Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Аял күчүн таанытагөр дүйнөгө
(Кыргыз Республикасынын Президенти Отунбаева Роза Исаковнага)
Бийлик келди, оо калайык, аялга,
Бийлик үчүн кан төгүлгөн заманда.
Билип туруп эр-жигиттер жол берди,
Билими кең, акылы кең аярга.

Бийлик келди, оо калайык энеге,
Атуулдук чоң касиет бар дээринде.
Жылуу боло түшкөнсүдү Ата-Журт,
Бөлөнгөндөй жумшак эне мээримге.

Уккун муну, бүт аялзат сыймыктан,
Уккун муну, бүткүл дүйнө таңыркан!
Кыргыз элден чыкты да бир Курманжан,
Акыл менен бүт ааламды жаңырткан.

Эр жигиттер бара албаган тартынып,
Ишке барды кыйын кезде батынып.
Муюбастан алып бара жатыры,
Улуу милдет моюнуна артынып.

Колдо бекем акыйкаттын тизгини,
Колдоо берип, акыл, дээри, билими.
Ата Журттун оор жүгүн көтөрдү,
Кебелбестен анын назик ийини.

Ата Журттун эң бир кыйын күндөрү,
Ага артылып эл ишенчи, күдөрү.
Эли үчүн бардык ушак айыңга,
Түтүп берди анын назик жүрөгү.

Эр жигиттер акылдашты кеңешти,
Өзүм деген өр сезимди жеңишти.
Сенин гана актыгыңа таянып,
Суранышты өлкө бийлеп беришти.

Туруп калдың сөз таба албай жообуна,
Бийлик деген түк келбептир оюна.
Бүт тилегениң эл бийлиги орносо,
Деген элең жеке бийлик ордуна.

Аны үчүн ашуу ашып, суу кечтиң,
Калкым үчүн жаным курман деп чечтиң.
Акылчысы, кеңешчиси, таянчы,
Болуп бердиң күжүлдөгөн ал кездин.

Иш баштадың бата алып Манастан,
Жол баштадың касиеттүү Таластан.
Качан болсо биримдикте жеңиш бар.
Акыйкаттык утуп чыгат талаштан.

Элге тиет бир адамдын кесири,
Элин багат бир адамдын акылы.
Жарык чачып берди бүтүн өлкөгө,
Бир кызыңдын жүрөгүнүн жарыгы.

Сенин сөзүң айланды зор толкунга,
Эч кандай күч тең келе алгыс жолуна.
Ээ-жаа бербей кирип кетти жигиттер,
Төштү тосуп ажалдын ач оозуна.

Кыйын болуп, бийлик берүү колунан,
Ажал чачты автоматтын огунан.
Кан-жанында, рухунда, дилинде,
Кыргыз деген касиеттин жогунан.

Жалгыз башын өз элинен коруган,
Калканч издеп автоматтын огунан.
Мээлеп атты жигиттерди чекеге,
Көөдөнүндө, жан дүйнөдө, сезимде,
Мекен деген ыйыктыктын жогунан.

Байлык баарын чечет деди дүйнөдө,
Бийлик баарын жыгат деди бул күндө.
Бийлик, байлык боло албады аралжы,
Өзү чексиз түшүп кетти түпкүргө.

Ок жаадырсам качат деди качкан жок,
Берендерим беттегенден кайткан жок.
Элим деген жигиттердин жигерлүү,
Кайратынан күчсүз болду аткан ок.

Бийлеп туруп кыргыз күчүн билбептир,
Кыргыз рухун көзүнө да илбептир.
Тумандаган каректерин май басып,
Касиеттүү дүйнөсүнө кирбептир.

Атылган ок далай эрди жайлады,
Ыйык аянт кызыл канга чайкалды.
Кайдасың деп кирип барды Ак үйгө,
Эл кыжыры шакар болуп кайнады.

Качты ажо элдин каардуу сүрүнөн,
Калчылдады жер жаңырткан үнүнөн.
Кепке келбей, сөзгө келбей жоголду,
Карай албай жаалданган түрүнөн.

Элдин көзү качанкыга таңылмак,
Эл үмүтү качанкыга жаңылмак.
Ишке ашпаган кургак сөзгө алдануу,
Мына ушинтип акыр бир күн жарылмак.

Кыргыз күчү дүр силкинтти дүйнөнү,
Кыргыз күчү солк эткизди жүрөктү.
Кошуналар чек араны жабышып,
Коркконунан бекемдешти түнөктү.

"Жакырланса өз элиң кайыр сурап,
Бийлигиңдин тамыры калат урап".
- деп айткан Баласагын баба сөзү,
Карачы далилденип келип турат.

