Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Баркталбаган эмгек…

Келдибек Ниязов,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти:
"Мен Нарындын элин, Алтынбек Сапаралиев Таластын элин көтөрмөк белек…"
40 жылдан ашык кыргыз сахнасында үзүрлүү эмгектенип, адамдардын жүзүнө күлкү тартуулаган атактуу куудул Келдибек Ниязовго эмдигиче "Эл артисти" наамы берилбегени абдан өкүнүчтүү экени талашсыз маселеге айланды. Себеби акыркы жылдары коомчулукта Келдибек аксакалга окшогон "сакалын сүйрөгөн" артисттерге наам ыйгарылбагандыгы тууралуу көп айтылып, көп жазылып жатат. Бирок, тилекке каршы, мамлекет жетекчилери маани бербей, жыйынтык "нөл" деген санды гана көрсөтүп келет. Биз бүгүн дал ушул жаатта Келдибек Ниязов менен баарлаштык…

- Келдибек байке, атактуу куудул Асанкул Шаршеновго убагында эл артисти наамын ыйгара алган жокпуз. Ал кишиден кийинки улуу муундагы куудул эле өзүңүз эмессизби. Ушунча жыл эмгектенип, эл артисти наамына арзый албай жүргөнүңүздүн себеби эмнеде?
- Кандай экенин ким билет, атактуу куудулдарыбыз Куйручук, Шаршендин өнөрүн улап келаткан Асанкул Шаршенов агабыз "Эл артисти" наамына ээ боло албай бул дүйнөдөн 64 жаш курагында арманда кетти. Ошол сыяктуу куудулдук өнөрдү аркалап келатканыма 40 жылдын жүзү болгону менен, "эл артисти" деген наамга ээ боло албай жүрөм. Башкаларчылап сыйлык алат элем деп чоңдордун эшигин каккылап аракет деле кылган жокмун. Негизгиси кимдин ким экенин эл бааласа болду. Же сыйлык алат элек деп кызматка жетпей калган саясатчылардай болуп, мен Нарындын элин, Алтынбек Сапаралиев Таластын элин көтөрмөк белек. Эмгегибиз бааланып, бакыт күлүп калган күн болор. Концерт болобу, той болобу, эл куудулду көргөнгө ашыгышат. Аны билген саясатчылар, шайлоо убагында артисттен мурун, куудулдарды издешет. Саясатчылар: "эгер мен шайланып калсам сиз үчүн, эл артисти наамы чыйт түкүрүк"- дешип төө көтөргүс убадаларды беришет. Алардын бал тилине алданган биз байкуш куудулдар талапкерди байдын кызындай мактап жатып добуштун 50 %дан ашыгын алып беребиз. Кээ бир сөзгө чоркок саясатчылар эл алдында сүйлөй албай, кызарып-татарып муунуп турганда куудулдар сүйлөп абалдан чыгарып кетебиз. Анан эле, саясатчылар эшеги төө кыядан өтүп, шайланып алышкан соң куудулдарды тааныгысы да келбей калышат.
- Эмгек сиңирген артист наамын качан алдыңыз эле, тааныш-билиш аркылуу алдыңыз беле?
- Эмгек сиңирген артист наамын эсил кайран СССРдин тушунда көрсөтүлүп, сүйрөлүп жүрүп, 1992-жылы өлкөбүз эгемендик алганда алгам. Кийин 2000-жылы Маданият министрлиги Эл артисти наамына көрсөтүштү. Жаңыдан эле, көрсөтүлүп жатканда оозум кычышып, сахнадан Ак үйдө 42% эшектер иштешет деп монолог айтып жиберип, Эл артисти наамынан кур жалак калгам. Ошону менен 2008-жылы партиялык тизме менен шайлоо болуп, КСДП партиясына иштеп, Президентибиз Роза Отунбаева менен түштүктү түрө кыдырып, үгүт иштерин жүргүзүп келгенбиз. 2009-жылы Маданият министрлигинде иштеген адамдар: "Документтериңизди топтоңуз, сыйлыкка көрсөтүп жатабыз" - дегенинен документтеримди топтоп берсем, жетекчилик: "Келдибек шайлоодо КСДП партиясына буту үзүлгүчө чуркап иштеп жүргөн"- деп документтеримди чийип салыптыр. Аны кийин министрликте иштеген адамдар айтып келишти. Ошентип, революциядан кийин Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Рыскелди Момбеков Маданият министри болуп турган кезде Алтынбек Сапаралиев экөөбүздү кайрадан Эл артисти сыйлыгына көрсөтүп жаткан, ал аңгыча Рыскелди кызматтан алынып, биз кайрадан унутулуп калдык. Эми азыркы министр Нурланбек Шакиев бул маселеге кандай карайт, билбейм. Балким, алып каларбыз деген үмүттө турабыз.
- Унчукпай эле турганыңызда сыйлыкка ээ болуп калмак экенсиз да?
