллар жумшадым…"
Өз улутубузга болгон кайдыгерлигибизденби, айтор нечендеген кылымдарды карытып, сыймыгыбыз болуп жашап келаткан боз үй, ак калпак, комуз сындуу руханий улуу мурастарыбыздын кертилип, жок болуп баратканы жашыруун эмес. Эгер чындап эле аталган мурастарыбызды таптакыр жок кылып алсак, улутубуздун тамырына доо кетээри бышык. Ансыз деле улуу эпосубуз Манасты кытайлар талашса, боз үйүбүзгө казактар көз артып, менчиктеп алуунун аракетинде. Андыктан жонубуздагы "кайдыгерликтин тонун" сыйрып таштап, мурастарыбызды сактап калуунун аракетин көрчү мезгил келди. Алгачкылардан болуп, белгилүү кинорежиссер Ырысбек Жабиров, демилге көтөрүп, башыбызга калпак кийгизип, жүрөгүбүздү ойготуп койду. Ырысбек мырзага баракелде! "Азаматсыз!" - деп жигитче колунан кыса кармап, алкыш айтып, маекке тарттык.

- Ырысбек мырза, Калпак күнү деп демилге көтөрүүңүзгө эмне түрткү берди?
- Ааламдашуу процесси жүрүп, Батыш элинин идеологиясы кан-жаныбызга сиңип, улуттук улуу мурастарыбыз болгон ак калпагыбыз, боз үйүбүз, комузубуз акырындык менен унутулуп жок болуп баратат. Көчөдөн калпак кийген улуу муундагы бирин-экин гана айылдан келген адамдарды кезиктирбесең, калпакчан адамдарды көрө албайсың. Калпак эле эмес, азыркылар боз үй тиккенди да билбейт. Кокус, бирөө ары карап кетсе, боз үй тиккенди билген адам келмейин үй тигилбей турат. Кыргыздар үчүн бул өтө уят иш. Ушундай аянычтуу жоруктардан улам, жок дегенде калпакты даңазаласам, калпакчандардын саны арбыр деген ой менен калпак күнүн жарыялоого аргасыз болдум. Өзүм 2010-жылдын октябрь айынан тарта калпак кийе баштагам. Калпакты жамандыкка эле кийчүдөй болуп, "Ырысбектин башына жамандык түшкөн го, башынан калпак түшпөй калыптыр"- деп жаман ойлогондор да болуптур.
- Сиздин бул идеяңызды коомчулук кандай кабыл алды?
- Коомчулук абдан жакшы кабыл алды деп ойлойм. Ал күнү бир чети сүйүнсөм, бир чети коомчулук кандай кабыл алды экен, калпак кийгендер болор бекен деген кызыгуу менен шаар араладым. Жаштар эмес, көпчүлүк улуу муундагы адамдар кийсе керек деп ойлогом, бирок көпчүлүгү жаштар экен. Аларды көрүп, мен аябай кубандым. Аймактардагы тааныштарым телефон чалып, биз жакта мырзалардын баары калпак кийип жүрөт деп кызуу куттукташты. Көрө албай: "Бул идеяны мен мындан эки жыл мурун эле ойлоп, ишке ашыра албай жүргөм. Ырысбек эрдик кылып кетти"- деп ар кандай ич күйдүлүк сөздөрдү айткандар да болбой койгон жок. "Силердин колуңарды бирөө кармадыбы, кыйын экенсиңер ошондо эле ишке ашырбайт белеңер"-деп жооп узаттым.
- Каражатсыз эч бир иш аткарылбайт эмеспи, демилгени көтөрүш үчүн канча каражат жумшадыңыз?
- Туура, азыр акчасыз иш жүрбөйт, калпак тиккен тигүүчүлөргө, рекламалык каражаттарга, жалпысынан, миң доллардай акча кетти. Мактангандай болбоюн, эл турмушун ойлобой өз чөнтөгүн ойлоп галстукка муунган анча-мынча бизнесмен чиновниктерибизге караганда мамлекеттик казынадан бир сом албай туруп, чоң иш жасап койдум десем жаңылышпайм. Белгилүү журналист Жаныбек Жанызак агабыз: "Ырысбек демилге көтөрүп, эптеп мамлекеттик казынадан акча алуунун амалын издеп жатат"- деп чыкты. Болгону Маданият жана маалымат министрлиги менен Жаштар министрлигине кайрылып, демилгени колдоп, региондорго кабарлап берүүсүн өтүндүм. Алар маалыматтык жактан колдоо көрсөтүп беришти. Ошондой эле массалык маалымат каражаттарына да абдан ыраазымын. Кээси акча албастан, коомчулукка кабарлашты. Фонд түзүп, чоң ишке айландыргым келбейт. Мындан аркысы элдин өз эрки. Болгону мен демилгени көтөрүп, жүрөктөрүн ойготуп койгондой болдум. Мындан ары калпакты тепсендиге таштап, кордобойт деген зор ишеничтемин.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев



Ак калпак
Улутумдун сыймыгы ыйык ак калпак,
Улуу муундар кийип келген ардактап.
Окембайлар кийип жүрсө мончодо,
Уруш салдым, жүрөк түтөп кан кайнап.

Ишенбедим, көрүп турган көзүмө,
Уу тилимди аянбадым сөгүнө.
Ак калпакты алдым жулуп башынан,
Ар-намысым тепсегендей көрүнөө.

Каным кайнап сөгүп жатсам каарданып,
Карап калды кыргызбайлар жарданып.
Ичип алып келген неме окшойт дейт,
Маңкурт кыргыз мыңк-мыңк этет таңданып.

Энелерим кооздоп сайган ак калпак,
Эчен кылым элим кийген ардактап.
Ой келди эле белек кыла бергенбиз
Ойлонбостон келечекти салмактап.

Жаным кейип жашоо мага оор болуп,
Жаткан өңдүү жат элдерге кор болуп.
Жуунуп алып чыксам дагы мончодон,
Жабыркаймын жан дүйнөмө кир толуп.

***

Ойгон кыргыз!
Ойгон кыргыз, тебелетпе намысты,
Окуп көрчү өткөн улуу тарыхты.
Урал Тоодон чыгышты бүт ээлеген
Улуу элдин урпагысың байыркы.

Ойгон кыргыз, бийик көтөр башыңды,
Ыйык сакта, ата-баба салтыңды.
Азаматтар, Ата Журтка кызмат кыл,
Оор жүк басып турган кезде калкымды.

Ойгон кыргыз, оор турмушка буулукпа,
Жакырлантып жан дүйнөңдү курутпа.
Ала-Тоодой ар-намысын туу туткан,
Атаң Манас экендигин унутпа!
Асек КАЗИЕВ