Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Эмилбек Каптагаев, Президенттин аппарат жетекчиси:

"МАКСАТ - КЫЗМАТТА, БИЙЛИКТЕ КАЛУУ ЭМЕС, ДЕМОКРАТИЯЛЫК, ТАЗА МАМЛЕКЕТТИ ОРНОТУУ"
...элдин биримдиги таразага салынып турганда ошол акчаны пайдаланып сактап калуу туура эле иш болгон, биз ал үчүн эл алдында дагы, Кудай алдында дагы жооп берүүгө даярбыз. Жоопкерчиликти моюнга алуу менен чечим алганбыз...

- Эмил мырза, өткөн жылдын 7-апрелиндеги Бакиевдин куулушун революция деп эсептесек болобу?
- Албетте, революция болду. Элдик революция. Анткени Бакиевдин үй-бүлөлүк диктатурасына каршы жалпы эл көтөрүлдү. Ошол күнү миңдеген жарандар Өкмөт үйүн, оппозиция жетекчилери камакта отурган Коопсуздук комитетинин СИЗОсун камалап, акыры Атамбаев баш болгон саясий лидерлерди кечки саат 5-6ларда бошотуп чыгышты, ошондон кийин бийликтин бели мертинип качууга аргасыз болду.
Кыргыз жигиттери мөндүрдөй жааган октон кайра тарткан жок, Манастын тукуму экенин далилдешти. Ошондой эле көрүнүш бардык облустарда, район жана шаарларда болуп, ал жердеги бийлик органдары эл тарапка өтүүгө аргасыз болушкан. Мына ошол күндөн тарта өлкөдө революциялык өзгөрүүлөр болуп жатат, эң негизгиси адамдардын аң-сезими өзгөрдү, мурдагыдай жалтактабай, коркпой сүйлөп калышты, өз укуктарын талашып да чыга баштады. Кечээ эле суурдай болуп ийинде отурган кишилерге тил кирди, бирдеме деп сүйлөп калышты, а түгүл тилинен чаң чыгып кайра бизди окута да башташты.
Азыр бардык гезиттер эркин, камап салат, өлтүрүп салат деп эч ким коркпойт. Мына ушунун баары революция болгондугунун, коомдо ачыктыктын, айкындыктын, демократиялуулуктун шарданы орноп, жаңы саясий маданият калыптанып жатканынын түз белгиси. Бизде азыр жаңы коомдук түзүлүш, жаңы мамлекеттик түзүлүш калыптанып жатат, Орто Азияда биринчи болуп парламенттик демократияны курууга кириштик.
- Убактылуу Өкмөт кандайча түзүлдү эле? Өзүңөрдү өзүңөр эле шайлап алгандай болгон жокпу?
- Былтыр 17-апрелде башында Алмаз Атамбаев турган Бириккен Элдик Кыймылдын уюштуруусу менен Элдик Курултай болуп, анын жыйынтыгы менен ошол Элдик Курултайдын Борбордук Аткаруу Комитети түзүлгөн, анын жетекчиси болуп Роза Отунбаева шайланган. Ошол Борбордук Аткаруу Комитетине Курултайдын чечимдерин таратуу, анын аткарылышын бийликтен талап кылуу, жалпы эле оппозициялык күчтөрдү бириктирип апрель айында бардык региондордо Элдик Курултайларды өткөрүү тапшырылганын билесиңер. Ошол Курултайда бийликке 7 талап коюлган, анын ичинде энергияга, жылуулукка болгон тарифтерди кыскартуу, саясий куугунтукту токтотуу, сатылып кеткен стратегиялык ишканаларды кайра калыбына келтирүү, мамлекеттик менчикте сактоо сыяктуу талаптар бар болучу. Бул талаптарга бийлик тарабынан 23-24-марттарда өткөрүлгөн "дүжүрлөрдүн" курултайында жооп болот, балким, элдин талабын аткарат деген үмүт менен эл күттү. Бирок андай болгон жок. Тескерисинче, ал Курултай Бакиевдин саясатын толук колдоп берди, жасап жатканынын баарын туура деп тапты. Мына ошондон кийин оппозиция Элдик Курултайларды өткөрүүгө катуу киришип, 7-апрелде бардык жерде өтөт деп жарыя кылды. Эл ичи дуу-дуу болуп катуу даярдык көрүлүп жатты. Бийлик да жөн турган жок, оппозиция лидерлерин токтотууга, элди коркутуп-үркүтүүгө аракеттерин жасап жатты. Ошол 4-апрелде Роза Исаковна экөөбүз Курултайды даярдоо маселеси боюнча Караколго келгенде эмне гана кылышпады, жанагы ажаан аялдарды, мас кишилерди топтоп алышып ажылдашып, эл менен жолугууга мүмкүндүк беришкен жок, а түгүл провокация кылып бизди мертинтип же камакка алуу аракеттерин да жасашты. Кудай бар экен, ал күнү биз аман-эсен кайра Бишкекке келдик, ошол эле Жети-Өгүз, Тоң, Балыкчыдагы мекендештерибиздин колдоосу менен чыгып кеттик.
