Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Мухтар Өмүракунов,
"Замандаш" партиясынын лидери, көмүскө парламенттин спикери:
"Түшүнгөн кишиге өлкөдөгү стабилдүүлүктү Улуттук Конгресс сактап калды"
- Мухтар мырза, алгач силер түптөгөн көмүскө өкмөтүңүздөрдүн негизги максаты кандай, расмий өкмөткө көмөктөшүүбү же тескерисинчеби, ошого токтоло кетсеңиз?
- Мындай саясий практика буга чейин өлкөбүздө болбогондуктан, көпчүлүк азыр бизди чочулоо менен карап жатышат. Бирок мындай саясий күч демократиялык багытта өнүгүп келе жаткан жана өнүккөн дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө расмий түрдө өкүм сүрүп келет. Демек, бул демократиялык башкаруудагы өлкөлөрдө боло келүүчү демократиянын бирден-бир башкы белгиси десек болот.
Негизи эле Кыргызстанда эгемендүүлүктү алгандан бери конструктивдүү оппозиция болгон эмес. Альтернативдик, көмүскө Өкмөттүн дагы башкы максаты 20 жылдан берки саясий жашообуздагы ошол боштукту толтуруп, азыркы Өкмөткө конструктивдүү оппозиция болуп берүү катары эсептелет. Бизде мурдагы оппозицияларчылап "кетсин эле кетсин"-деп, жөн эле кыйкыра бербестен, өзүбүздүн конкреттүү сунуштарыбыз болот. Эң чоң айырмачылык мына ушунда. Бул идеялардын, программалардын күрөшү болушу керек. Чындыгында, альтернативдик Өкмөттүн, парламенттин өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүнө, дегеле келечегине кошо турган салымы өтө чоң. Себеби бийликте отургандарга кеңеш бере турган, сын айта турган жана ошол эле убакта аларга конкреттүү сунушун бере ала турган күчтүү саясий күч болбосо, кайсы бийлик болбосун көзүн май басып, туура эмес жолго түшүп кетиши мүмкүн. Кээ бир өлкөлөрдө конструктивдүү оппозиция болсун, бийликтин кемчиликтерин катачылыктарын айтып турсун деп көмүскө Өкмөттү атайын түзүшөт. Андыктан бул өкмөттүн түзүлүшүн мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карасак болот.
- Көмүскө өкмөт конструктивдүү оппозициянын ролунда деп атпайсызбы, бирок өткөндө "Жазында Кыргызстандагы саясий абал абдан курчушу мүмкүн"-дедиңиз эле да. Бул сөздөрүңүздүн артында саясий ой маани жаткан жок беле?
- Эми бул жөн гана анализ. Себеби учурда элдин маанайы анча эмес. Өзгөчө өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча да элде нааразычылык күчтүү. Кокусунан келгендер, акчага сатып алгандар көп болду. Экинчиден, парламентке өткөн партиялар да өкмөттү курай алышпай, өлкөдөгү экономикалык оор кырдаалды эске албай ич ара кайым-атышып элди ого бетер иренжитип алышты. Азыр деле бири-бирине бут тосушуп, эки-экиден кайым айтышып, өздөрү курашкан өкмөттү иштетпей, баягы эле саясий күрөш, интригалардын кучагынан чыга албай жатышат. Мунун баарын эл көрүп-билип турат. Үчүнчүсү, баалардын кымбатташы. Кыргызстандагы орточо айлык акы беш-алты миң сомдун тегерегинде эле болууда. Айына эки-үч миң сомдук маяна менен жашагандар да толтура. Айлык акынын көлөмү мындан үч-төрт жыл мурун деле ушундай көлөмдө болчу. Бирок ал кезде баалар таптакыр башкача эле да. Ошондо деле жетчү эмес. Азыр чынында элдин турмушу өтө эле оор. Карапайым эл азыр картошканы килограммдап эмес, штуктап алып калды. Кумшекерди болсо граммдап, унду киллограмдап сатып алып калышты. Эл ушинтип жакырчылыктын сазына батып баратканда, тигилерибиз отуруп алып, элдин турмушун оңдогондун ордуна, баягы эле саясый оюн-зоокторун токтото алышпай, саясат менен гана алек болуп атышат. Ушундай себептерди эске алып отуруп, "саясатыңарды токтотуп, эртерээк элге көңүл бурбасаңар эл араң эле турат, жазында саясий абал курчушу мүмкүн"-деп айткан элем.