- Бийликтин кетирип жаткан одоно кемчиликтерин көрүп-билип туруп, дудук эле үн катпай турбаса, биз жөн тура албайт экенбиз. Акаевдин убагында Улуттук Филармонияда медиктердин майрамы болуп, концерттик программага мени да кошуп коюшуптур. Акаевдин үй-бүлөлүк бийлигине кыйыр түрдө жазылган сындуу монологум бар болчу. Сахнага чыгып эле айтып калдым. Алдыңкы катарда отурган Майрам Акаева чүйрүйүп эле башын жерге салып калыптыр. Эл болсо шатырата кол чаап, каткырып жатышат. Ошондон кийин бийлик мени сыналгыдан гезит беттеринен таптакыр алыстатты. Акаевдер бийликтен кеткиче массалык маалымат каражаттарына чыга албай жүрдүм. Бакиевдин бийлиги орногондо бир депутат иним: "Сизге Эл артисти наамын алып берейин, ал үчүн сиз Бакиевдерди мактап чыгыңыз"- деди. Бирок мен ага көнгөн жокмун. Тескерисинче, Бакиевдерди караладым. Улуттук Филармонияда Асанкул Шаршеновду эскерүү кечесин өткөрдүк. Сокулуктун акими: "Асанкул Шаршенов агабыздын атын өчүрбөй эскергениңиз үчүн ат мингизем"- деген. Мен кубанып "ким эле ат минип жатыптыр"- деп жанымда кошо жүргөн Кыргызбай Осмонов, Мелис Көчөрбаевдерге аттын жалын майлап берип тойлотком. Көрсө, ал акимдин эл алдында айтылган курулай калп сөзү экен. Анда да башка жер жок калгансып, Улуттук Филармониянын күн чыгыш тарабындагы чиновниктер тамактанчу Пекин ресторанынын ичине бекинип, алып майлап жаткам. Жыргап жатсак эшик тыкылдап администратор аял кирип келип эле: "Президент тамактанчу ашканага кирген президентти өлтүргөнгө барабар"- деп кыйкырып өкүрүп абийирибизди айрандай төккөн. Кийин ал окуяда Бакиевге жеткен окшойт. Ушинтип эле маданият кызматкерлеринин көңүл сыртында жүрдүм.
- Буга чейин көптөгөн маданият кызматкерлерибиздин эмгеги бааланбай, сыйлыкка арзыбай арманда кетишти деген пикирлер арбын. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?
- Мамлекеттик сыйлыкка ээ болбой арманда кеткен аттуу-баштуу залкарларыбызды атап отурсак толтура. Ошолордун ичинен менин жүрөгүмө жакын төртөөнү эле айтайын. Алардын бири тубаса куудул, пародист Куйручук, Шаршен Термечиковдорду өзүндөй туураган Турсун Карымшаков, Алымканды созолонто ырдап, элдин жүрөгүнөн орун алган булбул үндүү эжекебиз Бурулча Какишева, айтылуу акын Токтогул Сатылгановдун уулу Бабажан Токтогулов мына ушундай залкарлар бир дагы мамлекеттик сыйлыкка арзыбай арманда кетишти. Эстрада жанрына алгачкылардан болуп чыйыр салган Чоро Кожомжаров мына бул киши дагы Эл артисти наамын алам деп жүрүп, калысы жок бийликтин айынан ала албай кетти. Обончуну азыр эстеген адам жок Айчүрөк, Динара өңдүү артисттерибиз деле обончуну эскерип концерт уюштуруп койсо эмне дейсиң. Ал эми уялбай эстрада ырчысыбыз деп жүргөн жаш артисттер Чоро Кожомжаровдун ким экенин билишпейт.
- Акыркы убактарда куудулдук өнөрдүн аягы суюлуп бараткандай элес калтырууда, мунун себеби эмнеде?
- "Күлкү - ден соолуктун мүлкү"- деген сөздүн кадыры түшүп кетти. Мурдагыдай сатира жазган куудулдардын саны азайды. Куудулдардын көбү акча табуунун жолун издеп тамадалык өнөргө ооп кетишти. Сатираны белгилүү акын Шайлообек Дүйшеев жазчу эле, ал киши дагы акыркы убактарда сатира жазбай калды. Жолоочу Рыспаев, Токтосун Самудиновдор жазып жүрүшөт. Кыскасы, айланып келип эле бардыгы кендирди кескен каражат маселесине такалат. Садык Шер-Нияз унутулуп бараткан айтыш өнөрүн жолго салып койду. Ошол сыяктуу куудулдук өнөрдү көтөрмөлөп, колдогон адам болсо эле өнүгүп кетмек.
- Азыр "мыскыл жана тамашанын" бир түрү катары КВН өнөрү күч алып баратпайбы буга кандай карайсыз?
- Эми эгемендүү өлкө болгонубуз менен Орусиянын чеңгээлинен чыга албай жатпайбызбы. Ошол сыяктуу КВНди дагы түзмө-түз орустардан көчүрүп алдык. Ар кайсы ЖОЖдордун студенттери жарышка түшүп, аракет кылып жатышат. Бирок балдардын деңгээли тайкы болуп жатат. Таланты жок балдар көбүрөөк аралашып алган. Айрымдары өтө эле таланттуу. Ошол таланттууларды колдоп үйрөтө турган адам жок болуп жатат. КВН таза кыргыз тилинде болуш керек эле, шаарда чоңойгон орус тилдүү балдар кыргыз тилин сүйлөй албай жатышат. 10 жылдан кийин кыргыздар кыргызча гана сүйлөп калсак жакшы болор эле. Өткөндө жер-суу аттарын кыргызчалайбыз деп маселе көтөрүп чыгышты. Мен муну толугу менен колдойт элем, качанкыга чейин эле орустардын озуйпасын аткарып жүрө бермек элек. Бишкектеги 4 район орустардын атынан коюлган. Мейли Ленин менен Октябрь районунун аттарын алмаштырбай эле коёлу. Свердлов менен 1-Май районунун аттарын алмаштырып, Манас, Чыңгыз Айтматов деген аттарды коюш керек. Бул боюнча Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Рыскелди Момбеков ойлонот болуш керек деп ойлойм.
Суроо салган
Мирлан Алымбаев