Азимбек Бекназаров болсо Нарынга кеткен, Атамбаев, Текебаевдер Бишкектеги даярдыкты көрүп жатышты, Болот Шерниязов болсо Таласка эле, Чүйдө болсо Иса Өмүркулов, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Айбек Асранкуловдор уюштуруп жүрүштү, Ош, Жалал-Абад, Баткен тарапта болсо Сооронбай Жээнбеков, Дүйшөн Чотонов, Карамат Орозова, Асылбек Жээнбеков, Топчубек Тургуналиевдер жүрүштү. Иши кылып даярдык катуу болуп жатты.
Ошентип, Элдик Курултайга бир күн калганда бийлик Таласта провокация жасап, Шерниязовду камакка алуу аракетин кылды. Натыйжада эл толкуп, аны камактан бошотту. Ошонун шылтоосу менен оппозиция лидерлери 6-апрель түнү камакка алынды. Бирок бул толкуп калган элди токтото алган жок, эртеси бийлик кулады. Мына ушул жалпы элдик күрөштүн башында турган Борбордук Аткаруу Комитетинин чечими менен 7- апрель түнү Убактылуу Өкмөт түзүлдү, ага бардык жоопкерчилик жүктөлдү. Кечки саат ондордо Борбордук аянттагы толкуп турган элге "Убактылуу Өкмөт түзүлдү" деп жарыя кылынганда жалпы кубаттоо менен тосуп алышты, элдин кубанып толкуганын айтпа, ошентип, Убактылуу Өкмөттүн легитимдүүлүгү камсыз кылынды, аянтка жыйылган эл тарай баштады. Бул элдин көпчүлүгүнүн пикири болду. Ошол күнү кечки саат алтыга чейин Борбордук аянт толкуп турбады беле, "Лидерлер кайда, лидерлер кайда?" - деп, элди баштаган, элге сөз айтып иретке салып тура турган киши жок, эртеден кечке чейин аянттагы эл БЭКтин лидерлерин издеп жатышканы чындык да. Анан СИЗОдон бизди чыгарып көтөрүп алып аянтка келгенде кандай жарыла берип тосуп алышты, ураалаган кыйкырыктан кулак тунат, бизди кучактап көпчүлүгү ыйлап жатканына баарыбыз күбөбүз. Мен айтат элем, ошол күнү Убактылуу Өкмөттү эл көтөрдү, эл тарабынан бардык жоопкерчилик дагы, мамлекеттик бийлик дагы ага берилди.
- Убактылуу Өкмөттүн башына эмне үчүн Роза Отунбаева тандалган?