Күзүндөгү шайлоого болгон элдин нааразычылыгы күчтүү деп айтпадымбы. Чындыгында, түшүнгөн кишиге ошондогу өлкөдөгү стабилдүүлүктү биздин Улуттук конгресс сактап калды. Конгресске кирген кубаттуу партиялардын жактоочулары нааразычылыгыбызды билдиребиз, көчөгө чыгабыз, шайлоону тааныбайбыз деп атканда биз, лидерлер, бычактын мизинде турган Кыргызстандагы оор кырдаалды эске алып, абалды курчутпай, элдин нааразычылыгын көчөгө эмес, Улуттук конгресс деп аталган өзүнчө бир "площадкага", мыйзамдык талаага алып чыктык. Мындай кадамыбыз менен биз өлкөнү саясий туруксуздуктан сактап калдык десек болот. Азыркы кадамыбыз деле ушундай.
- Сизди Курултай маселесин жактап атат деп угуп калдык…
- Ооба, колдоп атабыз. Себеби Курултайдын төркүнү, мааниси өтө чоң. Жазында марттан апрелге жеткирбей, элдин нааразы элди көчөгө чыгарганга жеткирбей, республикалык чоң курултайды уюштурушубуз керек. Ага чоң саясий партиялар, Өкмөттүн мүчөлөрү, президент, өкмөт башчы, спикер, министрлер чакырылып, элдин талабын, арыз-муңун, көйгөйлөрүн угушу керек. Угуп гана тим болбостон, элдин талабын аткаруу үчүн алардан убакыт сурашы керек. Жарым жыл же бир жылдын ичинде айлык акы, пенсияңарды мынчага жеткиребиз, бул маселеңерди момундай кылып чечебиз деп милдеттенме алышы керек. А эгер курултайынын бизге эмне кереги бар, эл менен эсептешип жүрмөк белек деп баягыдай эле көндүм адаттарына сала турган болушса, анда абал мындан да оорлоп курчуйт.
- Жакында эле нарындыктар да курултай өткөрүшкөн экен. Толугураак айтып бербейсизби?
- Буга чейин курултайга деле көп аралашкан жок элем. Өзүнүн уюштуруу тобу, эрежелери бар экен. Мурдараак бул маселени көтөрүп жүргөндөрдөн Кадыр Кошалиев, Дастан Сарыгулов өңдүү көрүнүктүү ишмерлер өткөрүп келишкен экен. Анан кезекти Нарынга беришкенде, бул идеяны колдогон адам катары Нарында өткөн курултайды толук колдоп, уюштуруу иштерине ар кандай көмөгүмдү көрсөттүм. Нарын шаарынын драмтеатрында өттү. Ар бир облустан өкүлдөр, баш-аягы 400-500гө чукул адам келип катышты. Өздөрүнүн бийликке болгон мыйзам ченемдүү талаптарын коюшту, анан албетте, Курултайдын статусу жөнүндө кызуу талкуу болду. Курултай бул бийликти көзөмөлдөөчү жана багыт берүүчү негизги орган катары кызмат кылышы керек деген ойлор басымдуулук кылды. Курултай маселесин колдоп атканымдын дагы бир башкы себеби бул орган ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан башкаруунун эң эффективдүү, ыңгайлуу ыкмасы болуп эсептелинет. Өзүңөр байкап аткандай, учурда дүйнөдөгү баардык саясий системалар, парламенттик болобу, президенттиги же аралашы болобу бардыгы кризиске учурап, жер жүзүн ар кандай толкундоолор каптап келе жатат. Бул жөн жерден болгон жок. Качан дүйнөлүк саясий система кризиске учураар экен деп ойлоп жүрчүмүн. Байкашымча, бул кризис учурда жаңы башталууда. Буга эмне себеп болот? Мамлекет башында турган элитанын элди карамүртөздүк менен алдап, өздөрүнүн гана жеке жыргалчылыктары үчүн өлкө башында тургандыктары ушундай туңгуюкка алып келүүдө. Мындай адилетсиздикке бүгүнкү күндө дүйнө эли каршылыгын билдирүүдө. Ал эми Курултай системасы бул жаңы ыкма, элдик башкаруу болуп эсептелет.
- Өткөндө ат-башылык аттуу-баштууларды чайга чакырыпсыз. Анан эле эл арасында сиздин ажолукка аттанарыңыз жөнүндө кеп тарады. Чын эле ажолук амбицияңыз барбы?
- Ажолук амбициям, албетте, бар. Ат-Башынын белгилүүлөрү ынтымакта бололу деп чогулушкан экен. Андан кийин нарындыктар деп чогулушуптур. Мунун баарына активдүү катышып келе жатам. Чындыгында, бизге азыр ынтымак, биримдик өтө керек. Ат-Башы же Нарын деп гана эмес, бүтүндөй кыргыз элинин башын бириктирип, ынтымакка чакырсак, бул жакшы нерсе. Учурда бүтүндөй Кыргызстан боюнча ынтымакташуу процесси катуу жүрүп атат. Бул жакшы жөрөлгө. Мен дагы бул ишке колумдан келишинче жардамдарымды берип атам.
