Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Эшиктен келип, төр меники дегендер...

Орусиялык инвестормун дегендер
эл аралык шылуундар...
Өткөн жылдагы апрель окуясынан кийин мурдагы бийлик ээлери тарабынан мыйзамсыз тартылып, же ит бекерге сатылып алынган мүлктөр Өкмөттүн декрети менен улутташтырылып, мамлекетибиздин карамагына баш-аягы 47 объектинин өткөрүлүп берилгени белгилүү. Бирок алардын айрымдары бүгүнкү күнгө чейин илең-салаң болуп, тагдыры тараза ташына салынып, талаш-тартышта турат. Алардын ичинде, өзгөчө "МегаКом" деген бренд менен белгилүү уюлдук операторунун кимдин менчигинде калары тууралуу маселе коомчулуктун көңүл борборунда турганын жашырууга болбойт. Баарынан кейиштүүсү, бүгүнкү күнү асмандан акча тапкан дал ошол "МегаКомго" кайдагы бир эл аралык шылуундардын көзү түшүп, аны талашып жаткандыгында. Андыктан, бүгүнкү саныбызда өздөрүн "орусиялык инвестор" деп атап жатышкан адамдардын сырткы терисин сыйрып, алардын чыныгы жүзүн окурмандарга ачып берүүгө аракет кылмакчыбыз. Эмесе, сөз кезеги менен болсун!

Сөзүбүз түшүнүктүү болуш үчүн, артка кылчаюу жасап, 2010-жылдын апрель окуясынан кийинки абалды көз алдыбыздан өткөрүүгө аракет кылсак. Баарыбыз жакшы билгендей, апрелден кийин Максим Бакиевдин группалашы Алексей Елисеевге таандык делген "МегаКом" 100% улутташтырылбастан, кандайдыр бир калың элдин катмарына белгисиз себептерден улам, анын 49%ы гана улутташтырылып, калган 51%зы "БиМоКом Лтд" ЖЧКсынын карамагына өткөрүлүп берилет. "БиМоКом Лтд" ЖЧКсынын "МегаКомго" эч кандай тиешеси жок болсо да, эмнеге алардын карамагына акциялардын 51%ы өткөрүлүп берилгендиги бүгүнкү күнгө чейин иликтенүүдө.
Тиешеси жок дегенибиздин да өзүнүн жөнү бар. М.Бакиев башында турган А.Елисеев 2009-жылдын июнь айында "Альфа Телеком" ЖАКсын түзүшүп, уюлдук байланышка лицензияларды алып, ошол эле жылдын сентябрь айында "БиМоКом Лтднын" бардык мүлктөрүн сатып алышат жана "БиМоКом Лтднын" штатынын толук курамын да "Альфа Телекомго" өткөрүүгө жетишет. Ошентип, "МегаКом" уюлдук операторунун 100% акциясын сатып алганына карабастан, анын 51%ы Eventis деген компанияга тиешелүү "БиМоКом Лтдга" өтүп кетет. Себеби "МегаКомдун" 100% акциясы А.Елисеев сатып алгандан кийин, анын 100% тең улутташтырылышы керек эле, бирок иш жүзүндө андай болбой калып жатпайбы. Жөнөкөй сөз менен айтканда, мамлекетибиз кайдагы бир компанияга өзүнүн 51% үлүшүн тарттырып жибергендей эле болду.
Бул тууралуу А.Елисеев өзү дагы 2010-жылдын 22-декабрындагы билдирүүсүндө мындай дейт (сөздөрдүн мааниси өзгөрүп кетпеши үчүн айтканын айткандай берели):
""Все происходящее с Мегакомом является ничем иным, как рейдерским захватом сотового оператора со стороны представителей компании Eventis. После апрельского переворота указанные лица смогли вступить в коррупционный сговор с гражданином Бекназаровым, который провозгласил себя куратором правоохранительных органов и судов. Именно по этой причине Eventis назначил своим представителем некую гражданку Р.Рыкунову, которая является родственницей "бульдозера революции". В рамках этого преступного сговора Бекназаров "продавил" принятие декрета о национализации 49 процентов акций ЗАО "Альфа-Телеком", а также передачу в управление компании Eventis остальных акций "- дептир Елисеев.