- Жогоруда айтпадымбы, 17-мартта Борбордук Аткаруу Комитети түзүлүп анын жетекчиси болуп Роза Отунбаева шайланды деп. Ага чейин эле февраль айында марттагы Элдик Курултайды даярдоо үчүн Уюштуруу комитети түзүлгөн, анын төрайымы болуп Роза эже, орун басарлары болуп Чотонов Дүйшөн экөөбүз дайындалганбыз. Ошол күндөн тарта Роза Исаковна иш жүзүндө жалпы оппозициялык күчтөрдүн лидери катары таанылып калды, коомчулук ошондой кабыл алды. Бул жөнүндө ошол кезде бардык эле массалык маалымат каражаттары жазып чыгышкан, чет өлкөдөгүлөр дагы. Ошондуктан 7-апрель түнү Убактылуу Өкмөттүн башчылыгы талаш деле болгон жок, адилеттүү түрдө Роза Исаковна жетекчилик кылып калды. Учурдагы тарыхый кырдаалда эң туура чечим болгонун кийинки мезгил көрсөттү, Роза Исаковнанын эл аралык аренадагы авторитети, саясий салмагы көптөгөн татаал маселелерди чечүүгө, кыйчалыш шарттардан чыгып кетүүгө мүмкүндүк берди. Былтыр июль айында болсо донор уюмдар абдан зор колдоо көрсөтүп жакынкы үч жылда Кыргызстанга бир миллиард доллардан ашык каражат берүү чечимин чыгарышты. Бул дагы Роза Исаковнанын эмгеги.
- Жанагы парламентте чуулдатып жаткан Бакиевдердин банктагы ячейкаларынан алынган акча чынында эле эл, мамлекет керегине жумшалдыбы?
- Эми бул маселе боюнча чууда чынында саясий кызыл кулактык көп болуп жатат. Былтыр апрель-май айларында тергөө органдары тарабынан белгисиз бирөөлөр каткан акча каражаттары ошол банктардын ячейкаларынан алынган, бардыгы 21 миллион доллар. Бакиевдер бардыгын тоноп, талап, болгонун сыртка алып чыгып кеткенине байланыштуу Убактылуу Өкмөттө акча-каражаты жок болучу, анын үстүнө кандай гана тополоң болбосун элге айлык акы, пенсия-пособия төлөп туруу милдети бар эле. Мурдагы бийликтин куйруктары күнүгө тополоң чыгарып, Ош, Жалал-Абадда кайра-кайра облустук администрацияны басып алып жатышты. Маевкада, Жалал-Абадда кайра дагы кан төгүлдү. Мына ошондой шартта саясий жана социалдык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн ошол табылган акчадан пайдалануу тууралуу чечим кабыл алганбыз. Бул максатка бардыгы 7 миллион доллар бөлгөнбүз. Бирок болгону 2 миллион 100 миң доллар чамасында гана сарпталды, калган 19 миллионго жакын акча күнү бүгүн Улуттук Банкта сакталып турат. Ал акчаларды туш келди чачып жиберген жокпуз. Кыргызстан күйүп жатканда, мамлекеттик бүтүндүк, көз карандысыздык, элдин биримдиги таразага салынып турганда ошол акчаны пайдаланып сактап калуу туура эле иш болгон, биз ал үчүн эл алдында дагы, Кудай алдында дагы жооп берүүгө даярбыз. Жоопкерчиликти моюнга алуу менен чечим алганбыз. Пайдаланылган акча каражаттарын тескеп туруу үчүн ошол июль айынын башында эле ведомство аралык комиссия түзүлгөн, анын курамына Эсептөө палатасынан, Баш прокуратурадан, Коопсуздук комитетинен, Ички иштер министрлигинен, Каржы полициясынан өкүлдөр кирген. Азыр ал каражаттар боюнча отчет даяр турат, кай бир жагдайлары дагы да такталып жатат. Эң негизгиси, кай бир саясатчылар кыйкырып жаткандай - ал акчаны эч ким бөлүп алып өз пайдасына жумшаган жок. Айтпадымбы, 19 миллион доллар азыр сакталып турат деп.
