Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Шоу маек

Жаңыл Чыңгышова, актриса:
"Биздин максат - акча табуу эмес…"
Чыгармачылыктын чыйыр жолу…
- Чыгармачылыгымдын чыйыр жолу мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында башталды. 1993-жылы окуумду бүтүп келип, аталган театрда иштеп калдым. Анда жаңы Союз тараган учур. Кино жана театр искусствосунун гүлдөгөн доору бүтө баштаган мезгил эле. Биз келгенде өлкөдө экономикалык, саясий реформалар жүрүп, Союз учурундагы курулган завод-фабрикалар жеке менчикке өтүп, кыскасы, кыйсыпыр түшүп жаткан мезгил экен. Баягы бала кезден эңсеген кесиптин ээси болом деп, Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрына бардым. Биз жаш кезде кирип жүргөн театрдын көркү жок. Спектаклдер токтогон. Иштеген адам, театрга кирген жан да жок. Тым-тырс… Ошол кездеги Театралдык институтту бүтүп келген жаштар тобу жумуш жок ары-бери басып калдык. Кантип эле ушундай болсун, мамлекетибиз бир жолго түшсө, маданият тармагына кайра көңүл бурулуп, театр, кино жааты гүлдөйт деген куру кыял менен театрда кылган жумушубуз жок эле жүрө бердик. Тилекке каршы, биздин кыялыбыз ишке ашкан жок. Элдин социалдык абалын көтөрөбүз, экономикабызды бутка тургузабыз деп жатып, маданиятыбызды талкалап алдык. Элдин баары акча, мүлк, дүйнө, байлык деп күнүмдүк көр тиричиликтин кулу болуп калды. Баягы жан дүйнөсү рухий байлык деп соккон кыргыздын урпактары материалдык байлыкты баарынан жогору коюп, жан дүйнө кризисине кептелди. Анан ошол нерседен чыга албай калдык.
Аткарылбай калган ролдор…
- Ошол кезде жаңы окуубузду бүтүп келип, иш десе, ишке аш десе, ашка тойбой турган учурубуз эле. Биздин кыялыбызда ишке ашыра турган көп максаттар, аруу тилектер бар эле. Не бир сонун ролдорду аткарып, Кыргыз искусствосунун кыраандары болгон Бакен, Таттыбүбү, Сабира эжелер сыяктуу театр жылдызы болууну кандай гана көксөдүк эле…
Баары эле каражат маселесине келип такалып, көп жыл бою Жаштар театрында спектаклдер коюлбай калды. Эгемендүүлүктү алган жыйырма жылда Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эч кандай жаңылык болгон жок. Ага көңүл бурган адамдар да болбоду. Ушундай залкар таланттын атын алып жүргөн театрдын азыркы абалы менин жүрөгүмдү оорутат.
Кино жаатындагы ойлор…
Учурда жеке режиссерлордун эмгегинин арты менен кино тармагы өнүгүүгө кадам таштай баштады. Мындан беш жыл мурда биринчи "Боз салкын" тасмасы чыкты. Бул биздеги биринчи мелодрама жанрындагы мыкты тартылган тасма болду. Биринчи жолу "Боз салкын" киносуна тартылдым. Ошондон бери кино жаатында иштеп баштадым. Азыр жаңы сериалдар тартылганы турат. Мага да сунуштар түшкөн. Учурда даярдык көрүүдөбүз. Бизде сериалдарды тартуу эми гана колго алына баштабадыбы. Бул иштер кошуна мамлекеттерде эбак эле ишке ашкан нерсе. Негизи эле ар бир улуттун өзүнө таандык сериалы болушу керек деп ойлойм.
Абыловдор династиясы…
- Негизи эле биздин үй-бүлө чыгармачыл топтон турат. А дегенде эле кайын атамдан баштасам, ал чоң комузчу болгон. Кайненем актрисалык таланты бар, чыгармачылыкты баалаган энелерден. Ал эми жолдошум Чүй областтык Шаршен Абдылдаев атындагы куудулдар театрында иштейт. Кесиби - театр жана кино актеру. Кыргыз элине таанымал болгон белгилүү куудул Күмөндөр байкем Кыргыз драма театрында иштейт. Анын кызы актриса, ырчы. Дагы өзүңүздөргө белгилүү болгон Бакыттын иниси Канат Мукул да актер, Куудулдар театрында иштейт. Дагы бир кайнагам Нарында турат, чыгармачыл киши. Биздин сахнада ойноп жаткан сатиралардын көпчүлүгү ошол байкебизге тиешелүү. Анын уулу музыкант, М.Күреңкеевде экинчи курста окуйт. Биздин өзүбүздүн балабыз Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографияда окуйт, опералык актер. Мына ушул Абыловдордун чыгармачыл тобу 7-8-мартта аялзатынын майрамына карата жакшы концерт берели деп турабыз.
"Таш доорунда деле аялдарды сүйгөн…"
- Концертте жаңылыктар аябай көп болот. Аялдардын майрамына карата коюп жаткандан кийин биздин концерттин бүтүндөй тематикасы аялзатына арналат. Концертибиздин атын да "Таш доорунда деле аялдарды сүйгөн" деген аталышта болмокчу. Менимче, аталыштын өзү эле кызык. Тематиканын негизги максаты кандай учур болбосун мырзалар аялдарды сүйүп келишкен. Концерттин башында жарым саат эпилог берилет. Анда таш доорунан тартып, бүгүнкү күнгө чейинки эркектердин аялзатына болгон сүйүүсү жана азыркы замандагы эркектердин кемчиликтери камтылган азил-чыны аралаш эпилог көрсөтүлөт. Андан кийин айымдарга арналган концерт башталат. Концертте башка ырчылар да куттуктап келишет. Алар Бакыт менен Күмөндөр байкемдин ырларын гана ырдашат.
"Акчаны экинчи планга койдук…"
- Концерт берүү да бизнеске айланып калгандыгы чын. Муну элдин көпчүлүгү билет. Ошол үчүн ушундай суроолор жаралууда. Бизге да ушул суроону берген адамдар көп. Биздин максатыбыз - акча табуу эмес, жашоонун жарыгы болгон аялзатына жакшы маанай тартуулоо жана жүрөгүбүздөгү талантты элге жеткирүү. Биз чыгармачылыкты биринчи, акчаны экинчи планга койдук.
"Кайненеме аябай ыраазымын…"
- "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" - деген сөз эркектерге тиешелүү. Биз Бакыт экөөбүз бири-бирибизди колдоп, жөлөп-таяп турабыз. Бири-бирибизге сынчыбыз. Ал эми туугандарым туурасында айтсам, ушундай жакшы адамдарды жарык дүйнөгө алып келип, тарбиялап чоңойткон кайненеме аябай ыраазымын. Абыловдордун үй-бүлөсү аябай ынтымактуу. Бири-бирине болгон сүйүүсү укмуш. Бир туугандар жолукканда биз унутулуп калабыз. Көпкө чейин черлери жазылбай таң атканча каткырышып отура беришет. Ал эми абысындарым - менин курбуларым. Биздин бөлүшө албай жаткан эч нерсебиз жок. Талашканыбыз сый десем болот.
Маектешкен
Жаркынай КАДЫРКУЛОВА