Аял иши телегейге тең болду,
Аял ичи айкөл жана кең болду.
Биримдикте иштейли деп эл үчүн,
Бардыгы үчүн чаап берди кең жолду.

Ошол жолдо кыйшыгы бар, түзү бар,
Адамдардын түркүн түстүү жүзү бар.
Ошол жолдо акыйкатка таянган,
Элим деген эрлердин да күчү бар.

Бийлик келди бир кызыңа калайык,
Колдоп, буттап көтөрмөлөп алалык.
Карап турат бүткүл дүйнө кызыгып,
Кызыл туудай бийиктикке тагалык.

Бийлик келди бир кызыңа калайык,
Кошо келди чындык менен тазалык.
Кыргыз кызы кандай каарман экенин,
Карт тарыхтын барагына жазалык.

Чындык үчүн жаагын жанып келди эле,
Канжыгага башын байлап берди эле.
Канжыгага аш байлаган эрлерди,
Чындык деген курал менен жеңди эле.

Өмүрдөгү таянычы акыйкат,
Ала коюу, жула тартуу ага жат.
Алып келди аны эли бийликке,
Адам дешип, дили таза, тилеги ак.

Жалпыга тең жаңы коом курам дейт,
Жамандыкты жакшылыкка бурам дейт.
Жалгандыкка, арамдыкка жол бербей,
Жанды тосуп, жаа огундай турам дейт.

Ач көздүктү ынсап менен тазалап,
Арамдыкты абийир менен дарылап.
Өстүрсөм дейт, гүлдөтсөм дейт Мекенди,
Ала-Тоону алаканда асырап.

Издегени, иштегени жакшылык,
Кетпесе экен дили бузук азгырып,
Эли үчүн анын аруу тилеги,
Кетпесе экен көзү жаман жазгырып.

Турган кезде эрдин эри тескелип,
Опурталдуу оор күнгө кез келип.
Кантип гана баалабайбыз эрдигин,
Турган кезде акыл жетип, көз көрүп.

Абийир болуп, элим алга өссө экен,
Аял ажом ааламга кол созсо экен.
Багын ачып жакырланган журтунун,
Бакыбат эл катарына кошсо экен.

Акыйкат иш алга кетсин эл сүйгөн,
Эли менен ыйламсырап, бир күлгөн.
Ата Журттун жүгүн жонго көтөрүп,
Жөпжөнөкөй эли менен бир жүргөн.

Жан сабап иштөөдөсүң калкың үчүн,
Жүгүрүп жүргөнүң жок карын үчүн.
Колун созуп жатыры дүйнө бүтүн,
Жөн билги сенин асыл наркың үчүн.

Биз эмес, дүйнө эли карап турат,
Эр жүрөк адилдигиң баалап турат.
Айрым бир мансапкорлор жактырышпай,
Эртерээк кетсе экен деп жаалап турат.
Ал эми карапайым бүтүн журтуң
Бийликтен кетпешиңди каалап турат.

Сен элге, элиң сага жакын үчүн,
Сакталган сары алтындай баркың үчүн.
Акылыңа багынып турат аалам,
Адамдык сенин асыл салтың үчүн.

Жаралган эл журтунун ырысына,
Дили ак периштедей бир кызына.
Оо, Теңир, кубат бергин иштеп жаткан,
Каруусун казык кылып кыргызына.

Кайратын бер, улуу Манас атанын,
Акылын бер, Каныкейдей апанын.
Калкы үчүн чокту басып, суу кечти,
Кайрымын бер, бүткүл элдик батанын.

Актай көргүн, элдин үмүт тилегин,
Аткара гөр, алдан күткөн күдөрүн.
Барктай көргүн кыргыз элдин рухун,
Даңктай көргүн кыргыз кыздын жүрөгүн.

Сен эмессиң жөн гана аял бул күндө,
Жарык чачкан жалаң гана бир үйгө.
Куту болуп куттуу Ата Мекендин,
Жарыгыңды чача көргүн дүйнөгө.

Сен эмессиң алсыз аял бул күндө,
Жүргөн үйдүн түйшүгүндө күймөлө.
Адам үчүн куруп жаркын коомду,
Аял күчүн тааныта гөр дүйнөгө!
Гүлсайра Момунова




Ат-башылыктар,
азамат экенсиңер!
Менин 2003-жылы чыккан "Кылым инсандары" деген ыр-сүрөт китебимде ал кезде "Кайдыгерлик" деген чакан ыр китепчеси менен элге аты кадыресе чыгып калган акын Шайлообек Дүйшеевге төрт сап ырды арнаптырмын:
Акындык жолу менен сапар тарткан,
Ажырап колго тиер атак-даңктан,
Арабызда акын бар Шайлообектей,
"Асабаны" жамынып жанын баккан.

