Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Темирбек чынында "желимбекпи?"
Былтыркы парламенттик шайлоонун алдында түзүлгөн "Мекен ынтымагы" деп аталган партия жаңы күч, жаңы дем менен чыгып, буга чейин аты белгилүү анча-мынча эски партияларды артта калтырган. Бирок бул партиянын лидеримин деп жүргөн Темирбек Асанбеков былгыткан кептер акырындап ачыкка чыга баштады. "Мекен ынтымагын" негиздегендердин бири Жамалбек Ырсалиев кечээ жакында Темирбектин тентек иштерин, аферисттик талантын ачып, кыргыз калкын жакырчылыктын сазынан сууруп чыкмакчы болгон бул баатырдын бет пардасын сыйрып түштү. Калган кызыкты кийинки саныбызда кабарлайлык…

"Анклавга" айланган "Орто-Токой"
Ала-Бука районунун акиминин милдетин аткаруучу Улан Баймурзаев аталган райондун Көк-Таш айылдык округундагы "Орто-Токой" суу сактагычынын ушул убакка чейин "анклав" деген юридикалык статусу жок, бирок аны эч кимди киргизип чыгарбай өзбекстандык аскерлер кайтарат" деп каңырык түтөттү. Эске сала кетсек, "Орто-Токой" суу сактагычынын курулушу 1941-жылы башталып, СССРдин бюджетиндеги акчага бүткөрүлгөн. Ал эми Союздук республикалар ыдырап кеткенден кийин, 1992-жылы токтом кабыл алынып, ага ылайык кайсы мамлекеттин аймагында имараттар курулса, ал ошол мамлекеттин карамагында калат деп жазылган. Ошол мезгилде бул суу сактагычты алып калбагандыктан, Өзбекстан жогорудагы токтомду тааныбай келет. Ал эми картада "Орто-Токой" суу сактагычы Кыргызстандын эле аймагында турат. Ушуга байланыштуу У.Баймурзаев суу сактагыч маселеси боюнча "Тышкы иштер министрлиги аркылуу Өзбекстанга нота жибердик. Эми ошонун жообун күтүп жатабыз"- дейт. Учурда Ала-Бука району менен Өзбекстандын Наманган облусунун Янги-Курган районунун ортосунда аныкталбаган 12 талаш участок бар. Тактап айтканда, 19 миң гектар жердин маселеси чечилбей турат.


Аксакал депутат айтты, түш менен жомоктогу ишти…
Парламенттеги жетимиш жашты желкелеп турган аксакал депутат Ташболот Балтабаев коомчулукка эң эле кызык маселени көтөрүп чыкты. Ал: "Ири бизнесмендер мамлекеттик маанилүү кызматтарды ээлебеш керек"-деген пикирин билдирди. Буга удаа эле "Ата Мекендин" ана башчысы Өмүрбек Текебаев биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабановдун ири бизнесмен экендигине байланыштуу кызматтан алуу керектигин жар салды. Чындыгында, учурда мамлекеттик маанилүү кызматтардын кыйласын ири бизнесмендер ээлеп, көп учурда өздөрүнүн кызыкчылыктарын ишке ашырып жаткандыгы жашыруун деле эмес. Аксакал депутаттын бул акылы жакшы. Бирок бардык маселени ошол бизнесмендер ашкан акчасы менен чечип жатканда, бул маселенин ишке ашышы күмөн. Эгер ишке ашырабыз дей турган болсо, бул ишке ата мекенчилер өздөрү үлгү болуп, жол ачышы кажет. Себеп дегенде, "Ата Мекендин" арабасын алдыга сүйрөп жүргөн ири бизнесмендер да арбын. Жогоруда айткандай, алар да мамлекеттик маанилүү кызматта олтурушат. Аларды санап көрөлү: Башкы прокурор К. Байболов, депутаттар К.Самаков, Э.Алымбеков, Ө. Абдырахманов ж.б. Кыргызстанда ири бизнесмендерди мамлекеттик кызматтарга жолотпой турган ишти эки гана нерседен көрүшүбүз толук мүмкүн. Биринчиси: жомоктон, экинчиси түштөн…


Мугалимдердин маянасы 1-майдан эрте жогорулабайт
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков мугалимдердин айлык акысы 1-майдан эрте жогорулабай турганын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, мугалимдердин профсоюзу талап кылгандай билим берүү кызматкерлерине 1-марттан тарта айлыктарын көтөрүү мүмкүн болбой жатат. Анткени бюджетти пландаган маалда Каржы министрлиги 1-майдан тарта гана айлык-акыларды көтөрүүгө кошумча каражат тапкан. Соңку кездери азык-түлүк кескин кымбаттап кеткенин, аларды да түшүнсө болорун айткан министр, мугалимдер профсоюзундагы демилгечилер менен сүйлөшүүлөр жүрө турганын, баары бир бул боюнча бир пикирге келишерин, алар кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылышат деп ишенерин баса белгиледи.


