Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Үсөн ака 90го чыкканда түрмөдөн чыгабы, же?..
Ошентип бүгүн, 4-мартта, Чубактын кунундай чубалган коммунист сымал Исхак Масалиев менен карыганда калжаңдап, мансапка маарыгысы келген Үсөн Сыдыковдордун катышуусундагы "төңкөрүшчүлөр" соту Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунда жыйынтыкталганы турат. Жыйынтыгы кандай болору али белгисиз деңизчи, бирок атанын баласы деген куттуу сөзгө анчейин татыбай аткан Исхак Апсаматович "телефондук сүйлөшүү үчүн эле ак жеримен камаганы атышат"-деп, тууган-туушкандарын митингге сүйрөп чыгып, ачык эле догурунууда. Эсиңерде болсо мурдагы эле жылдардагы Петровка, Балыкчы окуяларында Бөлөкбаев, Рыскулов, Кадыров өңдүү азаматтарыбыз болбогон эле жерден "Конституциялык түзүлүштү кулатканга аракет кылды, төңкөрүш жасамакчы болду"-деп куугунтукталып, камалып, ит көрбөгөн кордукту көрүшкөн. Аларга караганда, сыдыковчу-масалиевчилердин өлкөбүздүн үч областынын борбордук административдик бийлигин басып алгандыгы, "куралыңар, акчаңар барбы, Исаков менен Бекназаровду барымтага алгыла"-деген телефондук сүйлөшүүлөрү талашсыз факт болуп отурбайбы. Кечээ эле Бакиевдин колтугунда жүргөндө депутат Масалиев "Балыкчы, Петровка окуялары боюнча камалгандардын күнөөсү жок, колунда бир куралы жок, ал байкуштар кантип төңкөрүш жасашмак эле"-деп эки ооз калыстык сөзүн айтып койгондо, бүгүн эл алдында жүзү жарык болбойт беле. "Келме кезек, терме тезек"-деген ушу белем… Эскерте кетсек, мамлекеттик айыптоочулар 70тен ашкан Үсөн Сыдыковго жаш курагына байланыштуу 18, Исхак Масалиевге 14 жылдык абак "тартуулоону" соттон суранышууда.


Сапарына мейли, сапатына не дейли?
Актанган жагынан, мактанган жагынан алдына ат салдырбаган азыркы парламенттин төрагасы Ахматбек мырза алгачкы жолу чет өлкөгө чыгып келди. Путинге кире албаса да, анча-мынча саясатчылары менен амандашып, аркы-беркини сүйлөшүп келгендей болду. Болсун дейли, биринчи визити эмеспи. Бирок эмне себептен спикер делегация курамына ар бир фракциядан бирден, өзүнүн "Ата-Журт" партиясынан төрт депутатты кошуп алган? Анан да, "спикер деген калыс адам болуш керек, баарына тегиз караган" деп, Ахматбек өзү айтса керек эле. Абдылдаев менен Сулаймановду айтпай эле коёлу, Ташиев менен Чолпонбаевдин эмнеге барышканына башыбыз жетпей турат? Делегацияга кирген депутаттардын деңгээлинен кабары барбы, айтор, алгачкы болуп аларды орус спикеринин орунбасарларынын бири Ильяс Умаханов кабыл алымыш болду. Курагы толгону менен, курамы купулга толбогон кыргыз парламентинин өкүлдөрү ошентип Орусияга барып келишти. Башкалар барган жеринен бир нерсе алып келсе, буларың чачып келди. Өздөрүнүкүн эмес, бюджеттикин!..