- Демек, сөздүн ачыгы сиз быйылкы президенттик шайлоого катышайын деген оюңуз бар экен да…
- Эми толук акырына чейин чече элекмин. Бирок ар кандай саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөр болуп атат. Чынында, биз азыр жашпыз. Балким, улуу муундан же биз курактуулардан мамлекеттин жүгүн көтөрүп кете алам дегендер болсо, жалпы эл, саясатчыларыбыз ошол адамга макулбуз, ошол адам татыктуу деп бир пикирге келе турган болсок, анда мен өз талапкерлигимди ошол адамдын пайдасына алып коюуга даярмын. Эгер баягыдай эле 20-30убуз коюп алсак, анда элдин да ыркы кетет. Эгер эл үчүн ак иштеп берем, уурдабайм, жебейм, мамлекетти оңдоого кудуретим жетет деп эл алдында, ага жол бошотуп берген саясатчылардын алдында милдеттенмелерди алса, анда шайлоого барбайм. Эгер андай болбосо анда мен дагы өз талапкерлигимди коём.
- Былтыркы парламенттик шайлоодон кийин үй-бүлөлүк бийликтин запкысын тарткан ошол эле Жекшенкулов, Сариев, Атамбаев, Текебаев, сиз баш болгон саясатчылар өз алдынча бөлүнүп-жарылбай, бир күч болуп чыгышса жакшы болмок деген пикирлер айтылып келет.
- Эми анда жалаң эле Бакиевден кордук көргөндөр же аны менен коюн-колтук алышып иштешкендер гана эмес, буга чейин саясатка аралашпаган жаңы күчтөр да кошулду. Биз чынында биригели, чогуу чыгалы деп көп эле аракет кылдык. Анын үстүнө мындай тажрыйба биринчи жолу болуп аткандыктан, бириге алган жок окшойбуз. 2007-жылы абал башка эле да. "Ак жолго" мажбурлап киргизүүгө көп аракеттерди кылышкан. Ал эми былтыр шайлоо салыштырмалуу эркин болду да. Бардык саясий күчтөр тең укукта болушту дегендей. Анан, албетте, жеке амбицияга алдырганыбызды моюнга алабыз. Кийинки парламенттик шайлоодо бизге сөзсүз биригүү керек.
- Бакиевдин учурунда сизди камакка алып, 4 миллион сом менен бошонуп чыккан деген кабар тараган. Бул боюнча өз оозуңуздан уксак…
- Ошол 2007-жылы парламенттик шайлоодо Бакиевдин кишилери "Ак жолго" киргиле, 2 мандат беребиз деп кысмакка ала башташкан. Бирок биз баш тартып койгонбуз. Ошондон кийин мага болгон кысым күчөдү. Анан 4,5 миллион сомду жеп койду деп жалган жалаа жаап, анан камакка алышкан. Кылмыш иши тергелгенче ошол акчаны депозитке төгүп коюшум керек экен. Аргасыз төлөп бердим, кийин ал ишти өздөрү андан ары улантышпай жаап коюшту. Эч нерсе таппай коюшкандыктан мага айтпай эле ишти жаап коюшкан экен. Мен соттон толук акталып чыккандан кийин да акчам кайрылган жок. 7-апрелден кийин ошол токтомдорду Финполициядан алдырткам, буйруса ал акчаларымды кайтарып алам.
- Мамлекет криминалга каршы согуш жарыялабадыбы. Сизге окшогон чоң бизнесмендерге да кара дүйнөнүн өкүлдөрү мейманчылап көп келишсе керек.
- Албетте, мындай аракеттер көп жолу болгон. Криминалдар өз таасирине кийирүүгө аракет кылып, өздөрүнүн тилинде "отметка" деп коет, ошого отургузууга көп аракеттерди кылышты. Ыраматылык Рыспектин тушунда деле, андан кийин деле мындай аракеттер болгон. Бирок биз андайга жол берген жокпуз. Анткени биз жөн эле "отметка" кыла коюучу адамдардан эмеспиз. Башкасын билбейм, бирок күч органдары эски бийликтин тушунда деле бизге жакшы эле жардамдарын берип келишкен. Өзүбүздүн күчүбүз менен, күч органдарынын көмөгү менен, мен бизнесиме криминалды жолоттурган жокмун.
Маектешкен
Эрнис БАЛБАКОВ