Көлдүктөр Амангелди Муралиевге нааразы
Жети-Өгүз, Тоң, Балыкчы шаарынын элдери А.Муралиев, К.Ибраевге нааразы. Анын себебин көлдүктөр "Центерра Голд Инк" менен Кыргыз алтындын ортосундагы 2009-жылдын 6-июнундагы акционерлер менен макулдашылган келишимге ылайык "Центерранын" директорлор кеңешине Кыргыз Республикасы тарабынан киргизилген А.Муралиев, К.Ибраев 18 миң доллар айлык алышканына магдырашып, "оозуна талкан куюп алгандай" мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөгөнү жарашпай жатканы менен түшүндүрүшүүдө. Ошондон улам, аталган эки эргулду ээлеген ордуларынан бошотуп, карапайым калктын көйгөйүн жакшы түшүнгөн жергиликтүү эл ишеним көрсөткөн адамдарды директорлор кеңешине киргизип берүү өтүнүчүн өкмөт башчысына жолдомой болуп турушат.


Пайдасын жашыргандар калбыры калыңдарбы?
Мурдагы күнү Мамлекеттик кадр кызматы ушул жылдын 1-мартына карата кирешелери жөнүндөгү декларациясын ачыкка чыгарбаган бир катар мамлекеттик чиновниктердин тизмесин алып чыкты. Арасында сүйлөсө тилинен чаң чыккан, карапайым эл жөнүндө сүйлөсө элирип кетмей жайы бар эл өкүлдөрүбүз Өмүрбек Абдрахманов, Турсунбай Бакир уулу, Канат Исаев, Бахтияр Кадыровдор да бар экен. "Күлгөндүн билгени бар"-демекчи, жыйган ташыгандарын ачыкка чыгаргысы келбей атканына караганда бул эргулдардын элден жашырган "жашылбайлары" ого эле көп окшойт.






  Өкмөт билдирет

Май айынан тартып пенсия көбөйөт
Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев пенсияларды май айынан тартып көбөйтүү тууралуу маалымдады. Буйруса, Өкмөт быйыл эң аз пенсияларды 3675 сомго жеткирүүгө бел байлады.
Пенсияларды көтөрүү эки баскыч менен ишке ашырылат. Биринчи баскычында май айынан тартып, пенсиялардын камсыздоо бөлүгү жогорулатылат. Камсыздоо бөлүгүн жогорулатуу пенсиянын жалпы көлөмүнө жараша, 600 сомдон 100 сомго чейин так көлөмдө, дифференциалдуу түрдө ишке ашырылат. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, эң төмөнкү пенсиялар 600 сомго, ал эми пенсиясы жогорулардыкы 100 сомго жогорулайт.
Экинчи баскыч сентябрь айынан тартып ишке ашырылат. Экинчи баскычта социалдык кошумча төлөмдөр менен пенсияларды 3675 сомго - пенсионерлердин жашоо минимумуна жеткирүү каралууда.
Айтмакчы, пенсияларды жогорулатуу үчүн кошумча 2 миллиард 990,5 миллион сом талап кылынат экен. Жогорулатылгандан кийин орточо пенсиялардын көлөмү 3845 сомго жетип, 2010-жылга салыштырмалуу өсүш 137% түзүп калары болжолдонууда.

Кагаз азайды
Кыргызстанда жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө кредиттерди алууда мурдагыдай кыйынчылыктарга туш келбейт. Фермерлер күрөөнү электрондук почта аркылуу коюуга болот.
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, кредит алууда кыймылдуу мүлктү күрөө катары каттоо үчүн Адилет министрлигине караштуу Борбордук күрөөлөрдү каттоо кеңсесинде каттатууга тийишсиз. Мына ошол Борбордук кеңседе катталган күрөө кредит алууга негиз болот.
Буйруса, дыйкандар көрүнгөн эшикти тытмалабай, кредитти тез алууга жол ачылды.

Дыйкандарга арзан солярка
Жазгы талаа жумуштарына Өкмөт 7,5 миң тонна дизелдик отунду арзан баада 25 сомдон бермекчи. Бул туурасында Айыл чарба министри Төрөгул Беков жарыя кылды.
Мындан тышкары дыйкандарга жакын арада 1 миң тонна арпанын уругу Россиядан келет. Кытайдан апрель айында 260 трактор келери маалым. Агро азык-түлүк корпорациясы чет мамлекеттерден 10 миң тонна минералдык жер семирткич алып келүү боюнча келишимге кол койду.
Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча 245 тонна буудай жана арпа уруктары, 600 тонна картөшкө алабыз.Түркиянын Кызыл Жарым Ай комитети 1 миллион сомго буудайдын, арпанын, картөшкөнүн, пахтанын, жүгөрүнүн, күн караманын уругун жана минералдык жер семирткич бермей болду. Түрк боордошторубуз буга кошумча пахтанын жана төө буурчагынын 80 тонна уругун берүүгө ниеттенүүдө.

Азык-түлүк баасы арзандайт
Жакынкы күндөрдө Кыргызстандын базарларында азык-түлүктөрдүн баасы арзандай баштайт. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, азык-түлүктөрдүн баасы турукташып, ал тургай арзандай баштайт. Маселен, картөшкө, сабиз жана пияздын баасы. Күн жылыган сайын аларды сактоо оорлой баштайт, аларды сактоо кыйын. Ал эми май айында жашылчалар чыга баштайт.
Мындан тышкары Өкмөт мамлекеттик материалдык резерв фондунан 10 миң тонна буудай брондон чыгарылып, андан 7 миң тонна ун өндүрүлүп тартыш турмушта жашагандарга таратыла баштады. Ага кошумча болуп, Агро азык-түлүк корпорациясы 3 миң тонна буудайдан ун тарттырып, базар баасынан 1,5-2 сомго арзан сатып жатат.