Эми экинчи Өмүрбек айтты
Өткөндө ата мекенчи Өмүрбек Текебаев ЖоКе "башкармасы" Ахматбек Келдибековдун Караколдун атактуу Максимден калган "Капризинде" "вор в законе" атыккан Камчы Көлбаев менен жолугуп, жинди суунун акесин таанытып, узакка ушакташканы жөнүндө айтып чыккан. Көп өтпөй "Ата-Журттун" атасы "андай болгон эмес"-деп жарыя кылган, анысын УКМКнын шефи Кеңешбек Дүйшөбаевге да кайталаткан жайы бар. Расмийирээк болсун дегени го. Бирок кечээ жакында белгилүү орус тилдүү басылмалардын бири уюштурган төгөрөк үстөлдө Ахматбек менен Камчынын жолугушканы кашкайган чындык экендигин, өз ишин мыкты билген кыраакылыгынын аркасында калк арасында Каттани атыккан экинчи Өмүрбек айтып чыкты. Өмүрбек Текебаевдин айтканын адашы Өмүрбек Суваналиев тактап атса, анан кантип ишенбей коелу? Эгер ал маалымат чындыкка айкалышпаса анда эмнеге Акматбек Келдибеков эки Өмүрбекти сотко бербейт? Кызыгы, Өмүрбек Суваналиев илгери кайсы бир атка минер маркум Рыспек Акматбаевге эки чемодан акча алып барганын, алар Өмүрбек, Акматбек, Нариман болушу мүмкүн экендигин "Учур" гезити жазып чыкты.


Елисеев макам алды, Латвияда калды
Экономикабызды эңшерип кеткен Елисеев деген экономист бар эмес беле. Анын азыркы тапта алыскы Латвияда жашап жатканы жашыруун эмес. Биздин Башкы прокуратура Алексей мырзаны кылмыш иштери козголгондугуна байланыштуу Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча өтүнүч жөнөтсө, Латвиянын Башкы прокуратурасы баш тартып коюптур. Анткени Алексей ал өлкөдөн "качкын" деген макам алганга жетишкен экен. Мындай макамы бар адамдарды өткөрүп берүү мыйзамга туура келбейт имиш. Эмне кыларын билбеген биздин прокуратура, эми анын макамын алып таштоо боюнча экинчи өтүнүчүн жөнөтүптүр. Бакиевчилердин баарысы эле Батыштан башпаанек алып жатса, Байболовдун башы катып жатса ойлойт экенсиң, "Батыш өлкөлөрү "баксы" бергенче Бакиевчилерди бербейби?" деп. Балким, алар атайылап кармап турушкан чыгар, "соодалашалы" кыязында.


Адахамдын айласы түгөнгөндө…
Эски бийликти эңсегенден, эмки бийликти жектегенден тажабаган тажаал саясатчы Адахам мырзанын саясаттагы "келемиштик жүрүштөрү" айласыздан күлкүңдү келтирет. Айласы кетип, "канткенде упай топтойм" деп калың кайгыга баткан Адахам бул жумада бери ойлонуп, нары ойлонуп олтуруп Нарындын эли менен жолугушуу өткөрүп, дайым элди козута турган коомго кереги жок кооптуу сөздөрдү: "ойлонбой сүйлөгөн, онтобогон ооруга жолугат" деген кепти эске албай, ого эле көп айтты. "Касиеттүү Теңир-Тоодон, Көлдөн бир министр болбогондугу бул кадрдык башаламандык"- деп элди бөлүп-жарган кеп айтып, өзүнүн кемчонтойлугун дагы бир ирет далилдеп койгондой болду. Адахам эски бийликтин тушунда бир табактагы этти бирге жеп жүрчү, табакташы кочкорлук кадимки Айгүл Рыскулованын "майлуу" кызматта жүргөнүн, тактап айтканда, Социалдык коргоо министри экенин атайы айтпай койду. Ушунун өзү чагымчылык эмей эмне? Ошондой эле парламенттик шайлоого каршы экенин шардана кылды. Каршы болсо, өткөн жылы парламенттик шайлоого "арабасын атынын алдына коюп алып" эмнеге катышты? Сөзүнүн аягын: "Менде бир катар сырлар катылуу, убагы келгенде айтылат"-деп табышмактуу аяктады. Адахамдын сыры: шайлоого байланышкан ырдалып бүтпөс ыры, жаңы бийликти жаманатты кылган сыны же эски бийликтин өзү катышкан сыры болушу мүмкүн. Андан башка бул эрендин жыргаткан эч нерсеси жок.