"МегаКомдун" жанагы 51% акциясын "эшиктен келип, төр меники"- деп ээлеп алган башкаруучулар мамлекеттен кирешелерин жашырып, 15 миллион доллардай акчаны оффшордук зоналарга чыгарып кеткендиги билинген соң, кыргыздын калпагын кийип, кыргызды алдагысы келген Силич жетекчилик кызматтан четтетилип, ага мамлекет тарабынан убактылуу жетекчи Азамат Мурзалиев дайындалып олтурат. Мындан тышкары Финансы полициясы тарабынан мурдагы жетекчиликке кылмыш ишинин козголгону да маалым.
Эми Кыргызстандын 51% акциясын талашып жаткан "Бимоком Лтднын" артында турган "Евентис" компаниясы тууралуу окурмандарга маалымат берип кетсек. Интернет булактарын казып көрсөк, Eventis компаниясы 2006-жылы Молдовада катталган экен. Ал 2006-жылдын 26-декабрында GSM стандартында уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү укугун тендерден жеңип алып, 2007-жылдын 18-январында лицензия алуу үчүн Молдова өкмөтүнүн казынасына 4 млн. доллар төгүп, калган дагы 4 миллионун кийинки эки жыл ичинде төгүп бермей болушат. 2009-жылы аталган компания карызга белчесинен батып, чыга албай калган. Компанияга акчаларын салышкан 15 кредиторго болгон карызы эле эки миллион доллардан ашык сумманы түзүп калган. Компаниянын мүлктөрү конфискациялана баштаган. Андан тышкары бир жылга чукул кызматкерлерине айлык акы төлөй албай калган. "Евентистин" 51% акциясы Кипрде (мыйзамсыз акчаларды жаап-жашырууга өтө ыңгайлуу жер) катталган Eventis Telecom Holding Ltdга, калган 49% акциясы молдовиялык бизнесмендерге таандык экен. 2010-жылдын 5-январында Молдованын Экономика министри Валериу Лазэр расмий түрдө билдирүү жасап, "Eventis Mobile" компаниясынын банкротко учураганын айтып, анан абоненттеринин башка уюлдук операторго өтүүсү керектигин түшүндүргөн. Ошентип, ошол билдирүүдөн соң, аталган компания Молдовада болгон ишмердүүлүгүн аяктаган. 2010-жылы февраль айында Молдованын Башкы прокуратурасы тарабынан аталган уюлдук операторго (кудум Кыргызстандагы окуядай болуп) "кирешени жашырып, акчаларды сыртка алып чыгып кеткендиги" (отмывание денег) үчүн кылмыш иши козголуптур. Ал жактан да Орусияга эмес, оффшордук аймактарга чыгарып кетишкен. Молдова Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү, Орусиядагы кызыкдар адамдар тарабынан атайы акчаларды сыртка алып чыгып кетүү үчүн (для отмывания денег) Евентис компаниясы түзүлгөнүн айтып чыгышкан.
Демек, "Евентистин" артында тургандар "орусиялык инвесторбуз" деп канча какшаса да, аларга эч ким ишенбейт, себеби алардын акчаларынын баары Орусияга, "то есть" Орусиянын экономикасына жумшалбастан, башка оффшордук аймактарга чыгарылып кеткенин Кыргызстандын Финансы полициясы да ачыкка чыгарбадыбы. Евентис компаниясынын Молдовада жана Кыргызстандагы кылган кылыктарынын окшоштуктарын эске алсак, алардын мындай жолдо калган жоруктары эл аралык шылуундар экендиктеринен кабар берет. Андыктан өздөрүн "орусиялык инвестордун" терисине жамынып жүргөн шылуундар "МегаКом" уюлдук операторунун акцияларына көз кызартып, талашканды биякка кой, ал тууралуу такыр ойлонуп, баштарын оорутпай эле коюшса болот. Себеби "МегаКом" шылуундардын эмес, Кыргызстандын кызыкчылыгына гана иштеши керек.
Болот Кыргыз