Анан биз майдалыкка алдырбайлы,
"Асабада" иштейт деп таарынбайлы.
Агасы Байдылданын бир түгөйү -
Акындыгын түшүрүп баа кылбайлы.

Көп акындан ырларың бийик турат,
Көкөлөп көк асманга тийип турат.
Көзгө урунган ырларың окуп калып,
Көңүлүбүз жумшарып ийип турат.

Эң урунт турмуш сырын тандап-талдап,
Эгерде ыр жазылса калбаат-калбаат,
Эл ичинде билинбей жүрө бербей,
"Эл акыны" наамын эбак алмак.
02.12.2000
Мен бул китебиме ыр жазгандардан негизинен "Эл акындарын" киргизип, алардын катарына ал кезде эч наамы жок Шайлообек инимди да кошуптурмун. Менин тилегим туура келип, кайсы жыл экенин билбейм, ал "Эл акыны" наамына жетишиптир.
Менин китептеримдин арасында Шайлообектин мага тартуулаган "Арабадагы ыр" деген көлөмдүү ырлар жыйнагы бар. Анда: "Алтындан кымбат, асыл жүрөк агама, 7-апрель, 1999-жыл" деп жазып, акын кол коюптур. "Мен ушундай баага чын эле татыктуумунбу?" - деп адегенде таң калып, бирок андай баа чоң акындын оюна жөндөн-жөн келбегендир деп өзүмчө сыймыктанып, жүрөгүмдөгү асылдуулукту жоготпой келем.
Жогоруда аталган "Кылым инсандары" китебимде Ат-Башынын кыргызга аттын кашкасындай таанымал эки азамат уулдары бар: Накен Касиев менен Аскар Салымбеков. Накен иним анда Ош облусунун губернатору болуп иштеп жаткан. Китепти чыгарганга 20,0 миң сом почта менен "Кыргызполиграф комбинатына котортуп жиберген. Аскар иним да ошол мезгилде Нарын облусунун губернатору эле. Экөөбүз Бишкекте анын офисинде жолугушуп, китеп жөнүндө сүйлөшүп, бүт чыгымын өзү алмак болуп макулдашканбыз. Бирок мен Аскар мырзаны таппай калдым. Өзү да кабарлашкан жок. Бир китепти почта менен Нарын шаарына салып жибергем. Алдыбы-жокпу, билбейм. Шарты келсе Аскар мырза кийин болсо да бир китебимди чыгарып берет деген ишенимде жүрөм.
Айтмакчы, ат-башылыктар мага "бир кыз карыз". Тээ илгери, мен анда отуздардагы кезим. Автошоссежолдор министрлигинде бир чоң бөлүмдүн башчысы, коллегия мүчөсүмүн. Бир иш менен Ат-Башы автобазасына командировкага барып калдым. Эсимде калганы чын болсо "Көлбаевдин көпүрө" деген эски жыгач көпүрө бар эле. Эки күн жүрүп, ишимди бүтүрүп, боюна талдар өскөн суу жээгинде дасторкон жайып, конок кылышты. Кара козу союлуп, казанда кайнап жатты. Кымыздан жуттук, ошого ыраазы болмок белек, "алиги" да алкымдан жылжыды. Комуз алдырып, күүлөрдөн чертип, кыргыз ырларынан обондорду создум. Тамашалап төмөнкү ырды коштум:
Ат-Башы деген бул өзү,
Ажайып укмуш жер экен.
Өрүш-өрүш мал баткан,
Өрөөнү чалкып кең экен.
Берекесин бүт чачып,
Пейили жакшы эл экен.
Келгениме көп болду,
Бирок
Келин-кыздан кем экен.
Ала качсам бир кызын,
Ат-башылык эмне дээр экен?..
Бир жыл кеч болсо да, Шайлообектин 60 жылдыгын ат-башылыктар абдан мыкты белгиледиңер. Азамат экенсиңер. Мен чакырылбасам да, телевизордон көрүп, гезиттерден окуп, аябай кубандым, сыймыктандым.
Ардактуу болсун алтымыш,
Аман болсун калкыбыз.
Алкышын алып элимдин,
Артыла берсин баркыңыз.
"Эр ортону элүү" дейт,
Эч макул эмес, каршыбыз.
Эгерде сага карасак,
Эр ортону - алтымыш.
Аман бол, иним, аман бол,
Аман болсун алганың.
Аман болсун балдарың.
Амандык болсо болгону,
Аласың таап калганын.
Казакбай Абдышев