- Сизди "тигинден акча алыптыр, мындан акча алыптыр, аны ал жакка, муну бул жакка кызматка коюптур" деп эле айтып жатышат, бул жөнүндө айрым гезиттер да жазып жиберишти. Ал сөздөрдүн чын-төгүнү канча?
- Кудай бар да, ыйманым алдында тазамын, эл көрүп турат. Мага карата таза эле саясий жүзү каралык жасалууда, менин беделимди сындыруу аракети болуп жатат. Мурдагы бийликтегилер алып, жеп, жулуп жаткандан кийин булар деле алат да, албаса да алды деп айтып койсок эл ишенет да деген ой, ушундай карасанатай максат. Жакында эле сөз чыгарып жиберишти тиги Ош базарынын жанын Каптагаев атайын тазалатып жатыптыр, ал жердеги соодагерлерди кубалатып, өзү чоң соода комплексин курат экен деп. Болбогон сөз. Андай соода комплекси эмес, кичине үй курганга каражатым жок азыр. Ал эми кызматка коюу маселесин чынында мен жеке чечпейм, чечүүгө укугум да жок. Убактылуу Өкмөт иштеди, анын мүчөлөрүнүн пикири бар, андан кийин техникалык Өкмөт иштеди, анын мүчөлөрүнүн пикирлери бар, ар кандай саясий күчтөр бар, алардын лидерлеринин да пикири бар дегендей, мына ушундай факторлордон улам, эң негизгиси ошол иштин кызыкчылыгына карай Өкмөт башчысы, мамлекет башчысы чечим кабыл алат, кызматка дайындайт. Мына ошол чечимдерди даярдоо, алардын юридикалык жактан кынтыксыздыгын камсыз кылуу Аппарат жетекчиси катары менин милдетим, мен ага жооп берем.
- Уулуңузга тагылып жаткан айыптар жөнүндө эмне айта аласыз?
- Мен депутаттардын ал кылыгын саясий да, адамдык жактан да бети жоктук деп айтам. Бир да далил жок, бир да документ жок, кайдагы бир көчө кишисин алып кирип алып, аны ошондой бийик жайдан өйдө-төмөн сүйлөтүп жатышканы бузуку адамдар уюштурган саясий оюн. Мага алы жетпей калып эми адам үчүн эң талуу жер болгон балага асылып жатканы Кудайга деле жакпаган иш. Саясатка жамынып алышып адамдык касиеттерин жоготуп жатышат да, ар кандай ушактарды гезиттерге акча төлөп бастырып жатышпайбы. Психологиялык жактан эсептеп туруп сокку уруп жатышат, анткени ар бир адам ойлойт да: "Акаевдин баласы ошондой болсо, Бакиевдин баласы тигиндей болсо, анда булардын балдары деле ошол жолго түшкөн турбайбы"- деп, мына ушул ойду жаратыш үчүн Роза Исаковнанын баласын да, менин баламды да аралаштырып жатышпайбы. Бөөдө ушак менен жаш балдар сынып, келечекте аксап кала турганы менен иштери жок, же атайын эле ошону каалап жатышат. Негизги максаттары: Президентке карата ишенимди азайтуу, кайрадан нааразычылык жаратуу, аягы барып кайрадан тополоң чыгаруу. Ал карасанатайлардын аттарын атабаса деле эл көрүп турат, билип турат, дайым эле элдин башын айлантып алдап жүрө бере алышпайт алар, "кыңыр иш кырк жылда" дейт эмеспи, акыры ачыкка чыгат. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей, мени сындырыш мүмкүн эмес, бир Кудайдан корком, алардан коркпойм.
- Конституцияда Президенттин, Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары так, даана чеги билинбейт сыяктанат, сиздин оюңуз?
- Конституцияда негизинен ыйгарым укуктар так эле жазылган, ошол укуктардын чегинде иштөө маданияты гана калыптана элек. Парламенттик өлкө дегенди түзмө-түз эле түшүнүп алган депутаттар баарына кийлигишип, майда-барат чарба маселелерине чейин кирип кетип жатпайбы, ал эми мыйзам чыгаруу иштери али солгун. Ошондой эле парламенттик өлкө болгондон кийин Президент эч иш кылбай, берген мыйзамга кол коюп эле койкойуп отура бериши керек деген да пикир бар. Мунун баары натуура ой. Ар бир бийлик институту өз ыйгарым чегинен чыкпай, негизги милдеттерин так аткарууга милдеттүү. Президент болсо Конституцияга ылайык мамлекет башчысы, Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы, эл менен бийликтин биримдигин камсыз кылуучу эң жогорку кызмат адамы, ошондой эле тышкы саясатта да орду орчундуу. Коргоо министрлиги, Прокуратура жана Коопсуздук комитети түздөн-түз президентке баш ийет, андан сырткары жергиликтүү сотторду дайындайт. Мындайча айтканда ыйгарым укуктар абдан эле кеңири, милдеттери өтө эле чоң. Бирок мурдагыдай экономикалык жана финансылык маселелерге кирише албайт, ал жак толугу менен Өкмөткө өткөн. Азыркы учурда жаңы Конституцияга ылайык бийлик системасынын ишинин жаңыдан гана калыптануу мезгили. Укуктук ченем актыларынын баарын тезинен Конституцияга ылайыктап чыгуу зарыл, антпесе жакында болуп өткөн Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогудай ызы-чуу чыга берет.
- Роза Отунбаеваны ордуна, жок дегенде үч жылга калтыруунун жолу жокпу? Балким, элге салып чечип, шайлоого катышпайбы?
- Бул маселе азыркы учурдун эң принципиалдуу маселеси. Биз эле эмес бүткүл дүйнө карап турат - кыргыздар кантет экен, баягы "ит оорусуна" салып эми дагы Президенттик бийликтин айтылган мөөнөтүн узарта башташабы деп. Эгерде биз демократиялык, укуктук мамлекет курабыз десек, анда андай жолго барбашыбыз керек, шайлоону убагында өткөрүп, кийинки шайланган Президентке бийликти чырайлык кылып өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Качанкыга чейин эле кубалап жүрө беребиз. Бийлик алмашуу салтын, наркын да калыптандырышыбыз керек да, ушул өңүттө саясий маданиятты да калыптандыруу милдет. Роза Исаковна өзүнүн башкаруу мөөнөтүн узартпайт, былтыркы Референдумда кабыл алынган мыйзамга ылайык таза жана демократиялык шайлоо өткөрүү милдети өз мойнунда турат.
- Эгерде Роза Отунбаева президенттигин өткөрүп берсе, анда Сиздин кийинки кызмат абалыңыз кандай болот, кандай өзгөрөт?
- Чынын айтсам, бул жөнүндө ойлогонго чоло жок. Максатыбыз мамлекетти калыптандыруу, өлкөнү ар кандай ыплас иштерден тазалоо. Азыр уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү ачтык, катуу каршылыкка дуушар болуп жатабыз. Себеби белгилүү да, кылмышкер "авторитеттер" менен көптөгөн бизнесмендер, саясатчылар, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери чырмалышып калышкан. Роза Исаковнага карата болуп жаткан ыплас чабуулдар да ушунун эле саркындысы, ошол эле күчтөрдүн уюшкан каршылыгы. Кудай бар да, биз эч кимден коркпойбуз, баштаган иштин өтөөсүнө буюрса жакын арада чыгабыз. Ошондой эле коррупцияга каршы да бир топ иштер башталды, айрыкча мамлекеттик органдардын ишинин айкындыгын камсыз кылуу, ар бир жерде элдин көзөмөлүн орнотуу боюнча. Былтыр 7-апрелде эле эл алдында айтканбыз, убада бергенбиз - таза коом курабыз деп. Максат бийликте, кызматта калуу эмес, бир аз болсо да мамлекетти алдыга жылдыруу, элдин түйшүгүн азайтуу.
- Маегиңизге рахмат!
Суроо салган
Баратбай АРАКЕЕВ